"Агым", 01.08.08 - 5-бет: "Ак шумкарда" "Ак жол" тойлойт...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Полит-бүйрө билдирет

"Ак шумкарда" "Ак жол" тойлойт

Парламенттеги "Ак жол" фракциясынын лидерлеринин бири Кубанычбек Жолдошев эки күн мурда уулун үйлөп, куш боону майлап аткан чагы. Келининин атасы, тоюс, кудасы, экс-депутат, республикалык салык инспекциясынын начальник орун басары Жеңишбек Эшенкулов экен. Экөө тең бир облустан. Алар августтун орто ченинде Жалал-Абаддагы абройлуу ресторандардын бири "Ак шумкарда" үйлөнүү үлпөтүн өткөрүүнү белгилешти. Айтмакчы, Кубанычбек мырза Акаев заманында Ош облусун башкарып, март окуясынан кийин президенттик администрациянын уюштуруу бөлүмүн жетектеген. "Ээрге учкашкан жерде калбайт" деген ушул тура. Болбосо...

Таластыктарча өпкө көптүрүп

"Өмүрбек Бабанов "Кыргызстан" банкын сатып алыптыр. Молодец, эй!" деп бир дүңгүрөп алганбыз. Бирок, бекер эле сүйүнүпбүз. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, аталган банкка чет өлкөлүк бизнесмендер ээлик кылат имиш. Ал эми экс-депутат болгону "подставное лицо" экен. Мунун четин билип калышкан профессионал кызматкерлер жумушун таштап кетишүүдө. Маселен, банктын бухгалтериясы толугу менен бош калыптыр. Күнү кечээ "Кыргызстандын" вице-президенти Жаныш Молдокеев да отставка сурап, арыз жазды.

Акыйкатчылыкка жетсең - адыраң-дамайбы?

Мына ушундай. Кечээ бир маселе боюнча кабарчы кызыбыз Турсунбек ажы Акунга кайрылса, беттен алып койо берди. Башкы дооматы ушул - гезитибиздин өткөн сандарында чыккан интервьюсуна капа экен. Омбудсмен болгондон бери Акундун уулу Турсунбек өзгөрүлүп барат... Же бийлик кумарына мас болуп атабы? Койуңуз, Акыйкатчы антчү эмес. Жерге түшүңүз.

Тилектин стратегиялык тилеги

Жалал-Абад мэри Тилек Акамбаевдин кызматка келгенине төрт ай болот. Учурда Акамбаев шаарды оңдойм деп билек түрүнө киришип, стратегиялык план (эки жылдык) кабыл алганга да жетишти. "Бул максатымды жүзөгө ашырмайынча э-эч жакка кетпейм" маанисинде мактанып айтканына жанындагылар баш чайкап жүрүшөт. Көрө туралычы...

"Агым-пресс"