"Агым", 08.08.08 - 19-бет: Бейтаалай...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Сандан санга: сериал

Бейтаалай
Назгүл Калмамбетова
Алмаздын берген суроосуна Алтынай башын ийкеп, маанилүү сөз укчудай тыңшап отуруп калды. Ой деген күлүк эмеспи, көптөн бери ичинен тымызын жакшы көрүп, сүйүп жүргөн арзыган адамы Алмаз азыр менин колумду сурайбы деген ой бир заматта келип кетти. Анын үстүнө Алмаздын акыркы күндөрү жасаган өзгөчө мамилесинен анын да өзүнө кайдыгер эместигин жүрөгү менен сезип жүргөн.
- Мен үйлөнөйүн деп атам. Кандай дейсиң? - деп сынай тиктеди Алмаз Алтынайды.
- Өзүңүз билиңиз, бирок, Замира эже менен биротоло ажырашып, анан башка маселеңизди чечсеңиз болмок. Анүстүнө, Замира эже кош бойлуу, аны ушундай абалда таштап, ажырашып кеткениңиз кандай болот... Билбейм, мен сизге эч кандай кеңеш айталбайт окшойм…
- Мага турмушка чыга турган кыз айылдык, жөнөкөй, түшүнүктүү көрүнөт. Ал мени сүйөөрүн, кичинекей Актанчикти жакшы караарын, ага өз энесиндей кам көрөөрүн айтып атат, - деген Алмаздын сөзүн уккан Алтынайдын ою тескери чыкканына өңү бузула түштү.
- Ал кыз сиз менен чогуу иштейби? - деп сурады бир топтон кийин Алтынай сыр бербей.
- Жок, мен аны жакшы тааныйм. Эгерде ошол кыздын ордуна сен болсоң эмне кылмак элең, Алтынай?
- …Билбейм, ал жөнүндө ойлоп көрбөптүрмүн…
- Анда ойлонуп көрчү…
- Бул эмне дегениңиз?
- Алтынай, кечирип кой, мен сени менен көптөн бери ушул темада сүйлөшөйүн деп, ыгын таппай жүргөм. Эми убакыт-сааты жетти окшойт… Албетте, сен жашсың, мурда турмуш куруп, жашоонун ачуу-таттуусун көргөн эмессиң. Бирок, экөөбүз бири-бирибизди жакшы эле жакындан билип калдык окшойт… Мага турмушка чыкпайсыңбы?
- …Сиз Замира эже менен урушуп, ортодогу көйгөйүңүздү мен аркылуу чечейин деп атасызбы?..
- Жок, андай ойдон алысмын. Кантип эле ошентип ойлоюн. Замира экөөбүздүн көйгөйүбүздү чечүү үчүн сүйбөгөн, жактырбаган адам менен баш кошмок белем. Сен биздин андай үйбүлөлүк маселелерди чечиш үчүн буюм, же дагы бир башка нерсе эмессиң да. Мен сени биринчи жолу көргөндө эле жактыргам. Бирок, сага деген сезимимди сыртка чыгарып, сага сүйүүмдү арнайм го деп эч ойлогон эмес элем. Чынын айтсам, сени жанымдан карыш чыгаргым келбейт… Мен сени чындап сүйөм. Эгерде Замиранын момундай акмакчылыгын билбесем, канчалык сен мага жаккан күндө да ал сезимимди ичиме катып, сыртка чыгарбай жүрө бермекмин. Бирок, сага деген сезимим таза боюнча сакталып кала бермек. Замирадан буга чейин эле көңүлүм калып келген, эми биротоло калды. Аны көргүм келбейт. Албетте, аны аял катары аяйм, бирок, баарыбир ал экөөбүздүн жашообуз болбойт. Сынган идишти кайра жабыштырса деле жаракасы калат эмеспи, ал канчалык чогуу жашайбыз деп аракет кылбасын, баарыбир ажырашабыз. Курсактагы баласы да меники эмес. Эгерде күйөөсү жок болуп туруп, башкадан боозуп келсе, анда ал Кудай алдында да кечиримдүү болмок. Тирүү турган күйөөсүнө жолобой башка адамдан боозуп келсе, мен анын баласын багышым керек экен да. Мурда башка күйөөсүнөн ээрчитип келген баласы болсо да бир жөн. Анын мындай кылыгын эч качан кечирбейм. Төрөгөн күндө да, боюнан алдырган күндө да баарыбир жашабайм. Азыр Замира менен ошол тууралуу сүйлөшүп келдим. Сени көптөн бери билем, Актанды өз балаңдай жакшы көрөсүң, сенден үйбүлөгө карамдуу, мээримдүү аял чыгат деп ишенем…
- Мен сизге эмне деп жооп беришти да билбей турам…
- Сен мени жаман көрөсүңбү?
- …Ооба… Ой, жок…- деп мукактанып, эмне дээрин билбей калды Алтынай.
- Анда эмне болду, сен мени сүйөсүңбү? Кана мени тике карап айтчы?
- Мен сизге азырынча эч нерсе деп жооп бере албайм. Качан Замира эже менен биротоло чечишесиз, ошондо гана жооп берем…
- Макул, андан эч кам санаба. Эгерде Замира экөөбүз ажырашсак, сен мага турмушка чыгасыңбы?
- Аны ойлонуп көрөйүн… Сиз мени жарга такап атасыз го… Эмне деп жооп беришти да билбей калдым. Жашоо деген оюнчук эмес. Эртеңки күнү мен да ыйлап көчөдө калгым келбейт.
- Аның туура дечи. Макул, мен сага убакыт берейин, азыр үйгө барып, Замира менен дагы сүйлөшөйүн.
- Бирок, Замира эжеге менин колумду сураганыңыз тууралуу эч нерсе айтпаңыз, антпесе…
- Камсанаба, ага эч нерсе айтпайм. Мен да түшүнөм, - деп Алмаз төш чөнтөгүнөн кооздолгон кутучадан алтын шакекти алып чыкты да, Алтынайдын колун коомай кармап, манжасына салды. Алтынай шакекти алып сала албай ыңгайсыз абалда калды.