"Агым", 15.08.08 - 4-бет: Сейил маек....• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Сейил маек

Турсунбай Бакир уулу:
"...Ошол окуяларды эстегенден уялам"

Экс-акыйкатчы менен маектешкени үйүнө барсак, жаңы эле намаз окуп бүтүптүр. Маегибиздин негизги өзөгүн ислам дини, шарият, мусулманчылыктын жол-жоболору түздү.

- Жаңы эле намаз окуп чыктыңыз. Дегеле, намаз окугандан кандай таасир аласыз?
- Кудайга сыйынып, намаз окубаганымда жашоодогу оор соккуларга туруштук бералбай, "сынып" калмакмын. Балким Чымкоргонго түшүп калат белем... Саясатчылардын көпчүлүгүндө жеке бизнеси, же болбосо финансылык жактан каржылап турган адамдары болот. Мен бир гана Кудайга сыйынам, андан башка ишенерим жок. Ыйман жолуна түшкөнүмө быйыл 12 жылдын жүзү болду. Ошондон бери алдыга койгон ой-максаттарым аткарылып келет. Саясатта, коомчулукта аброй күтүп, бүгүнкүдөй деңгээлге жеткениме Кудай себепкер.
- Турсунбай ажы менен мындан 12 жыл мурдагы Турсунбайдын ортосунда кандай айырмачылык бар?
- Убагында динге берилип, намаз окугандарга катуу сын-пикир айткан атеист болчумун. Алгач намазга жыгылганды Германияда үйрөндүм. Эң биринчи жума намазды Стамбулдан окугам. Ыйман жолуна түшкөндөн бери ата-эненин баркын билип калдым. Аларды тирүүсүндө сыйлаш керек экен. А биз көбүнчө өлгөндөн кийин сыйлайбыз, заңгыраган эстелик орнотуп. Саясатта жүргөнүмдө кесиптештерим, саясатчылар менен "энеңди" деп сөгүшкөн учурубуз болду. Азыр ошол окуяларды эстегенден уялам. Мындан сырткары, пиво ичкенди таштадым. Жакын санаалаштар болуп сауналарга барат элек. Ал жердеги кыздар көз кысып койсо, "жок" дечү эмесмин. Кыскарта айтканда, намаз окугандан бери жаман иштерден алыстап, өзүмдү жеңил сезип калдым.
- Бүгүнкү күндө жаштардын көпчүлүгү намазга жыгылып, кыздарыбыз хиджаб жамынып, балдарыбыз ээгине сакал койгонду модага айландырышты. Бул биздин коомчулукка тескери таасирин тийгизип аткандай туюлат. Анүстүнө арабдардын кийими биздин менталитетке туура келбейт эмеспи?
- Сурооңузга суроо менен жооп берейин. Кыздарыбыз тысырайган кыска юбка кийип, арак менен тамекинин "атасын таанытып", сойкулукка баш оту менен берилиши биздин салтка туура келеби? Сөз жок, сиз айткандай, кээ бирөөлөр аша чаап кетип атышат. Эч кайсы дин китебинде жазылган эмес: "Абзел түрүндө арабдардын же болбосо пакистандыктардын кийимин кийсин" деп. Мусулман пендесинин кийими таза болуп, уяттуу жерин жабышы керек. Кыргыздын аялдарынын да, эркегинин да улуттук кийими шариятка туура келет. Тилекке каршы, улуттук кийимди пропагандалоо акыркы орунга жылып калды. Улуттук маданиятты, улуттук көзкарашты пропагандалоо - мамлекеттин вазыйпасы.
- Ошентсе да, цивилизациялык коом курабыз деп атканда дин маселесинин курчушу чакан мамлекетке кедергисин тийгизип койбойбу? Не дегенде, бүгүнкү күндө мектептен дагы мечит көп салынып кетти. Мектеп окуучулары нормалдуу билим албай эле, намаз окуп, даават айтып, жер кыдырып жүрүшөт.
- Цивилизациялык коом десе эле, биз динден баш тартып атабыз. Бирок, цивилизацияга жетишкен мамлекеттерди караңыз: АКШ, Япония, Россия, Батыш Европа... Аталган өлкөлөрдө биринчи кезекте Кудайга сыйынуу турат. Маселен, Медведев ант бергенден кийин дароо чиркөөгө барды. Ошондой эле Япония бир дагы кен байлыгы жок, күчтүү өлкөгө айланып отурат. Албетте, императору баш болуп храмга барса, береке ошолорго келет да. Жада калса АКШнын гимнинде: "Американы Кудай колдойт" деп жазылган. А биз болсо жалган түшүнүктө жашап атабыз. Бул жерде жаштардын күнөөсү жок. Мындай орчундуу маселени мамлекетти жетектегендер чечиши керек.
- Кантип?
- Негизи адам бирнерседен коркуп, ага ишенип жашашы керек. Коммунизм доорунда жаркын келечекке ишенчүбүз. Ошол мезгилде мамлекет тарабынан көзөмөл күчтүү болчу, калпыс иш кылсаң сөгүш укчусуң. Эгемендикке ээ болгондон бери Кудайга дагы ишенбей, адамдардын башы бопбош. Мындай кырдаалда өнүгүү болбойт, көпчүлүк жаман иштерге барат.
Буга чейин канчалаган чоң империялар талкаланууга дуушар болгонун тарых барактарынан окуп келебиз. Ал эми алакандай болгон кыргыз эли жоголуп кетпей, өзүн улут катары сактап калды. Буга биринчи кезекте даанышмандыгыбыз, улуттук ар намысыбызды, эне тилибизди бийик тутканыбыз себепкер. Мына ушул идеологияны кайрадан жандандырышыбыз абзел.
