Коомдук-саясый гезит
№55, 15.08.08-ж.





  ТВ - маек

УТРКнын "Ала-Тоо" программасынын алып баруучусу Кыял Шаршеева:
"Кайрат көзүмдү караган күйөө болорун сезгем"
Айчырайлуу диктор Кыял Шаршееваны сыналгы жаңылыктарын көргөн ар бир инсан тааныса керек. Анын камера артындагы жеке жашоосу, үй-бүлөлүк турмушу, ой-тилектери тууралуу кебин уктук.


- Кыял, өзүң тууралуу окурмандарга тааныштыра кетсең?
- Мен Ысыккөлдүн кызы болом. Каракол шаарында төрөлүп, мектепти аяктап, ошол жердеги эле К.Тыныстанов атындагы жогорку окуу жайдын филология факультетин бүтүргөм. Институтту бүтүрүп Бишкекке келип, Улуттук илимдер академиясында кенже илимий кызматкер болуп иштеп жүргөндө жолдошум Кайрат Иманалиев ала качып кетип, турмуш куруп жашап калдык. Кайратты мен агай катары таанычумун. Биз мектепте 5-6-класста окуп жүргөндө, ал 11-классты бүтүп кеткен. Экөөбүз бир мектепте окуганбыз, класс жетекчибиз да бир болчу. Баш кошконубузга үч жылдан ашты, кудайга шүгүр, жашообуз жакшы. Азырынча балалуу боло элекпиз, Кудай буюрса ата-эне болуу тилегибиз бар.
- Ала качып алды деген сөзүң бир чети таңкалычтуу. Кайрат Иманалиевди биз жаш драматург катары жакшы тааныйбыз. Сенин оюңча ала качуу бул салтпы же жөн эле кызды зордук менен алуубу?
- Кичирээк кезимде, эгерде мени ала качып кетсе, такыр отурбайм дечүмүн. А бирок, башыңа түшсө баарын көтөрүүгө туура келет экен. Кайрат өзү деле мен ала качам деп таптакыр ойлочу эмесмин деп айтып калат. Мен ага жолугуп сүйлөшкөндө жолдошуң, үй-бүлөң барбы деп сураган. Мен жаңы эле окууну бүтүп, кандидаттык диссертациямды жазып атканымды айткам. Мени досторуна айтып көрсөтсө, алар да жактырышып, "Сен ала качып эле ал, антпесе диссертациямды жазышым керек деп чоюп жүрө берет" деп айтышыптыр. Ошентип досторунун кеңеши аркылуу ала качып кетиптир. Бир-эки айдай көнбөй "сиз" деп жүрдүм. Азыр мен Кудайга Кайраттай жолдош бергенине абдан ыраазымын. Түшүнүктүү, баардык жагынан мени колдойт.
- Ала качып барганда отурбай чыр салдыңбы же дароо эле отуруп калдыңбы?
- Күйөөгө тийип, турмушка чыгат деген ушулбу деп аябай ичим күйүп, ыйладым. Чынында турмушка чыгам деген ойдо жок, психологиялык жактан даяр эмес болчумун. Жакын досторун, таасирдүү адамдарды жанына ээрчитип алыптыр. Алардын көзүнчө чектен чыга алган жокмун. Ыйлап атсам, алар: "Көрөсүң го, кийин бизге ыракматыңды айтасың" дешкен. Азыр мен ошолорго ыракмат айтчудай эле болуп калдым.
- Кайратты агайың катары эмес, мырза катары карап, кийин менин жолдошум болуп калбайбы деп ойлодуң беле?
- Жок, такыр ойлогон эмесмин. Ал мени ала качып баратканда өзүнө айткам, "Сизди мен күйөөм катары элестете албайм, жок, болбойт" деп аябай каршы болгом. Аны адам катары баалап, чыгармачылыгын абдан сыйлачумун. Бирок, күйөөм катары такыр элестеткен эмесмин. Ала качып барганда эле Кайратты мурунтан билгендиктен андан жакшы жар, чыгармачыл инсан чыгат, менин көзүмдү караган күйөө болот деп сезгем. Апам деле "көрөсүң го" эки айдан кийин Кайраттын сөзүн сүйлөп каласың деп айткан.
- Буга чейин сүйлөшкөн жигитиң бар беле?
- Студент кезде сүйлөшкөн жигиттер болгон. Бирок, бирөөсүнүн бир жери жакса, экинчи жагы жакпай, айтор тандап жүрчүмүн. Бишкекке келгенде апам менен телефон аркылуу сүйлөшүп калганда: "Жигиттериң барбы, сүйлөшүп атасыңбы? Кыздын бактысы күйөөдө болот. Карьераңды экинчи планга кой, күйөөң мыкты болсо дайыма бийик болосуң" деп айтып калчу. Бишкекке келгенде жигит менен таанышып, сүйлөшүүгө деле убактым болбоду. Кайратты деле бир китеп керек болуп издеп жүрүп, өзүм кайрылгам. Ал мени унутуп коюптур. Экөөбүздүн бир мектепте окуганыбызды айттым. Кийин ошол сураган китепти беримиш болуп ала качпадыбы.
