"Агым", 29.08.08 - 11-бет: • Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 Хайл, Сайракан!


Бир бүркүм...

Көптөгөн адамдардын өмүрүн алып кеткен авиакырсыктан улам эгемендүүлүк күнүнө карата борбордук Алатоо аянтында өтүүчү бардык майрамдык иш-чаралар токтотулат.

Баңгизатты көзөмөлдөө агенттигинде бир сутканын ичинде эки жетекчи алмашты. Мурдагүнү жетекчи болуп дайындалган Мелис Турганбаевдин ордуна ошол эле күнү Болотбек Ногойбаев келди.

Кыргызстан 2009-жылы Өзбекстандан жаратылыш газынын 1000 куб метрин 300 доллардан сатып алууну пландаштырууда.

Чүй облусунун Жайыл райондук ооруканасында сибир ылаңына чалдыккан 4 адам дарыланууда.

Коргоо министрлигинин атайы бөлүмүндөгү катардагы аскери - бирге кызмат өтөгөн эки аскерди атып, андан соң өз өмүрүн кыйып салган. Бул фактыны Коргоо министрлиги да тастыктады.

Жол эрежесин бузган жарандардан алынган айып жыл башынан бери 38 миллион сомду түздү.

Жалалабат облусунда өрт кырсыгы 1 миң 300 гектар чөптү жалмап кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

КРнын жаза аткаруу башкы башкармалыгынын экс-жетекчиси Капар Мукеев юстиция министри Марат Кайыповду башкармалык системасын бузду деп айыптоодо. К.Мукеевдин айтымында, Кайыпов ГУИН ишин илгерилетпестен, кадр саясатына баш-оту менен кирип кеткен. Мындан тышкары, системада акча каражаты жетишсиз болсо да, министр 43 миң долларлык "Лексус" кызмат автомашинасын айдап жүргөндүгүн белгилеген.

Олимпиадага катышып, кыргыздын атын кыйлага тааныткан спортчуларыбыз Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев жана алардын машыктыруучулары мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүшөт.




КР эмгек сиңирген артисти Майрам Дүйшекееваны

КҮЙҮНДҮРГӨНҮ: Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенден бери гүлдөгөн Щверцарияга айланабыз дечү элек. Эми жакындан бери электр жарыгы өчүп, муздаткычтар иштебей, ысыктын күнүндө азык-түлүктөр бузулуп, караңгылыкка көнө албай кыйналып атабыз. Өзүбүздөн чыккан электр энергиясын ушинтип улам өчүрүп, кышка чейин чындап эле үнөмдөй алабызбы? Айыл жери болсо да тезек терип, от жагып тамак-аш жасап ичсе болот, а электр энергиясы менен жашаган шаардыктар кантишет?

СҮЙҮНДҮРГӨНҮ: Күз келип, жашылча, жер-жемиштер арзандап, капчыгы жука карапайым элибиздин жок дегенде витамин жегенге мүмкүнчүлүктөрү болуп калганына сүйүндүм. Азыр арбуз-коон, алма, помидорлор чоң базарларда дүңүнөн арзан баада эле сатылууда. Айыл жерлеринде картошка, буудай бышып, карапайым эл жайы бою эмгектенип тапкан түшүмүн сатып, кыйналган жашоосун анча-мынча оңдоп алгандарын көрдүм.

ТАҢГАЛДЫРГАНЫ: Кырсыкты кайдан деп болобу, жакында Иранга учуп бараткан самолеттун жарылышынан көп адамдардын өмүрү кыйылды. Өзүм болсо иштеген жеримен эс алууга чыгып, баардык ойлогон пландарымды ишке ашырууга шашып жүрүп, капысынан тайгаланып кетип бутумду кокустатып алдым. Мен сыяктуу шашып жүргөн адамдардын канчасы самолетто болду экен? Кыргызстан аза күнүн жарыялап, кайгырып турган кезде, эгемендүүлүк күнүнө карата шаардын көчөлөрүн кооздоп жүргөндөрдү көрүп таңгалдым.