"Агым", 15.08.08 - 2-бет: Кџн наама....• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Күн наама

Миң түркүн
Руслан ТҮМӨНБАЕВ
Кыргыз олимпиадачыларынын ичинен алгачкылардан болуп Бээжинди "чапты", эй! Эми коло медалды "олжолоп" келгени үчүн грек-римчи Русланды мамлекет 75 000 доллар менен сыйлайт. Ошентип, спортчубуз кыргыз миллионерлеринин санын дагы бирге көбөйтмөкчү.

Канатбек БЕГАЛИЕВ
24 жаштагы балбан жигитибиз Пекинде чоң ийгилик жаратты. Эгемендикке ээ болгону Кыргызстан командасы Жайкы олимпиадалык оюндарда алгачкы күмүш медалга ээ болгону ушул.

Мурат ЖУРАЕВ
ЖК депутаты Грузин-Осетин чатагын жеринде иликтөө үчүн сапарга аттанган эле. Кесиптештери менен кеңешпей туруп... Ошентип, шаршембиде Түндүк Осетия жетекчилери жана Россия Мамдумасынын аталган аймактан шайланган депутаттары менен жолугушту.

Ишенбай АБДУРАЗАКОВ
Экс-мамкатчы: "Грузиянын КМШдан чыгышы мурдатан пландалган. Мындай чечим КМШ алкагындагы башка мамлекеттерге таасирин тийгизип, биримдик акырындап ыдырашы ыктымал. Бул жагдай Россияны ойлонтушу керек" маанисиндеги пикирин "Азаттык" үналгысына билдирди. Коомдук ишмердин баамында, Кыргызстан келечектеги саясый-экономикалык багытын дыкат иликтеп, жагдайды терең салмактоого тийиш.

Роза ОТУНБАЕВА
Социал-демократчыл айым алыскы Америкага аттанат, 18-августта. АКШ Демпартиясы аны мейман катары чакырыптыр. Ушул сапарында Р.Отунбаева демократтар Обаманы президенттикке талапкерлигин кантип бекиткенине күбө болот.

Нурлан МОТУЕВ
Бирде саяк лидери аталып, бирде "көмүр королу" боло калган бул жигит Акүйдөгү үлкөн чиновниктердин бири менен сүйлөшүү жүргүзүп атыр. Баягыле түгөнбөгөн кызмат маселеси боюнча. "Эгерде, бу саам да алдап кетишсе, күзүндө баарына көргүлүктү көрсөтпөсөм элеби" деп жүргөнүн жакын санаалаштарынын күбүр-шыбырынан эшиттик.

Азимбек БЕКНАЗАРОВ
Карапайым калктын оппозициядан да, бийликтен да ишеними өчкөнүн шардана кылды. Экс-депутаттын айтканына ишенсек, Кыргызстан ушул багытынан жазбаса, коррупцияга белчесинен баткан, мафиянын жетегинен чыкпаган өлкөгө айланышы мүмкүн. Оппозициячыл саясатчымын деп жүргөн Бекназаровдун өз огородуна таш ыргытып атканы нени каңкуулайт, ыя?