"Агым", 01.08.08 - 14-бет: Пайшамба...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Пайшамба


Капканга түшкөн "карт айгыр"
Жаш келин сууга өткөн сайын илгертен "өнөрү" бар коңшу чал айгырча азынап тийише берет. Буга териккен келин бир жолу коңшусунун жоругун күйөөсүнө айтып коюптур. Анда күйөөсү: "Ал азынаса, сен бээче кишенеп кой" дейт. Айтканындай эле чал азынаса келин бээче кишенеп коет. Булардын мындай "кишенешүүсү" бир нече күнгө созулат. Анан көп өтпөй эле келиндин күйөөсү аттанып-тондонуп, алыскы туугандарына жөнөйт. Иштин ойдогудай болуп атканына делөөрүгөн чал, түн жамынып шырп алдырбай келиндин үйүнө "уурулукка" барбайбы. Мындайдын далайын башынан өткөргөн карт бөрү мурдунун жыты бардай, келин жаткан бурчту илгертпей табат. Шаша-буша чечинип, дамбалчан шып эле келиндин койнуна сүңгүйт. "Жаш айгыр" колун "кош алманы" көздөй созгончо, "бул мен эле" деп шыбырайт. Бирок каран калгыр "кош алма" кайда кеткен, сыйпалап таппай калат. Ошол маалда жаагы "чуу" дей түшүп, ага кошул-ташыл свет жарк этет. Аң-таң болгон бечара чалдын көргөнү бу. Койнуна киргени тиги келиндин эңгезердей күйөөсү экен. Келин болсо светти жандырып коюп, чалды мыскылдуу тиктеп турат.
Көрсө, иштин чоо-жайы мындайча болуптур. Келиндин күйөөсү амалданып алыска кетимиш болуп, түнү менен кайра келет да, "карт айгырга" буктурма уюштурат. Жашабагыр келин азыр да "айгырды" көргөндө кишенелеп коет экен. "Айгыр" болсо кирерге жер таппай, шашып калат дейт.
Жапар МАМАСАДЫКОВ,
Алай району




Кокус сени гүл деп үзүп албайын!
Жалын чачып тийип турган асманда,
Табы кайтат күндү булут басканда.
Күн кайрадан кандай сүйкүм көрүнөт,
Ыйлап ийип бизге нурун чачканда.
Эрөөн албай тиктесең да эзиле,
Жаш алдырдым жалын чачкан көзүңө.
Эркелетсем күлүп ийдиң жарк этип,
Ошол кезиң окшойт күндүн өзүнө.
***
Сендей сулуу дүйнөдө бир кезигет,
Сени көргөн эт-жүрөгү эзилет.
Караңгыда капилеттен жолуксаң,
Өңүң жанган чыракдандай сезилет.
Өмүрүмдүн чаңкай түшүн бүтүрдүм,
Теңин бердим ташкындаган күчүмдүн.
Бирок сени бүгүн көрүп көчөдөн.
Сулуу деген эмне экенин түшүндүм.
***
Сен олтурсаң гүл жайнаган белесте,
Гүлдөй болгон көркүң калат элесте.
Жок калп айтам. Сени гүлгө теңебей
Гүлдү болот бир өзүңө теңешке.
Оо, кара көз, кол жетпеген ардагым,
Билбей турам сөздүн арнайм кандайын.
Олтурбачы гүлзарларда гүл өскөн,
Кокус сени гүл деп үзүп албайын.
Жакыпбек АБДЫЛДАЕВ,
Аламүдүн району



Аңгидоттор Тиги дүйнөдө жыргатмак белең?
Апенди каза болуп, жаназасы окулуп, мүрзөгө алынып жөнөгөндө аялы жер-сууну буза чаңырып кое берет: "Мени кимге таштадың кокуй, ала жат эле, ала жа-ат!"
Анда Апенди табыттан өйдө болуп: "Өмүр бою ала жатып жүрүп, өлүгүңдү көрөйүн жанды койбогон" дегенден башка жылуу сөзүңдү укканым жок. Эми тиги дүйнөгө барганда жыргатат белең, жайыма койчу" деген экен.

Шымымды шыпырба, чоң кыз!
Тар юбкачан бир кыз автобуска чыгайын десе, буту көтөрүлбөйт. Сыдырмасын бир аз бошотот. Баары бир буту тепкичке жетпейт. Дагы бошотсо - саал жетпейт. Жини келген неме мына эмесе деп сыдырманы аягына дейре түшүрөт. Аңгыча эркектин карылуу колдору кош жамбашынан карыштыра кармап, автобуска көтөрүп салат. Бийкеч ого бетер туталанат:
- Кандай уятыңыз жок кишисиз!
- О кокуй, чоң кыз, сиз менин шымымдын сыдырмасын жалжайта сыдырып салсаңыз, а-а ишаарытыңызды түшүндүм - бүттү, тил табыштык деп ойлогон турбаймбы.

Эже-сиңдини аял кылам деп эсим кетип атат
Эки аял ала коем деп эсим кетип атат. Мурунку аялым экөөбүз катуу сүйүшкөнбүз. Үйлөнгөндөн кийин он жылча төрөбөй койду. Айлабыз кетти. Ажырашалы десек бири-бирибизди кыя албайбыз. Ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры аялым өзү демилге көтөрүп, бир тууган сиңдисин алып берген мага... Мурда, аялым экөөбүз жашап жүргөндө, кулак-мурдум тынч болучу. Эми үйдө күнүгө уруш-талаш.Эже-сиңди чыркырашып эле атышат. Экөөнү ажырата албай, эки ортодо эсим кеткен мен. Чырды кичүү аялым баштайт. "Жолобо тигиге" деп атпайбы мени. Анын үстүнө төрөп да ийбедиби. Мени тим эле биротоло энчисине басып алды. Байкуш улуу аялымды аяйм да. Күн көрбөй калды. Ишенбей калдым, жанагы байбиче-токол ынтымактуу болот дегенге. Көрүп атам го... "Атаңдын көрү дүнүйө, арбыды мээнет күнүгө!" деген ушу да...
Чортеков Б., Талас облусу

  Справочный бүйрө

Ичим көбөт
С: Менин тез-тез ичим көбө берет. Кайнене-кайнатам менен чогуу жашайбыз. Уялып өлөм. Эмне кылышымды билбей да калдым.
Жамийла (аты өзгөртүлдү), Карасуу району
"П": Ичке жел толу (метиоризм) - тамак-аш жолдоруна газ өтө көп өлчөмдө чогулуу. Ал тамактын составына, жашка да жараша болот. Буурчак, капуста, кара нан, картошка көп жегенде да ичке жел толот. Ошондой эле тамак сиңирүүчү процесстер начар иштегенде, ичеги тарып жел чыкпай калган учурларда да метиоризм кармап калат. Дарыны биринчи эле диетадан башташ керек. Картошка, камыр тамактарды аз жеңиз. Клизма көп жасатуу зыян. Андан көрө көбүрөөк кыймылдаңыз, жел азырак жыйналат.
Кичине баш
С: Кымбаттуу редакция! Микроцефалия деген оору кандай оору? Подружкам кыз төрөсө доктурлар ошондой диагноз коюшуптур. Өзү жакшынакай, жакшы окуган кыз эле. Аны көрүп, күйөөгө тийгенден да коркуп калдым.
Айжамал, 19 жашта
"П": Микроцефалия - чакча баш, кичине баш дегенди түшүндүрөт. Бул оору сиз жазгандай, туулганда эле байкалат. Нормалдуу туулган баланын мээсинин салмагы 350-400 грамм болот. Ал эми микроцефал баланын мээси 250-300 грамм болуш керек. Эмгеги (родничок) жабык же бир айдан кийин эле жабылып калат. Ал бала кем акыл болуп өсөт. Дарысы азырынча табыла элек. Бир гана жол - боюнда барда алкоголдук ичимдиктерден, ар кандай оорулардан этият болуш керек.
Кой, бычпа
С: Саламатсыздарбы? Суроом одоно болсо кечирип коюңуздар. Бирок, мен бала отургузуу менен бычуунун айырмасын билбейм.
Келдибай
"П": Экөөнүн айырмасы аябай эле чоң. Бала отургузуу анын келечегине эч зыяны жок. Ата-бабаларыбыздан бери колдонулуп келаткан нерсе. Ал эми бычуу (кастрация) жыныстык бездин функциясын толугу менен токтотуу. Хирургиялык жол менен жыныстык без алынып ташталат. Кичинесинен бези алынып калган балдардын үнү, денеси, сөөгүнүн өсүшүнөн бери туура эмес өсөт. Үнү, сөөгү ичке, өзү семиз болушу мүмкүн. Ал эми рентгендик нур менен бычуу аялдарга гана жүргүзүлөт.
Даярдаган Т.Тажибаева