"Агым", 08.08.08 - 2-бет: Кџн наама....• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Күн наама

Аптаптуу августта
1-августта
Залкар жазуучубуз ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН каза болгонунун 52 күндүк эскерүү аземи Шекер айылында өткөрүлдү.
Талас облустук администрациясынын чечиминин негизинде Шекер айылынын тушундагы айтылуу Манас ата тоосунун жанындагы туу чокуга, Талас университетине жана Кызыл Адыр айылына (келечектеги чакан шаарга) Чыңгыз ысымы ыйгарылды.
Роза АЙТМАТОВА агасы жөнүндө кыска-нуска кеп айтты: - Бала кездеги көп кыйынчылыктардын азап-тозогун алиге чейин агып турган Ботокөз булактын шылдыр добушу, касиеттүү даамы менен басканбыз. Эми ал булакка Чыңгыз акемсиз келип, аза кайгыга кайыгып турган чагыбыз.
Агабыз акыркы жылдары чет өлкөдө көп жашап калгандыктанбы, ошол жакка кеткендей, ал жактан анан же эртең телефон чалчудай туюла берет...
Элден айланса болот. Шекер менен Чыңгыз акемдин бир бүтүн, турмуштук түтүн экендигине, экөө бири-бирин толуктап турарына бүгүн дагы бир ирет ынанып турамын.
Өзүмдүн жана Айтматовдор үйбүлөсү атынан бардыгыңыздарга таазим этүү менен орду толгус жоготуунун азасын чын ыкластан бөлүшкөнүңүздөр үчүн ыраазылык билдирүүгө уруксат этиңиздер.
П.КАЗЫБАЕВ,
"Алыкул үйү-борбору"
P.S. Жазуучунун Шекердеги музейине ар кандай экспонаттар, китептер жана гезиттер тапшырылды.




6-августта
Советтер Союзунун Баатыры ЧОЛПОНБАЙ ТҮЛӨБЕРДИЕВ курман болгон күн. Ал дзотко төшүн тоскон жерге - Россиянын Воронеж облусунун Дон дарыясынын жээгине баатырдын эстелиги орнотулган.

Дон дарыясынын жээгиндеги Ч.Түлөбердиевдин эстелиги. "Чолпонбай" тасмасын тарткан учурда барган жазуучу А.Жакыпбеков жана кино оператор К.Абдыкулов.




7-августта
Тентек, эрке акын АЛИК АКИМАЛИЕВДИН 50 жылдык мааракесине карата "Ханда жок байлык - Манассия" китебинин бетачар поэзия кечеси кечээ Улуттук теледе болуп өттү. Акындын айтуусунда, бул кече күздөгү чоң тойго аттанар алдындагы кичи тойчук экен. Поэзия сүйүүчүлөр акындын ыр кечесинин көрсөтүүсүн Улуттук 1-каналдан көрө алышат.

12-августта
"Манас" эпосун кара сөзгө салган залкар жазуучу АШЫМ ЖАКЫПБЕКОВДУН туулган күнү. Жазуучу 73 жашка чыкмак. Бул күнү А.Жакып-бековдун калемдештери, курдаштары, кыргыз жазуучулары, китебин чыгарууга тиешеси бар адамдар, ошондой эле Таластагы Шекер айылынан туугандары келип чогулуп, эскерүү каадасы телеге тартылат.

Августтун алгачкы аптасында
Үстүбүздөгү жылдын апрель айында ЖК депутаттарынын чечими менен август айынын биринчи жумасы үркүн курмандыктарын эскерүү аземи болсун деп кабыл алынган. Ушуга байланыштуу Улуттук китепканада, тарых музейинде жана мамлекеттик архивде 1916-жылдагы кыргыздардын УЛУТТУК БОШТОНДУК КӨТӨРҮЛҮШҮНҮН КҮНҮ белгиленип, шейит кеткендердин жаркын элесине иш-чаралар өткөрүлүп, көргөзмөлөр уюштурулду.

Даярдаган Назгүл КАЛМАНБЕТОВА