mainkaptal
Пользовательский поиск
  Бир бүркүм...


Кечээ "Ата-Мекен" жана "Ак Шумкар" оппозициялык партиялары 5-октябрда өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого бир күч катары катышуу, шайлоо жүрүшүн көзөмөлдөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргү-зүштү.

Ош шаарында борбордук базардын айланасында мыйзамсыз түрдө иш алпарып аткан 108 соода түйүнү жоюлду.

Кечээтен баштап Бишкек, Чүй жана Талас аймактарында электр кубаты суткасына 8 сааттан кем эмес убакытка өчүрүлө баштайт.

"Сүлүктү-көмүр" ишканасынын кызматркерлерине бухгалтердик документтерди жасалма жол менен бүткөрүп, Кыргызстан мамлекеттик материалдык резерв баалуулуктарын пайдаланган деген айып тагылууда. Финансы полициясынын маалыматы боюнча, келтирилген зыян суммасы 441 миң 473 сомду түзөт.

Бир участокко бир нече адам ээ болуп жаңы конуштардагы чыр-чатактын көбөйүшүнөн улам, Бишкек мэри Нариман Түлеев турак-жай үчүн жер берүүгө 1-2 жылга мораторий киргизди.

Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Аргынбек Малабаев октябрь айынын башы менен борбор калаабызга ар бири 31,5 миң доллар турган 60 орундуу 200 автобус келерин билдирди.

Декабрда баштала турган ыйык Мекке сапары "Бишкек-Жидда" жана "Ош-Жидда" авиамаршруттары аркылуу жүрөт. Зыярат кылуу үчүн ажыга бара турган адам 2 миң 200 доллар жана документтерин тууралаганга 1,5 миң сом даярдоосу керек.




