"Агым", 27.06.08 - 6-бет: Сомдун закону...• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Сомдун закону

Министр кимдин кызыкчылыгын коргоп жатат?

Жакында Транспорт министри Н.Сулайманов парламентке келип, "Манас-менеджмент" жабык акционердик коомун кайра "Бишкек" эркин экономикалык аймагына киргизип, мамлекеттик салыктан бошотуп берүүнү суранган. Депутаттар кызуу талаш-тартыштан кийин министрдин аргументтери суу кечпегенин байкап, "эмне үчүн чет элдик жарандарга тийиштүү жеке менчик компаниялар салык төлөбөш керек?" деген сыяктуу толгон-токой суроолоруна министр алгылыктуу жооп бералбаганынан, ал мыйзамды артка кайтарышкан. Регламент боюнча мыйзам алты айдан кийин гана кайра каралмак. Ал ортодо депутаттар өкмөттүн "Манас-менеджмент" компаниясын салыктан бошотуу сунушунун мыйзамдуулугун сүрүштүрүү боюнча атайын парламенттик комиссия түзгөн.
Эми сөз өз нугу менен кетсин. Василий жана Сергей Толстунов деген биздин жердештер бар эле. Бирөөсү кадимки эле Нанаевдердин күйөө баласы, экинчиси баягы "хитроумный еврей" Левитиндин күйөө баласы. Багы жокко дагы жок дегендей, дегеле кыргыз ушул "күйөө балдардан" жарыган жок. Адил Тойгонбаев баш болуп, Толстуновдор төш болуп кыздарыбызды да алып, анын үстүнө миллиондогон долларбайларды да ташып жакшы чүйчүнүп жатышат. Ушул Толстуновдордун бири Сергей бир кезде 1991-1993-жылдары Акаевдин администрациясында иштеп жүрүп, иниси экөө Венага көчүп кетет да, Австриянын граждандыгын кабыл алышат. Ошол жерде өздөрүнүн компаниясын ачып, Кыргызстанга жортуул башташат. Акаев администрациясында иштеп жүргөн кезде тапкан байланыштарын пайдалануу менен Кыргызстанда улам бир бизнес долбоорун ачып, бирок бардык долбоорлорунда ызы-чуу коштолуп, ар бир долбоордо Кыргызстанды миллиондогон доллар айыпка жыгып, жалаң зыян гана тарттырып келишет. Билермандардын айтуусунда, алардын Пелью Харвей деген бир өнөгү бар, ал Кыргызстандан канткенде бир нече миллион долларды кымтып кетүүнүн схемасын иштеп чыгат да, аны Толстуновдор менен ийне-жибине чейин талдашып, бизнес-долбоор катары Кыргызстанга сунуш кылууну Сергей Толстуновго тапшырышат. Сергей мырза ушул схеманы ишке ашырууга жардам берип, ал үчүн өзүнүн энчисин ала турган кыргыз функционерин Акүйдөн издеп табат да, ал схеманы Кыргызстанда аябай чоң киреше алып келе турган долбоор катары көбүртүп-жабыртып, дүңгүрөтө ача башташат. Анан эле жанагы функционердин жардамы менен жасалма түрдө бир болбогон кемчиликти кыргыз тарап кетирген болот да, Толстуновдор бизди айыпка жыгып, чоң олжо менен чыгып кетишет. Бул схема ушунчалык чебер иштелген дейсиң, Кыргызстан ар бир үч-төрт жылда бир нече миллион доллардан айрылууга эч каршылыксыз макул болуп келүүдө.
Сөзүбүз куру болбосун, бир нече мисал келтирели. 1993-1996-жылдарда Сергей Толстунов Кыргызстанга швейцариялык "Андре" фирмасын алып келет: жаш балдардын тамагын чыгаруучу жана минерал суусун бөтөлкөлөөчү заводдорду курабыз деп. Кыргыз өкмөтүнүн кепилдигин кагаз жүзүндө алып, "Андре" фирмасы 10 млн. доллар кредит алат да, бизге эски иштен чыккан эки италиялык эски жабдыктарды орнотуп коюп качып кетишет. Кыкеңдер же акчадан жок, же заводдон жок эси ооп олтуруп калат. Ал эми 10 млн. доллар карыз кыргыз элинин мойнуна илинет.
Андан эки жыл өтпөй 1998-жылы Сергей Толстунов Акүйдөгү функционерлерди "Манас" аэропортуна жүк жүктөп-түшүрүүчү кампа (терминал) жана бортко берилүүчү тамак-аш бышырчу цех курабыз деп Италияда катталган өздөрүнүн "Ай-Ти-Ай" фирмасын алып келишет. Кантип башын айлантышканын билбейбиз, бирок кыргыз тарап: "Кыргыз аба жолдору" авиакомпаниясы, ("Манас" аэропорту) Италиянын "Микрокредито" банкынан 10,5 млн. доллар кредит алууга Толстуновдорго кепилдик кагаз жазып берет. Ал акча "Ай-Ти-Ай" компаниясы 49% жана "Манас" аэропорту 51% менен түзгөн "Манас-менеджмент" жабык акционердик коомуна келип түшөт.
