"Агым", 04.07.08 - 3-бет: Шадиев шадырањдап атты эле.....• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  ШОУ МАЕК

Мистер Мирбек
Турмуш табити
- Адамдардагы кандай сапаттар жагат?
- Ички дүйнөсү таза, өз сөзүнө турган адамдар.
- Турмуштагы баалуулуктарың?
- Жакын адамдарым, досторум, адамдардын көңүлү, сахна, муза, атамекен, эл, күйөрман калкым.
- Турмушта романтик-сиңби?
- Чыгармачыл адамдардын баары эле романтик болушса керек. Көбүнчө жүрөктө сезим жанып калганда романтик касиеттер арта түшөт.
- Кандай кыздар жагат?
- Акылдуу, ички дүйнөсү таза, ата-энесин сыйлаган, айланасындагыларга урмат менен мамиле кылган кыздар жагат.
- Кайсы улуттун ашканасына жакынсың?
- Чыгыш ашканасы жагат. Көбүнчө уйгур лагманын жейм. Кайсы жерде мыкты жасаларын жакшы билем.
- Кийинүү стилиң?
- Мурда мага спорттук кийимдер жакчу, бирок, бара-бара классикалык стилге ооп баратам.
Сахна энчиси
- Ырдап чыгалекте сахна кандай сезилчү эле?
- Кол жеткистей. Спорт ордосу балагезде мага аябагандай чоң, көшөгө арты таптакыр эле майрамдай сезилчү.
- Толкундануу азыр деле барбы?
- Аябай калчылдап, калтырак баскан учурлар да болгон. Бир-эки айлап чыкпай калсам, сагынгандыктанбы, азыр да толкунданган кездер көп эле.
- Сахнадагы достук бекем болобу же кызыкчылык басымдуулук кылабы?
- Баары менен жакшымын, айрымдары менен достук мамилем бар. Сахна мени тарбиялады. Мурда мен ырдагандарына карап мамиле кылчумун. Азыр мага азыр сахналаштарымдын адамгерчилиги манилүү.
- Сахна сени эмнеден айрыды, кандай өзгөрүү, турмушуңа кандай толуктоо алып келди?
- Убагында кумир тутуп, сыймыктанып жүргөн таланттар менен тааныштым. Элдин оозуна алындым, күйөрмандарды таптым, ошол эле учурда ири жоопкерчилик артындым.
Так секирип жүргөн эркиндиктен айрылдым, дегеним, мурдагыдай, көчөдө ээн-эркин, кенен басалбайсың, убактың чектелип калат. Кайда жүрсөң, сактанып жүрөсүң, себеби, сахна жоопкерчилиги деген бар.
Жеке дүйнөсү
- Кандай ойлор басат?
- Ыр. Адам эмне менен алек болсо, ошонун чегинен чыгалбайт окшойт. Кээде баарлашып олтуруп, ыр, обон ойго келе калса, жанымда бирөө бар экенин унутуп калам.
- Түштөрүңдүн түрлөрү кандай?
- Түшкө, аянга аябай ишенем. Кээде серия-серия түш көрөм. Сахнада чыгардын алдында ат минген элем. Кээде асманда учуп калам. Сахнада көңүл ооруп, максаттарым ишке ашпай калган кезде самолеттон кулап, кайра бир арканга жармашып атып, өөдө карай тырмышып чыккам. Айрым учурда шумдук окуялар, кыздар, романтикалык, а кээде сексуалдык түштөр кирет.
- Эртең менен апаң кантип ойготот?
- Мурда: "балам, тур" деп акырын ойготчу. Иш менен түн бир оокумда кайткандыктан, азыр акырын ойготуу мүмкүн эмес. Анан калса, жеткен уйкучумун. Азыр бирде апам, бирде карындашым келип, күчтөрү жетпегенде баштан ылдый суу куюп ойготушат.
- Кыялга бөлөнөсүңбү?
- Албетте. Сахнада ырдап жүрсөм да, кайра эле кыялымда - сахна. Элдин жүрөгүнө жеткен ыр жаратсам, күйөрмандардын сыйына дайым татып турсам дейм.
- Жандүйнөңдү кантип азыктанды-расың?
- Музыка менен. Поэзия менен.
Даярдаган Айнагүл САПАРБЕК кызы