"Агым", 25.07.08 - 22-бет: Бейтаалай....• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Сандан санга: сериал

Бейтаалай
Таң атканча ар кайсыны ойлоп, санаага батып, уктабай чыккан Замиранын таңга жуук көзү илинип кеткен экен. Капталга нукуп ойготкот Алмаздын:
- Тур, доктурга баралы, - деген үнүнөн ойгонду. Көзүн ачса таң атып калыптыр.
Замира менен Алмаз тамактанышкан да жок. Жуунуп, кийинип алып бейтапканага барышты. Жолду карата экөө өз ойлору менен алек болуп атышты. Бейтапканага барышса кудай жалгап УЗИде кезекте эч ким жок экен. Замира менен кошо Алмаз өзү кирди. Врач аял Замираны текшерип туруп:
- Эки жарым айлык боюңузда бар экен, - деди. УЗИден такталгандан кийин Замира менен Алмаз сыр бербей, сыртка чыгышты.
- Эми эмне кыласың? - деп сурады, бейтапкананын сыртына чыккан Алмаз Замираны карап.
- Эмне кыл дегени турасың? Төрөйм да…
- Курсактагы бала меники эмес, ошондуктан экөөбүз документалдуу түрдө ажырашуубуз керек.
- Мен сени менен ажырашпайм…
- Бул эмне дегениң? Ойношуңан боозуган балаңды мени бак дегени турасыңбы?
- Каяктагыны айтпачы, бул сенин балаң…
- Кантип уялбай айтып атасың?.. Сенде бет барбы?! - деп Алмаздын жаны кашая түштү.
- Сенин балаң эмес экенин далилде, анда кыйын болсоң. Эгерде мени менен ажыраша турган болсоң, анда тууган-туушкандарга, тааныштарыңа, иштеген жериңе барып, боюмда жаңы болгондо Алмаз мени кызганып, аборт жасат болбосо ажырашам деп атат деп чыр салам. А сен кантип оозуң барып, ойношунан боозуду деп айтасың. Экөөбүздүн балалуу боло албай, менин доктурдан доктурга көрүнүп жүргөнүмдү бизди тааныгандардын баары билишет. Сага эч ким ишенбейт! Каалаган ыкмаңды колдонуп, кыйын болсоң мени менен ажырашып ал, мен сенден кетпейм, бул баланы да атасыз өстүрбөйм, - деп мисирейген Замира Алмаздын айткан сөздөрүн укпай, жөө басып кетти. Аялынан мындай сөздү күтпөгөн Алмаздын эмне дээрин билбей, Замираны карагысы да келбей жумушуна кетти.

Бейтапканадан үйүнө чейин шашпай жөө басып барды. Үйгө келсе, Алтынай менен Актан эшиктин алдындагы отургучта отурушкан экен. Алтынайды көрүп, өзүнөн-өзү кыжыры келген Замира:
- Сен менин бактымды талкаладың го, деги сенден кантип кутулам. Үйдөн кууп чыксам да болбой келип алдың, деги сен кимсиң?!- деп кыйкырды.
Алтынай эмне дээрин билбей, кайсалактай түштү.
- Ташта, алдагы колуңдагы баланы! Тууп алган балаңан бетер, аны бетиңе кармап, Актан үчүн эле келип атам деп кайдагы калпты айтпай! Алмаз экөөңөрдүн ортоңордо бирдеме бар го, антпесе, ал сени эч жака кетпейт деп жанталашпайт эле. Эгерде, жаман арыңда Алмаз экөөбүздү ажыраштырып тийип алайын деген арам оюң болсо, шашпагын! Мен сага Алмазды жөн эле кармата койбойм, ошону эсиңен чыгарба! Эми оозуңду ачып, көзүңдү жалдыратпай, тур, ашкананы жыйнап, тамак жаса! - деп буюра сүйлөдү Замира. Жанатан Алмаздан уккан сөзгө ызаланып келаткан Замира, жинин Алтынайды урушуп чыгарып алды. Анын кош бойлуу экенин билген Алтынай Замира менен айтышып, урушкусу келбеди. Бир чети аны аяды.

