"Агым", 29.08.08 - 13-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Шоу маек

Чемпион ОМА
АКШнын ири калаасында өткөн аткаруучулардын дүйнөлүк сынагында кыргыз калпагын баса кие, кыргыз желегин желбирете гана тим болбостон, океандын ар жагынан алтын жүктөнө келген ОМАнын сынактан кийинки ойлоруна кулак төшөдүк. Бир жыл мурун эле Ома тар чөйрөдө гана таанылып, сыйга татыгандардын арасында эле. Кеңири элге чыкканы минтип кыргыз сахнасын гана эмес, АКШда обон созуп кайтты.

ОМА:
"Тушоо кесүү концертимди Чикагодо берип келдим"

- Сапарыңда кыйынчылык тарткан жоксуңбу?
- Алгач АКШ элчилигинде кыйынчылыкка тушуктум. "Америкага баргандан кийин калып калбайсыңбы?" деген суроосуна: "Жок, мен мекенимди сүйөм, чоң патриотмун" деп жооп кылсам, алар мага 5000 кыргыз ушинтип айтып атып, кайтпай коюшкандыктарын билдиришти. "Канчалык кыйын болбоюн, чет жерде мен баарыбир экинчи саналам, жаман болсом да, жаман ырдасам да мекенимде биринчи болом" десем да ынабай, элчиликтеги кыргыз балдардан мени тааныр-тааныбасын сурады. Кудай жалгап, алар мени таанышат экен, биринин тоюнда ырдап да берипмин. Ошентип, АКШга чыгууга уруксат алдым. Ал жакка жетсем, тизмеде Кыргызстан жок. Салгылаштым, сынактын президентине чейин кирдим. Экөөбүз 40 мүнөттөй баарлаштык, алдындагы ноутбуктан электрондук дарек менен кат алышып, чакыруу жөнөтүлгөнүн, катышууга укук алганымды далилдедим. Конкурс 2 тур, жарым финал жана финал менен өттү. 14 номинациянын төрт түрү боюнча катышып, үч алтын, поп музыкадан күмүш медалга ээ болдум. Ал эми жалпы жыйынтык боюнча төрт чемпиондук титул тапшырылса, бирөө Америка, дагы бири Канада жана экөө Кыргызстанга ыйгарылды.
- Кыргызстандан башка бир да КМШ мамлекети сыйлыкка илинген жокпу?
- Казакстан, Россия, Украина, Армения барган, курамында эң аз дегенде 10, а казактар 30 чакты адам. Кымындай мамлекетибиз эки ирет чемпион аталганына бир топторунун ичи ачышты. Ар кимдин өз пейилинен дечи, казактардан "бирөөнү бизге сатпайсыңбы" деген да сунуш түштү. Бул меники гана эмес, элимдин, өлкөмдүн жеңиши экенин, эч кандай баага саталбасымды билдирдим. Ошентип айтып алып, башта казактар менен жүрсөм, акырында африкалыктар менен ээрчишип калдым.
- Жеңиштин даамы кандай болот экен?
- Алгач башкалардын - испаниялык, гватемалалык, канадалык, филиппиндердин ырдаганын угуп, жүрөгүм олку-солку болуп калган. Англис тилиндеги ырларымдан үмүт үзүп эле, жалгыз "Саройго" басым жасап, башкалардан өзгөчө болсун деп, музыканын коштоосу жок ырдадым. Кудай колдоп, төртөөнөн тең жыйынтык бар. Жеңиштин даамы бардык адамга эле жагат болсо керек. Бул жеңишимди жалпы кыргыз элине, мамлекетке арнар элем. Дүйнөлүк деңгээлде кыргыздын алгачкы жеңиши болуп атат, муну өзүмө гана энчилеп алалбайм. Бул жаңыдан өсүп келаткан таланттарга, кайсы гана тармак болбосун, мейли спорт, мейли илим, мейли кинонун жаштарына өбөлгө, умтулуусуна түрткү болсун дейт элем. Аларда Кыргызстан кичине, экономикалык көрсөткүчтөрү бийик болбосо да, дүйнөлүк деңгээлде ийгиликке жетише алабыз деген ишенич жараткым келет.
- Быйылкы жылы дүйнөлүк деңгээлде өлкөбүздүн бир топ ийгиликтери бар. Бул боюнча кандай ойдосуң?
- Эволюция деген - динозаврларлар өлүп, маймылдан адам жаралганга эле тиешелүү эмес. Бул көрүнүш тынбайт. Мындан 10 жыл мурун эле кыргыздын жашоого болгон көзкарашы башкача эле. Мурда пенсия, пособие, маяна деп какшап, мамлекетти жамандап эле олтура берсе, азыр кыймылдап, иштегенди үйрөнүп баштады. Жетишкендиктер - спорт, эстрада жаатындагы эволюция. Өлкө казанында гана кайнай бербестен, чет жерде да Кыргызстандын намысын коргоого жарай тургандыктары далилденди.
- Катышуучулардын арасында таанымал аткаруучулар бар бекен?
- Канчалык бизге таанымал билбейм, бирок, мисалы, Казакстандын, Москванын өзүндө кеңири эле таанымал болуп калгандары болду.
- Желекти жалгыз желбиретип атканыңды тасмадан көрдүк…
- Башка өлкөлөрдөн келгендер курамында жок дегенде - 10 адам, төртөө желектин төрт жагынан кармаса эле, баарына көрүнөт. Эмне кыларымды билбей, мейманкананын кызматкерлерине 5 доллар берип, сапка ылайык таяк таптырдым. Желекти ага тигип алып, жалгыздыгымды билдирбей желбиретип тура бердим. Эгер адам өзүнө ишенсе, жалгызсырап коркпойт. Мен табиятымдан адамдар менен бат тил табышам, кайсы улут болбосун сүйлөшүп, аябай көп дос-тааныш таап алдым.
- Кийин да кызматташа тургандай макулдашып алууга мүмкүнчүлүк болдубу?
- Нью-Йорк жана Чикагодогу ири үн жазуучу студиялар жеңилдик менен альбом жазып беребиз деп чакырышты. Бирок, арзандатылган баа менен 50 миң доллар экен, толук баасы канча экенин сурагандан уялдым. Азырынча биз үчүн бул баа кымбат. Бирок, эмитен, өзүм болбосом да, биздин балдардын жаздырып келүүсүнүн жол-шартын билип, мүмкүнчүлүк түзө берсек болот.
- Силердин ийгиликти көргөн соң, фонограмма менен жашагандар уялып калар…
- Чыныгы талант, өзүн инсан катары көрсөткүсү келген адам кандайдыр тыянак чыгарып, аракет көрөт, талантын багат, өнөрүн өркүндөтөт. Ал эми башынан атак-даңк же дагы бир кыйыр максатты көздөп, эптеп ырдап чыккандарга бул таасир эталбайт дагы болсо керек.
- Эмки жылы Кыргызстан бул сынакка катышууга чакыруу ала алабы?
- Анүчүн мамлекет тараптан колдоо болгону жакшы. Эгер президентибиз кат жазса, андан бетер жакшы. Бул, сынактын уюштуруучулары үчүн аябай чоң нерсе.
- Кызык окуяларга кабылдыңбы конкурстун жүрүшүндө?
