"Агым", 29.08.08 - 8-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  ТВ_маек

Журналист Мухтар Жаркулов:
"Шок - факт"
камерасын сот адамдары сындырат
Улуттук телеканалда он жылдан бери үзгүлтүксүз чыгып келаткан көрсөтүүлөрдүн бири - "Шок-факт" телеберүүсү. Бул көрсөтүүнү билбеген кыргызстандыктар болбосо керек. Кылмыш, кырсык, чырлуу окуяларды чагылдырып, өлкөбүздөгү коррупцияны, кылмыштуулукту алдын алууга укук коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирдикте иш алып барышат. "Шок-факт" оперативдүү кызматынын эфирден тыш көрүнүшү тууралуу программанын жетекчиси Мухтар Жаркуловду маекке тарттык.

- "Шок-факт" көрсөтүүсү кылмыш болгон жерге маалыматты кайдан алып барышат, же укук коргоо бөлүмдөрү менен байланыштасыздарбы?
- Кылмыш, кырсык окуясы болгон жерге биринчи кезекте тиешелүү органдын кызматкерлери, милициялар, прокуратуранын тергөөчүлөрү барышат. Окуя болгон жерге чоочун из түшүп калбасын үчүн эч кимди тебелетпегенге, кылмыштын изи жоголуп кетпегенге аракет кылышат. "Шок-факт" андай жерге оперативдүү чакыруунун негизинде барат. Ал жерде ар кандай талаш-тартыш болот. Бир тарабы күйүп, экинчи тарабы жардам сурап тургандар кездешет. Жол кырсыгы, өрттөнүп, же чөгүп кеткен фактылар көп болот. Биз учурунда барып, реалдуу тартып алууга аракеттенебиз.
- Кылмыш болгон жерге Укук коргоо кызматкерлеринен мурда барып калган учур кездешеби?
- Андайлар көп кездешет. Бир эле мисалды келтирейин, шаардын ичинде көп эле жол кырсыктары болот. Кырсыкты өлчөп, ченеп, оперативдүү группа келгенче окуя болгон жерден кылмыштын изин жок кылбай, ордунан жылдырбай, кармап турууга туура келет. Россияда кылмыш болгон жерде күбөлөрдөн сурасаң, алар көргөнүн толугу менен айтып беришет. А бизде милиционерлер, күбөлөр да телевидениеден качышат. Бирок, мындан он жыл мурункуга караганда азыр адамдардын укукка, мыйзамга болгон мамилелери, көз караштары өзгөрүп калды. Бул демократиялык жакшы көрүнүш.
- Кырсык, кылмыш болгон жерге барып, оперативдүү иштеп келатасыңар, өзүңөрдүн коопсуздугуңардан чочулабай-сыңарбы, силерди сөгүп, коркутуп, мушташам дегендер болобу?
- Биздин камералар съемка учурунда көп жолу талкаланган. Камераны жөнөкөй, карапайым адамдар талкалаган жок. Укукту жакшы билген соттор, же болбосо кол тийбестиги бар адамдар талкалаган учурлар болду. Биздин көрсөтүүлөрдөн кийин сот кызматында иштеген ээн баш адамдар президенттин юридикалык бөлүмүнө чакырылып, өз каалоосу менен арызын жазып, соттордун жүрүм-турумуна туура келбеген этикасы үчүн өз жазаларын алып, биротоло бошоп кетти. Эми ал адам кайра сот кызматына келип иштей албайт, бүгүнкү күндө алар адвокат болуп иштеп жүрөт деп угабыз. Эми жеке коопсуздук үчүн бирөөнү артыңан ээрчитип жүрүү кыйын. Ага да акы төлөп бериш керек, а биздин мамлекетибиз аларга акча төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок. А өзүбүздүн чөнтөгүбүздөн акча төлөп, жеке жансакчы кармаганга маянабыз жетишсиз. Биздин бир ишенгенибиз - камерабыз. Анан чындык жана үстүдөн баарын карап турган Кудай.
- Ата-энесин, жакындарын мыкаачылык менен өлтүргөн адамдан чыккан айбандардын кылмышы тууралуу да көп фактыларды алып чыкканыңарга күбөбүз…
- Албетте, андай фактылар өтө эле көп кездешет. Мындай оор кылмыш фактылары менен элдерди таң калтыруу өтө кыйын болуп калды, же болбосо элдин төбө чачын тик тургузуш өтө кыйын. Же баары аралашып кеттиби… Мисалы, бизге Жумгал районунун Кызарт айылынан мектеп жашындагы бир бала атасынын жоголгондугу тууралуу айтып, "Шок-факт" аркылуу издөө жарыялап, издетүүнү өтүнгөн. Биз андан атасы кантип дайынсыз жоголгондугун сураштырсак, ал "үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген жок" дейт. Ушунча жыл кылмышкерлер менен иштеп жүрүп, адамдардын анча-мынча психологиясын түшүнүп, тажрыйба топтоп калганбыз. Ал балага: "Мейли, биз жоголгон атаңдын сүрөтүн чыгарып беребиз, бирок, сен биринчи кезекте Жумгал райондук милициясына барып, атаңдын жоголгондугу тууралуу арыз жаз" деп жөнөттүк. Айткандай эле ал милиция бөлүмүнө барып атасынын жоголгондугун айтса, алар акырындап сураштырып отуруп, кылмыштын бетин ачышты. Көрсө, ошол эле бала атасы экөө уруша кетип, атасын балталап өлтүрүп, короосуна көөмп салган экен. Кийин абийири уктатпай, анан бизге келсе керек.
- Колуңузда камера жок, көчөдө башка иштер менен жүргөн кезде кызыктуу фактынын үстүнөн чыгып, "журналистикалык инстинкт" ойгонуп калды дейли, анда ал маалыматты кантип аласыз?
- Биз дайыма мамлекеттин камерасы менен жүрөбүз. Убагында "Шок-фактынын" камерасын уурдап кетти деген сөз болду. Бирок, негедир табылган жок. Мен андан эч кандай саясый сенсация чыгаргым келбеди. Балким, кассеталарда момундай фактылар бар эле, ошон үчүн уурдап кетти десем, саясатка айланып кетмектир. Ошол уурдалган камера жеке өзүмдүкү болгонун баса айта кетейин. Ал эми колумда камера жок болуп, кызыктуу фактынын үстүнөн чыгып калсам, акылым менен тилим, чөнтөгүмдө калемим менен кагазым турат, ошону менен аракет кылып окуяга сөзсүз күбө катары аракет жасай алам. Кайсы учур болсо да кесиптештеримди келип калгыла деп чакырам.
- "Шок-факт" тартып атат десе шок болгон адамдар болобу?
- Биринчиден, "Шок-факт" бул коркутуучу курал эмес, экинчиден, башкадан коркпогондор "Шок-факттан" чочулашат деп айталам. Ошол эле учурда мас болуп алып кыйкырып аткан прокурор, милициянын чоңу, же депутат болобу - "Шок-факт" тартып атканын билсе, кадимкидей соолуга түшөт. Себеби, эртеңки күнү сөз болорун билишет. Демек, "Шок-фактынын" коомдук зарылчылыгы бар. Адамдардын ортосундагы укукту калыбына келтирүү десек болот. Эң негизги максат - адамдарды ошондой окуяга барбоого профилактикалык жактан үйрөтүү.
- Элге төбөсү көрүнүп калган кыргыздын белгилүү инсандарынын туура эмес жактарын тартып алган учурда, алар ортого тааныштарын салып, акелеп телевидениеге чыгарбоого аракеттенишеби?
- Эми адам болгондон кийин андайлар болот. Бирок, биз ал тууралуу жетекчиликке билдирүү жасап, баарыбир тартылган тасманы телевидениеге чыгарабыз. Мисалы, кыргызга аттын кашкасындай белгилүү болгон, арген үндүү ырчы кыздарыбыздын мас абалында жол эрежесин бузуп машина айдап бараткан жеринен тартып көрсөткөнбүз. Андан тышкары прокуратура кызматында иштеп, туура эмес кыял-жоруктарын көрсөтүп, улуттук коопсуздук кызматкерлери чыгып алып көкүрөгүн койгулап кыйкыргандарын чыгарып, аларга эфир аркылуу ар кандай сындарды айттык. Аларды эфир аркылуу көрсөтүп эле тим болбостон, тартип бузган кызматкерлерге карата тиешелүү органдан жоопторду күтөбүз. Албетте, укук коргоо органдарынын терс көрүнүштөрүн элге алып чыгууда биз ММК жөнүндө мыйзамдын негизинде иш жүргүзөбүз. Себеби, биз менен кармашып калган адамдардын дээрлик 90% өз укугун мыкты билмек турсун, адам тагдырын чечемин деп жүргөн укук коргоочулар, эл депутаттары, соттор, прокуратура, милиция, сот.мед. экспертизанын кызматкерлери болушат. Ошондуктан, "Шок-фактыда" иштеген ар бир кызматкер, өзүн-өзү коргоп алууга жөндөмдүү журналисттер болушу керек. Айта кетчү нерсе, бизде иштеген журналисттердин кошумча юридикалык дипломдору бар.
- Акыркы кезде сизди "Кайдасың?" телеберүүсүнөн алып баруучу катары көрө баштадык…
- "Кайдасыңдын" ачылганына бир жарым жыл болду. Бул программаны бутунан тургузуу үчүн атайы ушул жакка тажрыйбалуу адис катары которушту. Жакында КРнын коррупцияны алдын-алуу агенттиги менен "Адилет" укук программасы бирдикте долбоор түзгөн. Болжолдуу аты азырынча "Комиссар эскертет" деп аталат. Сентябрь айында эфирге чыгууга даярданып аткан учур.
- Коомдо болуп жаткан окуялардан, дегеле өлкөдө сизди эмне тынчсыздандырат?
- Жалпы өлкөдөгү тынчсыздандырган нерсе - адамдардын бири-бирине кайдыгерлиги. Кырсык же кылмыш болгон жерден күбөлөргө көрсөтмө берип кой деп өтүнсөк, кол шилтеп кайдыгер кетип калышкандар кездешет. Негизинен, ошол күбөнүн андан кийинки укугун камсыз кылып бере ала турган укуктук база бизде али калыптана элек.

Назгүл
КАЛМАМБЕТОВА