"Агым", 08.08.08 - 22-бет: Спорт...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Спорт

Руслан Мажинов:
"Акш балбандарын 98 - орундан 12 - орунга жеткирдим"
2004-жылы Кыргыз спорт жылдыздарынын бири, эркин күрөш боюнча Азиянын чемпионаттарынын жеңүүчүсү, эл аралык спорт чебери Руслан Мажинов АКШга кетип, ал жакта Америка Университетинде машыктыруучу болуп иштөөдө.

- Руслан, туулуп-өскөн мекениңе куш келипсиң? Америка Кошмо Штаттарына кандай тагдыр менен барып иштеп калдың? АКШда эмне иш менен алектенип жүрөсүң?
- 2000-жылы эркин күрөш боюнча Азияга, дүйнөгө Кыргызстанды тааныткан балбандар Алмаз Аскаров, Табылды уулу Сүймөнкул, жана мен - үч жигит "баштыкты түйүп" алып, чоң спортту жыйыштырып, багыбызды сынап көрүү үчүн АКШга аттанганбыз. Төрт жылдан бери Американын суусун ичип, бөтөн эл, бөлөк жерде иштеп жүрөбүз. Үйбүлөбүз, бала-чака менен бирге үчөөбүз чогуу Филодельфия шаарында көр-тирлик кылуудабыз. Азия чемпиону Алмаз Аскаров өзүнчө бир курулуш компаниясын ачкан. Ишкерлиги менен таанылып, бутуна туруп калды. Мен болсо машыктыруучулук кесибимди аркалап, АКШдагы эң таасирдүү жогорку окуу жайы Америка Университетинде күрөш, эркин күрөш боюнча улук машыктыруучу болуп иштейм. Жайында үйбүлөмдү алып, эс алууга туулуп-өскөн мекениме келдим. Жакында Алмаз Аскаровдун атасы каза болуп, ал дагы бул жакта. Август айынын аягында кайра АКШга кайтабыз.
- Сени спорт күйөрмандары чыгаан балбан катары жакшы билишет. Эмне себептен чоң спортту таштап, АКШга кетүүгө аргасыз болдуң? Жаштык жалыныңарды спортко, эл намысына арнадыңар эле. Деги эмгегиңер-мээнетиңер учурунда бааландыбы?
- Эми аны айтканда эмне? Эл, өлкө намысы деп жүрө берип, акыры чоң спорттон кийин эч кимге керегибиз жок экенин түшүндүк. Артыбыздан жаштар да өсүп келаткан, аларга да жол бошотуп орун берүүгө убакыт да келип калган. Бул жерде машыктыруучу болуп иштөөгө деле болмок. Бирок биздин спорттогу эмгегибиз, мээнетибиз учурунда бааланбай калгандай эле, бул жакта жашоо-шартты, үй бүлөнүн муктаждыгын түзүп бере алат белек, ким билет?!
- Чет жерде эркин күрөш боюнча бир топ ийгиликтерге жетишип, АКШда кадыр-барк күткөнүңдү угуп, кубанып жүрөбүз.
- 2004-жылы АКШда жүргөндө бош убакыт болуп, күрөш залына кирип калсак, бизди америкалык машыктыруучулар таанып, мени Вашингтонго расмий чакырып калды. Ал жерден АКШнын эркин күрөш боюнча башкы машыктыруучусу, олимпиада жана дүйнөнүн көп жолку чемпиону Жексен деген устат АКШнын балбандарын Афина олимпиадасына даярдоого жардам берүүмдү өтүндү. АКШнын балбандары менен бирге машыгууда жүрүп, аларга эркин күрөштүн ыкмаларын, күрөштүн сырларын үйрөттүм. Легендарлуу Жон Смиддин спорт базасында жүрдүк. Ал 1984-жылы СССР-АКШ жолдоштук беттешүүсүнө келип, күрөшүп, биздин Рахматулин деген балбаныбызды утуп кеткен. Анан алар мени менен келишим түзүп, Вашингтондогу таасирдүү Жогорку окуу жайы - Америка Университетине машыктыруучу кылып орноштуруп, үч жылдай ошол жерде иштеп, эмгегим менен кадыр-барк күттүм.
- Ошол үч жыл аралыгында кандай ийгиликтерге жетише алдың? Деги кыргыз өңүн тааныта алдыңбы?
- АКШдагы жогорку окуу жайларынын Жогорку Лигасында 100 команда болсо, мен ишке орношкон университет 98-орунда экен. Жакшы, таланттуу балбандарды иргеп алып, алар менен жекече иштеп, биринчи жылы бир чемпион жараттык. Экинчи жылы эки-үч байгелүү орундарды ээледик. Ошентип 98 орундагы университетти 3 жылда 12-орунга алып келдим. Бул АКШда чоң жетишкендик, ийгилик болуп саналды. АКШда университеттер көп, бир командасынын бюджети эле бир жылга 1 млн.доллардан кем болбойт. Америкада дене тарбиясына, илим-билимге каражат аябайт.
- Ушул сен иштеп жаткан Америка университетине кыргызстандык жаштарды, балбандарды да алып барып окутууга, ошондой эле спорт менен да машыктырууга мүмкүнчүлүктөр барбы?
- Мындай мүмкүнчүлүктөр бар. Мен мурда бир келгенде ушундай ой-тилегимди жаштарга айткам. Бирок, ошол учурда спорт жетекчилери туура түшүнбөй, колдоого албай коюшкан. Бул үчүн эркин күрөш федерациясы, бул жактагы агайлар, машыктуучулар да макулдугун бериши, жаштарды иргеп-тандап алууга көмөктөшүүсү зарыл. Айрым спорт жетекчилери учурдагы кызыкчылыктарга байланып, таланттуу жигиттерди колдон чыгарышкысы келбей, жаштык жанып турганда жарыштарга салып, алар үчүн байге, медаль гана керек болуп, балдардын келечегине балта чаап коюп жатышат. Эми учурдагы жетекчилик туура түшүнөт го деп ойлойм. Мындай мүмкүнчүлүктөр азыр деле бар. Учурда иликтеп, кеңешип, сүйлөшүп жатабыз. Ушундай ойду ишке ашырууга убакыт жетти. Кыргыз жигиттери АКШга барса, спорттон тышкары жакшы билим алышат, келечекте дүйнөлүк адистикке ээ болуп, элибизге кызмат кылышат эле. Мындай шансты колдон чыгарбоо керек.
- Силер күрөшүп жүргөн учурду эске салсак, Кенжебек Өмүралиев сен, Нурдин Дөңбаев, Алмаз Аскаров, Табылды уулу Сүймөнкул эгемендүүлүктү жаңы алган Кыргызстанды Азияга, дүйнөгө тааныттыңар эле. Силердин көчтү кыргыз балбандары учурунда татыктуу уланта албай, баамында эркин күрөш бир аз солгундап кеткендей сезилет. Буга бир далил, Бээжин олимпиадасына орусиялык легионер-балбандар Базар Базаргуриев, Алексей Крупняков жана Арсен Гитинов кыргыз туусун көтөрүп баратышат. Кыргыз балбандарынан эркин күрөштөн бирөө да Бээжинге жолдомо алалбай калышты? Эмне себептен кыргыз балбандарынын чеберчилиги аксап, деңгээли түшүп кетти деп ойлойсуң?
- Бул жеке эле спортко, эркин күрөшкө байланыштуу эмес, муну терең тандоого алып карасак, Кыргызстанда элдин жашоо-деңгээли да төмөндөп кетти. Экономикалык абал начар. Спорт - бул экономиканын да күзгүсү болуп саналат. Бардык жагынан ал-ахыбал начар экенин көрүп, зээниң кейийт. Мен ишенип турам, келечекте баары жакшы болот, оңолот, ордуна келет. Эркин күрөш болсо биздин бабалардан калган мурас, каныбызда бар. Эч качан бул салт үзүлбөйт, ар дайым уланат. Спорт комитети караса деле, көңүл бурбай койсо деле элибизден таланттуу балбандар чыга берет, мөрөй ала беришет. Жаш таланттуу жигиттер арбын. Спорт жетекчилери аларга азыртан көңүл бурса, эмки 2012-жыл Лондондогу олимпиадага кыргыз жигиттери сөзсүз жолдомо алышат. Буга биз да, АКШда туруп, колдон келген жардамыбызды беребиз. Кыргыз туусу олимпиадалык, дүйнөлүк спорт майрамдарында сөзсүз жеңиш менен көтөрүлөөрүн бөркүмдөй көрөм.
- АКШдагы бир беткей жашоо көкөйгө тийген жокпу? Кыргызстандын, туулган жердин кадыр-баркын алыста жүргөндө билсеңер керек?
- АКШ дегенде эле баары жакшы, баары укмуш деп айта албайм. Жакшы жактары да бар, терс көрүнүштөрү да жок эмес. "Беш кол тең эмес" дегендей кеп. Бардык жерде ошондой болсо керек. Ишиме байланыштуу дагы 3-4 жыл Америкада иштейм. Бирок убагы келгенде биз баарыбыз үйүбүзгө, Кыргызстанга кайтып келебиз. АКШдагы кыргыз жигиттери менен сүйлөшкөндө баары үйгө кайтуу аруу тилеги менен жүрүшөт. Анткени биздин өз элибиз, туулган жерибиз, мекенибиз бар. Туугандарыбыз бул жакта, эч убакта Кыргызстанды кыйып кете албайбыз. Алыс жерде жүргөндө мекендин баркын, баасын билесиң. Биздин кыргыз жериндегидей керемет, жаратылышы ажайып жер жок. Ысык-Көлдөй керемет, бермет көлдү көрбөдүм. Биздин тоо суусундай ширин, таза, көк кашка сууну таппадым. Айта берсе, Кыргызстандын баасы, баркы өтө жогору.
Биз чоочун элде, бөтөн жерде жүрөбүз. Алардын тили, дили башка, дини бөлөк. Дүйнөгө болгон көз карашы, салты башка. Аларга окшоп америкалык болуп жашап, сиңип кетүү абдан кыйын. Ошондуктан АКШда жүрсөк да эне тилибизди сактап, унутпоо үчүн үйдө кыргызча гана сүйлөшүп, достор, мекендештер менен да кыргыз тилинде баарлашабыз, 4 жаштагы уулум Байзак кыргыз тилинде так сүйлөйт.
- Үйбүлөлүк шартың кандай? Канча балалуу болдуң?
- Кызым 8 жашта, уулум Байзак төрт жарымда. Досум Алмаз Аскаров менен кошунабыз. Анын эки кызы бар. Экөөбүздүн жубайларыбыз чогуу иштейт. Катташып, бир үйбүлөдөй ынтымактуу турабыз. Кудайга шүгүр, баары жетиштүү. Балдардын келечегин ойлоп, аларга татыктуу таалим-тарбия, билим берели, келечегине пайдубал түзөлү деген ниетте АКШда убактылуу гана жүрөбүз.
- Америкадагы иштеп жүргөн кыргыздар менен карым-катнаш, байланыш барбы?
- Филодельфияда кыргыздардын ынтымактуу диаспору бар. Вашингтон, Чикаго, Ахая, Колифорнияда, Сан-Франсискодогу кыргыздар менен байланышып, жакшылык-жамандыкта бирге болобуз.
- Бээжин Олимпиадасында быйыл кыргызстандык спортчулардан байгелүү орундарга кимдер илинип калышы ыктымал деп ойлойсуң?
- Өзүңүз да спорт чөйрөсүнө көп жылдан бери аралашып жүрөсүз. Алгач Атланта олимпиадасына 33 спортчу барса, кийинки Сиднейге - 51, Афинага 30 спортчу кыргыз туусун көтөрүп барган. Бул ирет олимпиадага жолдомо алуу кыйын болду дешүүдө. Бирок 20 спортчудан 5 балбан үмүт жандырып турат. Грек-рим күрөшүнөн Азия чемпиондору Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев баш байгеге талапкер болушу толук мүмкүн. Айрыкча Канаттын күрөшкөнү, Русландын жаштык умтулуусу, жеңишке болгон дилгирлиги мага жагат.
Ал эми өзүбүздүн эркин күрөш боюнча жаш болсо да дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп, былтыр Бакудагы дүйнө чемпионатында коло байге утуп, Бишкекте Азия чемпиону болгон Базар Базаргуриев да ийгилик жаратып, Бээжинде жылдызы жанышы ыктымал. Алексей Крупняков да эрки күчтүү жигит. Ал да дүйнө чемпионатында коло байгелүү болуп, былтыр Азияны уткан. Эгерде жакшы чучукулак түшсө, анда Алексейдин да жолу болушу мүмкүн. Ал эми Арсен Гитинов Сиднейде күмүш байгелүү болгонун эске алсак, ал Бээжинде чоң спорттогу бийиктик, олимпиада чемпиондугун утууну максат кылууда. Анын тилеги да кабыл болушу өзүнө гана байланыштуу.
Бокстан Асылбек Таласбаевдин финалга чейин жетүүсү кыйын болот го. Ок атуудан балким Руслан Исмаиловго спорттук фортуна туш болсо, жаш эмеспи, көзү курч, көкүрөгү жетик болсо, байге алып калуусу да ажеп эмес... Калганын олимпиадалык таймашуулар көрсөтөөр, күбө болуп көрө жатарбыз.
- Ыракмат, маегиңе! АКШда Кыргызстанды таанытып, эсен бол!

Маектешкен Кабыл МАКЕШОВ