"Агым", 08.08.08 - 17-бет: Тагдырдын тайгџлџк ташы...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Тагдырдын тайгүлүк ташы

Аскер кызматын кыялданган Алмаз
аскер бөлүгүнөн ажал тапты
Коргоо министрлиги аскердик кызмат өтөгөн жоокерлердин жакшы жашоосун көрсөтүп, жаш уландарды ата мекенине кызмат өтөөгө чакырганы менен армиянын тартибин, ал жердеги көмүскөдөн ачыкка чыкпаган былыктарын ата-эне кайдан билсин. Эки күн мурун редакциябызга аскерде эки ай кызмат өтөп каза тапкан баланын агасы Таштанбек кайрылды. Анын айтып бергендерин гезитибизге жарыялоону эп көрдүк. Алмаз үйбүлөнүн көкүрөк күчүгү, үч бир туугандын кенжеси эле. Ал сегиз айлык кезинде атасыз калган, апасы үч баланы жалгыз өстүрүп, турмуштун кыйынчылыгын тартып тарбиялаган. 4-июль күнү Алмаздын капысынан көз жумгандыгы бир туугандарына, апасына орду толгус жоготуу болду. Бүгүн, Алмаздын өлгөнүнүн кырк күндүгүнө куран окутушат.

- 1988-жылы туулган иним Саагалиев Алмазбек, үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинде аскерге чакырылып, Коргоо Министрлигинин Бишкек шаарындагы Логвиненко көчөсүндө жайгашкан №29713 аскер бөлүгүнө кызмат өтөөгө түшкөн. 17-майда эле ант берген. 4-июль күнү военкоматтан эки киши келип, иним Алмаздын көз жумгандыгы тууралуу суук кабар угузушту. Ошол жерден эмне болуптур, эмне себептен өлдү деп ызы-чуу сала сурамжылай баштасам, алар намаз окуп атканда жүрөгү токтоп калыптыр деген жоопту айтышты. Алмаз кызмат өтөгөн аскердик бөлүккө барсак, ал жердегилер да адегенде анын намазга жыгылып атып жүрөгү токтоп калганын айтып атышкан. Аңгыча аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү изилдеп: "Иниңди Даниел Түлеев деген солдат төшкө урган экен, ошонун натыйжасында каза тапты. Сөөгүн улуттук госпиталга алып кетишти" дешти. Апам инфаркт болуп, жүрөгү оорулуу эле, ага суук кабарды кечинде гана угуздук.
- Алмаз кантип көз жумуптур, кылмышкерлер ким экен, кандай көргөзмө берип атышат?
- Кылмышкер деп табылган Түлеев Даниелдин көрсөтмөсү боюнча ошол каргашалуу күнү Алмазды тамашалап төшкө коюп жибериптир. Алардын айтымында бири-бирин ойноп төшкө коюп саламдашышат экен. Соттук-медициналык экспертизанын алдын-ала чыгарган жыйынтыгында, Алмаздын көкүрөк сөөктөрү сынганын, өтү, сол өпкөсүнө кан толуп, башынан жаракат алып, жүрөгү жарылып кеткендиги анык болду. Экспертиза Алмазды өлгүчө таяк жегенин айтышты. Алардын жанында эки күбө бала бар экен. Биринчи экөөбүздү урган, анан Алмазды урган деп көргөзмө берип атышат. Мен ал балдарды күбө катары эсептебейм, ишенбейм дагы. Себеби, жаш, жаңы келген солдаттар болсо, "деддер" эмнени айт деп үйрөтүшсө, коркконунан ошону айтышат да. Балким, иним 1-2 саат мурун өлгөндүр, тергөөчүлөр келгенче эле кылмышкер өзүн акташ үчүн баардыгын даярдап туруп чакыргандыр, аларды азыр далилдеш кыйын.
- Алмаз көз жумганда анын сөөгүн көрдүңбү, кандай абалда экен?
- Каза болгон күндүн эртеси таң атпай өлүкканага барып, Алмаздын сөөгүн көрөйүн деп кирдим. Чекесинен өбөйүн деп карасам, мурдунан, оозунан кочкул кызыл кан агып атыптыр. Мен да аскер кызматында иштегендиктен, медициналык жардамдарды түшүнөм. Ичин кармасам капкатуу экен, ичине кан уюп кетиптир, төшүнөн акырын бассам, оозу-мурдунан дагы кан акты. Азыр Алмаздын чыга элек анализдери бар, анын дагы кайсы жери жабыр тартканын билебиз.
