"Агым", 15.08.08 - 16-бет: Апта астрологиясы....• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Апта астрологиясы

Кой (21.03-20.04)
Турмушта. Апта башында максаттарыңызга жетүү үчүн өжөрлүк талап кылынат. Аракеттериңиздин үзүрүн көрөсүз. Ал эми жума аягында иш үстүндө көп убакыт өткөрүү денсоолугуңузга терс таасир тийгизет.
Сүйүүдө. Жеке мамилелер ойдогудай өнүгүүдө. Жалгыз бой адамдар түгөйлүү болушу мүмкүн.
Акчада. Кирешелүү болосуз. Апта аягында соода-сатык жасап, өзүңүзгө жакшы маанай тартууласаңыз болот.
Букачар (21.04-21.05)
Турмушта. Чыгармачыл шык-жөндөмүңүздү өнүктүрүүгө ылайыктууү мезгил. Ийгилик азыр сиз тарапта. Илимий эмгектериңизди, изилдөөлөрүңүздү уланта бериңиз.
Сүйүүдө. Алыс сапарга, көңүл ачууга жакын адамыңыз менен чыкканыңыз оң. Үйбүлө маселелерин чечүүгө ылайыктуу убакыт.
Акчада. Кумар оюндарына азгырылбасаңыз материалдык абалыңыз туруктуу болот.

Эгиздер (22.05-21.06)
Турмушта. Коопсуздук маселеси тынчыңызды алып, аны ийгиликтүү чечүүгө жетишесиз. Көпчүлүк менен баарлашып, чөйрөңүздү кеңейтүүгө ийгиликтүү убакыт.
Сүйүүдө. Жеке турмушуңузда топтолгон көйгөлөрдөн сүйлөшүү жолу менен арылаласыз.
Акчада. Апта аягы финансылык маселелерди чечүү үчүн ылайыксыз.

Бөйөн (22.06-23.07)
Турмушта. Жолго чыгышыңыз мүмкүн. Көп адамдар менен таанышасыз. Убакытты сарамжалдуу пайдалануу зарыл. Окутуучулар менен түшүнбөстүктөр жаралышы ыктымал.
Сүйүүдө. Апта аралыгы үйбүлөлүк жана жеке маселелерди чечүүгө ийгиликтүү. Өзүмчүл болбоңуз.
Акчада. Кошумча киреше булагына ээ болуу үчүн көп эмгек кылышыңыз керек.

Арстан (24.07-23.08)
Турмушта. Көпчүлүктүн көзүндө болуу жагымдуу маанай тартуулап, көңүлүңүздү көтөрөт. Чыгармачылыгыңыз дагы бир баскычка жогорулайт.
Сүйүүдө. Түгөйүңүздүн кызыкчылыгына көңүл буруп, анын каалоосун эске алууну унутпаңыз.
Акчада. Алып сатарлык материалдык абалыңызга терс таасирин тийгизет. Ири соода-сатык кылууну эмки жумага пландаштырганыңыз оң.
Бийкеч (24.08-23.09)
Турмушта. Аракеттериңизге баа берип, өзүңүзгө койгон талаптарга талдоо жүргүзүп көрүңүз. Жакындарыңыз менен сыр чечише баарлашуу жаңы күч берип, алдыга сүрөйт.
Сүйүүдө. Жакын адамыңыздын кызгануусуна жол бербеңиз. Ортодо түшүнбөстүк, атургай жаңжал чыгышы да мүмкүн.
Акчада. Чөнтөгүңүзгө карап иш кылыңыз. Акчаны ойлонбой оңду-солду сарптоо кийин оорчулук келтириши ыктымал.
Тараза (24.09-23.10)
Турмушта. Көпчүлүк менен баарлашасыз. Жаңы кызыкчылыктар пайда болуп, көңүлүңүз көтөрүлөт. Досторуңуз менен сейилге чыгып эсалуу денсоолугуңузга пайдалуу болот.
Сүйүүдө. Жеке турмушуңуз бир калыпта өнүгүүдө. Айткан убадаларыңызды убагында аткарууну унутпаңыз.
Акчада. Апта ортосунда пландаштыргандан көбүрөөк акча сарпташыңыз ыктымал.

Чаян (24.10-22.11)
Турмушта. Досторуңуз менен баарлашуу оң эмоция тартуулап, маанайыңызды көтөрөт. Коомдук иштердеги ийгилик кадыр-баркка апкелет. Кумар оюндарына берилбеңиз.
Сүйүүдө. Ыксыз кызгануу менен жакыныңыздын көңүлүн оорутуп алышыңыз мүмкүн.
Акчада. Финансылык маселелерди чечүүдө жети өлчөп бир кесүүгө аракет кылыңыз.

Жаачы (23.11-21.12)
Турмушта. Билим көрөңгөңүздү кеңейтүүгө ийгиликтүү учур. Апта окуялары философиялык, диний көзкараштарыңызды өзгөртүшү мүмкүн. Жума аброюңузду жакшыртууга, коюлган максаттарга жетүүгө ылайыктуу.
Сүйүүдө. Жакын адамыңыз менен көбүрөөк убакыт өткөрүүгө аракет кылыңыз. Болбосо ортодо түшүнбөстүктөр пайда болот.
Акчада. Апта аягында ири соода-сатык кылышыңыз мүмкүн.
Текечер (22.12-20.01)
Турмушта. Саякаттоого дилгир болосуз. Ашкере кыйкымчылдыгыңыз байкалат. Комплекстерден, терс адаттардан арылууга ийгиликтүү убакыт. Денсоолугуңузга кам көрүүнү унутпаңыз.
Сүйүүдө. Жеке турмушуңуздагы пикир келишпестиктерди жоюуга ылайыктуу мезгил.
Акчада. Материалдык абалыңыз стабилдешип, финансылык маселелер сиздин пайдаңызга чечилет.
Суу пери (21.01-19.02)
Турмушта. Көп адамдар менен пикир алышуу көзкарашыңызды өзгөртүп, өзүңүзгө болгон ишенимди чыңдайт. Тартынчаактыгыңыз жоголуп, баарлашууда батымдуу боло баштайсыз.
Сүйүүдө. Апта жалпы кызыкчылыктагы иш менен алектенүүгө ылайыктуу. Бул жеке мамилелердин бекемделишин шарттайт.
Акчада. Финансылык авантюралардан алыс болуп, кредит, алимент маселелерин чечүүнү кийинкиге калтырганыңыз оң.
Балык (20.02-20.03)
Турмушта. Досторуңуз менен биргелешип иш баштоого ылайыктуу апта. Административдик жана уюштуруучулук жөндөмүңүз жогорулап, күчтүү команда түзө аласыз.
Сүйүүдө. Жакын адамыңыздын колдоосуна, кеп-кеңешине таянып иш кылганыңыз оң.
Акчада. Идеяларыңыз көп акча каражатын талап кылганы менен, аягы үзүрлүү болот.