"Агым", 22.08.08 - 14-бет: ТВ_маек....• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  ТВ_маек

Алыпбаруучу Кубаныч Эсенбаев:
"Чоң атамдын 7 аялы, 56 баласы болгон"
Он жети жылдан бери Улуттук биринчи телеканалда эмгектенип, "Сыр сандык", "Алтынчы күнү кечинде" телекөрсөтүүсүнүн авторлорунун бири жана алып баруучусу Кубаныч Эсенбаев менен маек.

- Кубаныч, сизди улуттук каналдын "Сыр сандык" оюн-зоок, музыкалык, таанып-билүү көрсөтүүсүнүн алып баруучусу катары жакшы билишет. Акыркы кездерде ал көрсөтүү теледен чыкпай калды...
- Сөз билген, сөз тааныган, сөздүн баркын билген адамдарга албетте бул көрсөтүү кызыктуу болушу мүмкүн деп ойлойм. Бирок, элдин баары бири-бирине окшош эмес да. Анча-мынча киргиздерибиз да көп. Баары эле мындай көрсөтүүгө чоң маани бербесе керек. Өнүктүргөнгө көп шарттар болбой калды. Албетте, жетекчиликтин анча-мынча жардамы, ооба деген сөзү керек болчу. Ар бир келген жетекчи өзү жактырган, өзү сүйгөн көрсөтүүнү улантат окшойт. Бирок, көпчүлүк эмнеге чыкпай атат деп "Сыр сандыкты" сурашат. Дайым ушул көрсөтүүнү бир убакта жазбай көрүп жүргөндөр болгон. Мезгилдин талабына жооп бербейт деп жаап коюшту окшойт, ошондуктан биз чыкпай калдык. Эми башкасын жасаганга аракет кылабыз. Азыр телевидение өнүгүп, башкача нукка өтүп атат. Ошол нукка түшүш керек, ошол мезгилдин демин сезип, талабына жооп бериш керек го.
- "Сыр сандыкты" алып барууда "баракелде!" деген сөздү көп кайталачу элеңиз. Ошол кезде "Баракелде!" деген көрсөтүү ачам деп айтып жүргөнүңүздү да уккан элек. Азыр улуттук биринчи каналда "Баракелде" көрсөтүүсү бар, сиз эмне үчүн мурдараак мындай көрсөтүүнү ачкан жоксуз?
- Негедир учурунда "баракелде" деген сөзгө көпчүлүк анча маани бербей жүрүшкөн. "Бали", "баракелде" деген сөзгө акыркы кезде көбүрөөк көңүл бөлүп, пайдаланып калышты. "Баракелде" деген сөзгө татыш эле кыйын го. Кээде көрсөтүүгө келген кишилерге "Баракелде!" дебей, жакшы жооп бердиңиз деп калчу экенмин. Көрсөтүү бүткөндөн кийин: "Кубан, сиз бизди баракелде деп айтпай койдуңуз го" деп таарынгандар болчу. Күтүп турган нерсени туура айтып жиберсе, "баракелде!" деп оозуман чыгып кетчү. "Баракелде" деген көрсөтүү ачайын дегем, бирок, алардыкы башкачараак, меники башка болот. Аттары да эми башкача болот да.
- Башка көрсөтүүгө долбоор жазып, алып чыксамбы деп ойлобойсузбу?
- Негизи долбоор менен иштесемби деп ойлойсуң. Телевидениеде кээде айтпай туруп, көз менен көрүп, кол менен жасай турган нерселер болот. Мисалы, "Поле Чудестин" алып баруучусу Якубовичтин теледен сүйлөгөн сөздөрүн гезитке жазса башкачараак чыгып калышы мүмкүн. Ал эми телевидениеде канча эмоция, канча көз караш, кандай гана паузалар бар. Эгерде долбоор жазып момундай кылам десең, аны башкалар өзүнүн көз карашы менен башкача түшүнүп калышы мүмкүн. Беш-алты киши болсо, ар бири ар башкача көрөт. А менин оюм аларга төп келбеши мүмкүн. Баарыбир алдыңкы телевидениени түшүнгөн кишилер аз. Ал жерде бирин-бири түшүнгөн жакшы команда болуш керек. Бул жерден көпчүлүгү да акчага байланыштуу болуп кетет. Ар бир кызматкер өзүнүн звеносундагы ишин мыкты билсе, телевидениенин жашоосу оңолот деп ойлойм.
- Башка жакка стажировкага барып, борбордук телевидение менен таанышып көрдүң беле?
- Телевидениеде канчадан бери иштейм, баарын билем деп сьемкаларды тартып кете берчүмүн. Азыр корком. Москвага барып, телевидениеде иштегендердин иш тажрыйбасын көрүп келдим. Алардын иштөө режимин, кухнясын көргөндөн кийин, мен телевидениеде эч нерсе билбейт турбаймынбы деп калдым. Ал жерде таптакыр биздикине окшобогон ситуация экен. Алып баруучуларын бапестеп, чарчатпай, бири-бирине күйүп-бышып турушат экен. Анткени кайсы көрсөтүү жакшы болсо, акчасы да жакшы болоорун айтышты. А бизде көрсөтүүнү даярдоо үчүн көп проблемалар чыгат. Көрсөтүүгө чакырылган элге биздин кухнябызды ачып бергим келбейт.
- Жаздан бери сизди "Алтынчы күнү кечинде" көрсөтүүсүнөн көрүп калдык…
- "Алтынчы күнү кечиндени" эс алуучу, каткырып күлбөсө да бир жакшы жылмайып коюучу, элдерге шаң бере турган көрсөтүү болсо дегем. Элге ашты жөнеле бере бербей, анча-мынча мурч, калемпир, туз кошуп, кичине башкачараак тартууласакпы дегенбиз. Анан таң калычтуу жери - бир кездерде "Сыр сандык" чыкканда казактардын да биздикине окшош көрсөтүүсү бир жылдан кийин чыгып кеткен. Бирок, элдин айтымында, жеке менин оюмда алардын көрсөтүүсү биздикине жеткен эмес. "Алтынчы күнү кечинде" экранга чыга баштаган кезде Россиянын ОРТ каналынан "Можешь? Спой!" деген биздикине окшош көрсөтүүсү чыкты. Дагы жакшы, биздики алардыкынан эртерээк чыкты, болбосо "булар ОРТны туурап атышат" деп айтышмак. Учурунда "Сыр сандыкка" канча киши келсе, "Алтынчы күнү кечиндеге" деле ошончолук киши келет. Баардыгы каткырып, күлүп отурушса,биз да көрсөтүү жакшы болуп атат деп сүйүнөбүз. Негизи мен баардык нерсени шатыра-шатман эле алып кетким келет, кайра-кайра жасалма сүйлөтүп, кийин кайра оңдогонду жактыра бербейм. Бизде музыкалык аспаптардын баардыгы эле бар. Жакшы музыканттарыбыз бар. Кыргыздын кезегинде популярдуу болгон ырларынын баарын ойнотуп, арасында тамашаларды кошолу дегенбиз. Мисалы, бир көрсөтүүбүздө ырчы Асел Турдалиеванын боюн узартып чыгарганбыз. Мерген Турганды болсо баатыр кылып койдук. Биздин көрсөтүүгө катышкандар каармандарыбыз алдын-ала эмне болоорун билишпейт, ичине киргенде тамаша кылабыз. Кээ бир орусчаны жакшы сүйлөй албай аткандарды орусча, кээсин англисче ырдатып коебуз. Кээде адам күтпөгөн нерсени жасатабыз. Ошол кезде эфирде абдан кызыктуу ситуация жаралат. Анын көз карашын, таң калганын башкача сөз менен бере албайсың. Аны көзүң менен гана көрүшүң керек. Ал ошол жерден эле жарып чыгат. Ага айтып койсоң баары жасалма болуп калат да. Мен баарынан кыймынмын, акылдуумун деп айталбайм. Бирок, жасаган ишимди коргогум келет. Бир көрсөтүү жасадымбы, аны атам дешсе дагы эфирге алып чыгууга аракет кылам.
- Эми кепти жеке жашооңо бурсак, сиздин биринчи никедеги жубайыңыз, белгилүү диктор Айнура Кабатай кызынан уулуңар бар эмеспи. Азыр экөөңүздөр сүйлөшүп турасыздарбы?
