"Агым", 01.08.08 - 21-бет: Хусейин Карасаев...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Хусейин Карасаев

Накыл сөздөр
Атка жеңил, тайга чак
"Атка жеңил, тайга чак" - өтө элпек, тил алгыч адамдарга карата айтылат. Кээ бир учурларда кемсинтүү маанисинде да колдонулат.
Бул накыл кептин түбү кыргыз элинин улуу жомогу "Манастагы" каармандардын бири Сыргак баатырдын сымбатына барып такалат. Манастын чоролорунун ичинде Улаккандын Сыргагы өтө ак пейил, тил алгыч, кандай тапшырма болбосун мыкты аткарган, тууштуу, тыкан баатыр болгон экен. Эпостогу ошол каармандардын сапатын кыргыз эли накылга айландырган.
Аят - адис
"Аят" - Курандын ар бир сүйлөмү. "Хадис" - Мухаммед пайгамбардын бизге осуят кылып калтырган сөздөрү. "Казы" - шарият боюнча иш жүргүзүүчү тергөөчү. Бардыгы тең араб сөздөрү.
Баар табуу
"Баар табуу" - жыргал көрүү, үзүрүн көрүү, пайдасын көрүү. "Баар" - фарсы-тажик тилдеринде "бахра" болуп айтылат. Жогорку эле мааниде. Мындан башка да ушул тилдерден кирген "баар" деген сөз - жаз, көктөм деген мааниде.
Кунаажын тууду бир күнү
Жаздын баар айында, -
деген Тоголок Молдонун бир сабынан байкоого болот. Кыргыз тилинде "баар" да, "бахар" да бирдей айтылып, омоним болуп калган.
Баш оона айы
"Баш оона" - кыргыз элинин илгерки колдонгон айынын аты. Азыркы ай эсеби менен салыштырганда - август айына туура келет.
Алтайлыктардын тилинде август айы "күскү куран" деп аталат. "Куран" - элик. "Оона - тува тилинде эликтин ургаачысы.
(Хусеин Карасаев,
"Накыл сөздөр", 1995-жыл)