mainkaptal

Пользовательский поиск
  Ааламда

Миң түркүн адам
Александр ЛУКАШЕНКО
Түштүк Осетияда түзүлгөн оор кырдаал боюнча ооз ачпаган Белорус президенти Сочиден Дмитрий Медведев менен жолугуп, "Грузиянын баскынчылыгына акылдуулук менен жооп берген" Россияга алкышын айтты. "Кавказдагы абал туурасында оңду-солду саймедиреп жаткан Батыш менен америкалыктар мурдунун учунан алыс көрө албаган саясатчылар. Россия баарын туура, так жасагандыктан, мен бул конфликтке кийлигишкен жокмун", деп белгиледи Лукашенко.
Ангела МЕРКЕЛЬ
Грузиянын НАТОго кирүүсүнө каршы болуп келген Германия канцлери бул өлкөнү колдоп, Тбилисинин НАТОго мүчө болуу процессин тездетүү керек деп билдирди. Бирок, бул маселе боюнча Германиянын саясый элитасы ар тараптуу көз карашта. Алсак, экс-канцлер Герхард Шредер Кавказдагы абал үчүн Грузияны күнөөлөдү. Ошондой эле өлкө президенти Саакашвилини авантюрист атап, Тбилисинин альянска киришине каршы экендигин маалымдады.
Нино БУРДЖАНАДЗЕ
Грузия парламентинин экс-төрайымы чоң саясатка кайтып, түзүлгөн кырдаал үчүн учурдагы жетекчиликтен жооп талап кыларын билдирди. Бурджанадзенин пикири боюнча, көпчүлүктүн көңүл чордонунда Грузия, Түштүк Осетия жана Россиянын ортосундагы согуш, анын себеби, күнөөкөрү туурасындагы маселелер турат жана мындай суроолордон Грузия бийлиги оңой-олтоң кутулуп кеталбайт. "Мен агрессияга каршымын. Сабырдуу болуп, НАТО менен АКШнын жардамына көп ишенбей, Россия менен мамилени оңдоого аракеттенишибиз керек" деп билдирди Бурджанадзе.
Юлия ТИМОШЕНКО
Украина премьер-министрине президент секретариаты тарабынан "мамлекетке чыккынчылык жасоо жана саясый коррупция" деген айып тагылууда. Секретариаттын билдирүүсүндө, Тимошенко жана анын партиясы Москва жетекчилигинин тапшырмасы менен Украинанын НАТОго кирүүсүн кечеңдетип, өлкө Конституциясынын долбоорун иштеп чыгууда Россиянын пайдасын көздөгөн. Учурда иш укук коргоо органдарына өткөрүлдү. Ал эми премьер-министр тагылган күнөөнү четке кагууда.
Константин ЦЗЮ
Дүйнөнүн бокс боюнча абсолюттук чемпиону Олимпиада учурунда жаачылардын мелдешине катышып, баш байге болгон бир ящик арак утуп алган. Мелдеш Олимпиаданын Достук үйүндө өттү. Цзю атаандаштарын артка калтырып, биринчи аракеттен эле мүдөөгө жеткен.




ДҮЙНӨКҮН

ЖАШДҮЙНӨ. Ааламдын узак жашоочусу, индиялык Хабиб Мийан 129 жашында жарык дүйнө менен кош айтышты. Бирок, документиндеги жазууга карабастан, Хабиб 138 жашка чыккандыгын айтчу. Мийан өмүр бою Жайпур шаарынын мусулмандар бөлүгүндө 32 тууганы менен жашаган. 50 жыл мурун көзү көрбөй, андан кийин бир ыптасы кыймылдабай калган.

БАЙДҮЙНӨ. Египеттин түндүгү Александрияда 27 жаштагы Газала Хамис 7 эм - 4 уул, 3 кыз төрөдү. Салмагы 1,45тен 2,8 килограммга чейинки ымыркайлар ара төрөлгөндүктөн, учурда инкубатордо. Денсоолуктары жакшы. Буга чейин үч кызы бар Газала уулдуу болууну самап, атайы дары-дармек иччү экен. Эми 10 балалуу үйбүлө мамлекеттин жардамына муктаж. Газалага чейин 7 эм төрөгөн үч аял Сауд Аравиясы менен АКШда катталган. Дүйнөдө 9-10 эм төрөлгөн учурлар да кездешет, бирок, алар жарык дүйнөгө келээри менен чарчап калышкан.

