![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №55, 15.08.08-ж. |
Жолтикен Аңдыган - алат, аңтарган - табатКыйшаңдасаң, детектив кылтагына кабыласың Детектив агенттигине көйгөйүн, жеке маселесин милицияга айткандан уялып, же укук коргоо бөлүмүнөн канааттандырарлык жыйынтык чыкпай калганда айласыздан кайрылышат. Мындай агенттиктин бир өзгөчөлүгү - сенин ким, эмне маселе менен кайрылганыңды сыртка ачык айтууга акылары жок. Окуядагы каармандардын аты-жөнү агенттиктин талабына, мыйзамына ылайык ачык жарыяланбайт. Биздин төмөнкү макала агенттиктин аткарган иштеринин негизинде даярдалды. Анда эмесе, детектив Медет МЕЛИСОВ баяндап берген окуяларга көз жүгүртүңүз. Жаш көңүлдөш кармаган абышка Биздин агенттикке Сокулуктан 63 жаштагы аял телефон чалып, 68 жаштагы абышкасынын акыркы кезде жүрүм-туруму өзгөрүлүп, үйүнө кээде түнөбөй аткандыгын айтып даттанып, анын кимдер менен кайда жүргөнүн билип бергиле деп кайрылган. Кемпир балдары, неберелери менен керээлди кечке үй тиричилиги менен алпурушуп калса, абышкасы Бишкектеги "Кудайберген" базарында машинанын тетиктерин сатып, акча тапчу экен. Кемпирдин өтүнүчү менен абышкасынын сүрөтүн алып, анын иштеген жерин аңдыдык. Көрсө, абышкасы күндүз тетиктерди саткан контейнерине башка кишини отургузуп коюп, өзү 36 жаштагы бойдок келиндин үйүнө кетип калчу экен. Күнүмдүк соодадан түшкөн акчасынан келинге материалдык жардам берип жүрүптүр. Кез-кез үйүнө барбай, кемпирине ар кайсы шылтоолорду айтып, ошол келиндин үйүнө түнөп жүргөнү анык болду. Кемпирге абышкасынын жаш келин менен жүргөнүн далилдеп берип, алардын андан-аркы жашоосуна кийлигишкенге акыбыз жок болгондуктан кете бердик. 80 миң сомдук чыгаша Бир менчик ишкананын складынан текшерүүчүлөр 80 миң сомго жакын чыгаша таап чыгышыптыр. Чыгашанын себептерине түшүнбөгөн складдын жетекчиси бизге кайрылган. Складдын ичин текшере келгенде, ичинде Кытайдан чыккан кездемелердин рулондору жыйылып турганын көрдүк. Буга чейин алар ушул рулондорду метрлеп сатып жүрүшүптүр. Сыртында 50 метр деп жазылып турган бир-эки рулонду ачып ченеп көрсөк, кездеме 35-40 метрден эле болуп чыкты. Сатуучу канча метр сатылганын эсептеп жазбай эле, бир рулон түгөнсө эле элүү метр кетти деп жаза бергенден улам чыгаша көп болуп кетиптир. Анан 80 миң сомдук чыгашага түшүнбөгөн сатуучу из жашырып качып кетиптир. Складдын жетекчисине качып жүргөн сатуучусун таап, чыгашанын себептерин далилдеп бердик. "Слон" арагынын пилдей азабы Ош облусунан телефон чалып, жардам сурагандар көп. Алардын көйгөйү ар тараптуу. Жакын эле туугандары же тааныш достору карызга акча алып, карматпай качып кетишкендерин айтышат. Биз аларды таап, жабырлануучу менен жолуктурабыз же алган акчасын өндүрүп беребиз. Негизи Ошто колго жасалган арактарды сатуу көп кездешет. Арактын капкагын, этикетин чогултуп бир үйдөн жасап, акциздик маркасынан бери чаптап, сыртын заводдон чыккан продукциядан эч айырмасы жок кылып окшоштуруп жасашат экен. Кээде укук коргоо бөлүмдөрү менен чогуу иш алып баргандыктан, аларды финансы полициясына беребиз. Финансы полициясы бул боюнча мыйзам түрүндө чара колдонот. Ош шаарында "Шоколад", "Бостон" деген базарлар бар. Ошол базарлардын ичинде жайбаракат отуруп алып, элдин көзүнчө эле аракты колго жасап сата беришет экен. Алар жасаган арактар заводдун