  Мүрзөгүл

Кудайдын тизмесин эчким билбейт

Табият өзү ушундай экен: байтүп теректен жалбырактар түшүп атат. Акыры баары түшүп, түгөнөт. Аны билесиң. Кай жалбырак кай жалбырактын артынан түшөт? Муну билбейсиң. Өлсөң да билбейсиң. Көзүң аккыча тиктесең да билбейсиң. Адам деген деле ушул. Биринин артынан бири жөнөп бермеги парз. Бирок кимдин артынан ким кетери белгисиз. Кудайдын тизмесин эчким билбейт.
Ушул эске келди. Кечээ Асылбек Исмаилов дүйнөдөн көчтү дегенди укканда эстедим. Аны да "Азаттык" радиосунан уктум. Жайнаган көзү жумулуп, кайнаган жүрөгү токтогонун элестеттим.
Ошондой жан болчу. Сөздүн түптүз маанисинде. Карөзгөй калыссыздыкка, адилеттин аздыгына кайнап, бышып кетчү. Акыр заманда да, берки заманда да. Бирок "кайнап атам" деп көйнөктүн акыркы топчусун жулуп ыргытып, көкүрөк койгулап чыкчу эмес. "Көрүнбөй калбайын", "жакпай жүрбөйүн" деп өмүрү ойлобосо да керек. Бир гана чындыкты издеп, таап айтууну максат тутуп жашады деп ойлойм. Лев Толстойдун айтканы бар эмеспи: "... чындыкты ойлонбой, акылга салбай билүү жана айтуу аракети" деген.
Ошол "аракет" Асылбекте аябагандай күч экендигин "ойлобой" эле билем десем болот. Канткен менен аны менен көп жыл чогуу иштедим. Бир кезде атагы таш жарган "Кыргызстан маданияты" гезитинде. Кийин "Асаба", "Агым" гезиттеринде анын макалаларын редакторлоп чыгарып жүрдүм. Чырактын боюндай аңгеме, пьесаларын, ырларын колжазмаларынан баштап, гезит-журнал болуп жарыяланып, китеп болуп чыкканга чейин чогуу окудум. Тилекке каршы, бир эле китеп чыгарды сыяктанат. Бу да болсо талантын күнүмдүк тамагынын кулуна айлантпаганы. Болбосо, айрыкча совет заманында далай шылуун-шумдар саман-топон китеп чыгарып, акчаны күрөктөп албадыбы. Адабиятка ал ушунчалык баео, динге берилгендей берилип, тирукмуш чыдамкайлык менен мамиле жасачу.
Дегинкиси сабырдуулук, токтоолук, чыдамкайлык каны менен кошо бүткөн касиет болучу. Тазалык, чынчылдык сыяктуу эле. "Азаттыкта" ал кездеги кесиптештер Асылбекти сатирик катары эскеришти. Мүмкүн. Бирок Асылбектин прозасында, эсеби маселең, лирика, юмор болуп бөлүнүп турчу эмес. Табигый жуурулушуп кетер эле. Өзү да ошондой болчу. Өз сөзүнө өзү каткырып күлгөнүн көргөнүм жок. Өлө күлкүлүү болсо да.
Бул жерде орунсуз сезилсе кечирим сурайм. Бир окуя. "Кыргызстан маданияты" гезитинин күркүлдөрү жумуштан соң арак ичип, шахмат ойночу. Көпчүлүк учурда жооптуу секретарь Илгиз Гилязетдиновдун кабинетинде. Аракка кимди жумшайт? Асылбек Исмаилов сыяктуу "үнсүз-сөзсүздөрдү". Бир ирет Асылбек арткан тыйындарын санап берип атпайбы. Илгиз ага: "Ой, аны жөнеле чөнтөгүңө салып кой" деди. Анда Асылбек: "Жок, алыңыз, болбосо мындан кийин аракка жумшабай коесуз" деди.
Прозасы да ушундай кебез менен "мууздагандай" кетчү. Айрыкча азыркы заманда өз элинин жакшы-жаманына кайдыгер карабай, жан ынтаасы менен күйүп-бышып макалаларды жазып өттү. Эркиндикти өз кызыкчылыгына пайдаланган жок. Эркиндикке кызмат кылды. Кызматы ушу - өз эркиндигин мыскалдап жыйды. Анын эркиндиги көрүнбөс кенен, билинбес тереңдиги менен айырмаланып турчу.
... Ысыкатада дачасында эле. Мен отпускага чыгарда телефон чалган: "Тытынып гезит чыгарып атасыңбы, ошентип жүрүп өтүп кетесиң го" деп. Кыргыз тилинин азыркы абалына кейиген. Мен эмес, өзү өтүп кетти. Кудайдын тизмесин эчким билбейт дегеним ошондон. Жаткан жери жайлуу болсундан башка сөз жетпейт.
Алым ТОКТОМУШЕВ
P.S. "Агым" гезит жамааты Асылбек аганын дүйнө салганына байланыштуу анын жары, белгилүү укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова жана үйбүлө, ага-туугандарынын азакайгысын бөлүшөт.




  Куруучулар кур эмес

Иманалиевдин илгери иши

"Имарат Строй" компаниясынын жетекчиси Иманалиев Бейшенбек Султанович Мамлекеттик Курулуш тарабынан "Ардактуу Куруучу" наамына ээ болду. 1976-жылы ФПИни аяктап, эки жылдан кийин Жетөгүз жергесинде 20 000 баш кой сыя турган комплекстин курулушуна прорабдык кызматка дайындалгандан бери 30 жыл зуу коюптур.
Табиятында көпчүлүк менен иш алпарганды жакшы билген Бейшенбек агай убакыттын өтүшү менен кызмат тепкичин аркалай берди. Өндүрүштө мастер, прораб, башкы инженер, мекеменин жетекчиси болуп иштеп жүрүп 300гө чамалаган жаштарды жеке өзүнүн аракети менен курулуштун ар түрдүү адистигине тарбиялап чыгарды. ВЛКСМ БКнын министрликтердин, мэриянын ардак грамоталары жана көптөгөн төш белгилер менен сыйланган. Өткөөл мезгилде чукулжурап калбастан, "Имарат Строй" мекемесин түзүп, анысы бүгүн Бишкектеги аты белгилүү компаниялардан болуп калды. Ага өлкө казынасына ар жылы 3 миллион сомдон кем эмес салык төлөп тургандыгы күбө. Карамагында 100дөн ашуун адистерди инженер-техникалык кызматчыларды бириктирген фирманын жетекчиси Бейшенбек Султанович үзүрлүү эмгеги менен РФнын "Улуу Петр" орденине, "Кыргыз Республикасынын Ардактуу Куруучусу" жана "2007-жылдын мыкты ишкери" наамына татыды.




