"Агым", 04.07.08 - 13-бет: Казино...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Сейил маек

Саясатка "үйлөнгөн" социалист
Өмүрбек Текебаев:
"Дале кычыраган жаш жигитмин"
(Башы 6-бетте)
- Балдарыңыз демекчи, өз балалыгыңызды эске салып, азыркы дүйнө түрүн көрүп салыштырганда, жаңы бир раса, башкача бир муун өсүп келаткандай сезилбейби?
- Дүйнө таптакыр жаңы бир раса пайда болуу алдында турат. Эжеси менен агасы эшикте ойноп жүрсө, 6 жашар уулум эртеден кечке компьютерде ойноп олтурат. Тамак ичкенге да көңүлү жок. Биздин убактагы мультфильмдерде кадимки адамдардай эле кыймылдаган каармандар эмеспи. Азыр тартылган мультфильмдерге түшүнбөйсүң, үч, төрт бурчтуу адамдар, учуп кетишет, жарылып кетишет. Муну эртеден кечке карап, өздөрүнчө талкуулап олтурушат. Сөздөрү башка, кызыкчылык башка. Биз 30 жашка чыгып билбегенибизди, азыркы балдар тили чыкканда эле билип атат. Компьютердик оюндар менен жаш балдар виртуалдык дүйнөгө аралашып жашап калышты.
- Жакшы тааныбаган адамдарга сиз ачуусу чукулдай сезилесиз. Балким 20 жылдан берки депутаттык ишмердик, кылчылдашкан саясат мүнөзүңүздү ого бетер курчутуп салган жокпу? Ошол эле убакта балдарыңызга, биртууган же жакын досторуңузга келгенде сизден сезимталдык да байкалат. Мындай парадокстун сыры эмнеде?
- Адам өзү бир-эки образда жашайт. Мисалы, Геббельс өзүнүн ондон ашуун кыздарын, иттерин жакшы көргөн, үлгүлүү үйбүлөнүн атасы болгон. Ошол эле учурда ал катаал режими үчүн миллиондогон адамдардын өмүрүн кыюуга буйрук берген. Жеңилип баратканда ал иттерине да, үйбүлөсүнө да уу ичирип, өзү да өлгөн. Кээде гана турмуштук менен коомдук образ айкалышып кетет. Адам өзү, үйбүлө жана коом үчүн жашайт. Мен традициялык чыгыш бүлөдө өскөм. Адатта эркек адам жакшы көргөнүн, эзилгенин билдирбейт, көз жашын көрсөтпөйт. Мен үйдө башкаларчылап балдарга эзилип түшпөйм. Бул тарбиядан.
- Геббельс демекчи, досторуңуз, күйөрмандарыңыз хобби катары сиздин курал-жарак чогултарыңыздан кабардар. Бул балким, саясатта каршылашып, сизге тиш кайрагандардан аң-сезимдин түпкүлүгүндө жаралып чыккан коргонуу ыкмасы эмеспи?
- Биз Советтер союзунун үлгүсүндө тарбияланганбыз. Агезде жоокердик, патриоттуулук, өлкө үчүн өмүрүн берген адамдар биз үчүн каарман эле. Ар бир эркек жаш кезинен куралга кызыгат. Тилекке каршы, ошогезде биз кызыккан нерселерди ишке ашырууга мүмкүндүк болбой калды. Ошол аткарылбай калган жаштык тилекти жок дегенде азыр аткарып калайын деген гана комплекс болушу мүмкүн. Антпесе, коркуу, коргонуу дегендерге жаш оогон сайын философиялык баа берип каласың.
- Ашкере саясатташканыңыздан улам сиздин бир образыңызды айтып жүрүшөт. Тамеки чекпейт, арак ичпейт, кыздар, кумар менен иши жок, той-топурга деле көп барбайт. Бул киши биротоло эле саясатка "үйлөнүп", ошо менен дем алып калгандай дешет. Мындай пикирдин канчалык чындыгы бар?
- Накта чыгыш үйбүлөсүндө тарбияланганымды, анда сезимиңди ачыкка чыгарбасыңды айтып кетпедимби. Анан да, мен мугалим болуп иштегем. Агезде өз каалаганыңды жасай албай, бир чек алкагында жүрөсүң. Ошентип эле өмүрүмдүн жарымы өтүп кетти. Мен эсалганды билбейм. Азыр оппозициясы да, бийлиги да тоого чыгып, бээнин сүтүн ичип, майын чыгара эсалып жатышат. Мен ал жерде бир күн да болалбайм. Көлгө барып 10-15 күн толук кандуу эсалалбайм. Иш бүтпөй калчудай эле жумуш ордуңда олтура бересиң. Ал бүтпөйт экен. Кээ бир адамдар ошондой абалдан, көр турмуштан бөлүнүп чыгып, Эшимканов сымал Тибеттин тоолоруна же дагы башкасындай океандын түбүнө түшүп, эсалууга да жөндөм болуш керек.
- Адамдык кандай кемчиликтериңизди байкайсыз? Эгер өзүңүз билсеңиз, аны менен кантип күрөшөсүз?
- Адатта адамдын кемчилиги жакшы сапатынын уландысы же тескерисинче болот. Баары чеги менен. Эгер ал нормасынан ашып кетсе, анда тузу өтүп кеткен тамактай. Кырдаалга жараша адам жүрүм-турумунун нормалары болот. Менде деле кемчилик толуп атат. Анткени, азыркы Кыргызстандыкы союз убагындагысына, же Кыргыз ССРинин нормалары эгемен өлкөгө туура келбейт. Ошол сыңары, айрым касиеттерим кемчилик катары кабылданышы мүмкүн. Жалкоомун.
(Уландысы 20-бетте)




