mainkaptal

Пользовательский поиск
 Пейджер


Урматтуу окурман!
Кимдир бирөөгө же айрым бир жагдайда сын-пикириңиз, зарыл сөзүңүз, каалооңуз барбы? Ар аптанын экинчи күнү (шейшемби) эртең мененки 10дон 12ге чейин 66-55-68 телефонуна чалып же AGYMpage деген сөздөн баштап 3030 номуруна SMS-билдирүү жөнөтсөңүз болот. 3-4 сүйлөмдөн ашпаган куйкум сөзүңүздү, боорду эзген азил оюңузду, көңүл көтөргөн куттуктоолоруңузду күтөбүз. Бүйүр кызыткан билдирүү ээси "Пейджердин" белегине арзыйт. "Пейджер" - сиздин үнүңүз! Чалыңыз, SMS-билдирүү жөнөтүңүз.

П-639. Мамлекетибиздин маанилүү аппараты ШОСто иштеп жаткан уулум Нурлан Алымбековду 50 жылдык юбилейи менен куттуктайм. Кут болуп 50 курагың / Элүүгө элүү улагын / Эл үчүн иштеп жүрөсүң / Ийгилик болсун, чырагым / Жакшылык коштоп жүрсө экен / Кудайдан тилеп сураарым / Юбилей тоюң кут болуп / Бактылуу болгун ылайым. Апаң Батмакан.
П-640. Самиева Гүлбарчынды август айындагы туулган күнү менен куттуктайбыз. Чың денсоолук, узун өмүр каалап, ишиңдин ийгиликтүү болушуна тилектешпиз. Айгерим, Мээрим, Кайрат.
П-641. Туризм башчысы Турусбек Мамашев былтыркыдай сезон шумдук болду деп быйыл мактаналар бекен? Сыргак.
П-642 . Керимбаева Кайыргүл, паспортуңду таштап карыз алган акчаңды тез арада алып келип бер. Ансыз деле убактысынан өтүп кетти. Болбосо милицияга берем. Жаман-жакшы айтышып калбайлы. Зулайка эжең.
П-643. Жетекчибиз Жамгыр-чинов Назар Калыгуловичти 23-августта 55 жашка чыгышы менен куттуктайбыз. Сизге чың денсоолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалайбыз. Үйбүлөңүз менен аман-эсен болуп, ишиңиздин ийгилиги арта берсин. Кесиптештериңиз.
П-644. Олимпиадачылар, аза-матсыңар! Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевге чоң ыракмат. Ошончо элдин ичинен кыргыздын жүзүн таанытып, желегин көкөлөтүп кайтуу менен эл оозунда, тарых барактарында калдыңар. Өркөнүңөр өссүн, ылайым кем болбогула! Самат атаңар, Карабалта.
П-645. Душман коркунучтуу. Ичтен чыккан душман душмандан да коркунучтуу. Караш Насер.
П-646. Карл Маркс менен Лениндин идеяларын КПСС ишке ашырып бүтө албады эле. Бизде болсо БОМЖдор үчүн коммунизмди куруп коюп, кыргызым бул дүйнөдө эң алдыга чыкты го. Караш Насер.
П-647. Сиңдим Альфияны кыздуу болушу менен куттуктайм. Альфия, кызыңдын бешик боосу бек, ден соолугу чың болсун. Күйөө балабыз Сапар экөөңөр кызыңардын сый-урматын көрүп, аман жүргүлө. Эжең Кайрыса, жездең Эмил.
П-648. Азыр Кыргызстанда элибиз чиновниктер үчүн иштешип, шайлоолордо шашкалактап шайлашып, а чиновниктер болсо жайытын бир күндө түгөткөн уйдай болуп Шодокондун бүркүтүндөй жутунушуп, өз курсактары үчүн иштешет. А мамлекет байкуш үчүн иштеген жан барбы акыры? Тоолук кыргыз.
П-649. Жаңы мэр ишин жакшы баштады. Мындан ары ишиң ийгиликтүү болуп, элдин алкышын алып, өлкөң өссүн. Дзержинский, Фучик, Тоголок Молдо паркында иттер толуп кетти. Балдар ойногон, кишилер баскан жерлерди булгап жүрүшөт. Эртең менен, кечинде үрүп тынчтык бербейт. Ар бир парктан өзүнчө бир аянтты бөлүп берсе жакшы болот эле. Итке деле кишидей салык салып, коммуналдык кызмат төлөтсө, иттер азаймак. Гүлжан.
П-650. Жумгал районунун тургундары атам Асанкул, апам Назира, ини-сиңдилериме ысык салам жолдойм. Баарыңарга чың денсоолук, узун өмүр каалайм. Чолпонай.
П-651. Ырчы кызыбыз Асел Турдалиева көрүнбөй кетти го. Же мугалимдик менен кетип, чыгармачылыкка убактысы жетпей жүрөбү? Айгүл.
П-652. Нариман Түлеев мэр болгону Кыргыз темир жолу жандана баштады. Же темиржолчулар экс-начальнигин уятка калтырбайлы деп шымалана иштеп атышабы? Бишкектик челнок.
П-653. Оо, эл-журт! Силер менен кеңешейин деп атам. Быйыл Кыргызстан аздан болсо да чет жерлерде ийгилик жаратууда. Балким буга байлап, президент Бакиевди кийинки мөөнөткө шайлап алсакпы. Же бул кишини да түшпөс ханга айлантып, өлкө тагдырына балта чабабызбы?.. Кылымбек.
П-654. Кыздардын бир күлгөнү майрам сымак / Кыздардын күлкүсүндө сайран турат / Супсулуу, кыз кезинде баары жакшы / А бирок, жаман катын кайдан чыгат. Жакыпбек Абдылдаев.
Жеңүүчүбүз - Кыздардын күлкүсүнө суктанган Жакыпбек Абдылдаев (П-654), редакция менен байланышыңыз.
Даярдаган
Канышай БЕШБАЕВА





меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика