"Агым", 29.08.08 - 23-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Пайшамба

Дубайдан келген сойку баяны
Биз Оштогу медучилищада чогуу окуган элек. Окууну бүткөндөн бери Айперини көрө элек болчумун. Былтыр үйүнө барсам "Арабияга коммерция жасап кеткен" деп коюшкан. Анчалык көңүл бурган эмесмин. Башкача "коммерция" жасап кеткенин кайдан билейин. Быйыл да үйүнө бардым. Айпери мени көрүп сүйүнүп кетти.

- Мен үйгө жакында эле келгемин, - деди.
- Кайдан, Арабияданбы? - дедим чочуп.
- Ооба, былтыр Дубайга кеткен бойдон быйыл келдим.
Оозумдан сөзүм түшүп калды. Дароо түшүндүм. Үнсүз отуруп, чай ичтик. Көз кырым менен аны карайм. Баягы биздин сулуу Айпери жок. Жүздөрүн азыраак бырыш басыптыр. Өңү өчүп, бир топ кыйналгандыктын белгиси бар. Бир убакта курсубуздун эң сулуусу ушул болчу. Келбети, жүргөн-турганы да келишимдүү эле. Артынан жүргөн эркек калбай, кайда барса да Айпери деп жүрүшүп, акыры "оң жолдон" да чыгарышкан.

- Кантип барып калдың? Ошондон кеп салсаң?
- Менин бир тааныш кызым бар болчу. Анын Гуля деген подружкасы Арабияга кыздарды жөнөтүп турчу экен. Бир күнү менин таанышым келип, сунуш кылды. Эми анын айтканы боюнча укмуш эле. Үч айга жетпей үйлүү, машиналуу боло турган болдук. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры макул болдум. Анын үстүнө бул жакта иш жок экенин өзүң билесиң. Окууну бүткөндөн баштап эч жерде иштеген жокмун. Эптеп акча табыш керек болуп калды. Бизди Оштон Бишкекке алып кетишти. Виза алып, документтерди даярдагыча ал жерде бир айдай убакыт туруп калдык.
- Каерде жашап жүрдүңөр?
- Бишкектин чет жак районундагы бир мейманканада турдук. Тамак-ашыбыз, жүргөн-турганыбыздын баарын ошолор төлөп, документ даярдалып бүткүчө бизди багып турушту.
- Бардыгыңар канча кыз элеңер?
- Ондон ашык болчу. Ар кайсы жактан келген түрдүү улуттагы кыздар. Жаштары боюнча да ар кыл.
- Эң жашы канчада эле?
- 16-17 жаштагылар. Аларды эптеп өткөрүш үчүн бүт паспорттору жасалма бүттү. Анан Дубайдын аэропортуна түшкөндөн баштап эле бизди башкаргандар күч алды. Мурдагы айткан убадалар, айткан "укмуштардын" бири жок. Бардыгыбызды эки-экиден бөлүп туш тараптагы "отелдерге" жиберишти. Кааласаң да, каалабасаң да күнүмдүк норманы толтурушуң керек. Анткени, биздин Бишкекте жашаган акыларыбыз жана документтерге кеткен чыгымдар көп болуп кетиптир дешти. Ошонун баарын төлөшүбүз керек экен. Бир ай күнү-түнү иштедик. Алгач кыйналдык, ыйладык. Бара-бара көнүп калат экенсиң. Күнүнө 10-11 адамдан кем эмес кабыл алышың керек.
- Арабдар мусулманчылыкты катуу кармашат. Мындай иштерге көп жол бербейт деп калышчу эле го?
- Кайдан? Ошол жергиликтүү арабдарыңдын өздөрү тиякка барып намаз окуп келишип, мындай келип отелдерге кирип кетишет. Кийгендери абая, окугандары намаз, жасаган иштери бул...
- Кайсы улуттан көбүнчө ырахат алдың? Деги оргазмга жеткен учурларың болдубу?
- Ал жакта эмне өзүңдү ойлойт дейсиңби. Өлөйүн деп карызыңды төлөй албай жатсаң кайдагы ырахат, кайдагы оргазм болмок эле?
- Ошончо кишини кабыл алгандан соң денең ооруп калган жокпу? Же башка кандайдыр ооруларды жугузуп алам деп коркпойт белең?
- Алгач денем көнбөй жүрдү деп атпаймынбы. Кийин сезбей каласың. Анын үстүнө биз катнаш жасарда дайым кремдерди пайдаланчубуз. Алар жыттуу болот. Клиентиң үчүн да жагымдуу. Анан жанагыдай ооруларды жугузуп албаш үчүн дайым врачтын көзөмөлүндө болобуз. Дары ичип, укол алып турчубуз. Биздин атайын врачыбыз да бар эле.
- Секстин ар кандай түрлөрүн да колдонгон учурларың болдубу?
- Мен колдонгон жокмун. Өлүп кетейин. Чын айтам. Аларды англисче "сак" - оозго алуу, "баксайт" - артына алуу деп коет. Андай сексти мен жасаган жокмун. Көбүнчө ошон үчүн урушуп кетчүмүн. Бирок клинеттердин көпчүлүгү ошондой сексти пайдалангылары келишет. Бирок зордой алышпайт. Ал жөнүндө алдын ала сүйлөшүп алабыз. Биздикилерге окшоп "сатып алдым, эми каалаганымды жасатам" деп корсоңдошпойт. Өтө сыпайы, анан маданияттуу келишет.
- Бир ай иштедиңер. Анан карызыңардан кутулдуңарбы?
- Кутулдукпу, кутулган жокпузбу билбейм. Улам эле акчаңар толо элек дей беришчү. Бир айдан соң бизди бошотушту. Анан жаңыдан эле өзүбүз үчүн иштөөнү баштаарда кудай уруп түрмөгө отуруп калдым.
- Түрмөгө? Койчу тамашаңды?
- Чын эле. Кадимкидей соттолуп, 8 ай түрмөдө отуруп келдим. Ал жакта ошондой экен. Биздикине окшоп сырттан келгендер ээн-эркин жүрө беришпейт экен. Аябагандай кылдаттык менен текшерип турушат. Чет элдиктердин баары каттоодо. Ар биринин кайда экени көзөмөлдө болот. Бир шаарга баргандан кийинки өз убактысы болот. Ай сайын визаны алмаштырып турушуң керек. Ал үчүн сөзсүз башка шаарга учуп барып келесиң. Биз биринчи виза алмаштырууда бөлөк шаарга барбай эле, жергиликтүү аэропорттон печать койдуруп алганбыз. Экинчи виза алмаштыруу убактысы жеткенде башка шаарга учуп кетүү үчүн аэропортто жүрүп кармалып калдык. Анан мурунку визабыздын жасалма экенин билип калып, кадимкидей суракка алышты. Анан соттолдук. Төрт айдан кийин эле "депорт" болмокпуз. Бирок акчабыз жок болсо кантип кетебиз. Акыры ошол жерде жүрө берүүгө туура келди. Кийин мамлекет билет алып, бул жакка салып жиберишти.
- Намаз окуганды түрмөдөн үйрөндүңбү?
- Ооба, бизди беш убак тургузуп алып окутат эле. Айрыкча орустар үйрөнүп окуй турган болсо, көп жагынан жеңилдиктер берилчү.
- Силер түрмөгө түшүп калганыңарда баягы алып баргандар кабар алып коюшкан жокпу?
- Жок. Эч кимиси кабар алышпады. Ошого жинибиз келип, азыр алардан кантип өч алыштын айласын таппай жүрөбүз. Бизди кармагандан кийин Гуля да отелден сойку катары колго түшүп, бул жакка "депорт" кылып жиберишиптир.
- Түрмөдөгү кыздардын бардыгы сойкулар беле? Көбү сырттан келишкендир?
- Ооба, көпчүлүгү сырт жактан келгендер. Түрдүү улуттагы кыздар, түрдүү жактан келишкен. Негизинен кылмышыбыз окшош. Анда-санда убийство менен түшкөндөр да бар. Мисалы, бир орус кыз акча үчүн өзүнүн подружкасын өлтүрткөн. Ал 25 жыл отурат дешти. Дагы бирөө кара дары менен колго түшкөн.
- Түрмөсүндөгү жашоо кандай экен?
- Эми ал жактын түрмөсү биздикиндей эмес да. Бүт шарты бар. Апапак шейшепте жатасың. Тамак-ашы жакшы. Болгону темир тордосуң. Көчөгө чыгарбайт, кыздар менен сүйлөшүп, ойноп, каткырып, карта чабышып, шахмат ойноп күндү кечкиртер элек.
- Эркексиз кантип жашадыңар?
- Сегиз айдан бери эркексиз эле жашап келдим. Кыз болуп деле калдым болуш керек (күлүп). Чайга кошуп "бром" деген дары беришет. Аны ичкен соң эркекти деле эстебейсиң. Шалдырап уктап эле жата бермей.
- Ал дарынын ден соолукка зыяны тийбейт бекен?
- Эч кандай зыяны жок дешти. Бирок бромдон кийин денеге жүн чыгып кеткени жаман. Мына карабайсыңбы. Бетиме да чыкты эле, терип салдым.
- Эми мындан ары эмне кыласың?
- Жанагы Гуляны табышыбыз керек. Өзүбүзчө сүйлөшө турган сөз бар. Андан аркысын көрөбүз.
- Кыздардын арасынан чет элдик жигиттерди сүйүп калгандар болдубу?
- Болду. Бирок... Баары бир бизди аялдыкка алышмак беле? Ооз жүзүндө эле болуш керек.
- Эми турмушка качан чыгасың?
- Кудай буюрган күнү. Менин бешенеме да элдикиндей бактылуу турмушту жазгандыр. Күтүп жүрөм. Өз теңимди тапсам мен да турмуш курам, бактылуу болом деп ойлойм. Көп кыйынчылыкты көрдүм.

Асел РЫСПАЙ кызы, Ош шаары




  Справочный бүйрө

Аборт азабы
С.: - Мен бир жыл мурун оборт жасаткам. Ошондон бери боюмда болбой жатат. УЗИге түшсөм, оң трубаңда суюктук турат, "загиб матки" дешти. Ал эми мазок тапшырсам ар кандай. "Стафилоккок, кальпит" дешет. Дарыландым, болбоду. Булар кайдан пайда болду, кантип жоготуу керек? Өзүбүздүн райондук аялдар консультациясына барсам, ал жерден врачтар жакшылап түшүндүрбөйт. Азыр бүт эле таанышпы же акчабы? Мен балалуу болгум келет, бирок кантип?
Анара, Кара-Кулжа району
П.: - Колдон келсе аборт жасатпаш керек. Жасаткан соң абдан дыкаттык менен дарылануу зарыл. Анара, сиздин жатыныңыз аборттон кийин аябай катуу сезгенип калган. "Загиб матки" деген - жатындын артты көздөй кыйшайып калышы. Трубадагы суюктук болсо, жатындын сезгенип калганынын белгиси. Мазоктун анализдери деле ошол эле диагноз. Сиз эми комплекстүү дарыланышыңыз керек, бирок күйөөңүз экөөңүздөр бирге. Жатындын кыйшайып калуусун түздөө үчүн көп убакыт дарылануу зарыл. Антибиотик, рассасывающий, физиолечение, лазер, массаж алышыңыз керек. Медицина тилинде суюктукту гидросальпинкс деп аташат. Эгер дарылануу жардам бербесе, аны операция жолу менен дарылоого болот. Аборттон кийин врачтын көзөмөлү менен 1 курс дарыланып койсоңор, эч жамандыгы болбойт эле.
Тарамыштай түйүлөм
С.: - Туруп-туруп эле денем тырышып көп ооруйм. Кээде уктап жаткан учурда тырышып калып аябай кыйналам. Бул эмне деген дарт, дарылоого болобу? Ошо жөнүндө сөзсүз билип берсеңиздер.
Бакыт, Акөргө айылы
П.: - Организмде кальций алмашуунун бузулушунан дененин тырышуусу менен мүнөздөлгөн оору. Медицина тилинде тетания деп аталат. Ага калкан безинин жанындагы бездин функциясынын басаңдашы же толук жоголушу, уулануу, суюктукту көп жоготуу (кусуп, ич өткөндө) ж.б. себеп болот. Тырышуунун пайда болушуна туура эмес тамактануу, "Д" витамининин жетишсиздиги себеп болот. Бир нерсеге катуу капа болуу, травмадан нерв системасынын жабыркоосу түрткү болот.
Сиз сөзсүз врачка көрүнүңүз. Алар көбүн-чө Д витаминин сунуш кылышат. Оорунун алдын алууда уулануудан, жугуштуу оорудан сак болуп, жеткиликтүү, витаминдүү тамактануу талапка ылайык.
Жүрөгүмөн корком
С.: - Жүрөгүм кээде адаттан тыш тез-тез кагат. Жарылып кетеби деп корком. Себеби эмнеде болду экен? Кардиологдордон сурап-билип берсеңиздер болот эле.
Жылдыз, Бишкек шаары
П.: -Дени сак адамдарда организмге өтө күч келгенде, толкунданганда, өтө ысыкта, тамекини көп тартканда, алкоголь ичкилигин, коюу чай, кофе ичкенде жүрөктүн ишин жөнгө салуучу нерв аппаратынын дүүлүгүсүнөн болот. Жүрөк кан тамыр системасынын ооруларында (жүрөктүн ишемия оорусу, гипертония оорусу, жүрөк кемтиги миокардит) башка органдар менен системалардын катуу ооруларында, калтыратма ооруларда, ошондой эле невроздо, климакс мезгилинде жана башкада байкалат. Кээде бир аз эле күч келүүдөн же тынч абалда деле жүрөк тез кагып, ал коркуу сезими менен коштолуусу мүмкүн. Жүрөктүн тез кагуусун дарылоо, эгер ал ооруга байланыштуу болсо, ошол ооруну айыктыруу максатын көздөйт.