MegaCom сайты сенин мобилдүү телефонуңда!
MegaCom компаниясы wap.megacom.kg - WAP-сайтын ишке киргизгенин маалымдайт!
Эми MegaCom компаниясынын жаңылыктарын интернеттен билүү үчүн компьютерде отуруунун кажети жок. WAP-браузер орнотулган телефон болсо жетиштүү.
WAP-сайт - бул мобилдүү телефондун экранынан кошумча каражаттарсыз (модем менен компьютер) көрүүчү сайт.
WAP-сайты аркылуу MegaCom абоненттери сутканын каалаган учурунда компаниянын акыркы жаңылыктарын, тариф жана кызматтар тууралуу маалыматтарды, аба ырайы менен валюталар курсун биле алышат. Андан сырткары WAP-сайтында көңүл ачуу сервистеринин толук топтомун: обондор, сүрөттөр, Java-оюндар, телефондук тамашалар, мобилдик таанышуулар, афоризмдер, тосттор, SMS-валентинкалар үчүн тексттер, гороскоп, күн сайын жеке прогноздор, анекдоттор ж.б. көптөгөн кызыктуу маалыматтарды колдонсо болот. Жакын арада MegaCom компаниясынын обондорун, сүрөт жана видеотасмаларын көчүрүп ала турган фирмалык контент бөлүмү ишке кирмекчи. Ошондой эле популярдуу сериалдар, түркүн шоу жана белгилүү аткаруучулардын концерттеринин контенти (видео\аудио файлдар, лого ж.б.) бар бөлүмдөр ачылмакчы.
MegaCom WAP-сайтын ачуу үчүн:
- Телефондо WAP-ты тууралоо;
- Телефондогу веб-браузердин даректер сабында WAP-сайттын wap.megacom.kg дарегин жазуу (WAP-сайтка кирүүнү тездетүү үчүн дарегин веб-браузердин баштапкы бети катарында көрсөтүү сунушталат);
Wap-сайттагы акы төлөнүүчү кызматтардын баалары:

5 ти карма! Биригип баарлаш!
3-июлдан тартып MegaCom абоненттери топ ичинде пайдалуу баарлашуу үчүн "5 ти карма!" жаңы тарифтик опциясын колдоно алышат.
Дүйнөдө телефондон башкаларга караганда көбүрөөк баарлашкан досторуңуз же туугандарыңыз болсо "5 ти карма!" жаңы тарифтик опция сиздер үчүн сонун чечим. Жакындарыңыз менен мобилдик байланыш чыгымдарын эске албай мурункудан көбүрөөк сүйлөшө берсеңиз болот. "5 ти карма!" - 5 кишиге чейинки топ ичинде чалуулар мүнөтүнө 50 тыйын. Ар бир SMS - 30 тыйындан тарифтелчү байланыш кызматын колдонуу уникалдуу мүмкүнчүлүгү.
Топту түзүү эң жөнөкөй! Сунушталган мүчөлөр арасынан бирөө демилгечи катары калгандарын топко кошулууга чакырышы керек.
Катышуучунун топко чакыруу үчүн 125#1#055Xxxxxxx# ?, USSD-буйругун жөнөтүү жетиштүү, хххххх - чакырылган абоненттин номуру.
Чакырылган абонент кошуларын билдирүү үчүн сунуш келген учурдан тартып 24 саат ичинде1 *125#1# ? буйругу менен жооп кайтаруусу шарт.
Сунушту кабыл албоо үчүн *125#0# ? буйругу иштейт.
Топтун курамын текшерүү *125#? номуру аркылуу
Каалаган учурда катышуучу топтон чыкса же демилгечи топтон чыгарса болот:
Топтон өз алдынча чыгуу үчүн *125# ? буйругун терүү керек.
Демилгечи катышуучуну топтон чыгаруу үчүн кийинки санариптерди2 терип чалышы керек *125#0#055Xxxxxxx# ?, xxxxxx - абоненттин телефон номуру.
Топко катышуу шарттары: