"Агым", 01.08.08 - 12-бет: "KG"...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 "KG"

Коом "каймактары" неге чогулду?
Кыргызстандын эларалык маркасын аталыш катары алган ШОУ-БИЗНЕС БОРБОРУ ачылды. Кыргызстанда алгач ирет экенин баса белгилейли. Алгачкы десек, продюсердик борборлорду мисалга алып териккендер четтен чыгар. Бирок, максатты чоң коюп, чоң каражат салып, кыргыз шоу-бизнесинин арышын кеңейтели деген ниетте алгач ирет жасалган аракет.

Аталган саамалыкты демилгелеген Улуттук биринчи каналдын башкы директору Мелис ЭШИМКАНОВ жана жаш бизнесмен Азамат КУРМАНАЛИЕВ шоу-борбордун ачылыш аземин шылтоо катары кармап, саясатчысын да, спортчусун да, кино, ММК, анан албетте, шоу дүйнөсүнүн мен-мен деген өкүлдөрүн да бир жайга чогултушкандыгын жашырышпады. Маданият министри Султан РАЕВ борборду Мелис мырзанын кезектеги авантюрасы деп баалап, бирок, "Меке киришкен соң, анда олуттуу иш тура" деп моюнга алды. Азем күбөлөрүнө аталган шоу-борбордун алгачкы мүчөлөрү - Кундуз КАНАТБЕК кызы жана БЕКАнын жаңы тартылган клиптери көрсөтүлдү. Каалоо-тилек менен катар өзгөчө БЕКАнын жаңы клиби сын-пикирлерди да жаңыртты. Маселен, обончу Асылбек ӨЗҮБЕКОВ "батыш багытында алыска кеталбайсыңар, эч кимди таңгалдыра албайсыңар" деп демилгечилердин бири Азамат Курманалиевге ишти баштардан мурда туура багыт тандап алууну сунуштады. Шоуайым атыгып жүргөн Ассоль МОЛДОКМАТОВА аталган борбордун кадыр-баркына теле жетекчисинин аброюн байлады. Ошентип, ар ойлор айтылды. Канча ой ичте сакталды. Канча талант тапталып чыгат, алардын арышы канчалык кенен, канчалык бийик болот, кезегинде күбө болорбуз, окурман.