- Голливудда айтылуу кызыл килем бар эмеспи. Америкалыктар өздөрү өталбаган, бир да КМШлык адам баспаган килемден мен өттүм. Кантип дебейсиңерби? Кайсы гана тасма жаралбасын, бетачар аземи Голливуддагы белгилүү кинотеатрда өтөт. Ага дүйнөлүк жылдыздар гана чакырылат. Кэвин Коснердин жаңы тасмасынын бетачары башталып аткан экен. Лимузиндерден жылдыздар түшүп, папараццилер жайнап, фанаттар жыкжыйма, полиция жакын жолотпой тегеректеген. Шаарды айланып, 1,5 сааттан кийин келсек, кайра жол тосулган. Көрсө тасма аяктап калган кез экен. Коридор секьюритилердин ортосунан бейджик тагынгандар өтүп кетип атат. Жанымдагы бир байкенин пресса деген бейджигин алып, мен да аларга кошулуп кетсем, мени өткөрүп жиберишти. Кинотеатрдын ичине кирсем, тегерете коопсуздук кызматкерлери. Жанагы кирип бараткандар пресса эмес эле, жылдыздардын агенттери экен. Бейджикти колум менен жаап, жүрө бердим. 20 мүнөттөн кийин кинозал эшиктери ачылып, эл чыга баштады. Тасмадан көргөн жылдыздар жайнайт. Квентин Тарантинонун гана ысымын билет экем, ага учурашып, ага жанаша бир айымга сүрөткө тартып койгулачы десем, ушундай бир жаман көз менен карады, бирок, тартып берди. Ал да бир жылдыз өңдөнөт. Фуршетте бокал көтөрө баары менен кенен-кесир, сыр билдирбей жүрө бердим. Жылдыздар сыртка чыга баштады, кызыл килем төшөлүп калыптыр. Фанаттардын саны 15-20 миңге жетет го, биринин үстүнө бири минген. Жылдыздар автограф берип коюп узап атышат. Мен да сыр билдирбей, басып баратам. Жолдун нары жагында калган казактар: "Ома-Омалап" кыйкырып калышты эле, колумду көтөрсөм, ар жак-бер жактан фотоаппараттар шакылдады. Артымда келаткан эки айым: "Бул сиздин публикаңызбы?" деп калышты, ооба деп койдум. Көрсө, мага миллиондон бир мүмкүнчүлүк ооптур. Мындай кечелерге жалаң жылдыздар гана чакырылып, эгер бирөө келбей калса, анын билети аукционго коюлуп, интернетке 15-20 миң долларга сатылат экен. Өмүрүмдө жеке концерт берелек элем, алгачкы тушоо кесүү концертим Чикагодо өттү. Ал жакта кыргыздар көп. Алар менден эбак кабардар экен. Бири белегин берсе, бири мейманга чакырып, сыйлап атышты. Августтун ортосунда ушул штатта дүйнөлүк түрк тилдүү элдердин фестивалына Кыргызстандан Курмангазы Азыкбаев үйбүлөсү менен менен жана "Версус" тобу бармак экен. Бийчи кыздар виза алалбай, Курмангазы аганын шарты болбой барбай калыптыр. Ар бир мамлекетке эки күн бөлүнөт экен, Кыргызстандын атынан мен ырдап бердим. Биздин элчилик ыраазы болуп калды.
- Мындан кийин да конкурс, сынактарга катышасыңбы же ушул менен чектелесиңби?
- Азырынча эч кандай пландабайм. Эгер кокусунан мен тандалып кала турган болсом, кайда болбосун, кыргыздын намысын коргоого даярмын.
- Мынчалык патриоттуулук сенде кайдан?
- Билбейм, балким, кыргыз болуп төрөлгөндө эле. Уйгурлар 40 млн., күрттөр 80, цыгандар 50 миллиондон ашуун, бирок, алардын же Мекени жок, же туусу жок. Ушундай кичине калк болуп туруп, баарына ээлик кылганыбыз - Кудайдын чоң белеги. Эгер эркиндигибизди барктай албасак, анда намысыбыздын жоктугу, Кудайдын урганы. Кичинемде үйгө калтырар киши жок, мени улуу байкем мектебине кошо ала барыптыр. Кайсы сабак экенин билбейм, бирок, мугалим Ленинди аябай мактап атат. Арткы партада олтурган элем, бир маалда: "Эже, Ленинден Манас ата улуу" деп элдин баарын күлдүргөн экенмин.
- Эми жылдыз дарты чалбайбы?
- Жок, жеңиш - мага тескерисинче чоң жоопкерчилик. Адам төө мингенде керсейип, жөө жүргөндө шайы ооп калган болбойт. Дайым бир калыпта жүрүшү абзел. Адам дөөлөтүн көтөрө, сындай билгени оң. Кандайдыр ийгилик жараткан болсо, манчыркап калбай, мурдагыдан да сыпаа, карапайым болсо, андай адамды дөөлөт таштабайт.

Маек курган Айнагүл САПАРБЕК кызы