- 1993-жылы жазган макалаңызда 2015-жылы Кыргызстан оңолорун кыйыткансыз. Сиз айткан "өнүгүү доору" жакындап калды. Бирок, сиз үмүт арткан жаңы муун "коррупциянын ичегисине кан куят". Анан кантип өлкөбүз өнүксүн?
- Кечээ жакында Араб Эмиратына барып келдим. Арабдар кыздарын башка улутка бербейт. Бирок, кыргыздын жигиттерине турмушка чыккан араб кыздары бар экен. Чет өлкөдө билим алып, эмгектенип жүргөн жаштарыбыз кайтып келсе экономикабыз өнүгүп, Кыргызстаныбыз алдыга жылмак. А эң негизги коррупция - саясый бийликте. Кандайдыр бир мезгилде чиновниктерибизге ыйман, ынсап келип, карапайым калктын турмушу жакшырарына ишенем. Ал эми улан-кыздарыбыздын "шапке" бермей "илдетине" чалдыгышы - убактылуу көрүнүш. Баары өз ордуна келет.
- Бүгүнкү күндө саясый принцибиңиз жалпыга маалым. Ал эми бала чагыңызда тутунган позицияңыз кандай эле?
- Айырмасы чоң. Кичинемде адабий китептерди көп окуп, кинолорду көп көрүп, жашоону ошондой элестетчүмүн. Андан кийин коммунисттик бийлик атамды камаганда, тагдырдан оор сокку алдым. Атамды жөн жерден абакка отургузушту, себеби, Түштүктөн чыгып келаткан кыйын жетекчилердин бири эле. Ошондо адилеттик жок экенин биринчи жолу түшүндүм. Экинчи жолу аскерге барганымда фашизмге, шовинизмге, акыйкатсыздыкка туш болдум. Башка улуттун өкүлдөрүн аеосуз сабашчу. Ошондо жашоо кинодогудай болбосун, китептегидей романтикалуу эмес экенине баамым жетти. Көп жакшы пландарым ишке ашпай калды.
- Кандай максаттарыңызга жетпей калдыңыз?
- Космонавт болсом деп кыялданчумун. Арстанбаптын тээ алыскы айылдарынын биринде мугалим болсом деп жүргөм. Бирок, орус тили жана адабияты факультетине өтө алган жокмун... Менден космонавт, орус тилчи чыккан жок.
- Уул-кыздарыңызга кандай тарбия бересиз? Эркелетесизби же катуусузбу?
- Атам мени соодагер кылгысы келген. Бирок, ага макул болгон жокмун. Жада калса, атам машине, үй сатып берем дегенде да баш тарткам. Бүгүнкүдөй деңгээлге өз күчүм менен жеттим десем аша чапкандык болбос. Албетте, балдарымдын билим алышына шарт түзүп берем. Бирок, үй, машинени өздөрү алышсын. Карьера жасап, өз күчтөрү менен ийгиликке жетишсин дейм. Ушундан улам жеңең экөөбүздүн ортобузда пикир келишпестиктер көп болот.
Негизи кыргыздар: "Балабыз биз көргөн кыйынчылыкты көрбөсүн. Бардык шартын түзүп берели" деп жанталашабыз. Жыйынтыгында уулу ак кол болуп, турмуштан өз ордун таппай калышы мүмкүн. Маселен, канаттуу куштардын балапанын багып, чоңойгондон кийин койо берели дейли. Ошондо алар табияттан тамак таап жей албай өлүп калышат.
- Балдарыңызды тарбиялаганыңызды айттыңыз. А жеңебиздичи? Мусулманчылыкка салып, шайтандарын кууп дегендей.
- Үч жолу жакшылыкча айтам. Анда дагы түшүнбөсө, "эмдеп-домдоп" койгонго акыбалым жетет (күлүп).
- Дайыма бир формада жүргөнүңүздүн сыры эмнеде? Спорт менен мамилеңиз кандай?
- Окуучулук кезде айылдаштарым Пеле деп чакырышчу. Себеби, топ дегенде ичкен ашымды таштап, томолонуп кетчүмүн. Кийин депутат кезимде, Акыйкатчылык кызматта жүргөндө дагы футболдон кол үзгөн жокмун. Мындан сырткары, бильярдды жакшы ойнойм.
- Жашоодо өкүнгөн учуруңуз барбы?
- Мектепте окуп жүргөндө индиялык кызга үйлөнөм дечү элем. Ал кыялым ишке ашкан жок. Ал эми акыркы жылдары шайлоо акыйкат болбой калды. Эгерде, шайлоодо таза утулсам, анда өкүнбөйт элем...
- Индиялык кызга баш кошом дегениңиз кызык экен. Баамымда, тун сүйүүңүз Индия кызына арналган окшойт?
- Жок, андай деле эмес... Бешинчи класста бир кызды жактырып калгам. Бирок, тагдыр жолубуз бир болгон жок. Учурда ал типографияда эмгектенет, мамилебиз жакшы. "Сенин мындай адам болоруңду билгенде, сага эле турмушка чыкмакмын" деп тамашалап калат.
- Пушкиндин алтын балыгын кармап алсаңыз эмне сурайт элеңиз?
- Эми алтын балык сураганыбызды берсе кана... Кыргызстанга ыйман кайтып келишин сурайт элем. Ыйман бар жерде гана өнүгүү болот. Каалайбызбы-каалабайбызбы, баарыбыз бул дүйнөдөн өтөбүз. Чын дүйнө бар экенин унутпасак.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