Түштөн кийин Алмаз жумушунан келди. Уктоочу бөлмөдө кериле жаткан Замиранын жанына келип:
- Кеч боло электе экөөбүз жакшылап чечишип, сүйлөшүп алалы, - деди.
- Боюман алдырбайм… - деди Замира дароо эле.
- Өзүң бил, баарыбир ал менин балам эмес. Сен боюңан алдырсаң да, төрөсөң да баарыбир мен сени менен жашабайм. Экөөбүз маданияттуу адамдардай, бири-бирибизди түшүнүү менен тынч эле ажырашып кетели. Боюңдагы балаң меники эмес болсо да сени көчөгө таштабайм. Сага квартира сатып берип, материалдык жардамымды берип турам. Бирок, балаңа фамилиямды бербейм. Эгерде антпейм, ажырашпайм десең, анда мени менен чогуу жашоо өзүңө эле оор болуп калат. Себеби, мен жакында үйлөнөм, башка аял алам. Баарыбир жашообуз болбойт, анын үстүнө мен сенден көңүлүм катуу калды, сени сүйбөйм дагы, ошондуктан кечке чейин ойлонуп жообун бер, - деген Алмаздын сөзүн уккан Замира:
- Кайсы шуркуяга үйлөнөйүн деп турасың? - деп ыйлап жиберди кызганычтан.
- Кимге үйлөнөөрүмдү жакында билесиң.
- Сенин кимге үйлөнөөрүңдү сезип турам, бирок, ал шуркуя менен баарыбир бактылуу боло албай сың! Бул үйгө башка аялды киргизбейм!..




  Сот процессинен кийин…

"Депутаттын 50 "миң сому оорукана "чыгымына да жетпейт"
Үстүбүздөгү жылдын 9-янва-рында Бишкек шаарынын Горький көчөсүндө жайгашкан Кыргыз-Орус-Славян университетинин 1-курсунун студенттери Аскат Жээнбеков менен Нурболот Козубаевдин ортосунда пикир келишпестиктен улам чыр чыгып, ортодогу мушташтан улам Нурболот Козубаев эс-учун жоготуп, "тез жардам" менен ооруканага жеткирилген. Нурболоттун денесине оор жаракат келтиргендиги үчүн Аскат Жээнбековдун үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп, жакында Октябрь райондук сотунун чечими чыкты. Ал сот процессинде Аскат Жээнбеков күнөөсүз деп табылып, кылмыш иши токтолуп, сот залынан эч жазасыз чыкканы Нурболоттун жакындарына нааразычылык туудурду. Алар соттун чечимине макул эместигин билдиришип, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылышкан. Редакциябызга келген жабырлануучунун атасы Бактыбек Козубаев 5-каналдын жаңылыктарынан Нурболот менен Аскаттын мушташканын уюлдук телефон камерасына түшүрүлгөн тасмасын көрсөткөндүгүн маалымдап, төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Ошол күнү Нарындан Бишкекке келсем, Нурболот Бишкек шаардык № 4 оорукананын сыныктар бөлүмүндө денеси, бети-башы жарылып, төшүнүн сол жагы көпкөк болуп көгөрүп, бинт менен таңылып жаткан экен. Таң атканча ооруканада баламдын жанында болуп, эртең менен врачтарга жолуксам, алар Нурболоттун сол акыреги сынып, башынан жаракат алгандыгын айтышты. Ишимен убактылуу отпуска алып, өзү туруп баса албагандан кийин баламдын жанында 25 күн жаттым. Ушул убакыттын ичинде Нурболот жалпы наркоз менен сол акырегинен эки жолу операция болду. Андан кийин дагы бир ай амбулатордук дарылануу деп үйдө карап жаттым. Соттук медициналык экспертиза Нурболот денесинин көп жеринен жабыркагандыгы тууралуу жыйынтык чыгарды. Ошонун негизинде 10-январда Бишкек шаардык Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылгам. 