- Экөөбүздүн ортодогу балабыз Нуржигит 17 ге чыкты. Эми бала ата-энесин тандап албайт деп коюшат го, уулум деле аларды тандап албайт да. Эне деген баардыгы үчүн кымбат нерсе, Айнуранын мен жөнүндө айткан жагымсыз кептерин угуп калам, бирок унчуккум келбейт. Ортобузда балабыз бар, Айнура жөнүндө эч нерсе деп айталбайм. Ал Нуржигиттин жакшы апасы болуп жүрө берсин. Албетте, ортодо бала болгондон кийин анда-санда сүйлөшүүгө туура келет.
- Нуржигит ким менен жашайт?
- Уулум 6-класстан баштап мени менен жашайт. Мүмкүн кыз болсо апасы менен жашамак беле, ким менен урушуп, мушташып кеттим деп айтып келгенге атасы жакшы болсо керек. Апасына барып турат. Үйдө жумуш көп болуп кеткенде апасына качып кетет. "Ал жүрөт алыс жакта жалгыз мен деп, мен жүрөм эки жактан бирдей жем жеп" деген макалды билесиңби деп айтып, күлүп калам. Азыр финансы техникумунун биринчи курсун бүттү. Уулум КВНге катышып, бийлеп, ырдап, тамашалаганды жакшы көрөт. Бири-бирибизди жакшы түшүнүшөбүз, экөөбүз сырдашабыз. Кээде кыздарды да чогуу сынап коебуз, мен ага сен менин инимдейсиң, экөөбүз доспуз деп коем.
- Экинчи никедеги кызыңыздын аты ким?
- Кызымдын аты Нуркыз, апасынын аты Айпери. Негизи кыз деген аябай ширин, таттуу болот экен. Ал азыр төрттөн бешке кетти. Анын айткан, сүйлөгөн сөзүн угуп, күлүп эле турабыз.
- Айнура экөөңөр башкы ролго тартылган "Унутпа" фильми бар эмеспи, азыр аны көргөндө кандай элес калтырат?
- Жакшы элес калтырат. Анда уулум төрөлгөн болчу. Мамилебиз да башкача эле. Тарыхый окуя жаңы болгондо ага учурунда эч ким баа бералбайт. Арадан бир топ убакыт өткөндө гана баа берип, кино тартышат. Мисалы мен Айнура менен жашап жүргөндө ошол учурга баа берип, анализдечү эмесмин. Кандай болсо ошондой жашап жүрө берчүмүн. Андан кийин убакыт өткөндө ошол кезди эстеп, ал жашоо туура эмес жашоо экен деп баа бере баштайсың. Кичине тандап, билип, аңдап каласың. Экөөбүздүн жолубуз экиге ажыраганына өкүнбөйм, тескерисинче, бул менин жашоомо сабак болду. Ажырашуу деген үйбүлөдөгү чоң трагедия. Эч кимге мындай ажырашууну каалабайм, үйбүлөнүн баркын билбей, баардыгы бир беткей, бир жактан эле боло берсе болбойт го, баардыгы эки жактан тең болушу керек деп ойлойм. Жалгыз сен дей берсең, а экинчи тарап сен үчүн күйбөсө, кам көрбөсө, мээрими жок болсо - андай жашоо болбойт экен.
- Ата-энең, бир туугандарың тууралуу айтсаң?
- Үйбүлөдө көп бир тууганбыз. Атам өмүр бою жакшы киреше таба турган кызматтарда иштеп келди. Жокчулук эмне экенин билбей чоңойдук. Азыр атамдын көзү өтүп кеткен. Атамдын айтуусу боюнча ал үч жашында апасынан айрылып, жети жашында атасы репрессияланып кетиптир. Чоң атам абдан бай киши болуп, Эсенбай тукумунда жалгыз болгондуктан, ата-энеси тукумун көбөйтүш үчүн жети аял алып бериптир. Жети аялын жети өргөөгө жашатып 56 балалуу болуптур. Кээ бир балдары неберелеринен да кичүү болуптур. Жаш кезинде чоң атам башка бирөөнүн аялын сүйүп калыптыр да, экөөнүн мамилеси ысык болуп, ал аялга үйлөнө турган болгондо анын күйөөсү "сен эми кетип атасың, бир жолу өөп алайын" дептир. Аял макул болуп бетин тоскондо күйөөсү мурдун тиштеп үзүп салыптыр. Ал аял да кыйын экен, үзүлүп калган мурдун кайра чаптап, мурду жакшынакай эле бүтүп , бирок тырык калыптыр.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА