"Агым", 15.08.08 - 20-бет: Пейджер....• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 Пейджер


Урматтуу окурман!
Кимдир бирөөгө же айрым бир жагдайда сын-пикириңиз, зарыл сөзүңүз, каалооңуз барбы? Ар аптанын экинчи күнү (шейшемби) эртең мененки 10дон 12ге чейин 66-55-68 телефонуна чалып же AGYMpage деген сөздөн баштап 3030 номуруна SMS-билдирүү жөнөтсөңүз болот. 3-4 сүйлөмдөн ашпаган куйкум сөзүңүздү, боорду эзген азил оюңузду, көңүл көтөргөн куттуктоолоруңузду күтөбүз. Бүйүр кызыткан билдирүү ээси "Пейджердин" белегине арзыйт. "Пейджер" - сиздин үнүңүз! Чалыңыз, SMS-билдирүү жөнөтүңүз.

П-623. Дамбалыңды көргөзө этек керип, / Сен талаада жүрүпсүң тезек терип. / Тезек үчүн элибиз мал көбөйтүп, / Турмушубуз оңолуп кетет дедик. / Бул жашоого жеткирген ким болсо да, / Адам эмес айкырган эшек дедик!. Жакыпбек Абдылдаев.
П-624. Көчөдө шарик ойноткондорду көрүп, айланып өтчү элем. Өткөндө Ош базарында жүрсөм атамдай болгон киши: "Кызым, колуң жеңилби, мага билет алып берчи" деп калды. Жок дей албай, бир билет алып берсем 1000 сом утуп алды. Тиги киши "экөөбүз бөлүшөлү" деди. Таңгалып, мен дагы кызыгып кетип, 2000 сом уттуруп жибердим. Аягында капканга түшкөнүмдү түшүнүп, акчамды бергиле десем сабачудай түрлөрү бар. Акыры башыман садага дедим да басып кеттим. Ушундай шылуундарды карабай милиция кайда жүрөт?! Анипа.
П-625. Улуттук идеологиянын жоктугунан өнүгүүгө багыт жок. Бишкекти Алатоо атасак, түндүк кармаган аялдын ордуна Адигине, Тагайдын айкелдерин орнотуп, анын жанына Манас баштаган акылман баатырлардын сүрөтү түшүрүлгөн комплекс курулмайынча, андан кыргыз таасирленмейинче идеология бизде жаралбайт. Темиркан Турсунбаев.
П-626. Кавказда болуп жаткан окуянын баарын орустардын көзү менен көрүп атабыз. А чындыктын өзү кандай болду экен? Урмат, Бишкек.
П-627. Лениндин кыйындыгын ушундан бил, өмүр бою бир костюм-шым, бир кепка, жада калса бир галстук менен өтүп, өтө чоң экономист болгон экен. Караш Насер.
П-628. Эй, кыргыздар! Качан болбосун жаман салттын баарын орустар үйрөттү деп какшап келатасыңар. Орус качан атасы өлгөндө 5 жылкы, 3 уй, 10 кой сойчу эле. Орустун баласы үйлөнгөндө 1000 кишиге "Монте-Карло", "Алтын Казынага" той бергенин кимиң көрдүң? Орус ата-энесине 500 миң сомдук кара мрамор эстелик тургузганын көрдүңөр беле? Өзүңөр жайлата тапкан-ташыганыңарды күздө аш-тойдо чачып аласыңар да, баарын оруска шылтайсыңар. Ойноп сүйлөсөңөр да ойлоп сүйлөп жүргүлөчү. Давайте жить дружно. Серега, Хомячок.
П-629. Баяке, Эркешаны тезинен мага алып келсең боло. Милицияга түшүп калганбы, түндө түшүмдө бир мүшөк уйдун чийки этин көтөрүп жүрүптүр. Эркешаны ойлоп, уктай албай чыгып атам. Атаң.
П-630. Колдур, Келдибек байкенин небересин, Сыймыктын уулун жууйбуз деп менден 100 доллар алып кетпедиң беле. Кечээ телефон чалыпсың, "Мармар Таш" кафесине келе кал деп. "Мармар Таш" деген кафе Бишкек эмес, Кыргызстанда жок экен. Абийириң менен акчаны алып кел, болбосо соттошуп калабыз. Коңур.
П-631. Илгери кыргыздын балдары ыйлаганда орус келатат десе тып басылчу экен. Азыр орустун аялдары балдары ыйласа "мас киргиз идет" деп коркутат экен. Зыпар.
П-632. Саакашвилиге жин тийгенби, өз самолетторунан өзү корголоп. Журт башы ушинтип атса, аны караган калкы кантет. Деги аны акылына келтирчү бир күч бар болду бекен? Асанкайгы кыргыз.
П-633. Чыгармачылыкты жазуучулар, композиторлор эле эмес, малчылар менен кетменчилер да колдонууга тийиш. Караш Насер.
П-634. Уулубуз Искенчикти август айындагы туулган күнү менен куттуктайбыз. Өмүрлүү, бактылуу, акылдуу жигит болуп чоңоюшун каалайбыз. Ата-энеси, байкеси, эжеси.
П-635. Антимонопольный комитеттин да статс-секретарына кылмыш иши козголду. Кыргызстанда статс-секретарларга аңчылык башталганбы? Бир кезде ушул кызматты асмандан алып бекитишти эле. Эми жое албай ушундай ыкмага өттүбү бийлик. Жаңыл, Кочкор.
П-636. Агам Эмилди, жеңем Айжаркынды уулдуу болушу менен куттуктайм. Бешик бооңор бек болсун. Нуркыз, Бишкек.
П-637. Бырышкан мээң болбосо да, бырышкан акчаларың болсо, "пулуң болсо кулуңмун" деген заман эми чындап келиптир. Чынара.
П-638. Акылман элим "Шибегени капка ката албайсың" деп бекеринен айтпаптыр. Мурдагы бийликтин учурундагы кемчиликтер азыркы бийликтин тушунда оркоюп эле көрүнүп калды. Акылай.
Бу жолу жеңүүчү аныкталган жок.

Даярдаган
Канышай БЕШБАЕВА