КРИМДҮЙНӨ. Ростов облусунда абактан чыккан рецидивист чаламандын чак түшүндө мектептен келаткан окуучу кызды бакчадагы үйгө сүйрөп барып, денесинен тамтык калтырбай сабагандан кийин бир нече саат бою зордуктаган. Андан соң кылмышкер кызды өлтүрүүнү көздөп, муунта баштайт. Ага да алымсынбай, эшиктен кирпич, союл алып келип башка, ичке, төшкө уруп, жерде жаткан айнектин сыныгы менен кызды төшкө саят. Өлүмүш болуп жатып калган кыз зөөкүр кеткенден кийин эптеп ата-энесине жетип, алар "тез жардам" менен милицияга кабарлашат. Кылмышкер ошол эле күнү колго түшкөн.

ТАҢДҮЙНӨ. Аргентинанын 84 жаштагы тургуну өзүн өзү беш жолу башка жана бир жолу төшкө аткандан кийин тирүү калып, атургай, ооруканага келгенде да эсин жоготпой, жаңсап сүйлөөгө жөндөмдүү болгон. Рентген алты ок тең анын денесинде калганын көрсөттү. Учурда өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылган карыя комада жатат.




 Айланбас жердин айланма жаңылыктары



ТҮШТҮК ОСЕТИЯ КОНФЛИКТИ. Аймакка "конституциялык тартип орнотууну" көздөп, бирок аракети ишке ашпай калган Грузия учурда реванш алууну максат кылууда. Мындай пикирди Россия Генштабынын генерал-полковниги Анатолий Наговицын билдирди. Анын айтымында, Грузиянын атайы аскердик бөлүктөрү Түштүк Осетия аймагында жаңы диверсиондук терракттарды өткөрүүгө катуу камылга көрүп жатышат. Тбилисинин бул аракети НАТО тарабынан колдоого алынууда. "Бул провакациялык фактор", деп кошумчалады генерал-полковник.
Түштүк Осетиянын расмий маалыматы боюнча, согушта1492 осетиндин өмүрү кыйылып, 34 миң адам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Качкындардын айтымында, грузин аскерлеринин мыкаачылыгы чектен ашып кеткен. "Знаур районунун бир айылында бойго жеткен бир нече кызды бир үйгө камап, тирүүлөй өрттөп жиберишти. Биздин көзүбүзчө эле эки бала менен качып бараткан аялды танк тепсеп кетти. Дагы бир жерден бир жарым жашар баланы койчо мууздап салышты…"
18-августтан баштап Россия өз аскерлерин конфликт аймагынан чыгаруу операциясын баштады. Европарламент 22-августка чейин бул операция аяктабаса, Россияга карата катуу чара көрөрүн билдирди. Бирок мында да парламент мүчөлөрү бир чечимге келалышпай, айрымдары Россияны Түштүк Осетиядагы аракети үчүн күнөөлөсө, кээси Грузия аталган аймакта согуш ачып, Россияны мындай кадамга барууга мажбур кылган деп билдиришүүдө.
ИСПАНИЯ. Мадриддин аэропортунан Гран-Канария аралынын борбору Лас-Пальмас шаарына багыт алган самолет 200 метр бийиктикке көтөрүлгөндөн кийин жарылып, ичиндеги 172 кишиден 153 адам каза болгон.
ТҮШТҮК АФРИКА. Нөшөрлөгөн жаандан улам суу ташкыны пайда болуп, Бенин, Нигер жана Того аймактарынан 200 миңден ашуун адам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Суу ташкынынан эгин аянттары да жабыр тартып, аймакта холера эпидемиясы жайылууда.
ПОЛЬША. Шаршемби күнү өлкө аймагына АКШнын ПРО системасын жайгаштыруу боюнча эки тараптуу келишим кабыл алынды.

WWW булактарынан даярдаган Канышай Бешбаева





меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика