"Агым", 29.08.08 - 17-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Жумушсуздук

Кыргызстанда кайсы кесип тартыш, кайсы кесип артык баш
Иш иштейм десең…
Кыргызстан эгемендүүлүккө жетип, СССР жоюлгандан бери тынымсыз иштеген завод-фабрикалар, ишканалар токтоп, жумушсуздук күч алып өсө баштаганы баарыбызга маалым. Орто билимдүүлөр мындай турсун, беш жыл жогорку окуу жайларында окуп билим алышкан адистер ылайыктуу жумуштун жоктугунан базарда соода-сатык кылып, же алыскы Россия, Казакстан, Корея, Европа өлкөлөрү сыяктуу үлкөн мамлекеттерге иш издеп, үйбүлөсүн багуу максатында жерибизден сыртка кетүүдө. Кыргызстанда жумушчу күчү арзан болгондуктан, башка мамлекеттен атайын контракт, келишим менен каалоочуларга чакыруу кагаздары келет. Биз борборубуздагы иш издегендер менен бош жумушчу орундарынын санын билүү максатында Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик маалымат-кеңеш берүүчү борборунун кызматкери Елена Румянцевадан маалымат алдык.

Кайсы кызмат таңсык?
КР миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик маалымат-кеңеш берүүчү борбору Бишкек шаарындагы иш издеген кардарлардын эмгек рыногуна анализ жасап, кайсы кесиптин ээлерине жумуш орду бош тураарын аныкташкан. Медицина, курулуш, металлды кайра иштетүү, ар кандай кызмат көрсөтүү чөйрөсү үчүн иш орундарына дайыма кызматкерлер талап кылынат. Мамлекеттик бюджетте иштегендердин айлык маянасы аз болгондуктан, мындай орунга атайы диплому бар адистер да аз барышат.

Кайсы кесип ашыкча?
Ал эми колдорунда диплому бар, жумуш издеп жүргөндөрдүн арасында айдоочу, юрист, бухгалтер, экономист, сатык боюнча менеджер, электрик, компьютер оператор, официант, мугалим, администраторлордун басымдуу көпчүлүгү өздөрүнө ылайыктуу кызмат таба алышпайт.

Мекеме, ишканалар кандай кызматкерди каалашат?
Кызматчы издеген мекеме, ишканалар өз ишин мыкты билген, билимдүү, тың кадрларды жумуш орундарынан көргүлөрү келишет. Бирок, учурда төгөрөгү төп келген кызматчылар аз. Андан тышкары, кызмат орундарынан иштеген ишинин профилин мыкты үйрөнүп алышканы менен, колдорунда атайын квалификациялуу документи же диплому жоктор да кездешет. Иштин көзүн таап билип турса да, тажрыйбалуу мындай адамдарга атайын документинин жоктугуна байланыштуу ылайыктуу жумуш табуу кыйын.
Өзүнүн билимин, күчүн билген адам кандай жумушка барат?
Жогорку квалификациядагы жөндөмү, диплому бар, өзүнүн күчүнө ишенген мыкты кызматкерлерге көпчүлүк мекеме, ишканалар ылайыктуу шарт түзүп бералышпайт. Ар бир кызматкер өзүнүн эмгегин жогорку баага саткысы келет. Өз билимине, күчүнө ишенген кызматкер оор шарттагы, маянасы аз кызматка барбайт. Башкача айтканда, эмгек акысы төмөн, шарты жок, социалдык пакети мыкты эмес мекемелер жогорку квалификациялуу кызматкерлерди кармаганга кудурети жетпейт.

30 жаштагыларга жумуш тапса болот
Жумушчуну ишке ала турган мекеме анын билими, эмгек тажрыйбасына карап, жашы отуздун тегерегиндеги кызматкерди алууну каалайт. Экономика, банк тармагындагы тажрыйбалуу бухгалтерлер көп кездешет, бирок алардын көпчүлүгү 50 жаштан өткөндөр. Мекемелер болсо жашы өтүп, улгайып бараткан кызматкерди ишке алууну каалабайт. Ошондой эле жогорку окуу жайын жаңы аяктаган жаштарды да эмгек тажрыйбаларынын жоктугуна байланыштуу кызматка алгылары келишпейт. Биздин билим берүү системасында акыркы мезгилде жогорку билими сапатсыз адистер атайын профессионалдык техникалык орто билимдүүлөргө салыштырмалуу басымдуулук кылат.

