"Агым", 04.07.08 - 6-бет: СЕЙИЛ МАЕК....• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  СЕЙИЛ МАЕК

Политбүйрө билдирет
Генпрокурорду тоотпогон,
КТРди алдаган,
Байлого бакырган бизнесмен-мэр
Бишкек мэринин адыраңдамайы токточудай эмес. Генпрокуратура мыйзамсыз деп сөөмөй кезесе бовой, Данчик мырза лотерея кумарын улантып атканы. Эки ай мурда шаардык чиновниктер жана улуттук телерадиокорпорациянын жетекчилери (жалпы 100дөй адам) менен жыйын куруп, телекамеранын алдында "ажонун тапшырмасы менен 50 жылдыгыңарга карата КТРге 50 сотке жер (баасы дээрлик 400 миң доллардан ашуун) берем, анан да ишибизди үзбөй чагылдырганыңар үчүн ай сайын 500 миң сомдон которуп турам" деп "балп" эттирген. Бир жума мурда болсо "антип убада берген эмесмин" деп танып, адатынча ооз ачырды. Мурдагы күнү депутат Н.Байлого бакырды мэр мырза, "мени ЖоКеге неге чакырасыңар?" маанисинде. Д.Токтогулович чындап эле алыс узабай калды өңдөнөт.
М.Конгантиев - министрлердин көч башындабы?
Көз карандысыз социологдордун изилдөөсүнө таянсак, өкмөт мүчөлөрүнүн арасынан рейтинги эң жогору, эл оозуна арбыныраак алынган - ички иштер министри Молдомуса Конгантиев болуп чыкты. Айрым билермандар бу көрүнүштү ТВга үзбөй чыгарган пиарщиктердин салымы деп эсептешүүдө.
Атасы депутаттын муштуму чоңбу?
Парламент мүчөсү, СДПК партиясынан шайланган Жусуп Жээнбековдун уулу Аскат курсташ жигитти ырайымсыздык менен сабап салган экен, атасынын аброюбу, калыстык орнобой, сот процесси уламдан улам сагыздай чоюлуп келатыр.
"Жаңы ордонун" ыпыластыгын билебиз,
а беркилерге
эмне шам?
Калемдештерибиздин арасында атаандашуу болгонуна каршы эмеспиз. А бирок Бекен деген неме (Назаралиев) чыгарган "Жаңы ордо" гезити биздин "Агымга", мурдагы жана азыркы кожоюндарыбыз М.Эшимканов менен Б.Наргозуевге долу катындардай үзбөй асылып жүргөнүнө көнүп деле, көңүл бурбай деле калганбыз. Буларың го Акүйдүн мармар ташына көчүктөрүн такап алып, чамгарактап атыптыр дейли. Ал эми "оппозициябыз!" деп төш каккан, "Агымдын" нанын жеп адам болушкан "Де-факто" менен "Аалам" гезиттериндегилер кайсы арына бизге кырчаңгыдай сөйкөнүшөт, ыя?
Мадумаровдун көзүн ким көгөрттү?
Борбордун белгилүү кафелеринен жакында экс-спикер А.Мадумаров күтүүсүздөн пайда болуп, саал кызуурак, сол көзү көгөргөн, настроениеси нөл экенин байкагандар баш чайкашыптыр. Чунак бала, кызматтан кулаганга да ушунча жүдөйбү?
"Агым-
пресс"




  Саясатка "үйлөнгөн" социалист

"Атамекен" лидери Өмүрбек мырза менен кезигүүнү өз кеңсебизде белгилеп алып, бели ооруксунуп турганын көрүп, ыңгайсыз боло түштүк. Ошентсе да тамашага чалып, суроону дал ушундан баштадык.

Өмүрбек Текебаев:
"Дале кычыраган жаш жигитмин"

- Белиңиз ооруксунгансып турат, карылыктын белгисиби?
- Мектепте, кийин студент болуп жүргөндө деле агайлар бизге картаң көрүнчү. Кээде 1-2-курстун кыздарына сөз сүйлөп, тамашалап калышса, итиркейибиз келер эле. Азыр ойлосом, көрсө ошондо алар 35-40 жаштагы кычырап турган жаш жигиттер экен. Мына азыр 50гө жакындап калдым. "Эл ортону элүү" деп кыргызда бекеринен айтпаса керек. Мен өзүмдү мурдагыдай эле жаш сезем. Жаш кездегидей эле аягы бүгүн-эртең бүтөрү белгисиз бир ишке баш-отум менен кирип кеталам. Бул - асыл идеялар үчүн тобокелге баралган жаштыктын белгиси. Дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө болбосун, жаштар алгач социалист болушат. Анткени, бул - социалдык адилеттүүлүк. Түбөлүк жаш социалисттик партиянын мүчөсүмүн. Ошондой эле жаштык романтизм, максимализм бизге мүнөздүү.
- Канчалык жаштыкты оозанганыңыз менен чачыңызды дээрлик ак аралап калыптыр…
- Кечээ биринчи ирет кызым: "Ата, сен карып калыптырсың" дейт. Сүрөттөрдү карап салыштырган окшойт. "Кызым, мен кары эмесмин. Мен толукмун" деп жооп кылдым.
- Сизди жакындан билген адамдар романтизм сакталып калгандай, жүрөккө тийген жагдайларда сентименталдуулугуңузду, мисалы, атаңыздан эрте ажырап, "жок дегенде бир костюм кийгизгенге үлгүрбөй калдым" дегендей, балакезден берки кызыл сызык менен келаткан арманыңызды кармай алган сапатыңызды айтып калышат.
- Менимче, бул бардык эле адамдарга мүнөздүү. Болгону, алар тигил же бул даражада ачылып көрүнөт. Кыргызда арман деген философиялык түшүнүк бар. Бири кем дүйнө деген. Өзгөчө, жаш балдар сезимтал, бирок, түнт болушат. 6-7 жашымда жылдыздарды карап, өмүр, өлүм жөнүндө ойлоп алып, эч нерсе түбөлүксүз турбайбы, апам, атам, туугандарым да жок болобу, мындай болбосо экен деп тилене берчүмүн. "Атомдук согуш болот экен" деген кеп 60-жылдары катуу чыкпады беле? Кайсы жерге жертөлө казуу керектегин айылдагылар чогулганда олуттуу сөз кылышар эле. Мектепте противогаз сакталган чатырды билет элем, эгер жанагы алаамат болуп калса, биринчилерден болуп чуркап барып, ата-энеме, инилериме ченеп уурдап келем деп ойлончумун. Мындай драматизмге толгон курактан бардык балдар өтөт, бирок, чоңдорго айтышпайт. Мына азыр радикулит кармап турат. Төрт-беш жашар кезинде кызым менен паркта жетелешип жүрүп, жаратылыш жөнүндө, Күн төрт миллиард жылдан кийин өчөрүн, дарактар куурап, адамдар өлөрүн айтып бердим. Көңүлү суз тартып калды. Бул - оор ачылыш, себеби, алар баарын өлбөстөй көрүшөт. Бир аздан соң, менин белим оорурун айтып, андан адам өлбөйбү деп сурап калды. "Жок, муну радикулит деп коет, адам мындан өлбөйт" десем, көңүлү ачылып, секире ойноп кеткен эле. Ал эми улам чоңойгон сайын адам өзүнөн жаман ойду кубалаганга үйрөнөт.
(Уландысы 12-бетте)