"Агым", 27.06.08 - 7-бет: Намазга жыгылган Манас ушагы...• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Намазга жыгылган Манас ушагы

Эрнис КЫЯЗОВ:
"Кызмат - колдун кири.
Башкысы "Багыт" токтобойт"
- Шайлоо учурунда "Алатоо" редакциясынан бирөө миң доллар пара алып, аны Эшимканов байкап калып, анан экөөңөр мушташып сизди кетиргени туурасында "Аалам" гезити жазып чыкты?
- Ой тобоо, зерикпей ушундай фантастикалык аңыздарды ким токуп чыгат, ошо гезиттерге ким шыбырайт, билбейм… Бу баягы "…бир кемпир айтыптыр" дегендей эле ушак да. Ошо гезиттен "..Манас деген журналистмин, гезитке маек берип кой" деп бир жигит телефон чалып, бир нече суроо берген, ак дилимден жооп бергем. Берген суроосу имиш-имиштин деңгээлиндеги көчө ушагы болгон соң, ушак деп жооп берем да, кудай урбадыбы!.. "Аалам" гезити андан кийинки санында кайра эле "ушу Эрнис деген жигит пара алып анан кызматтан кетиптир" деген мааниде куш тилиндей кабар уруп ийиптир. Бу гезит менен жаман-жакшы мамилем, аласа-бересем деле жок эле, неге минтип өчөшкөндөй каралап киришти түшүнбөйм. Алгач орунбасарлыкка отурганда "кызматыңды майлаганыбыз болсун" деп жылмая акча сунгандар болгон, кой-эчки берели дегендер болгон, андайларды "койгула кокуй!" деп токтоткомун. Кийинчерээк ручке, калем бадарке кылганга өтүштү. Бир курдай чогулушта ошо ручке, калем белек кылмайды да тыйгыла дегем, ошондон улам көптөрү мага азырга чейин таарынып жүрүшөт. Эми-ии, гезитке ушак айткан кишилерди да кудайга койдум. Ошо менден маек алган Манас Осмон деген жигит 5 маал намаз окуйт экен, аны да кудайга койдум, башка сөзүм жок.
- Негизи кызматтан күтүүсүз кетишиңиздин жөнү кандай, Мадумаров менен байланышыңыз бар үчүн сизди кызматтан алышты деген да кептер бар го?
- Кептер өтөле көп, анын жалганы кайсы, чыны кайсы түшүнүш керек. Кыяс Молдокасымов УТРКда баш директор болуп турганда былтыр октябрь айында "Багыт" программасынан бишкектик бир буту баспаган майып көптөн бери президентке жолуга албай жатканы жөнүндө сюжет кылгам. Аны президент көрүп, атүгүл агездеги мамлекеттик катчы А.Мадумаров жанагы майып кишиге президенттин атынан коляска тапшырган, материалдык жардам, көмүр берген. Мадумаровду ошондо көзмө көз көргөн бойдон көрүшө элекмин. Баса, ошо майыпка коляска тапшыруу учурунда Мадумаров маек берип жатып жанагы "устатынан шакирти өтөт" деген макалды айтып, мени "шакиртим" деген мааниде журналисттик дараметиме жеке баасын айтты эле. Эгер мени ошо Мадумаровдун шакирти катары шекшинип кетиришкен болсо, жылмайгандан башка не дейин. Былтыр Ысыккөлдөгү туризм боюнча "Багытка" тема даярдап, Көлдүн туалеттери тууралуу сын материал кеткен соң агездеги премьер министр Алмаз Атамбаев өкмөттүк бир чогулушуна чакырып, өз атынан мага камчы белекке берген эле, анча болду "бу Эрнис Кыязов Атамбаевдин да камчылашы болуп жүрбөсүн…" деп шекшине берсе болот турбайбы. Айтмакчы, М.Эшимканов телевидениеге жетекчи болуп келе элек жылдары , "Агым" гезити мени жылдын мыкты тележурналисти деп жарыяласа "Кыязов Эшимкановдун кишиси экен..." деген каңшаарлар тарап, мени көзүнүн кыйыгы менен караган кишилер арбыган.
- Кызматтан кетүү оор тийген жокпу?
- Кызматты айтасыз да,.. кызмат түгүл бу дүйнөнүн өзүн , ушу дүйнөдө жыйган-эткен бардык нерсебизди: жумушубузду, бала-чака, тууган-туушкан, мүлк оокаттарды, атак-даңкыбызды таштап кете турган күн келет ар кимибизге. Оор тийгидей бу кызмат менин жашоодогу бирден бир мүдөөм, көксөгөн кол жеткис максатым эмес да. Кудай насип эткен экен, сегиз ай УТРК жетекчисинин орунбасары болдум, Мелис байке экөөбүз жакшы иштештик. Сыйкырчыдай болуп баарын кыйратып салдым дей албайм, колумдан келишинче, акылымдын жетишинче аракет кылып телевидениеге кыпындай болсо да жеке салымымды кошоюн деп чын пейилим менен иштедим, "карагылачы, мен момунча иштеп салдым!" деп эч кимге доомат деле артпайм, анткени телевидениеде мендей орун басар болбой туруп деле УТРКга менден артыгыраак салым кошуп жүргөн катардагы журналист, оператор, монтажер, режиссерлорду билем, алардын мээнетин түшүнөм, урматтайм.
- "Эрнис Кыязов Президентке пресс катчы болот имиш..." деген кептер тарап кеткен, ушу маалыматтар да сиздин кызматтан кетишиңизге залакасын тийгизген жокпу, дегеле Президенттин пресс кызматы менен мамилеңиз ысык беле, суук беле?
- Менин кеткенимдин себебин иликтеп кызыгып да көрбөдүм, мунун мага кереги да жок. Ал эми президенттин пресскызматы менен менин мамилем жөнүндө айтчу болсом,.. ырас "Алатоодогу" кээ бир сюжеттер боюнча пресс кызмат менен талашып-тартышып калчумун, анча-мынча ачууланып каяша айткан күндөр болду, иштин кызыкчылыгы үчүн. Балким бир аз "тартиптүү" болушум керек беле. Эми өзүмдүн мүнөзүмдөн башкача жасалма боло албайм да. Мындан тышкары, биздин телевидениенин өзүндө мени көрө албаган топтор бар экенин билем, "Эрнис Кыязов антибакиевдик саясат жүргүзөт, өзүнүн "Багыт" программасында президентти шылдыңдап критикалайт" деген мазмунда Татьяна Бакиевага кат жазган телевидениедеги кишилерди билем. Эми мени "антибакиевдик киши" деп эсептегендерди "антип ойло же ойлобо" деп жалынмак белем, демократиялуу Кыргызстанда ким кантип ойлонсо ойлоно берсин да. Өкмөттөгү кайсы бир министр президентке ак жүрөгү менен "урматтуу президент, ишиңиздин мобу жери туура эмес кетибатат, мына мобуреки жеринен катачылык кетирибатасыз" деп айтканын уктуңуз беле, эч кимибиз уккан эмеспиз. А президент өзү министрлерден, губернаторлордон "жалган айтпагыла, жалган отчет берип мени алдабагыла" деп талап кылып атпайбы, ошенткен сайын кошоматчылар кошомат кылганын койбоду, убагында "баары жыргал!" деген кошомат-обондорду теледен айта берип Акаев андай маалыматтарга ишенип алып куурабадыбы. Ишенсеңиз, мен ошо "Багытта" президентке, өкмөткө тиешелүү ар бир сөздү айтып жатып "ушу кишилерди каалагандай шылдың кылып, сындап жыргайын" деген чолок ой менен критикалабайм да. Элдин чөнтөгүнөн жем жеген телевидениенин эфиринен отуз мүнөт убакыт менин программама берилибаткан соң эл шайлаган президент, эл шайлаган депутат, өкмөт жөнүндө акты ак, караны кара деп коюш журналисттин милдети да, мына ошонум менен мен президентке, өкмөткө кайсы бир деңгээлде жардам берип жатам деп түшүнүп жүрбөйүмбү. Антпесе жалган да болсо "жыргализм" ырын ырдап президентти көкөлөтүү, айга, күнгө теңөө анчалык кыйын деле иш эмес.
- "Багыт" автордук көрсөтүүңүздү чыгара берет турбайсызбы эфирге?
- Чыгара бербей анан... Мен бу телевидение деген чарбада колумдан бир иш келбей, эптеп эле жансактап жүргөн макулук эмесмин. Орунбасарлык кызматтан да колумдан келбеген үчүн кеттим деп эсептебейм. Ошо колумдан келген "Багыт" программасын аздыр-көптүр эл көрө тургандай деңгээлге жеткирдим деп эсептеп жүргөн тележурналистмин. Башкы директордун орунбасары болуп дайындалган чакта деле, эл мени "Багыттын" автору катары ызааттап келгенин мен эң сонун түшүнөм. Элдин ошондой мамилесине ээ болуу мен үчүн чоң сыймык. Албетте, теленин бир орунбасарынын кетиши менен асман түшүп калбайт, менин кетишим бирөөлөрдү күйүндүрсө, бирөөлөрдү сүйүндүрүп жатса керек, бирок ушул окуяны чуу кылгысы келгендерге айтаарым: азыр эл турмушундагы талуу маселелер өтө көп, суу таңсык болубатат, буудай-арпа, эгин-тегиндин түшүмү мол болобу, жокпу, азык-түлүк дагы канчага чейин кымбаттайт…ушу сыяктуу маселелер боюнча ар кимибиз өз кесибибизге жараша аракеттенишибиз керек. Мен мисалы "кызматтан неге кеттим, ким кетириши мүмкүн, ыя?.." деп санаага батып, пикетке чыгып, карьеристтик оору менен оорубай, телекөрүүчүлөргө убада кылган "Багыт" программасына курч темаларды топтоп, кызыктуу тасмаларды тартып, М.Эшимкановдун теле-реформасына салымымды кошуп, ага жардам берсем деп ушуга баш оорутуп жүрөм азыр.
- Чыгармачылык менен эле алектене бересизби же саясатка аралашайын деген ой барбы?
- Көрөбүз... Баарын убакты-сааты келгенде көрө жатарбыз...
Маектешкен Айнагүл САПАРБЕК кызы










??.??