Жыл мезгилине жараша кызмат орундары
Жыл мезгилине карата да ар кандай кесиптер боюнча жумуш орундары бош болуп, кызматчылар талап кылынып турат. Мисалы, квартал аяктап атканда көпчүлүк мекемелерге, ишканаларга бухгалтерлер жетишсиз болот. Жай башталганда кафе-ресторандарды, эс алуу жайларын иштетүүгө, соода-сатыкка кызматкерлердин тартыштыгы башталат. Ал эми август айларында - эл эс алуудан келген мезгилде секретарь, менеджерлердин кызмат ордулары вакансияга айланат.

Чет өлкөгө барып иштөөчүлөргө жардам берүүчү мекемелер
Түштүк Кореяга, Россиянын кээ бир шаарларына атайын мыйзамдуу түрдө барып иштөө үчүн Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы маалымат-кеңеш берүүчү борбордон жолдомо алып, контракттын негизинде кыргызстандык жарандар барып эмгектенип келишет. Өлкөбүздүн баардык облустарында чет өлкөгө барып иштеп келүүгө жардам берүүчү атайын борборлор ачылган.

Түштүк Кореяда иштеген кыргыздар айына канча табышат?
Түштүк Кореяга жума сайын 10-15 кишиге чукул кыргызстандык жумуш иштөөгө кетет. Ал жакка жөнөгөндөрдүн билими, кесиби эч кандай мааниге ээ эмес. Көбүнчөсү айыл чарба, балык уулоо, өндүрүш, сатуу тармагына иштөөгө барышат. Орточо эмгек акысы - айына 700-800 АКШ доллары. Жашоо-иштөө шарттары ар кандай. Кореядан келген контракттын негизинде бирөө тамак-аш менен камсыз кылса, экинчиси бербейт. Кээ бири тамак-ашынан сырткары жатакана менен да камсыз кылышы мүмкүн. Айрым бир жерде шарты жакшы болсо, кээсинде тескерисинче начар. Иштөө үчүн Кореяга кетип аткан кыргызстандыктар адегенде контракт менен таанышып чыгышат. Кайсы шаарга, кайсы тармакка, кайсы кызматта иштейт, эмгек акысы кандай, иш убактысы канча саат, жатаканасы, тамак-ашы кандай болот, ушул сыяктуу толук маалымат берилет. Жогорку билимдүүлөр дагы кара жумушка барууга аргасыз болушат. Келишим боюча иштөө мөөнөтү бир жылдан үч жылга чейин түзүлөт. Бир жылда бир жолу Кыргызстанга келип кетсе болот.
Бишкекте кардарларга чет мамлекеттен иш таап жиберүүгө укуктуу атайын каттоодон өткөн менчик он эки фирма катталган. Алар Түштүк Кореядан башка Түркия, Канада, Италия, Араб Эмираттарына кандай жумушчу күчү керек экендигин тактап, контракттын негизинде мыйзам чегинде кыргызстандыктарды чет өлкөгө жибере алышат.
Кайсы чет мамлекетке барбасын, иштеген адамдардын эмгек акылары бирдей эмес. Мисалы, Канада, Италияда бала багуучулар көп талап кылынат. Айлыктары жогору. Буларга гуманитардык билими барлар гана бара алышат. Араб Эмираттарына мейманканаларга, соода-сатык жайларына иштөөгө кызматкерлер көп талап кылынат. Россияда болсо, көбүнчө кара жумушка иштөөчүлөр чакырылат.
Кайсы мамлекетке барып иштебесин, кызматкер тил билиши керек. Кээ бир өлкөлөр бул жактагы тил үйрөтүүчү окуу борборлору менен контракт түзүшүп, күнүмдүк жашоо-тиричиликте пайдалана турган сөздөрдү бекер үйрөтүшөт. Россияга барып иштөө үчүн кыргызстандыктар фамилияларын -ов, -оваларга өткөрүүгө мажбур. Анткени, "уулу", "кызы" жана "тегин" деген документтер менен Россияда ишке орношуу кыйын.
"Чет өлкөдөн жакшы кызмат таап беребиз" деген жарыялар гезиттерге көп чыгат. Тилекке каршы, алардын басымдуу көпчүлүгү мыйзамсыз иш алып барышып, жарандарды, айрыкча жаш кыздардын документтерин алып коюшуп, кулчулукка, сойкулукка сатып ийген фактылар көп кездешет. Ошондуктан, чет өлкөгө барып иштейм дегендер маалымат-кеңеш берүүчү борбордон консультация алып, анан ошого жараша чечим кабыл алгандары оң.

Даярдаган
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА