"Агым", 11.07.08 - 20-бет: Пейджер...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

 Пейджер


Урматтуу окурман!
Кимдир бирөөгө же айрым бир жагдайда сын-пикириңиз, зарыл сөзүңүз, каалооңуз барбы? Ар аптанын экинчи күнү (шейшемби) эртең мененки 10дон 12ге чейин 66-55-68 телефонуна чалып же AGYMpage деген сөздөн баштап 3030 номуруна SMS-билдирүү жөнөтсөңүз болот. 3-4 сүйлөмдөн ашпаган куйкум сөзүңүздү, боорду эзген азил оюңузду, көңүл көтөргөн куттуктоолоруңузду күтөбүз. Бүйүр кызыткан билдирүү ээси "Пейджердин" белегине арзыйт. "Пейджер" - сиздин үнүңүз! Чалыңыз, SMS-билдирүү жөнөтүңүз.

П-550. Депутат Улукбек Ормонов, сиз алгач кечинде үйүңүзгө келгенде теледен парламенттик саатты угуп көрсөңүз. Кыргызча, орусча аралаштырып сүйлөсөңөр, анча-мынча киши түшүнбөй калат. Тил маселесин профессор, адис Коңкобаевге караганда сиз жакшы билесизби? Илгертеден "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" деген сөз бар. Акылыңыз, алыңыз жеткен, тишиңиз өткөн нерселер менен алпурушсаңыз. Жаныбек.
П-551. Бөлөм Жакиева Марапатты 11-июль туулган күнү менен куттуктайм. Денсоолукта узак жашап, каалаган ой-максаттарыңа жет. Айсулуу.
П-552. Акүйдө иштеген акылмандар кышкыга эмитен кам көрүп, элге тезек даярдагыла деп жатыптыр. Элди багалбай тентитип, жерине ээ болалбай башкаларга берип, колго илинер өндүрүштү иштеткендин ордуна сатабыз деп жулунгандары аз келгенсип, эми тезек тердиртери эле калыптыр. Мейли, буга да макулбуз. Бирок биринчи өздөрү Акүйгө, резиденцияга тезек терип даярдап, элге үлгү көрсөтсүн. Акматжан Нурдөөлөт, Жалалабат.
П-553. Япониянын Хоккайдо префектурасында үй салып жашоо үчүн бекер жерлер жана жардамдар берилип жатыптыр. Бишкектин тегерегинен жер алалбай жүргөн кыргыздар, өзүбүздөн тийбесе да, Япониядан жер тийип калар. Тезинен Хоккайдого жөнөңүздөр. Караш Насер.
П-554. Сессиямды араң бердим. Атамдай болгон мугалим көзүн кысып, баа койбой, көпкө убара кылды. Айла жок, көзүмдү жумуп, этегимди ачып бердим. Кийинкиңе да жардам берем деп коет, карыган теке десе! Жайнагүл.
П-555. Максат менен Гүлшайырды биринчи неберелүү болушу менен куттуктайм. Дөөлөт күтүп, бирге өнүп-өскүлө/ Бийик-бийик давандардан өткүлө/ Уул-кыздын урматына бөлөнүп/ Узак жашап, чоң бактыга жеткиле. Чоң кудагый.
П-556. Ош базарында байпак сатып, үйбүлөмдү багып, нан таап жеп жаттым эле, Данияр Үсөнов мэр боло калып, жеп аткан нанымды тартып алды. Ош базарын "тазалайм" деп биздей карапайым элди ыйлаткан Данияр деле мэрликтен түштү. Биздин каргышыбыз майлуу орунга көпкө отургузган жок окшойт. Токтобүбү.
П-557. Кыргыз эмнени чанды? Кыргыз өз динин чанып, христианин, будда, иудизм, мун жана башка ар түрлүү диндерди кабыл алды. Караш Насер.
П-558. Биздин Кыргызстанда гана чөнтөгү жука элибиз тезек терсе дагы бийликтеги чиновниктерди кошо багат. Элибиз эл эмес бекен! Биздин элдей кең пейил эл дүйнөдө жок. Элмира.
П-559. Мурда маршрут айдагандарга бир сом берсең, кагып-силкип, ыргытып коюшчу эле. Жол кире кымбаттагандан бери байкуш бир сомдуктун багы ачылды. Бапестеп, барктап, тизмектеп койчу болду айдоочулар. Назира.
П-560. "Муж на час" кызматын чакырып, алардын иштегенин көргөндөн кийин күйөөгө такыр тийгим келбей калды. Бир саатта бүтүргөн ишине бир жума нааразы болдум. Нуржан.
П-561. Бу Акүйдөгүлөр кары-картаңдарды качан ойлонуп баштайт? Берген акчасынын дайны жок, тамак-аш деген күндөн-күнгө кымбаттап жатат. 40-50 жыл тынбай иштеп, көрөрүбүз ушул беле?.. Кайырса апа.
П-562. Кечээ жакында сүйүп-күйүп жетпей калган махабатым көз жарыптыр. Кубанганымды айтпа, эй! Как будто өзүм кыздуу болгонсуп. Анан ичим аябай ачышты десең... Куттуктап койойун деп звандасам, күйөөсү алса болобу телефонду! Үн чыгарбай, өчүрүп салдым. Ошондон бери соткамды жандыра элекмин. Эми минтип гезит аркылуу куттуктап жатканым. З....а, бешик бооң бек болсун! Турмуш куруп кеткениңе карабай сени сүйгөн бирөө бар экенин унутпа! Уланбек, Токтогул.
П-563. Данияр Үсөнов ээрден шыпырылды. Эртең кимиси кетет болду экен? Бир караган адамга Бакиевдин командасы чачырап бараткандай туюлат. Же бул күз күрөш катуу боло тургандыгынын белгисиби?.. Гүлайым, Чүй.
П-564. Боюнда бар аялдар анализдерин бекер тапшырып, бекер дарыланат деп уккам. Бирок, болбой эле медсестра 100 сом алып койду. Эмнеге десем, пол жууган техничкага төлөп беребиз дейт. Кызык, боюнда бар аялдардан алган акчаны пол жуугучтарга айлык кылып төлөп беришеби?.. Зина.
П-565. Атабыз Калиев Сагындыкты июль айында 50 жашка чыгышы менен куттуктайбыз. Ата, эч качан оорубай, көп жашаңыз. Апабыз менен бирге дөөлөттүү карылыкта өмүр сүрүңүз. Уул-кыздар, күйөөбала, неберелериңиз.
Жеңүүчү - кыргыз менен "мактанган" Элмира (П-558), редакция менен байланышыңыз.
Даярдаган
Канышай БЕШБАЕВА