12-январь күнү Нурболотту сабаган Жээнбеков Аскат Жусупжановичтин үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 105-статьясынын 1-2-бөлүмүнүн 6-пунктунун негизинде кылмыш иши козголгон. Андан кийин тергөө иши жүргүзүлүп, тергөөчүлөр келип бизден сурап атышты. Тергөөчүлөрдөн "Нурболотту сабаган балдарды таптыңарбы?" деп сурасам, алар "таппай атабыз" деп айтышты. 2008-жылдын 12-мартында кылмышкердин табылбай жаткандыгына негизделип, Октябрь райондук Ички иштер башкармасынын тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты Жакып Баракбаев тарабынан кылмышкер Аскат Жээнбековдун үстүнөн издөө жарыяланып, токтом чыккан. Андан кийин ошол чечимдин негизинде А.Жээнбеков 1-апрелде Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалып, бирок ошол эле күнү кечке маал ЖК депутаттарынын өтүнүчү менен Аскат Жээнбеков Октябрь райондук соту тарабынан камактан бошотулган. Тергөө амалдары бүткөндөн кийин бул иш Октябрь райондук соту тарабынан каралып, 11-июнда Осмонов Айдар Касымалиевич төрагалык кылган сот процессинде, убакыттын өткөнүнө байланыштуу, жана дагы эң жакшы жүрүш-турушу, жашынын аздыгы, өзүнүн мурда соттолбогондугу, жашаган, окуган жеринен жакшы мүнөздөмө берилгендиги үчүн Жогорку соттун төрагасы Жаңыл Алиеванын атына 27 депутаттын кол коюп берген мүнөздөмөсүнүн негизинде эч жазасыз эле сот залынан бошотулуп, Козубаев Нурболоттун жазган арызы канааттандырылбасын деген чечим чыгарды. Биз бул токтомго макул болбой, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылдык. Бул кылмыш иши азыркы мезгилде Бишкек шаардык соту тарабынан Сергей Сергеевич Панкратов төрагалык кылган соттук коллегия Жусупова Жамал Жусуповна, Батыралиев Болот Бакирович тарабынан каралып атат. Төрт жолу сот процесси болуп өттү. Үч жолкусунда Аскат Жээнбеков ооруп калгандыгына байланыштуу деп азыркы мезгилде кароо процесси токтоп турат. Айтмакчы, "окуган жеринен жакшы мүнөздөмө берилген" деген Жогорку соттун токтомуна кошулууга болбойт. Себеби, Кыргыз-Орус-Славян университетинин 1-курсунун студенти Аскат Жээнбековго факультеттин деканы Р.М.Муксиновдун берген мүнөздөмөсү мындай: "За период учебы с сентября 2007 года по январь 2008 года Жээнбеков Аскат Жусупжанович часто пропускал занятия, за первый семестр имеет шесть задолженности, не сданные за первый семестр. Жээнбеков Аскат Жусупжанович отличается неуравновешенностью, неспокойным конфликтным характером" деп. Аскат Жээнбековдун өзүнүн "конфликтый характери" бар экендигин анын "Супер-инфо" гезитинин (№ 286, апрель, 2008-жыл) "Сурак бурчуна" берген жообу далилдеп турат. Ал "…рэкетчилик "мужики" жана "терпилы" деп экиге бөлүнөт. Мужики - бул тың чыкмалар. Ал эми "терпилы" өздөрүнө салынган салыкты берип, жумшаган жагына барып, унчукпай чыдап жүргөндөр" деп рэкетчиликтин, демек, "чоң муштумдун" өзү экендигин далилдеген.
- Балаңыз ооруканага жатып калганда Аскат Жээнбековдун ата-энеси келип, сиздин астыңыздан өтүп, ортоңуздарда өз ара келишим түзүлгөн жок беле?
- Аскаттын атасы ЖК депутаты Жусупжан Жээнбеков келип, уулунун атынан кечирим сураганда, мен: "Балам айыгып, ооруканадан чыксын, ошондон кийин сүйлөшөбүз" деп айткам. Нурболот айыгып ооруканадан чыккандан кийин ата-энелер сүйлөшүп, окуган жеринде мугалимдер, студенттер арасында бул боюнча талкуу болуп, Аскат Жээнбеков баарынын көзүнчө кечирим сурап, мындай экинчи кайталанбайт деген жигиттик сөзүн берген. Бирок, ага карабай эле Аскат Жээнбеков ары-бери өткөн сайын эле: "Сенин колуңан эмне келди! Колуңан келген нерсени жасап алдыңбы?" деп Нурболотту жолдошторунун арасында кемсинтип, анысы аз келгенсип гезиттерге интервью берип, Нурболотту сабап аткан уюлдук телефон менен тартылып алынган кадрды "Мен чыныгы мужикмин!" деп шаардагы жаштар арасына мактанып таратып жүргөнүн кармадык.
- Аскат Жээнбеков тарабынан материалдык, моралдык жактан жардам болдубу?
- Моралдык жактан жабырланды деп бир тыйын төлөп беришкен жок. Ал эми материалдык жактан кеткен чыгымды өзүңүздөр билесиздер, ооруканада бир ай жатып, эки операция канча тураары баарына эле белгилүү болсо керек. Күнүмдүк тамак-аш, алты айдан бери Нарынга улам барып-келген чыгымым, Бишкекте тууган-туушкандар жок, мейманканада жатканым жөнүндө эч кандай сөз кылган жокмун. Бул жерден моралдык жактан жабырланганы тууралуу сөз болуп атат. Нурболот ооруканадан чыкканда Жусуп Жээнбеков мага 50 миң сом берген, алганымды танбайм. Сотто деле алганымды айткам. Эгер ушунун баарын эсептей турган болсом, берген 50 миң сому оорукананын чыгымына жетпей калат.
Менин минтип ММКларга кайрылып атканымдын себеби, биринчи сот процессинде акыйкаттыкка жетпегенибиз аз келгенсип, менин үстүмөн Жогорку Кеңешке, Башкы прокуратурага 27 депутаттын кайрылуусу, Жогорку соттун төрагасына арыз жазышы эмнени түшүндүрөт?! "Уурусу күч болсо, ээсин доого жыгат" болуп, кайрадан менин үстүмө арыз жазышып, мени кылмышкер катары күнөөлөгүсү келишет. Ошондон улам телевидениеге интервью берип кайрылгам. Андан кийин 5-каналдан "Майдан" телеберүүсүнө ЖК депутаты Жусупжан Жээнбековду чакырып, түз эфирге чыгуусун сурандым. Ал өзү келбей, жардамчысын жиберди. Ошол жерден депутат Жусупжан Жээнбеков телефондон интервью берип: "Балам экөөбүз өлкөбүздүн патриотубуз, биз өз Ата мекенибизди коргойбуз" деп айтты. Ушул сөзү менен ал баласынын жасаган кылмыш ишин эл астында колдоп, ошондой тартип бузуучулукка баруусуна өзү түрткү берип атат деп ойлойм. Себеби, баласы экөө ушундай ыкмалар менен элин-жерин, патриот болуп ата-мекенин коргоп атса, анда биз балам Нурболот экөөбүз гастербайтербизби, же сырттан мамлекетти басып кирген баскынчы фашистпизби, же бул түштүк-түндүк деп бөлгөнүбү. Түшүнө алган жокмун.
- Кийинки сот процессинен кандай жыйынтык күтүп атасыз?
- Соттун акыйкат чечимин күтөм. Кылмышкер өз жазасын алышы керек.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА
P.S. Редакция экинчи тараптын да пикирин угууга даяр.