Бирок ал кезде "Манас" аэропортунда өзү менен кошо салынган жүк кампасы да, бортко тамак бышыруучу цех да бар эле. Бар болгондо да кирпичтен салынган капиталдык курулуштар болчу. Анүстүнө бул эки цех ал кездеги аэропорттун эң башкы баш оорусу эмес эле. Андан көрө аэропорттун өзүнүн жүргүнчүлөрдү тейлөө технологиясын түп-тамырынан өзгөртүү проблемасы чоң көйгөй болчу. Бирок биздикилер тигилерге кошулуп, ушул терминал менен цехти курабыз деп оолугуп чыгышты да, карызга белчесинен батышты. Эми "Манас-менеджмент" курулуп жатканда Толстуновдор Кыргызстанга дагы бир "бизнес-долбоор" алып келишти.
2002-жылы Толстуновдор Австрияда катталган өздөрүнүн "Финреп" компаниясы менен кыргызстандык "Аэролинкс" жоопкерчилиги чектелген коомун (деректири Карим Дамин) кошуп кыргыз-австриялык "Кыргыз Эйр" авиакомпаниясын түзөбүз деген бизнес-долбоор менен кыкеңдердин башын айлантып алышты. Дароо айтып кое турган нерсе, бул эки компания тең толугу менен жеке менчик болгондуктан, кыргыз өкмөтү алына турган кредиттерге эч кандай кепилдик бералбайт болчу. Бирок эки жыл өтпөй Толстуновдор өкмөттүн эч кандай кепилдиги жок туруп эле кыргыз мамлекетин 19 млн. долларга айыпка тартууну сурап, Лондон арбитраждык сотуна арыз менен кайрылат.
"Аэролинкс" жеке менчик фирмасы менен "Финреп" келишим түзгөндөн кийин Толстуновдор чет элден бир самолетту ижарага алып келип, кыргыз граждандык авиация департаментинен 24 лицензия алып, Бишкек-Москва каттамына тынбай уча баштайт. Иштери алга жылбай, чыгашалары көбөйүп, билеттери сатылган жүргүнчүлөрүн ташый албай калганда жана да башка лицензия алуунун шарттарын буза баштаганда департамент өзү берген лицензиянын 23үн кайра чакырып алат. Толстуновдор лицензияны мыйзамсыз кайра чакырды, кайсы бир келишимдерди бузду деп кыргыз өкмөтүн 19 млн. долларга айыпка жыга баштайт. Кыргыз тарап биз эч кимге кепилдик берген эмеспиз, граждандык авиация департаменти коммерциялык келишимдерди түзалбайт, силер көрсөткөн кагазда эч кандай регистрациялык номурлар жок, коюлган кол департаменттин деректиринин колу эмес, жасалма кол, биз жеке менчик фирманын жоопкерчилигин моюнга алалбайбыз деп чырылдаганына карабай кандайдыр бир юридикалык илинчектерди таап, ушунун баарына кыргыз өкмөтү күнөөлүү деп таап, 2005-жылы Лондон соту чечим чыгарат. Бирок 19 млн. доллар тууралуу чечим алигүнчө чыгалек. Ошентип Толстуновдор кыргыздарга жебеген самсы үчүн кредит албай туруп эле кепилдик кагазы жок эле күнөөгө жыгуунун схемаларын ишке ашырышат да, кыргыз өкмөтү "Кыргыз Эйр" боюнча жер муштап мүңкүрөп отуруп калат.
Эми кайрадан "Манас-менеджмент" коомуна келели. Аңгыча курулуп жаткан терминал менен цех бүтөт да, аны көргөндөр жерге түкүрөт. Толстуновдор капиталдык курулуш салбай эле Италиядан даяр эки темир ангарды алып келип, монтаж кылып коюшат. Аны эксперттер бүт ички жабдыктары менен кошо 2,5 млн. гана долларга баалашат. А Толстуновдор кыргыз тараптын кепилдиги менен 10,5 млн. доллар кредит албады беле италиялык банктан. Жок, мунун баарына 10,5 млн. кетти деп көшөрүшүп акт толтурушат.
