mainkaptal

Пользовательский поиск
  Соболстан

Элдик саясат
- Президент болсоңуз Кыргызстанды өнүктүрүүдө ишти эмнеден баштайт элеңиз?
Казбек Токсобаев, өтүкчү:
- Биринчиден, жумушу жок элге иш табуудан баштайт элем. Мисалы, менин сегиз балам бар, жумуш жок, анан момундай базарларда отуруп, бала-чаканы багыш үчүн эптеп соода кылабыз. Бирок, эч кандай шарт жок болуп атат. Экинчи маселе, азыркы Ак үйдөгү чиновниктерге ичим чыкпайт. Кара жумушта иштеген жумушчуларды карандай эле алдап жүрүшөт. Теле-радиого чыгып алышып, баары жакшы болот деп сөз түрүндө гана айтышат да, иш жүзүндө эч нерсе аткарышпайт. Алардын сөзүнө карапайым эл да ишенбей калды. Мен ошондойлорду жок кылмакмын. Эгер экономиканы көтөрө албай калсам, Аскар Акаевдей болуп качып кетпей, мойнум менен жооп бермекмин. Өлүм астында турсам дагы кыргыз элимди таштап кетмек эмесмин, мен өз өлкөмдүн патриотумун.

- Жашоодо койгон максатыңыз барбы?
Динара, 38 жашта, бомж:
- Эч кандай максатым жок. Келечегимди жоготтум. Эртеден-кечке корейлердин талаасында иштеп күнүнө 100 сом табам. Ал акчам уул-кызымды бакканга, кийим-кечекке, тамак ашка жетпейт. Ошондуктан күйүтүмдү басыш үчүн арак ичем. Арманым көп. Эч нерсени ойлобой калдым, өзүмдү жоготтум…

- Эгерде президент сиздин үч каалооңузду аткарам десе, андан эмне сурайт элеңиз?
Венера Мансурова, жумушсуз:
- Эң биринчи үй-жай сурайт элем. Анткени, Оштон Бишкекке келгенибизге үч жылдын жүзү болду, үйүбүз жок, батирде акча төлөп жашайбыз. Экинчиден, иштегенге кызмат сурайт элем. Кесибим бухгалтер, иш жок, үйдө отурам. Үчүнчүдөн, мектептеги балдардын билим деңгээлин жогорулатса деп сурамакмын. Себеби, мектепте мугалимдердин билим деңгээли төмөн. Андан билим алган окуучулар көп нерсени билбей чыгышат.

- Кыргызстандын экономикасы жакында оңолоруна көзүңүз жетеби?
Салкынай Маталиева, суусундук сатуучу:
- Кыргызстан экономика жактан абдан артта калды. Жаңылыктарды угуп отуруп, келечекте Кыргызстанда кедейлер көбөйөт го деген ойго кеттим. Сырттан улуту бөлөк байлар келип, биздин ишканалардын көпчүлүгүн иштетип атышат. Кыргызстандагы кыргыздар жарды, ал эми сырттан келген чет мамлекеттин атуулдары бай жашашат деп ойлойм. Тунгуч президентибиз Аскар Акаев "Кыргызстан - наш общий дом" дегендей, өлкөбүздүн байлыгынын убайын, жыргалын сырттан келгендер көрүп атышат.

- Айылдын жашоосу кандай?
Байыш Таабалдиев, Токтогул району, Сарыгамыш айылы:
- Айыл жеринде барга бардай, жокко жоктой болуп атат. Чынын айтканда, жакыр адамдарга жашоо оор. Электр энергиясынын, тамак-аштын кымбатташы айыл жеринде оорчулукту түзүүдө. Экинчиси, биз жакта маданиятка көңүл бурулбай калды. Жол маселеси да чечилбей жатат. Биздин айылга барган акимдерге да айттык. Жакында депутат О.Артыкбаев барып, шайлоочулары менен жолугушуп, айыл ичине арзан баада "Немандын" аптекасын ачты. Анча-мынча дарыларга жеңилдиктер да бар. Эл ушул кишиге ыраазы болуп атат. "Акжол" партиясындагы А.Байтиков деген депутат жигит айылдын акыбалын келип сурай элек. Бир-эки айылга электр энергиясы жетпей калган, ошого жардамдашам деп убада кылган экен. Ал эми үч жылдан бери эгин бышпай, эл үрөн айдабай калды. Жалаң мал менен бартер кылып жашап атышат. Өндүрүлгөн товарлар эч жакка өтпөйт. Жолдун алыстыгынан машина каттабайт. Көмүр маселеси да оор болгондуктан кышка көң менен тезекти азыртадан камдап атабыз.

- Кыргызстандагы карапайым калк канткенде байыйт?
Карымов Садык, Бишкек тургуну, соодагер:
- Кыргызстандын эли байыганга даремети жок. Мисалы, чоң ишкананы иштетиш үчүн чоң акча керек. Кредит алыш үчүн берген адамга жарымын бериш керек. Жөн эле кредит бере бербейт. Эгерде үстүңдөгү үйдү күрөөгө коюп, кредит алып, аны иштете албасаң, үйүңдү алып коет. Кыргызстандын келечеги оор. Жакын арада жакшы болушу кыйын. Кыргызстан өнүгүү үчүн сөзсүз бир адам чет мамлекетке барып жашап, ошонун небереси ал жакта чоңоюп, жашоо-шартын көрүп, анан жаңы бийликке келип, мамлекетибизди оңдошу мүмкүн. Антпесе, бизден чыккан саясатчылар оңдой алышпайт. Келечектеги Кыргызстанды оңдоп кеталам деген таза, чыныгы саясатчы жок. Азыр бардыгы коррупционерлер. Кимде-ким бийликке келбесин, ал сөзсүз адегенде өзүнүн чөнтөгүн ойлойт. Мен эл үчүн иштейм деп жан үрөп көрүнүктүү иштеген эч ким жок. Карапайым эл өз жанын өзү эптеп багып атат. Бирок, мамлекет башына ким келбесин баарыбир ушундай көрүнүш кайталана берет. Себеби, катуу кармап, коррупцияга каршы күрөшкөн башчыны бир айга жеткирбей атып кетишет.

- Учурда элдин пейили кандай?
Сайраке, 83 жашта, пенсионер:
- Азырынча элдин пейили жакшы эле. Мен Панфилов паркында нан сатам. Кээде анча-мынча кыйналып калабыз. Эми тиричилигибиз эптеп оңолуп кетээр. Жаштарыбызды сырт жакка бекер эле жиберип атышат. Ал жакка барып башына иш түшсө, өлүм-житим, жамандык-жакшылык болгондо келалбаса кантип болсун. Отурган эле жерин казса алтын чыгат, туурабы. Жаштар эмнеге Казакстанга, Россияга барып кор болуп жүрүшөт. Туулуп өскөн жер ар бир адамга алтын. Кыргызстан ушул бойдон жарды мамлекет болуп калбайт, келечеги оңолот. Мына мен 83төгү пенсионермин, эки уулум, жети неберем, эки чөбөрөм бар, үйдө отуруп карыгым келбейт, эл арасында жүрүп иштеп акча тапкым келет. Жаштар деле ушинтсе болот да…

- Өлкөнү аял киши башкаруусуна көз карашыңыз?
Акматов Абдыкалык, Өзгөн районунун Мырзаке айылынын тургуну:
- Өнүккөн өлкөдө деле аял киши башкарып атпайбы. Аял киши башкарган жерде элдин экономикасы, жашоо-шарты жакшы эле болуп атат. Эгерде бийлик башына аял киши келсе, коррупциядан оолак болот белек. Мырзаларга караганда аялзаты үйбүлөнүн камкордугун көргөндөй, мамлекетке да камкордукту берсе керек деп ойлойм. Дүйнөлүк цивилизациянын тажрыйбасын биздин Кыргызстанда деле көрсө, мүмкүн жакшы жыйынтык береби... Келечекте айымдардын ичинен президент болчу лидер Чолпон Баекова гана болушу мүмкүн. Азыркы жаш саясатчы айымдардын ичинен эч кимди айталбайм. Биз энергетикабызды, жаратылышыбызды туура пайдалансак, экономикабыз оңолмок. Эл арасында алтын жөнүндө сөз болуп жүрөт. Ал жакта башында келишим туура эмес түзүлүп калгандыктан, элге пайда алып келгендин ордуна зыянын келтирип атат. Бул жерден келишим жеке адамдардын гана кызыкчылыгы менен түзүлүп калгандай. Өкмөттүн эксперттик комиссиясы бул келишимди жакшы көзөмөлгө алган эмес.

- Миллиарддаган долларың болсо эмне кылат элең?
Уланбек ТУРДУКАНОВ, студент:
- Миллиарддаган долларлуу болуш биздин шартта кыйын го... Эң биринчи өзүмө, ата-эне, биртуугандарыма сарптамакмын. Балачагымдан бери келаткан Америкада билим алуу максатымды ишке ашырмакмын. Албетте, калганын банкка сактап койот элем. Көпчүлүк таң калышы мүмкүн: "Эмнеге Кыргызстандын тышкы карызынан кутултууга жардам бербейт?" деп. Тышкы карыздан кутулгандан кийин эле мамлекетибиз өнүгүп кетпейт да. Кыргызстанды экономикасы өнүккөн мамлекеттердин катарына кошолу десек, биринчи кезекте жаштар билимдүү болушу керек. Тилекке каршы, билимдүү эмес, селдечен, сакалчан жаштар көбөйүп кеткендей. Ушул маселе мени көп ойлонтот.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА





меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика