"Агым", 27.06.08 - 8-бет: Идиотология...• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Идиотология

Сөз менен сөөк мүлжүп, тилди туура чайнашты
24-июнда парламентте кызык окуя болду. Билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты комитетинде Мамлекеттик тил комиссиясынын мыйзамы каралып аткан. Не болгону белгисиз, айтор, Иса Өмүркулов Ташбоо Жумагуловду "Кыргыз тилин таңуулап атканыңыз үчүн бөлөк улуттагылар өлкөбүздөн чыгып кетип атат" сыпатында омуроолоду. Чырагына май тамган Куликова, Карамушкина аттуу депутат айымдар Ташбоо мырзаны аз жерден "ташбараңга" алып койо жаздашты. Ушул маселе боюнча окуянын "баш каармандарына" кайрылып, оюн уктук.
Ташбоо ЖУМАГУЛОВ, Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссия төрагасы:
"Бул курулай шылтоо"
- 2002-жылдын 22-июнунда кыргыз тилинин орфографиясынын жаңы редакциясы кабыл алынган. Ага ылайык жер-суунун аталышы, кошмок сөздөр биригип жазылат. Тилекке каршы, жаңы эрежени коомчулук кабыл албай койду. Ошондон улам курамына филология илиминин доктору, кандидаты жана коомдук ишмерлер кирген жумушчу топ ЖКга кат менен кайрылган. Кыргыз тилинин жаңы редакциясына өзгөртүү жана толуктоолорду киргиздик, кабыл алып бергиле деп. Маселе Билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты комитетинде каралып, эл өкүлдөрү бир добуштан колдошту. Эми жалпы жыйында колдоо тапса, 6 жылдан бери талаш-тартышты жаратып келген көйгөй чечилет.
- Комитет жетекчиси Иса Өмүркуловдун сиздерге койгон дооматында негиз барбы?
- Ал кишиге эч кандай таарынычым жок, анча-мынча сын-пикирлерин туура кабыл алдым. Балким, комитет төрагасы, депутат, дасыккан саясатчы катары калыс болоюн дегендир. Бирок, бизде мамлекеттик тил боюнча мыйзам бар, ЖК кабыл алган. Анын 8-9-беренесинде: "Чоң кызматка келген адамдардын бардыгы мамлекеттик тилде сүйлөй жана жаза билүүгө, эл алдында өз оюн айта билүүгө милдеттүү" деп жазылып турат. Мен ошого гана таянам.
Ал эми эне тилибизди башка улуттагыларга мажбурлап атканыбыз үчүн биротоло көчүп кетүүдө дегенине кошулалбайм. Маселен, Прибалтика, Латвия, Литвада орус улутундагылардын саны биздин Кыргызстандагыга караганда басымдуулук кылат. Атүгүл Украина калкынын 42%ын орус улутундагылар түзөт. Бирок, алар кетип калган жок да, украин тилин таңуулаганы үчүн. Бул жерде башкы маселе экономикада. Эгерде өнүккөн өлкөлөрдүн бири болсок, Кыргызстандан эчким чыгып кетпейт эле. Экинчиден, бизге кыргыз тилин таңуулап атканыңар үчүн Россияга кетип атам деп бир да жаран кайрылган жок. Үчүнчүдөн, бардык иш кагаздар, мамлекеттик деңгээлдеги чогулуштар расмий тилде жүрөт. Ошого карабай, айрым орус депутаттардын кыргыз элине нааразы болуп атканын түшүнбөйм.
Иса Өмүркулов, ЖК депутаты:
"Кыргыз тилин өнүктүрүүнү президенттен баштоо зарыл"
- Ташбоо Жумагуловду сыйлайм. Бирок, 3,5 жылдан бери тил комиссиясын жетектеп келгенине карабай орфографияга өзгөртүү жана толуктоону киргизген жок. Кыргызча сүйлөгүлө деп көрүнгөн бурчта үгүттөгөндүн ордуна, жумушун кылбайбы. Бөлөк улуттагылар эне тилибизди үйрөнүш үчүн шарт түзүлдүбү? Жок. Өткөндө ИИМге жумушка орношуш үчүн кыргыз тилин билиш керек деген маалымат тараган. Бул бөлөк улуттагыларды кооптондурбай койбойт. Жыйынтыгында, эмиграцияга жол берип атат. Конституцияда: "Орус тили - официалдуу тил" деп жазылган. Мыйзамды дагы сыйлашыбыз керек да.
- Украинада жашаган орустар украин тилинде сүйлөшөт. Бирок, алар кыйкырып чыгышкан жок го. Кандайдыр бир деңгээлде орус тилин коргоп аткандайсыз. Ошентсе да, эне тилибиздин абалы чеке жылытарлык эмес. Эмне үчүн кыргыз тилин колдогуңуз келбейт?
- Комитет төрагасы болгондон кийин калыстыкты айтыш керек. Коргоймбу же коргобоймбу, бул экинчи маселе… Жумагуловдун айтканына караганда, биз латын алфавитине өтүшүбүз керек экен. Ал үчүн оңбогондой көп каражат сарпталат. Эгерде, латын алфавитине өткөндө эле жашообуз оңолуп кете турган болсо, мен бүгүн да даярмын.
Дегеле эне тилибизди өнүктүрүүнү президенттен башташыбыз керек. Эмне үчүн президент жыйындарды расмий тилде өткөрөт. Өкмөт башчылыгына кыргыз тилин билбеген адамды дайындадык. Бул мыйзам бузгандык эмеспи? Украина, Прибалтиканы мисал кылдыңыз. Прибалтикада эмне болуп атканын көрүп атасыз. "Карганы туурап, каздын буту сыныптыр" дегендей болбош керек да. Украинада дагы эмнеге алып келерин бир кудай билет. Эки-үч жолу тил маселеси көтөрүлдү эле, жыйынтыгы эмиграцияга алып келди.
- Сөзүңүздү факты менен далилдеп бербейсизби?
- Орус туугандардын канчасы өлкөбүздөн чыгып кеткенин статистикадан караш керек. Менин колумда так маалымат жок.
Ибрагим Жунусов, ЖК депутаты:
"Андай улуттардын кереги жок"
- Жыйында мыйзам каралбай, мамлекеттик тил комиссиясынын ишмердигин талкуулап жибердик. Ошондон улам ортодо түшүнбөстүк пайда болуп, талаш-тартыштын чордонуна айланды.
- Орус улутундагы депутат айымдардын пикирине эмне дейсиз?
- Куликова менен Карамушкина айым кыргыз тилин билбей, кыргыз парламентинде отурганына сүйүнсүн. Аларга мамлекеттик тилди билип, аны сыйлашыңар керек дедим. Жөнөкөй мисал, мени Мамдумага эчким депутат кылып койбойт, ага мүмкүнчүлүк да түзүлгөн эмес. Мен өзбек тилинде 100% сүйлөйм. Бирок, өзбек тилин эң жакшы билет экен деп Өзбекстанга депутат кылып шайлабайт да. Андыктан, Кыргызстандай айкөл мамлекетти дүйнө жүзүнөн кездештире албайсың.
Иса мырзанын пикиринде, Ташбоо Жумагулов кыргыз тилин бөлөк улуттагыларга таңуулап атканы үчүн кетип атышкан имиш. Бул болбогон кеп. Экономикалык көйгөйдөн улам ушундай кырдаал пайда болду. Эгерде, кыргыз тилинде сүйлөгүлө, аны сыйлагыла деп атканыбыз үчүн кетип атабыз дешсе, алардын кеткени жакшы. Андай адамдар бизге эчкачан жакшылык кылбайт.
- Иса мырза өз сөзүндө орус тилин дагы сыйлашыбыз керек деди. Анүстүнө, Конституцияда орус тили расмий тил катары жазылган эмеспи…
- Орус тилинде сүйлө же сүйлөбө деп таңуулаган жерибиз жок… Бирок, кеп башкада. Он адамдын ичинен бирөөсү орус болсо, сөзсүз эле ошол тилде сүйлөшүбүз керекпи? Тескерисинче, тогузубуз биригип бир адамды кыргызча сүйлөтүшүбүз керек. Маселен, Баткенден келгендердин тилин түшүнбөй атабыз, тажикче кошуп сүйлөйт экен деп. Оштун тургундары өзбекче, таластыктар казакча, борбор калаабызда орусча аралаштырып сүйлөгөндөр басымдуулук кылат. Деги биз каякка баратабыз? Ансыз деле БУУнун дүйнөлүк эксперттери улут катары жоголуп бараткан 100 мамлекеттин ичине Кыргызстанды да кошуптур. Башкаларды билбейм, жеке мен үчүн бул жүрөк оорута турган жаңылык.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ
P.S. Эл өкүлдөрдүн 10%дан ашыгын башка улуттар түзөт. Алардын ичинен орус улутундагы 7 депутат бар. Өкмөт башчысы Чудинов мырза дагы орус туугандардын уулу. Алыс кетпейли, коңшу мамлекеттердин бийлик секисинде бийик кызматта отурган башка улуттун өкүлү барбы? Географиялык, демографиялык шарты жагынан милдеткер Казакстанды эсепке албаганда, жок...




  Жан кашайганда

Айыл өкмөтүнүн алкымы тыйылабы?
КР президенти
Курманбек Бакиевге
Бишкек шаар мэри
Данияр Үсөновго
Кайрылуу
Сиздерге Арчабешик-2 конушунун тургундары чоң үмүт менен кайрылууда. Буга чейин Арчабешик-2 конушунда бала бакчага, ФАПка (мед.пункт) делген участоктор жең ичинен айыл өкмөтү тарабынан сатылып кеткен. Эми болсо, айыл өкмөтү дале жер сатуу менен шугулдануусун токтотпой, акылга сыйбас ишке барып жатат. Тактап айтканда, жол боюнда жайгашкан биздин үйлөр менен жолдун (Кривоносова) аралыгы өтө кең эмес жер. Мына ошол үй менен жолдун ортосундагы жерди сатууга даярданышууда. Ал жердин асты менен суунун борбордук түтүктөрү өтөт. Мына ошонун үстүнө үй салууга уруксат берип жаткан айыл өкмөтүнүн акылы ордундабы? Анын үстүнө ал жерде жогорку вольттогу ондук электр столбалары жайгашкан.
Эгерде ал жер сатылып курулуш жүрүп кетсе, биз үйлөрүбүздөн же чыгалбай, же кире албай, чыйыр жолсуз калганы турабыз. Ал эми конушубузда саңырсып жаткан таштандылар, жарык, ж.б. көйгөйлөр өзүнчө арызга татыйт.
Учурда сатылчу жердин орду казылып турат. Эгерде текшерүүчүлөр көрөбүз дешсе, далил көрүнөө.
Урматтуу президент Курманбек Салиевич!
Бишкек шаар мэри Данияр Токтогулович!
Биз, Арчабешик тургундары, Кайрылуубузга көңүл бөлүп, арыз-муңубузду угат деп көптөн-көп ишенебиз.
Арчабешик конушунун тургундары:
Арабаева Зарипа, Мамажанов Акылбек, Уралиева Үмүт, Арыкова Салнарбү, Жамашова Асыл ж.б. Жалпы 16 (он алты) адам кол койгон. Түпнускасы редакцияда.










??.??