Бул терминал менен цехти куруунун эң биринчи келишиминде кыргыз тарап 51%, Толстуновдор 49%га ээ болуп, 7 жыл ичинде өзүн-өзү актап, кредитти төлөп, анан толугу менен 100% Кыргызстанга өтөт деген шарт коюлган эле. Бирок курулуш бүткөндөн кийин Толстуновдор "Манас" аэропорту менен түзүлгөн келишимдин шарттарын бузуп, "Манас-менеджмент" компаниясынын гендиректорлугуна Пелью Харвейди коюшуп, андан башка да (бир эле учурда бул П.Харвей "Финрептин", анан "Ай-Ти-Айдын" соучредители катары Толстуновдордун өнөктөшү) убагында отчет бербей, кирешелерди жашырып атургай "Ай-Ти-Ай" өзүнүн 49% энчисинин 24,5%ын "Финрепге" белекке берип коет. Буга ачуусу келген "Манас" аэропортунун ошол кездеги жетекчилиги "Ай-Ти-Айды" сотко берет. Биринчиден, "Ай-Ти-Ай" өзүнүн энчисинин жарымын саткысы келсе, мыйзам боюнча "Манас" аэропортуна сунуш кылыш керек эле. Качан гана "Манас" албай койсо, анан бирөөгө өткөрүш керек болчу, экинчиден, мыйзам боюнча коммерциялык ишканалар өздөрүнүн энчисин башка ишканага бекер белекке бералбайт, сөзсүз түрдө алып-сатуу келишими болушу керек деп, муну Бишкектин райондор аралык экономикалык соту туура деп таап "Финреп" алган 24,5% энчиге мыйзамсыз катары арест коет.
"Финреп" соттун бул чечимин жараксыз, биздин талашты келишим боюнча кыргыз соту эмес, Лондон соту караш керек деп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна апелляциялык арыз менен кайрылат. Жогорку сот, биринчиден, ал келишимдин катышуучулары "Ай-Ти-Ай" менен "Манас" аэропорту гана болуп саналат, ал эми "Финреп" жок, экинчиден, 24,5% энчини берүү процесси Кыргызстандын аймагында жүргүзүлүп, катталган деп шаардык соттун чечимин күчүндө калтырат, бул 2004-жыл эле.
"Финреп" "Манас" аэропортун Лондон сотуна берем деп коркутат. Аэропорт биз "Ай-Ти-Айды" гана билебиз, ошолор менен иштешип келатабыз, а "Финрепди" билгибиз да келбейт, сотко берсеңер бере бергиле деп жолотпой коюшат. Арадан эки жыл өтөт, анан аэропорт бийлигине Бакыт Сыдыков келет да, бул схеманы изилдеп, Венага тынымсыз каттай баштайт. Феликс Куловдун кулагын кантип бураганын билбейбиз, бирок ал киши премьер-министр катары ушул талашты чечүүнү жана келишимге кол коюу укугун граждандык авиация департаментинин директору А.Астионов менен "Манас" аэропортунун вице-президенти Б.Сыдыковго тапшырат, бул күн 2006-жылдын 25-августу эле. Ошол эле күнү Бакыт Сыдыков "Финреп" жана "Ай-Ти-Айдын" ээлери Толстуновдор жана Пелью Харвей менен жолугушуп, таңгаларлык келишим пайда болот. Жылан чакпай, жылкы теппей туруп эле "Манас" аэропорту "Финрепге" 24,5% энчисин кайтарып берем, андан сырткары "Манас" аэропорту өзүнүн энчисиндеги 51%дын 31%ын "Финрепге" белекке берем, бул компенсация болот. Эми кыргыз тарап "Манас-менеджментте" 20% гана энчиге ээ болуп, Толстуновдор 80%га кожоюн болушат. Андан башка да кыргыз тарап төмөнкүдөй милдеттерди өз мойнуна алат: кыргыз граждандык авиация департаменти өзүнүн Великобританиянын королунун жогорку коммерциялык сотуна "Финрепдин" үстүнөн берген арызын кайра чакырып алат, департамент "Манас-менеджмент" компаниясын "Бишкек ЭЭА" киргизип, бүт салыктардан бошото турган мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет, департамент "Финрепге" караштуу "Океан Эйрлайнс" авиакомпаниясына каалаган лицензияларын берет.
Ал эми "Финреп" менен "Ай-Ти-Ай" мурун "Кыргыз Эйр" долбоору боюнча Лондон сотуна берген арызын кайра чакырып алат. "Манас-менеджмент" боюнча берем деп коркутуп жүргөн арыздарын дегеле бербейт, "Манас" аэропортун транзиттик жүктөрдү ташуучу Борбор Азиядагы эң чоң аэропортко айлантат, 2006-жылдын сентябрынан баштап, жумасына 16 рейс Европадан Бишкек аркылуу Кытайга, Түштүк Чыгыш Азияга жүк ташып уча баштайт.
Боолголоп турасызбы, кыргыз тарап өзүнө алган милдеттерин бүт аткарды: биринчиден, "Финрепдин" 24%ын таанып, мойнуна алды, анүстүнө "Манас" аэропортунун 31%ын "Финрепге" өткөрүп берди, "Финрепди" "Манас-менеджмент" компаниясынын 80% ээси деп тапты. Улуу Британиянын сотуна берген "Финрепге" каршы арызын кайра чакырып алды, "Манас-менеджментти" Бишкек эркин экономикалык аймагына киргизип, бүт салыктардан бошотуучу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, аны өкмөт жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди. Баары аткарылды...
А "Финреп" менен "Ай-Ти-Ай" компанияларынын алган милдеттенмелеринин аткарылышын сурап койгон киши жок. Али бир да милдеттенменин аткарылышын далилдеген кагаз келбеди. 2006-жылдын августунан бери эки жылдай убакыт өтсө да, жумасына 16 эмес, али бир да рейс Европага, Түштүк Чыгыш Азияга учкан жок. Учпайт дагы. Ал бир жөн эле көз боемочулук болгон. Ошол эле келишимде мындай пункт бар (4.4. ) "Ушул макулдашылган шарттардын келишим күчүнө киргенден үч ай ичинде бирөө эле аткарылбай калса, анда тараптар ушул келишимге кол коюлалек кездеги абалга кайра келишет". Өзүңөр көрүп турасыздар, үч ай эмес, бул келишимге эки жылдай болуп калды.
Кыргызстан үчүн ушунчалык зыяндуу, адилетсиз келишим кандайча түзүлүп калды? Эмне үчүн бул келишимди коомчулуктан ушу күнгө чейин жашырып келишкен? Бул макулдашуу жөнүндө президент толук билеби? Мындай келишимге Бакыт Сыдыковдун кол коюшу канчалык мыйзамдуу? Жанагы "Манас" аэропортунун белекке кеткен 31%ында Бакыт Сыдыков олтурбайбы "Финрепге" соучредитель болуп? Эмне үчүн Бакыт Сыдыковдун баласы Австрияда Толстуновдордун үйүндө жүрүп мектепке окуп калды? Эмнеге чет элдик жарандар 80%га ээ болуп калышты? Эмнеге Генпрокуратура муну изилдебейт ж.б. суроолор буту менен басып, мурду менен тынган ар бир кыргыз баласынын башына келбей койбойт.
Ушунун баары аздык кылгансып, Транспорт министри Н.Сулайманов Жогорку Кеңешке "Манас-менеджментти" салыктан бошотуп бергиле дейт. Бул эмнеси? Айткан аргументтеринин баары калп. Ошончо депутатты алдап, көзүн ирмебей туруп: "Лондон арбитраждык соту Кыргызстанды 31 млн. долларга айыпка жыкты. Эгер ушул мыйзамды алып берсеңер, соттун ушул чечимин кайра чакырып алышат, эгер мыйзамды алып бербесеңер, ошол 31 млн. доллар жөнүндөгү соттун чечими күчүнө кирет" деп коркутту. Депутаттар изилдеп көрсө, андай чечим жок экен. Жогоруда белгиленгендей, 19 млн. долларга арыз 2004-жылдан бери каралбай жатат Лондон сотунда. Калган 13 млн. жөнүндө бир да сотто арыз жок. Анда эмнеге Н.Сулайманов, А.Аскаров, Б.Сыдыков ЖКны алдап, жанын жеп жатышат?
Келишимде ( пункт 4.4. ) "Манас-менеджментти" эркин экономикалык аймакка киргизип, бүт салыктан бошотуу жөнүндөгү мыйзамды иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке киргизип коюу гана каралганы ачык, даана жазылып турганына, кыргыз тарап ошол эле милдетти алганына карабай эмнеге булар жанталашып Жогорку Кеңештен өткөрүү да милдетин алып жандалбастоодо? Анткени, мындай милдет келишимде жок болсо да, Сулайманов менен Сыдыковдун өз өнөктөштөрүнүн алдында моралдык, оозеки милдеттери бар.
Ошентип кыргыз мамлекети Толстуновдордун астында бул үч долбоор боюнча да миллиондогон айыпка жыгылды. Бул схемалардын ишке ашырылышына көмөк берип, шарттарды түзүп келген кыргыз функционерлеринин бири да жаза алган жок. Эми качанга чейин "күйөө балдар" ушинтип тебелеп-тепсей берет? Буга чекит кое тургандар барбы? Же баары эле өз жанын ойлоп четке чыга береби?
Кыргыз граждандык авиациясын "кара тизмеге" киргизген кыргыз мамлекетинин 51% энчиси бар "Манас-менеджмент" компаниясын чет элдик жарандарга 80% өткөрүп берген Н.Сулайманов, А.Аскаров жана Б.Сыдыков дагы канча жыл өз билгенин кылып, өтүгүн төргө илип жүрүшөт?
Мурат ЖУМАБАЕВ,
Бишкек шаары










??.??