продукциясынан кыйла эле арзан. Мисалы, Оштун популярдуу "Слон" деген стаканы менен арагы бар. Бошогон арактын бөтөлкөсү менен стаканын он сомго сатып алышат да, ошол жерден алар кайра эле ичине спирт менен сууну аралаштырып куюп, чаптап сата беришээрин баары билишет. Заводдон чыккан баасы 60 сомдон ашса, базарда 45 сомдон сатышат экен. Бул жерге финансы полициясы барып, азыркы кезге чейин алардын аягын тыя албай атат. Колдон жасалган арактын денсоолукка кандай зыяны бар экенин билбеген эл арзанына качырып ала беришет. Атүгүл чоң машинеге жүктөп алып, кайсы айылда базар болсо ошол жерге барып сатаары анык болду. Алар спиртти кайдан аларын териштирдик. Алган маалыматыбыз боюнча, спирт Тажикстандан келет экен. Мисалы, бир күндө заводдун арагы канча өтсө, колго жасалган арак андан да көп өтөөрү такталды. Эки кожоюндуу дүкөн Мындан үч жыл мурун Бишкек-теги чоң дүкөндөрдүн бирин бир фирма чоң акчага сатып алган экен. Сатып алар алдында налогун, мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн, чын эле дүкөндүн ээси ушулбу деп иш кагаздарын толугу менен текшерип карап чыгышат. Баардык жагынан документтери туура келип, шектүү илинчек табылбайт. Арадан бир ай өткөндө фирмага бейтааныш аял келип, дүкөн меники, мен эч кимге саткан эмесмин, кайсы документтин негизинде алдыңар деп талаша баштайт. Сатып алган фирма документтерин көргөзсө, аял мен бул кишиге саткан эмесмин, атүгүл аны тааныбайм дейт. Ал аялдын колунда да документтери бар болуп чыгат. Ал эми саткан кишини издешсе, таптырбай качып кеткен экен. Үч жылдан бери таба алышпай, акырында детектив агенттигине кайрылышыптыр. Биз издеп, териштирип атып таап, кармадык. Ал киши улам бир аялдын үстүнө кирип, улам бир аял менен жашап жүргөн неме экен. Кармалган киши жашап кеткен аялдарынын бири менен бирдикте ушул документтерди жасаганын айтты. Бирок, ал аял менин буга тиешем жок, документтерди досу экөө жасаган деп чыкты. Айтор, күбө катары досу да кармалып, көптөн бери издөөдө жүргөн шылуундарды милициянын колуна кармап бердик. Учурда сатып алган фирма соттун чечимин кандай болот деп күтүп жатат. "Дордойдогу" тери ашаткан дары Бирөө "Дордой" базарында майда-чүйдө сатып отурган кемпирге тери ашаткан жакшы дары, сатып бериңиз деп ончактыны таштап кетиптир. Сатуучу кемпир "мен идиш сатып атсам муну ким алат, дарыны ким сурамак эле" деп адегенде кыйылат. Анда берки киши алса алар, албаса кайра алып кетем деп кемпир менен баасын бычып, макулдашышат. Арадан анча-мынча убакыт өткөндө бирөө келип: "Ой, мен ушул дарыны издеп базардын баарын кыдырбадымбы, эч жерде жок экен, сизде эле бар турбайбы. Мен көп алмакмын, дагы канча бар?" деп сурайт. Жанындагы коробкадагы дарылардын баарын баасынан кыйла көбүрөөк суммага алып кетип баратып, "канча көп болсо, дагы ошончо алам, алып келип коюңуз" деп айтат. Дарыны алып кеткенден кийин эле менин товарым өттүбү деп тигил бала келет. Тигил аял "бүт баары өтүп кетти, дагы сурап атат, бар болсо сатып берейин" десе, жигит: "Мен Кыргызстандан кетип атам, реализацияга таштай албайм, канча алам десеңиз да накталай акчасын алдынала төлөңүз " дейт. Ал кемпир тааныштарынан карызга акча сурап, 20 миң сомдон ашуун чогултат да, алиги жигиттен көп дары сатып алат. Кемпир сатып алгандан кийин алам деген кишиден дайын болбойт. Көп убакыт күтүп, акыры алданганын билип, акчабызды өндүрүп берсеңер деп кайрылган. Окуя "Дордойдун" тегерегинде болгондуктан, эл көп, соода бар жерде аферист-шылуундар да көп болчу эле деп алыс кетпей эле ошол жерге жакын жайгашкан жаңы конуштардан издей баштадык. Аларды Энесай жаңы конушунан таптык. Жаңы эле башкаларга "дарысын" таштап кетип аткан жеринен кармап, алиги аялга алып барып кездештирдик. Дары дегендерин лабораториядан текшерте келгенде, эч кандай тери ашата турган эффектиси жок, жөн эле жер семирткич болуп чыкты. Жер алып берем, акчаң барбы? Бишкектеги "ТЭЦ-2" районунда жайгашкан жаңы конуштардан жер алып берем деп 3-4 кишиден 3000 АКШ долларын алып алдап качып кеткен шылуунду таап бергиле деп жабырлануучулар кайрылышкан. Элди алдап алган акчага "Жип" машинасын минип, шаардын борборундагы ресторандардын биринде көңүл ачып жүргөн жеринен кармадык. Ал жабырлануучулар менен жолукканда акчаңарды же жерди алып берем деген сыяктуу сөздөрдү айтып, алдагысы келди. Бирок, жабырлануучулар буга чейин эле ушундай сөздөрдү айтып, карматпай качып жүргөнүнөн аны кое бербей турушту. Биз жабырлануучуларга да, шылуунга да мыйзамдын негизинде кандай жаза болорун айтып түшүндүрдүк. Шылуун-аферист бир ай мөөнөт менен сотко ишимди өткөрбөгүлө деп суранып, машинасын калтырып, тил кат жазып кетти. "Бул менин да күйөөм..." Эки айым эки айдан бери үстүнө кирип атуулдук никеде жашап аткан күйөөсүнөн шек санап, анын башка үйбүлөсү же көңүлдөшү бар-жогун текшерип бергилечи деп кайрылган. Себеби, ал киши эки күн үйгө түнөсө, эки күн жок болуп, иштеп жүрөм деп, бирок бир тыйын акча алып келбейт экен. Бир күнү дагы кетип, эртеси башка кийим алмаштырып кийип келгенинен шектенип калат. Биз ал адамдын артынан аңдысак, анын башка үйдө да жаш аял менен жашаары анык болду. Териштире келгенде, ал аял менен да эки айдан бери атуулдук никеде жашап жүрүптүр. Ал аялга деле иштеп жүрөм деп кетип, эки күн жоголуп, бир тыйын алып келбей келип калчу экен. Материалдык жактан жетиштүү жалгыз бой аялдар анын акчасына деле кайыл болуп, күйөө кылып алайын деген кыязда эч нерседен шектенбей жашап жүрүшкөн. Көрсө, ал киши ушинтип жалгыз бой, бай аялдардын үстүнө кирип, алардын эсебинен жашаганды өнөкөткө айландырып алыптыр. Буга чейин да бир нече аялдын ишеничине кирип, чогуу жашап, тажаганда башка аялга жортуулга чыгып, табылганы менен жашап кетип, эч кимисине сыр алдырбаптыр. Ал эми көздөрү ачылган эки аял бизге абдан ыраазычылыктарын билдиришти. Эже-жездесине венерикалык оору жуктурган кыз Сиңдисинин институтта окуйм деп айтканына ишенбеген эжеси анын эртеден кечке кайда жүрөөрүн билип бергиле деп суранган. Алиги студентмин деген кызды териштирип изилдегенибизде, анын институтта окубагандыгы, эчак эле окуудан жетишпегендиги үчүн чыгарылгандыгы белгилүү болду. Күндүз кечке сойкулук менен шугулданып акча таап, кечинде окуудан келген адамдай түр көрсөтүп, эжесин алдап эки жылдан ашык иштептир. Эжеси сиңдисинин кылыгын билгенде мурда да шектенип жүргөнүн, күйөөсүнүн, өзүнүн венерикалык оору менен бир сыйра ооруп, дарыланып чыкканын айтты. Мурда бул ооруга күйөөсүн күнөөлөп келсе, эми сиңдисинен жукканына көзү жетип, чогуу бир сүлгү, самын колдончубуз деп калды. Даярдаган Назгүл КАЛМАМБЕТОВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|