- Тергөө иштери кандай жүрүп атат?
- Аскер прокуратурасына азырынча эч кандай дооматым жок. 17-майда ант берүү аземинен кийин иним 3 күнгө эс алууга келген. Үйдө үч күн болуп, бир жума өткөндөн кийин эле кайра суранып келген. Үйгө келгенде анын чөнтөгүнөн блокнотун таап алып ичин карасам, аскердик ант, аскердин милдеттери жазылыптыр. Ичин барактап отурсам, аягында Ильясов, Карымшаков, Коенбаев, жана Ислам деген балдардын аттары жазылыптыр (Исламдын фамилиясы Абрамзаев экенин кийин билдик). Алардын фамилияларынын тушунда 50, 100, 200 сом деген жазуу бар эле. Мен Алмаздан бул эмне болгон акча деп сурасам, ал: "Байке, ушул туурасында ызы-чуу салбай эле коюңузчу, мени стукач дешет" деп эч нерсе айтпай койгон. Балдардын фамилиялары жазылган барагын айрып алып, бербей койгом. Бир күнү колум бошогондо иним кызмат өтөгөн жакка барып, бир ооз жетекчилерине айтайын деп ойлогом. Ошондон эки жума өтүп сөөгү келип атпайбы.
- Алмаз балдар менен чатакташып, же алардан кордук көрүп атканын айткан жок беле?
- Каза болооруна эки күн калганда Алмаз менин келинчегиме телефон чалып: "Байкем мага келип кетсинчи. Ал мага стукач болбо, качпа, чыда деп намыска тийип жиберди эле, менин мындан ары чыдамым түгөндү, алым да, күчүм да жетпей калды" деп айтыптыр. Келинчегим эмне болду деп сураса, "Мени Карымшаков деген бала эч себепсиз эле уруп-согуп атат. Төшүм да дем алдырбай аябай ооруп атат, чыдабай кеттим" дептир. Келинчегим алтынчы күнү эле барып алып келсин, ага чейин сарсанаа болбосун деп мага айтпай койгон экен. Бирок, ал мага Алмаз телефон чалды, алтынчы күнү барып алып келсеңчи, келбегенине көп болуп кетти деп кыйытып айткан. Ошол күнү күзөттө болуп үйгө келбей калгам. Эртеси күнү дагы телефон чалып: "Качан келип алып кетет, таптакыр чыдабай калдым" деп айтыптыр. Анын эртеси күнү эле Алмаздын каза болгонун уктук. Мурун бир келгенде апаман акча сурап, байкеме айтпаңыз, эгерде мен азыр алып барбасам, мени жаман кылышат дептир. Бирок, уруп-сабайт деп айтпаптыр, сарысанаа болбоңуз, баары эле жакшы деп алдап-соолап кетиптир. Күйөө балам менен карындашыман да акча сурап алыптыр. Апам Алмазга акчаңды кирип атканда эле алып коюшат да десе, "Акчаны чоңураак бүкүлү купюрага айлантып, төрт чарчы кылып жакаңа тигип келесиң" деп үйрөтүшкөн" деп айтыптыр. Ошентип, үйдөн акча алып кеткен экен. Ал жөнүндө мага айтышкан эмес.
- Алмаз аскерге өз ыктыяры менен кызмат өтөйм деп барды беле же?..
- Ооба, ал кызмат өтөгөндөн кийин контракт түзүп, ошол жакта аскер кызматкери болуп иштеп калам деп кыялданып, даярданып жүргөн. Мурда армиядан качып, альтернатива алып, ата-энесин ортого салган балдарды көрүп, жактыра берчү эмесмин. Азыр аларды туура түшүнөм, туура эле кылышат экен деп ойлоп калдым. Эгерде Алмаз деле качып кетсе аман калмак да. Расмий эмес маалыматтардан угушума караганда, быйылкы январь айынан бери эле аскерден ар кандай себептер менен көз жумган балдардын саны менин инимдики менен он бешке жетиптир. Иним өлгөндөн сегиз күндөн кийин өлүкканага барсам, ал жакта дагы аскер кызматкерлери чуркап жүрүшүптүр. Сураштырсам, Улуттук Гвардиядан дагы бир бала көз жумуптур. Анын кетээрине эки эле ай калган деп туугандары сыздап, чыркырап отурушат. Жазында Токмоктогу аскер бөлүгүнөн бир көлдүк баланы сабап өлтүрүп, асып коюшкандыгын ата-энеси чырылдап айтып бергенин бир гезиттен окуп, тобоо кылып койдум эле. Бирок, менин бир тууганымда да ушундай тагдыр кайталанат деп ойго келген эмес. Эми сот акыйкаты туура чечимин чыгарып берет деп турам. Кылмышкерди соттоп, аттырып салуу деле максат эмес, болгону ар ким өзүнүн кылган кылмышынын жазасын тартса, анча-мынча болсо да башкалар үчүн сабак болор деген ойдомун. Мен инимди сактай албадым, башка балдардын өмүрү, ден соолугу сакталып калабы деген тилектемин.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА
P.S. Аскер кызматынан жабыр тарткан, укугу тебеленген, уулдары көз жумган ата-энелердин кайрылууларына гезит бетинен орун беребиз.




  Эстутум

Карегим, уулум! Өзүңдү таппай турам!
"...Бүгүн менин эскерүү күнүм" дейт эмеспи Толгонай талаага келип. Ойлоп көрсөм, алаамат согуштан кийин айылда боору бүтүн, башы эсен бүлө жок кезде Толгонайдын арманын тыңшаар Жер Энеден башка эч ким жок окшобойбу?!
Менин да бүгүн эскерүү күнүм, балам... Ар ким өз арбайын соккон бу кыйсыпыр түшкөн заманда, кимдин арманы менен кимдин иши бар дейсиң?! Кусамды, сагынычымды, күйүтүмдү батырган ак баракты көтөрүп алып "Агымга" келдим. Сен жок жашаганыма он жыл болду. Тирүү адамдын күнү өтө берет экен да! Бирок мага мезгил токтоп калгандай... Мен сен бардагыдай антем, минтем деп кыялданбайм. Көрсө, бүт аалам бир тең, сенин барың бир тең экен мага. Сен окуган мектепти, биз жашаган үйдү айланып өтөм. Баары сени эске салып, баскан турганың көз алдымда турат. Көргүм келбейт. Качам. Канчага чейин минтип жашайм билбейм, балам. НУРДИНБАЙ, бүгүн менин сени эскерүү күнүм... Сени - менден башка эскере турган ким бар?!
Мен сенден -
айрылганым укканымда,
Түйүлдүм түйүнчөктөй,
чыңырдым чымылдыктай,
атылдым асманга жебе болуп...
Бирок -
көккө жете албадым!
Чагылдым чагылгандай,
төгүлдүм нөшөр болуп,
Бирок -
жерди тешип өтө албадым!
Көз жашым акты селдей,
өксүдүм, өзөлөндүм, эстен тандым...
кала бердим...
Же тирилтүү -
же кошо өлүү колдон келбей!
Табылбас -
эми бала мага сендей!
Өзүң жок-
дүйнө көрдөй, жашоо эндей!
***
Көңүлдү ыштап туюк санаа,
Көөдөндө ырбап туюк жара...
Кабылдап барат улам,
Табылбай эч бир дабаа...
Жүрөгүм солуктап,
Жан дүйнөм боздоп турат...
Күч барбы соорото алар?!
***
Аңгырайт аалам,
аңгырайт үйүм шамал ойноп,
күлкү жок, жылуулук жок...
Боштукка ушул сыйбай турам.
Муңумду жашыра албайм,
карекке батыра албайм,
дүнүйөм түгөл эмес,
тегиз эмес телегейим.
Артымда "апакелеп"
ыйлаарым жок...
Жашоонун баштагыдай
ыргагы жок...
Күч барбы кубат алар?!
Жан барбы жубата алар?!
***
Буюгуп -
бул ааламга батпай турам,
Көлчүктөй -
соолбой же акпай турам.
Көздөрүм издейт сени,
көңүлүм түңүлө албай,
бир жерден көрүнүп калабы деп...
үйдөн... көчөдөн...
тирүүлөрдүн арасынан...
Карегим!
Өзүңдү мен таппай турам!
Бурул КАЛЧАБАЕВА