mainkaptal

Пользовательский поиск
  Спорт

Канат Бегалиев:
"Толкундануу сезиминдемин"
17-август күнү Бээжин олимпиадасынан олжолуу кайткан Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев аттуу эки жигитибизди "Манас" аэропортунан кыргызстандыктар өзгөчө шан-шөөкөт менен тосуп алганы маалым. Күмүш медалды багындырган Канат балбандын убактысы тар болгондуктан, чакан кепке тарттык.

- Алгач жеңишиң менен куттуктап кеткибиз келет. Эгемендикке ээ болгондон бери Олимпиада оюндарында алгачкы күмүш медалды багындырдың. Кандай сезимдер болуп атат?
- Рахмат. Менин жеңишим - Кыргызстаныма, кыргыз элиме кылган жакшы белегим. Абдан жакшы маанайдамын, толкундануу сезими күчтүү. Айрыкча, бизди мекендештерим, ата-эне, биртуугандарым, досторум жогорку деңгээлде тосуп алганы кубандырды. Мен мындайды күткөн эмесмин.
Ачыгын айтканда, төрт жылдан бери алтынды багындырсам деген изги ойдо жүргөм. Тилекке каршы, ал максатыма жетпей калдым. Буга биринчи кезекте калыстардын калпыс мамилеси себепкер. Финалдык таймаштын кандай өткөнүнө бардыгыңыздар күбө болдуңуздар. Эл аралык күрөш сүйүүчүлөр федерациясынын президенти Рафаэль Мартиэнетти француз экен...
- Жайкы олимпиадалык оюндар кандай деңгээлде өтүп жатат? Дегеле бул мелдеште эң күчтүү атаандашың ким болду?
- Бээжин олимпиадасы өтө жогорку деңгээлде өтүп жатат десем аша чапкандык болбос. Мен Олимпиаданын, Европа жана Дүйнө чемпиондору менен кармаштым. Грек-рим күрөшү боюнча жалпы жонунан дүйнөнүн булуң-бурчунан 20 тандалма спортчу келиптир. Эң кыйын атаандаш катары украиналык менен француз балбандарын эсептейм.
- Мындан эки жыл мурда бир гезитке берген маегиңде Бээжин олимпиадасынан кийин спорттон кетээриңди кыйыткансың. Бүгүнкү күндө кандай пландарың бар?
- Азырынча эчнерсени пландай элекмин. Бир-эки ай эс алгандан кийин калганын ойлонуштурабыз. Дегеле спорттон кеткен күндө да, жумасына эки жолу спорт залга барып, жаш өспүрүмдөргө билгендеримди үйрөтөм. Ал эми Лондон олимпиадасына катышар-катышпасымды убакыт көрсөтөт.
- Башка өнүккөн өлкөлөрдөн сага сунуштар түшүп атканын уктук...
- Япониянын курама командасына чакыруулар болду. Айына беш миң доллар төлөп беребиз дешкен. Мындан сырткары, Азия жана Дүйнө чемпионаттарында медаль алсам, сыйлык катарында кошумча акча каражаттары каралган. Бирок, алардын мындай сунушунан баш тарттым. Башка өлкөгө кызмат кылайын деген оюм жок. Мен Кыргызстаным үчүн кызмат кылам жана кылышым керек.




Зор тилекте кетишкен эле...
Бээжинди "чапчу" берендерибиздин ичинен эки балбаныбыз гана медаль бөктөрүп келишти. Калгандары, тилекке каршы, чеке жылытарлык ийгилик жарата алышкан жок. Анда эмесе, кыргыз спортчуларынын жайкы олимпиадада көргөзгөн жыйынтыктарына көз салыңыз:
Мындан эки күн мурда эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Арсен Гитинов чейрек финалдык беттешүүдө болгариялык Кирил Тирзиевге 15:7 эсебинде жеңилүү ызасын тартты. Биздин балбан алгач польшалык Кристиан Брозовский менен украиналык Ибрагим Алдатовдун далысын жер жыттаткан;
15-августта мушкерибиз колумбиялык Перез Дарлейсуга туш келип, жеңилүү ызасын тартты. Эсеп 15:4. Асылбек Таласбаев биринчи беттешүүсүндө Бразилиядан келген атаандашынын мурдун канжалаткан болчу;
Кыл мергенибиздин бу саам жолу болгон жок. Р.Исмаилов элүү метр аралыктагы ок атышууга катышып, элүү сегиз мергендин артында калды;
Сон Пань ысмы бар кытайлык дзюдочу Талант Жанагуловдун айласын алты кетирди. Өлкөбүздүн намысын талашкан спортчубуз чеке жылытарлык ийгилик жарата алган жок;
Ушундай эле тагдырга Елена Проскуракова туш болгон. Елена айым алгачкы таймашында (14-август) кытай спортчусу Сьюли Яньга туш келип, чабалдыгын көрсөткөнү маалым;
Жайкы олимпиада оюндарынын алгачкы күндөрүндө эле Василий Данилов 400 м. узундуктагы комплекстүү сууда сүзүүдө алдыңкы топко кирбей калган. Ал эми фехтовальщик жигитибиз Сергей Качурин алгачкы беттешүүдө франциялык Фабрис Жаннеге туш келип, жүрөк тушуна "кылыч" жеди;
Эркин күрөшчүл Базар Базаргуруев (60 кг салмактык категорияда) алгач америкалык Майк Задиккти көтөрүп чапкан. Андан кийинки атаандашы Кениши Юмотодо (Япония) биздин балбандан күчтүүлүк кылып, 3:0 эсебинде коло медалды тагынып отурат;
Жеңил атлетчи айымдарыбыздын бири Татьяна Ефименко 1 м. 96 см. бийиктикти багындыра алган жок. Анын эң жогорку көрсөткүчү 1 м. 93 см. болгон. Ошентип, Татьянабыз дагы жарыштан чыкты, куру кол;
800 м. айтканга оңой болгону менен, чуркаганга келгенде кыйын экенин Сергей Пакура далилдеп турганы. Дегенибиз, Сергей мырза 7 атаандашынын ичинен маарага акыркы болуп келген.




Дзюдочу Бакыт Кайназаровдун баш байгеси
Океандын аркы жагынан сүйүнүчтүү кабар алдык. Бүгүнкү күндө 40тан ашуун мамлекет Нью-Йорк империя оюндарын программасын орноткон. Июль айында өткөн Нью-Йорк империясынын оюндарында дзюдочу мекендешибиз Бакыт Кайназаров баш байгени багындырыптыр. Бакыт менен телефон аркылуу байланышып, оюн уктук.

- Нью-Йорк империя мамлекеттик оюндары деңгээли боюнча Жайкы олимпиада оюндарынан кийинки орунду ээлеп, Американын бардык штатынан спортчулар келип катышышат. Маселен, быйылкы жылы Нью-Йорк шаарынан бул мелдешке 1003 спортчу келген. Жалпы жонунан алты дзюдочу менен беттешип (81-90-100 кг салмактык категорияда), биринен да жеңилүү ызасын тартканым жок.
- Дзюдо менен машыкканыңа канча жыл болду? Бөтөн элде, бөтөн жерде ийгилик жаратыш зор машакатты талап кылса керек?
- Дзюдо жаатында ийгиликке жетишиме машыктыруучуларым Алтынай Осмоналиева менен Даулет Досалиевдин эмгеги чоң. Мындан эки жыл мурда АКШдагы мелдешке келип катышкам. Ошондон бери бул жакта жашап келем. Бардык шарттар түзүлгөн. Менин башкы милдетим - мыкты машыгуудан өтүп, ийгиликтерди жаратуу. Албетте, өз өлкөңдү, ата-эне, биртуугандарыңды сагынасың. Жакында кыргыз жергеме барып келсем деп турам.
- Качан кайтып келейин деген оюң бар? Же Америкада эле каласыңбы?
- Дзюдо - жашоомдун маанилүү бир бөлүгү. Келечекте чоң жетишкендиктерди багындырсам деген максатым бар. Убагы келгенде тууган жериме кайтып келем. Мен Кыргызстан үчүн кызмат кылышым керек. Алыскы Америкада жүрсөм да, жүрөгүм "Мекен" деп согот.
- Спорттон сырткары, эмне менен алектенесиң?
- Учурда тил үйрөнүү үчүн атайын курстарга барып атам. Жаштарга айтарым, спортту сүйгүлө. Кыргызстан деген чакан мамлекетибиз келечекте гүлдөгөн мамлекет болсун десек, бардыгыбыз жапа тырмак киришели. Спорт өнүксө гана өлкөбүз алдыга жылат.
- Мындан аркы иштериңе ийгилик. Алыскы Америкада ийгилик жаратып, кыргыздын атын чыгара бер.

Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ




меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика