"Агым", 04.07.08 - 22-бет: Ар_алаш...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Ар_алаш

"Пейджер" - Сиздин үнүңүз!
1-июлда "Пейджер" менен сүйлөшкөндөр:
Урматтуу окурман!
Кимдир бирөөгө же айрым бир жагдайда сын-пикириңиз, зарыл сөзүңүз, каалооңуз барбы? Ар аптанын экинчи күнү (шейшемби) эртең мененки 10дон 12ге чейин 66-55-68 телефонуна чалып же AGYMpage деген сөздөн баштап 3030 номуруна SMS-билдирүү жөнөтсөңүз болот. 3-4 сүйлөмдөн ашпаган куйкум сөзүңүздү, боорду эзген азил оюңузду, көңүл көтөргөн куттуктоолоруңузду күтөбүз. Бүйүр кызыткан билдирүү ээси "Пейджердин" белегине арзыйт. "Пейджер" - сиздин үнүңүз! Чалыңыз, SMS-билдирүү жөнөтүңүз.

П-535. Бүгүн киндигин, белин көрсөтүп жүргөн келечектин бүкүр кемпирлерине ысык салам. Сати.
П-536. Япониянын Хоккайдо префектурасында кышы узак жана суук болгондуктан, көп жапондор жерлерин таштап, шаарларга карай кетишүүдө. Тынчы кеткен бийлик жерлерди бош калтырбоо үчүн бекер жер жана жеңилдиктер берилет деп жарыя кылуу менен алек. Бизде элдерибиз сыртка кетип, жерлерди чет элдиктер ээлеп жатса да, бийликтегилердин чымын чакканчалык иштери жок. Караш Насер.
П-537. Элмирбек Иманалиевге! Кайта келбес кеменгер Чыңгыз үчүн/ Кошок айттың, ыйлаттың элди бүтүн/ Жаңыланып айтылбастан башкаларга/ Жашап калса жоготпостон ушул күчүн. Калиман Кадыбаева, Кочкор.
П-538. Неберелерим Алтынбекти 1-июль, Кубанды 9-июль, Алтымышбайды 14-июль, уулум Эмилди 2-июль туулган күндөрү менен куттуктап, чың денсоолук, узун өмүр, иштерине, окуусуна ийгиликти кудайдан тилеп, чоң атасы Көчөрбай.
П-539. Жараткан Кудай бирөө. Ал Кудай адамдын жүзүн эмес, жүрөгүн карайт. Биз элибиз, жерибиз үчүн кыргызча сыйынсак деле болот. Анткени ал бизди кыргыз кылып жараткан. Намаз - бул сыйынуу. Сыйынуу - Кудай менен сүйлөшүү. Ошондуктан, кыргызстандыктар кыргызча современный кийинип эле, кыргызча сыйынсак деле Кудай угат. Жуманов ажы баш болгон "ыйыктардан" суранам! Жок жосунду баштабай жаштарыбыздын жан-дүйнөсүн жана сырткы көрүнүшүн бузбагылачы. Эсфира.
П-540. Совет-Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көз айнек саткан дүкөндүн көз текшерүү врачы Шаршеева Бурул көз текшерүү кызматыңыз 50 сом болгону менен чыныгы бир кишинин көзүн текшергениңиз 1000 сомго татыйт экен. Үлгүңүздүн үзүрүн көрүңүз. Караш Насер.
П-541. Сотторго ишеним 90-95% жок дейбиз да анан аларга 25-40 миң сомдон айлык төлөп, элдин акчасын сарп кылып эмнеге аларды кармап, анан аларга арыз менен кайрылабыз. Деги парламент алдында (эл алдында) ант бергендердин бардыгы эле Акүй, Көкүйдө иштегендер убада сөзүн аткарбай өз билгендериндей иштешет. Бизге Конституциянын, ант бергендин, мыйзамдардын деле кереги жок го, аларды аткарып, элдин талабын орундабаган соң. Рысбек, Кенжебек.
П-542. Кыргыз балдарынын эли-жерин коргобой, армиядан качып жүргөнүн көрүп, аябай капа болом. Мен өлбөй-житпей эле эки жыл Балыкчы шаарында милдетимди өтөп, мөөнөтүм бүткөндө командирден суранып Балыкчы-Бишкек темир жолунда иштеп, эки грамота, медаль алып Бала Чычканыма "Чычканым" деген ырды ырдап кайткам. Колдур.
П-543. Адахан Кимсанбаевич, сенден чоң саясатчы чыккан жок. Эми сен акылыңа келип, чоң бильярдчы болупсуң. Бул өнөрдү дагы таштай качпай таштарды каалаганча кагыштырып аягына чык. Тараз.
П-544. Президент Курманбек ата! Быйыл 13кө чыгам. Мектепте окумак түгүл эшигин ачкан жокмун. Тамга тааныбайм, эсепти чагам. Беш жылдан бери тачка түртүп, тоскам чыкты. Тажадым. Болжурова апайга айтып, бир мектептин 0-классына орноштуруп койсоңуз. Өзүм барсам, акча сурап жатышат. Үмүтбек, Дордой базары.
П-545. Пенсиям этке жетпегенинен эптеп жумуртка менен оокат кылчу элем. Өгүнү жумуртка алайын деп барсам ал да асмандап кетиптир. Кичине арзандатсаңар боло десем, аялдар айкырып сала берди: Көзгө көрүнбөй жогол, же чекеге жумуртка менен жейсиң деп. Түптүк аялдардын үйрөткөн үлгүсү го деп, үйгө жумурткасыз кеттим. Жылма чал.
П-546. Азыркы бийликтин кадр саясаты: орун алмаштыруу же кадр алганча кадыр ал. Гүлай.
П-547. Койташ айылында жашаган таякем Каратаев Бакайды 17-июль туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сизге кааларым чың денсоолук, узун өмүр, иштериңизге албан-албан ийгилик. Бар болуңуз, бай болуңуз. Жээниңиз Нурия.
П-548. Бишкек шаарынын тургуну бөлөм Каракойчиев Сүйөрбекти 9-июль туулган күнү менен куттуктайбыз. Сүйөрбек, сага бекем денсоолук, узун өмүр, бакыт-таалай каалайбыз. Бөлөң Нурия, Айнура.
П-549. 1984-жылы кооперативный техникумда окуган ананьевалык Бакытты достору издейт. Бакыт, биз менен байланышам десең, дарегиңди редакцияга калтыр. Досторуң: Боромбай, Жаркынбай, Мурат, Алик.
Жеңүүчү - келечектин кемпирлерине жан үрөгөн Сати (П-535), редакция менен байланышыңыз.
Даярдаган
Канышай БЕШБАЕВА