КРнын эмгек сиңирген артисти, куудул Келдибек НИЯЗОВду
СҮЙҮНДҮРГӨНҮ: Акыркы кездерде көчөдөн, концерттерден боюнда бар татынакай келиндердин көбөйө баштаганын көрүп сүйүнүп калдым. Бир аз убакыт мурда мындай көрүнүш сейректеп калган. Кош бойлуу келиндерди көрүп, кыргызым убактылуу сыртка кетип чачылса да, бул жактан көбөйө баштаптыр деп кубанып атам. Андан тышкары, спортчуларыбыздын медаль алганын угуп, сыймыктандым. Кытайдын товарлары самопал болчу эле, Канат менен Русландын алган медалдарын да текшертип коюш керек го…
КҮЙҮНДҮРГӨНҮ: Бишкектин борборунда улуттук калоритте салынган "Нарын" рестораны бар. Бир кездерде дүңгүрөп, далай тойлор, шаан-шөкөттөр ошол ресторанда өткөн. Азыр ошол ресторан каралбай калды. Баягүнү кечинде ресторандын жанынан өтүп баратсам, бомждор, селсаяктар жумуштан үйүнө келгенсип чубалып ресторандын сынган терезелеринен, эшиктеринен кирип баратышыптыр. Кыргыз эли Нарын дайрасынан чыккан электр энергиясы менен күн көрүп келатышат. Жок дегенде Нарындын атын сыйлап кыргыздын аттуу-баштуу колунда бар мырзалары деле ошол ресторанды кайра көркүнө келтирип, иштетип койсо жакшы болмок. Карт Нарын дайрасы ысымымды алган бир имаратка көз салган кыргыздын чыгаан мырзасы жокпу деп таарынып, Кытайга агып кетеби деп жүрөк жок.
ТАҢГАЛДЫРГАНЫ: Кыргызстандагы хансарайлардын 3-фазасын кесип атышат. Көрсө, бир чоң үйдүн 3-фазалуу энергиясы 20 жөнөкөй үйгө кетчү энергияны сарптачу экен. Ошон үчүн карапайым эл кыйналып күнүгө электр энергиясын үнөмдөйбүз деп өчүрүлгөн светтин азабын тартып атышат. Эми кышкысын үшүбөйлү деп акчасы бар байлар 20-30 тонна көмүр түшүрүп алса, карапайым элге көмүр жетпей калбаса болду…




 



Жайыл районунун Федоровка айылынын тургуну, 1952-жылы туулган Б.А.Жоомартов үйбүлөлүк чырдан улам жубайы С.А.Сагындыкованы өз үйүнөн сабап өлтүргөн. Учурда укук органдары тарабынан кылмышкер камакка алынып, изилдөө иштери жүрүп жатат.
***
20-августта Бишкек шаарынын Некрасов көчөсүндөгү темир жолдо Бишкек-Мерке поездинин тепловозу 25-30 жаштагы азиат тибиндеги адамды тебелеп кеткен. Жабырлануучу ?1 шаардык ооруканага жеткирилип, окуянын чоо-жайы изилденүүдө.
***
Ноокат районунун Көкжар айылында МТЗ-80 трактору аласалып, ичиндеги 12 жашар бала алган жарааттарынан улам ооруканадан көз жумган.
***
Талас облусундагы Жайылган айыл тургунунун үлүш жеринен 616 түп индия апийими табылган. Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, нашаанын салмагы 33 килограммды түзөт.
***
Панфилов районунун 29 жаштагы тургуну 13-14 жаштагы өспүрүм кыздарга кол салган деп шектелип кармалды. Укук коргоо органдарынын билдирүүсү боюнча, кылмышкер алгач секелек кызды аракет кылса, экинчи жолкусунда 13 жаштагы кызды аеосуз сабап, мүрзө арасына таштап кеткен. Жабыркаган кыз эки күндөн кийин ооруканадан көз жумган.