mainkaptal

Пользовательский поиск
  Билим+кийим

Мектеп формасы азырынча формалдуу
Жаңы окуу жылына карата Билим берүү министрлиги 1-4-класстагы окуучуларга республика боюнча жалпы мектеп формасынын сунушун киргизген.
Учурда балдарын мектепке даярдаган ата-энелер форманы кантип, кайдан
алабыз деп баш оорутуп жатышканы менен, ушул убакка чейин жар салынып келген бирдей форма тартиби кийинки жылдан баштап гана толук түрдө
мектеп окуучуларына даяр болот экен.

Формага жарыяланган конкурс
Кыргызстандын бардык окуучулары кийчү форманы кимдер ойлоп таап, кимдер үлгүсүн иштеп чыкканы баарынан кызык болду. Жазында Билим берүү министрлиги мектеп формасын иштеп чыгууга жогорку окуу жайлардын атайы кафедраларына конкурс жарыялаган. Булардын ичинен Арабаев атындагы мамлекеттик педагогикалык университетинин көркөм долборлоо факультети кийимдин эң мыкты үлгүлөрүн иштеп чыгып, утуп алды.
Тиешелүү факультеттин деканы, доцент Эркин Токсонбаева конкурстун жүрүшү тууралуу айтып берди:
- Бул форманын автору - бүтүндөй коллектив. Жалгыз бир адамга тиешелүү деп айтсак туура эмес болуп калат. Алгач ирет биз өзүбүздүн студенттер арасында эскиздерге (сүрөттөргө) конкурс жарыяладык. Жыйынтыгында, Базаркүл Шамиеванын эскизин тандап алып, кийинки этапка конструкция, технологияларын, үлгүлөрүн иштеп чыкканга кириштик. Айта кетчү нерсе, биздин факультет кийим тигүү процессин баштан аяк үйрөтүп, толук кандуу адистерди даярдайт.
- Мектеп формасына кандай кездемелерди тандап алдыңар?
- Эң башкысы, табигый кездеме болушун максат кылганбыз. Анткени жаш балдардын кийими гигиена жактан жогорку талаптарга жооп берүүсү шарт. Кир көтөрүмдүүлүгү, эстетикалык мааниси - баары эске алынып, пахтадан жасалган кымбат кездемеден тиктик. Балдар кыймылдаганда ыңгайлуу болсун деп бычмасын атайы иштеп чыктык.
- Баасы кандай болду экен?
- Баштан аяк санаганда бир форманын баасы 1500 сомго жетти. Бирок, өндүрүштүк көлөмдү алганда, ага кошуп биздин Комвол нооту комбинаты атайы мектеп формасы үчүн кездемени арзандатып берсе, баасы жеткиликтүү эле болмок. Бул маселе мамлекеттик деңгээлде каралса жеңилденет эле. Мен өзүмдүн неберем мектепке ушундай форма кийип баруусун каалайт элем.
- Республика үчүн мектеп формасын ойлоп тапканга кандай сыйлыкка ээ болдуңар?
- Долбоор боюнча бул маселе да каралган экен. Бирок биз азырынча эч нерсе ала элекпиз. Жаздан тартып аябай иштедик, жайы бою да эс албай форма менен жүгүрдүк. Кыздардын формасында юбкасы да, шымы да бар. Пиджак, шымдар бир өңчөй көк түстө. Юбка, чыптама кызыл-көк түстөгү чакмакталган кездемеден. Үстүнө кийчү көйнөк салт боюнча ак түстө. Каалагандар үчүн галстуктары да бар. Күз, жазда кийилчүсү жукарак, кышкысы калың кездемеден тигилген.
Министрликтен
мини кеп
Ал эми бул форманы ким тигип, аны кайда сатканы тууралуу Билим берүү министрлигинин мектепке чейинки, мектептик жана мектептен сырткары билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Анара Акматовадан уксак:
