"Агым", 25.07.08 - 6-бет: star_news....• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  star_news

Сапар СОПУБЕКОВ "Анар жолу" деген аталыштагы тасмага тартылууда. Ал эми сахналаш өнөгү Назми ушул эле тасмадагы эпизоддук ролдордун бирине макулдугун берген.
***
Аида КУЛУЕВА маданият министрлигинин тандоосу менен ар кыл багыттагы бир катар таланттардын арасында Францияга аттанар алдында турат. Кыргыз таланттар делегациясы Европадан 5-сентябрда кайтмакчы.
***
Султан САДЫРАЛИЕВ Россиянын 6 ири шаарын кыдырып кайтты. Продюсеринин айтымында, жол азабы гана болбосо, арбир концерти аншлаг менен өтүп, мекендештер кыргыз үнүнөн, ырынан кубаттанып калышты. Адаттагыдай эле Султанды коштой жүрчү жамгыр Россиядагы концерттеринин маалында да төгүп турган экен.
***
Самат ДӨӨЛӨТБАКОВ өткөн жума соңунда Бишкекти кыдыра, ал гана эмес тоо аралай "Учкум келет" деген ырына клип тарттырды. Жыйынтыгына жакын арада күбө болуп калабыз.
***
"Стардэнс" шоу-балети саратандын илебине карабай, номурдан номур даярдап, машыгуу менен алек. Анткени, алдыда продюсерлеш Алихан, Мирбектин жеке концерттери. Балким, аталган бий командасынын жеке кечеси да өтүп калышы ыктымал. Ал эми эсалууну "Стардэнс" августтун аягына, көл жээгине пландап турат.
***
Ильяз АНДАШ эсалуудан кайтып, экинчи ыр жыйнагына киришти. "Айгүлүм" ыры менен аяктаган алгачкы альбому күзгүгө белгиленген концертинде толук аткарылып, концерт аяктары менен толук бойдон бардык радиостанциялардан алып салынат. Кыязы, ырчынын бир ойлогону бар өңдөнөт.




  Жизнь деген ар кандай…

"Кызбуракчы" Сайкал САДЫБАКАСОВАнын жоруктарынан

Сайкалдын кичине кези. Балабакчада Лена деген досу бар эле. Бир күнү ошол досу бакчага жакшынакай, мончок тагылган, барпыраган аппак көйнөк кийип келет. Көйнөккө ашык болуп келген Сайкал эртеси сумкасына таттуудан толтура салдырып, оюнчук кошо көтөрүп алып бакчага жөнөйт. Анын баарын досуна берип, ашык болгон көйнөктү чечтирип, өзүнүкүн Ленага кийгизип келе бериптир. Иштен кайткан Гүлшайыр апасы адегенде Сайкал "мама" деп кайрылчу Кенже эжеси жаңы көйнөк алперген го деп ойлойт. Чындыгын уккан соң кызынын шоктугун тилдеп, эртеси көйнөктү кайра жеткирткен экен. Кийин мектепте да Сайкал ошол Лена менен классташ, курбу болуп чоңоюшту.
***
Секелек ырчыны элге кеңири тараткан "Эстей жүр" аттуу ыр. Ушул ырды жаздыруу үчүн студияга барганда кесиптеш эжелери да, студиядагы үн режиссер да ырды ийине жеткире аткартуу үчүн жаңыдан мамактары чыгып, чоңоюп келаткан Сайкалга "Жигиттер кат жазабы?", "Кимди сүйөсүң?" деген өңдүү суроолорду бере беришет. Сайкалдын оюндан, шоколаддан башка ою жок. Бир маалда баары: "Болуптур, эң жакшы көргөн нерсең эмне?" деп сурайт. Сайкал: "Шоколад!" деп жооп берет. Апасы: "Анда ошол шоколадды сүйгөндөй, аны элестетип ырда, балам" дейт. Ырдап бүткөн соң шоколад алып беребиз деген убадаларын алып туруп, Сайкал бир дем менен созуп коет. Ошентип, "Эстей жүр" ырын Сайкал жигит сүйүп эмес, шоколадга "сезим арнап" ырдаган экен.