- Телевидениеге кандайча иштеп калдың?
- Караколдо окуп жүргөндө эле облустук телевидениеге барып, сюжет, алып баруучу, диктор деген эмне экенин талдап билип, кызыгуум бар болчу. Бирок, илимий иштин аркасынан кетейин деген оюм бар эле. Кайратка турмушка чыкканда ал мага шыгың бар экен, кызыгат экенсиң, биздин КТРге барып, өзүңдүн алып баруучулук жөндөмүңдү сынап көрбөйсүңбү деп калды. Адегенде штаттан тышкаркы кабарчы болуп иштеп жүрүп, кийинчерээк штатка кирип, үч жылдан бери эмгектенип келатам.
- "Ала-Тоодо" иштегенден бери өзүңдүн жүрөгүңдү ооруткан көйгөйлүү сюжет кайсы болду?
- Учурда алып баруучулук, кабарчылык милдетти тең алып барып жүрөм. Коомдук-социалдык сюжеттерди жасаганды жакшы көрөм. Мындай көйгөйлөрдү ички жан дүйнөң менен ойлонуп, толгонуп жасайсың. Мисалы, мен көчөдө кароосуз калган адамдар жөнүндө сюжет жасагам. Ошондо абдан берилип, айта турган сөзүм ашып-ташып, ачылып жасагам. Жаш балдардын, карылардын көйгөйү тууралуу сюжеттерди алып чыкканды жактырам.
- Сени жаш, бойдок кыз деп ойлоп, байкабай тийишкендер болобу?
- Ырас эле турмушка чыгып алыптырмын деп сүйүнүп калам. Себеби, сюжетке, съемкага барганда айла жок ар кандай адамдар менен таанышууга туура келет. Алар телефонду, координаттарды сурашат, же биз алардыкын иш боюнча сурап калабыз. Ошентип жүрүп эле таанышуу, элдер менен баарлашуу көп болуп калат. Менин жолдошум андайлардан кызганбайт, түшүнүктүү, атына жараша заты дегендей кайраттуу адам. Кээде мага жумуш боюнча чалышат, же тааныштар смстерди жиберишет. Мен күйөөмдүн көзүнчө эле күлүп, көрсөтүп окуп берем. Бирок, чектен чыгып тийишкендер болбойт.
- Телеге кийип чыккан кийимдерди, макияжды ким жасап, ким тандайт?
- Негизи УТРКнын өзүнүн гримдөөчүсү, чач тарачтары, ститилсттери бар. Бирок, биз өзүбүз эле макияж жасап, өзүбүз кийим тандайбыз. Башка каналдарда заманбап стилист-визажисттери, чачтарачтары, ар биринин өзүнчө гардеробу бар. Жакында жетекчибиз Мелис Асаналиевичке кирип, ар кимибиз өзүбүздүн көйгөйүбүз тууралуу айттык. Ал Замира Молдошева менен сүйлөшүп келишим түздү. Эки жумадан бери бизди боентуп, сулуулап чыгарып атат.
- Өзүнчө автордук программа ачсам деген оюң жокпу?
- Азыр биздин жетекчилик автордук көрсөтүү ачкыңар келсе, долбоор жазып сунуштагыла деп мүмкүнчүлүк түзүп берип атышат. Бирок, мага "Ала-Тоо" маалымат программасында так, кыска, оперативдүү маалыматтардын үстүндө иштеген жагат. Мүмкүн кийин, жашым өтүп калганда автордук программа ачаармын.
- Жолдошуң Кайрат драматург эмеспи, мүмкүн анын пьесаларында роль ойноп, артисттик талантыңды да сынап көрөрсүң?
- Ырчылык жагынан сахнага чыгып көргөн эмесмин. Ал эми алып баруучулук жагынан студент кезимде эле концерттерди алып барып, спектаклдерде башкы ролдорду ойночумун. Телевидениеде алып баруучу болуп иштеп атканда бир режиссер байке келип, кино тартып аттык эле, боюнда бар келиндин ролун ойноп бер деп суранган. Ошол убакта мурунку жетекчибиз концерттерге алып баруучу болуп, клиптерге, рекламаларга тартылууга болбойт, өзүңөрдүн ордуңарды билгиле деген. Ошондон улам ал киного тартылуудан баш тарттым. Бирок, өзүмдүн кыялымда киного тартылгым келет.
- Үйдө кандай кожойкесиң?
- Үйдөн баарын айкалыштырып жүргөндү жакшы көрөм. Тааныш-достор үйдөн да, жумуштан да өзүңдү жакшы карап, конокту жакшы тососуң деп айтып калышат. Жолдошум да карындаштарына, менин сиңдилериме конок тосконду жеңеңерден үлгү алгыла деп мактап айтат. Баарын кыйратам деп айта албайм, бирок көпчүлүккө жагат. Аяштарым келгенде "Кыял үйүндө кандай болду экен, үйүнөн көрөлүчү" деп күлүп калышат.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan