"Агым", 08.08.08 - 20-бет: Пейджер...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 Пейджер


5-августта "Пейджер" менен сүйлөшкөндөр:
Урматтуу окурман!
Кимдир бирөөгө же айрым бир жагдайда сын-пикириңиз, зарыл сөзүңүз, каалооңуз барбы? Ар аптанын экинчи күнү (шейшемби) эртең мененки 10дон 12ге чейин 66-55-68 телефонуна чалып же AGYMpage деген сөздөн баштап 3030 номуруна SMS-билдирүү жөнөтсөңүз болот. 3-4 сүйлөмдөн ашпаган куйкум сөзүңүздү, боорду эзген азил оюңузду, көңүл көтөргөн куттуктоолоруңузду күтөбүз. Бүйүр кызыткан билдирүү ээси "Пейджердин" белегине арзыйт. "Пейджер" - сиздин үнүңүз! Чалыңыз, SMS-билдирүү жөнөтүңүз.

П-607. Илгертен эле кыргызды суу дарылап келген, ошон үчүн аруулук бизде. Дарыгерлер баш ооруса да, тиш ооруса да, атургай аттан жыгылып бир нерсеси сынса да суу ичип атып эле айыктырып алышчу. Ошого жараша урматтуу, сыйлуу болчу. Азыр сыйлуу доктур эле нарколог, проктолог, көзолог, анан эле сыныколог болду окшойт. Жараткан, элимди ушулардан сактай көр! Темиркан Турсунбеков.
П-608. Борборубуздагы укук коргоо органдарындагы тергөөчүлөрдүн көбүнүн кабинеттеринде телефон жок. Соткаларынын номерлерин секрет деп беришпейт. Жабырлануучулар келишсе, жумушта жок болуп каласыңар. Көп адамдар силерди күтүп өтө кымбат убакыттарын жоготууда. Деги аман болгула. Караш Насер.
П-609. Ууру бир үйбүлөнү уратат. Коррупция бир мамлекетти кыйратат. Караш Насер.
П-610. Бактыгүл Бадыева, сиз ырчылыктан көрө актерлукту тандасаңыз көбүрөөк пайда келтирмек экенсиз. Ойлонуп көрбөйсүзбү. Менимче, сизде актерлук талант басымдуулук кылат. Мээрим.
П-611. Уулум Мурасты туулган күнү менен куттуктайм. Балам, денсоолугуң чың болуп, эч ооруба. Тилеген тилектериңдин баары кабыл болсун. Ишиңдин ийгилиги артып, ак жолуң ачылсын. Апаң Гүлмира.
П-612. Чолпон Баекова Консти- туцияны Акаев менен Бакиев үчүн ылайыктап берсе, Курманжан даткага окшоштурганыңар кандай? Же ал киши да ошондой болду беле? Сапсары.
П-613. Нарын шаарынын тургундары байкем Эмилге, жеңем Аселге, инилерим Асан, Үсөнгө ысык салам жолдойм. Аделя.
П-614. Светтин жакшылыгын көрөм деп жыргап турсаң, минтип күнүгө 3-4 маал өчүрүп, азапты колго берип жатат. Муздаткыч иштен чыгып, кары картаң, жаш балдарга алган бир аз сүт-каймак, тамак-аш жараксыз болуп, эмне кыларыңды билбейсиң. Жанагы суу сактагычтагы сууну сатып шугулданган шүмшүктөрдүн келечек мууну куурап, суу сактагычтын сайындай кургап, элдин каргышы тийип, тезек терип калышсын! Темиркан Турсунбаев.
П-615. ИИМ министри М.Конгантиев туура айтат. Качан көрбөйүн, МАИчилердин дээрлик бардыгынын курсактары тизесине чейин салаңдайт. Аскер адамдары деген чыкыйып, зыңгырап турбайбы. Жапжаш "бесформенный" МАИчилерди көрүп, просто уяласың. Замир.
П-616. Сапарбекова Айжамал Нуркалиевнаны туулган күнү менен куттуктайбыз. Денсоолугуңуз чың, өмүрүңүз узун болуп, үйбү-лөңүз, элиңиз менен аман-эсен болуңуз. Кесиптештериңиз.
П-617. "Кетсин эле кетсин!" деп атса Нариман Түлеевди бир желмогуз экен деп ойлочумун. Оюман кайтууга аргасыз болуп атам. Даниярча бакырып-өкүрүп, элге ар бир кадамын жар сала бербей эле четинен жумуштарын бүтүрүп атат. Молодец. Мындайды колдоп, иштегенге мүмкүнчүлүк бериш керек. Асанбек, пенсионер.
П-618. Урматтуу МАИ кызматкерлери, эмне жеп атасыздар? Тамак-ашыңардын рациону менен бөлүшүп койбойсуздарбы. Эки-үч жумушта иштеп, арыктап баспай калдым. Силерди карасам баарыңар эле болпоюп, көзгө толумдуу көрүнөт экенсиңер. Пайдаланганыңар тамак элеби же кошумча каражаттарды да колдоносуңарбы? Жылдызкан.
П-619. Баягы Данияр Үсөнов менен Адахан Мадумаров каякка кетишкен, дайындары чыкпай калды. Алаңкөз.
П-620. Кыш жакындаган сайын кымбатчылыктын айынан таза кызык болбодубу. Түндүк-түштүк болуп ынтымактуу жашап аткан элибиз эми тезек жакчулар жана көмүр жакчулар болуп экиге бөлүнүп калбаса экен. Асанкайгы.
П-621. Күн аябай ысыган күнү айылдан келип, сүйгөн кызыма жолугайын десем, мойнуман, бетимен тер шорголоп, ысыганымды айтпа. Болбой эле сүйгөнүмө барсам, тер жыттанып атасың деп жанына жолотпойт. Экөөбүз ошонун айынан урушуп да кеттик. Мончого түшүп албай деп өкүнүп калдым. Сүйгөнүмдү сагынып, ага эрте жетейин деп жуунбай барган кербезим болчу. Эми жуунуп алып барсам да карабай калды го. Кандай айла кылам… Рашид.
П-622. Ошто турган агам Таалайга, жеңем Асидага салам жолдойм. Биз дайыма сиз мененбиз. Иниңиз Бакыт.
Жеңүүчүбүз - МАИчилердин тамак-ашына көз арткан Жылдызкан (П-618), редакция менен байланышыңыз.

Даярдаган
Канышай БЕШБАЕВА