"Агым", 29.08.08 - 2-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Сай+сат

Бороон болор алдындагы жымжырттыкпы?
Күз да келет, күз келет деп ойгоном,
Күз дарактын баригиндей толгоном...

Күз астанасын аттаганы турабыз. Коомчулук ичинде "күздө бир чоң окуя болот өңдөнөт" деген кеп жүргөнү менен саясат айдыңы болуп көрбөгөндөй тынч. Жымжырттык бороон чакырабы же быйылкы күз чындап эле саясый тирештерсиз өтөбү? Бул боюнча саясатчы жана эл өкүлдөрүнүн айрымдарына собол салып көрдүк.

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ, "Атамекен" партиясынын лидери:
- Быйылкы күз - экономикалык, социалдык кризистердин мезгили болот. Албетте, ал саясый кризиске тушуктурат. Муну саясый кризистин бир мөмөсү, жемиши катары айтсак болот. Саясатчылар тигил же бул маселе боюнча позицияларын жашырып, эт менен челдин ортосунда келишсе, учурда ачык айтып чыгууга мажбур болот деп ойлойм. Бул саясый күчтөрдүн уюлдашына - бийликти колдогон күчтөрдүн өзүнчө, ага каршы болгондордун өзүнчө биригишине алып келет. Эки күч ынтымакта сүйлөшүп, мыйзам чегинде чечүүгө аракет кылууга тийиш. Бирок, бийлик элдин пикирин укпаса, оппоненттерине кысым көрсөтө баштаса, ага саясый күчтөр мыйзам чегинде таасир этүүгө акылуу.
Оппозицияда Кеңири элдик коалиция деген уюм түзүү идеясы көтөрүлүүдө. Буга кечээги, бүгүнкү бийликте иштеген дебестен, патриоттор, өлкөнүн бүгүнкү абалына кабатыр болуп, кризистен чыгуунун жолун көздөгөн күчтөрдүн баары жыйналат деген үмүттөбүз. Коомдук парламент атынан ушундай биригүүгө чакырам! Ноябрдын башында борбордук Спартак стадионунда 15-20 миң адам катышкан ири курултай өткөрүп, кризистен чыгуу жолдорун иликтеп, бүгүнкү кырдаалга баа берсек деген оюн бүгүн коомдук парламент, "Адилеттүүлүк" кыймылынын координациялык кеңеши билдирип чыкты.

Улукбек ОРМОНОВ, ЖК депутаты:
- Баары өкмөттүн кадамдарынан көзкаранды. Азыр свет өчүрүлүп аткан жагдайда кышында толук түрдө өчүрүлбөшү шарт. Дыйкандардын абалына кам көрүлүп, күздүк айдоо, азык-түлүк, свет баасы өңдүү бир топ маселелер чечилүүгө тийиш. Менимче, күз жакшы эле өтөт, ал эми жазындагы абал кыштан кандай чыкканыбызга жараша болот.

Иса ӨМҮРКУЛОВ, ЖК депутаты:
- Социалдык жарылуу болот окшоп калды. Кымбатчылык, свет өчүп атат, көмүр Кыргызстан аймагында казылган жок. Каракече бүгүн атайын казылбай жаткандай. Чүй өрөөнүнүн тоолуу жерлеринде 1 тонна көмүр баасы 4,5 миң сомго жетти. Бир кап ун 1500 сом болсо, пенсиянын орточо өлчөмү - 1100. Эч кандай саясаты жок эле бийлик өзү ушуга алып келди өңдөнөт. Социалдык абал тереңдей берсе, элдин акыбалын айтып болбойт.

Жангороз КАНИМЕТОВ, ЖК депутаты:
- Мамлекет колунан келген күчүн жумшап атат. Азык-түлүк коопсуздугу боюнча мыйзамдарды кабыл алып, эгин запастоого, керек-жарак союзу сыяктуу уюмдарды түзүп, эл өндүргөн продукцияны сатып алууга аракет жасабай койгон жок. Экинчиден, энергетика коопсуздугу боюнча да бардык чаралар көрүлүүдө. Азыркы тапта светтин өчүрүлүшүнө капа болбошубуз керек, себеби, бул кышка болгон даярдык. Президент, өкмөт, парламент дагы бүт аракетин жумшайт. Кооптонууга деле эч себеп жок, саясый стабилдүүлүк болот. Негизи эле тынч болмоюнча, өнүгүү жок экени анык эмеспи. Улам бир нерсени күтө бергенибиз болбойт, андан көрө азыркы кыйынчылыктардан чыгып кетүүнүн жолун издеп, бүгүнкү бийликтин адилеттигине, эртеңкиге жакшылык үчүн кызмат кылуусуна ниеттенип жашоо зарыл. Менимче, бул күздө эч нерсе деле болушу мүмкүн эмес.

Аликбек ЖЕКШЕНКУЛОВ, "Акыйкат үчүн" кыймылынын жетекчиси:
- Саясый-экономикалык абал бүгүнкү күндө кризиске тушугуп турат. Биринчиден, азык-түлүк, электр жарыгынын, көмүр баасынын эки эселеп кымбаттаганынан элдин маанайы учурда чөгүңкү. Региондорду кыдырып келдик, эл бийликке ишенбей калган. Кризистен чыгарууга, саясый-социалдык абалды оңдоого бийликтин каалоосу да, жөндөмү да жок. Кайдагы өсүш көрсөткүчтөрүн көтөрүп, баары жайдары, мактанып жүрүшөт. Баары бийлигин сактап калуу амалында. Сводкаларды карагыла - гүлдөгөн коррупция, күчөгөн криминал. СССР маалында биздин өлкөнү эң тынч өлкө катары жазышкан, андан бери канча чаң-тополоң болгонуна өзүбүз күбөбүз. Бийлик саясый-социалдык абалды оңдоо боюнча тез арада чечкиндүү кадамдарга барбаса, анда баарын күтүүгө болот.

Осмонбек АРТЫКБАЕВ, ЖК депутаты:
- Акыбал анча жакшы эмес. Кымбатчылык, экинчиден, быйыл кургакчылык болду. Анын азабынан эгин, чөп болбой калды. Ал эми элдин турмушу мал менен өтөрү анык. Свет өчүп атат. Маяна төмөн. Өкмөт ушул маселелердин баарын чечүүгө милдеткер. Жаздан бери өкмөт багыттуу иш жүргүзүүгө тийиш деп келатканыбыз менен тилекке каршы, эч нерсе жасалбады. Кышка аз калды. Мындай акыбал элдин маанайына түздөн-түз таасир этет. Бороон алдындагы жымжырттык деп кандай маанайда айтылып атат билбейм, бирок, бул абалды ар кандай саясый күчтөр ар максатта пайдаланышы ыктымал. Ошол себептен, өкмөт кечиктирүүсүз эл көйгөйүн чечкени оң.

Собол салган Айнагүл САПАРБЕК кызы