- Бирдей форма кийүү 1-4-класстардын окуучуларына гана киргизилди. Быйылкы жылы бул сөзсүз аткарылчу шарт эмес. Буюрса, кийинки жылдан баштап жогорку класстарды кошуп, баардык окуучуларга жалпы мектеп формасын кийгизүү планы бар. Эгерде ким быйыл мектепке башка формачан келсе - ага эч кандай күнөө коюлбайт. Форма азырынча сунуш катары киргизилди. Тандалып алынган үлгү боюнча кайсы ишканада тиктирип, кайсы жерде сатылаары учурда такталып жатат. Ал боюнча дагы кеңири маалымдайбыз. Сүрөттөрү, видеороликтер бардык билим берүү бөлүмдөргө таратылды.
Мектеп директорлорунун ача пикирлери
Бишкектеги №1 орто мектептин завучу Ирина Шатухина мектеп формасы киргизилишине аябай кубанганын айтат:
- Окуучулардын ата-энелери да мектеп формасын колдошот. Анткени кандайдыр бир социалдык теңдик, тартип пайда болот эмеспи. Буга чейин биз классикалык үстү ак, асты кара түстөгү кийимдерди кийүүнү талап кылчубуз. Мектепке курсагы көрүнгөн, же түнкү клубка барган кийимдерди кийип келүү адепсиз. Жалпы мамлекет боюнча бирдей форма болсо, баары бирдей кийинишмек. Ошол эле жынсы, жалтырак кофтага кеткен акчага бир форма алып, аны бир-эки жыл кийсе арзаныраак да болуп атпайбы.
Ал эми жеке менчик "Илим" билим берүү борбору жалпы формага салкын көз карашта. Директордун орун басары Наталья Маницкая жеке менчик мектепте бул суроо эч качан курч коюлган эмес дейт.
- Албетте, социалдык теңдик маанилүү маселе. Бирок аскердегидей баарын окшош кийиндиргенде балдар өз алдынча инсандык жүзүн жоготуп коюшу мүмкүн - дейт Н.Маницкая. Биз балдардын табитин туура тарбиялоо үчүн мектепке кийгенге өзүнчө кийим болот деп үйрөтөбүз. Мисал катары чоң кишилер офистик кийинишет, бирок баары опокшош эмес да. Биз да ошол сыяктуу кийим кабыл алганбыз. Окуучуларыбыздын ата-энелери да каршы эмес. Өз алдынчалыгын жоготпой, бирок учурга, шартка жараша кийим тандап билүүнү үйрөтүү биздин башкы максат. Форма болсо да, бир нече түрү менен, окуучулар тандап кие алгандай болсо туура деп ойлоймун.
Кыргызстанда кичи ишканалар эсебинен жеңил өнөр жай жакшы өнүгүп бараткан мезгилдебиз. "Легпром" ассоциациясынын билдирүүсү боюнча, Бишкек шаарында мектеп формасын тиккен 10-12 ишкана бар. Болгондо да эркек балдар үчүн өзүнчө, кыздар үчүн өзүнчө форма тиккен ишканалар. Азырынча аларга билим берүү министрлиги бекиткен мектеп формасынын үлгүсү жете элек. Өздөрү иштеп чыккан, же атайы заказ боюнча үлгүдөгү кийимдер. Алардын өндүрүшү экспортко багытталган. Ишкана ээлеринин айтуусу боюнча, алар үчүн кимдин заказ кылганы, кандай үлгүдө, кандай кездемеден экенинин мааниси жок, баарын тиге беришет. Акысын убагында, так төлөп беришсе болду. Сапаты боюнча кепилдик да беришет экен. Демек, кыргызстандык окуучуларга мектеп формасын тигип берчү ишканалар жетиштүү. Кийинки маселе - ал форма кайда жана канчадан сатылат? Өндүрүштүк шпионаж аркылуу табылган үлгү боюнча арзан кездемелерден "жасалма" формалардын чыгып кетпешин ким карайт? Бул суроолорго жооп табылган сайын окурмандарга кабарлап турмакчыбыз.

Нуржан Алымканова





меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси
Яндекс.Метрика