"Агым", 27.06.08 - 5-бет: Паракелде!...• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Паракелде!

Акаев берген упчунун уландысыбы?..
Жаңы эмес, абдан эски, эски болгондо да элди жадатып, коррупцияны аң-сезимге он беш жыл бою кыт кылып куюп, бекем калыптантып, Кыргызстанды талап- тоноого барандуу салым кошкондор. Элди жакырчылыктын сормо сазына тыгып, Маскөөдө жаркылдап күлүп, Кыргызстандан бийликке каршы "үлп" эткен жел жүрсө ичинен болсун деп тилек кылган Акаевдин командасы. Эгер арабыздан азыркыга, өткөндөгүгө аралашпаган бийликтин кемчилдигин көзгө сая көрсөтүп, элди бакубат турмушка жетелеген колу таза инсандар коомдук-саясый кыймыл түзүшсө, эл көңүл бурмак, кубаттамак. Кээ бир гезиттерге таң каласың, оппозициялык маанай десе эле азыркы бийликке каршы лөлүлөр кыймыл түзсө да "ураалап" жатып калат. Эми бул жерде акча деген да маселе бар. Туура түшүнүш керек.
"Бирдиктүү Кыргызстан" деген коомдук-саясый уюм түзүлүптүр. Курамында идеологияны жетектеп, аны элге сөз менен теледен жайылтып, М.Акаеванын китептеринин бетачарын, көргөзмөсүн байма-бай өткөрүүгө катышып, ар убак канайымды жандап, ошону идеология деп түшүнүп, китепкананы аракканага, маданий очокторду казиного, спорт талааларын базарга айландырып, А.Акаевдин качарына 8 саат калганда "кидать" эткен Осмонакун Ибраимов экен.
Андан кийин айылчарбасын талкалоонун башкы идеологу, социализм 70 жылда курган короо-сарайларды, кампаларды, асыл тукум, үрөнчүлүк чарбаларын он жылда кыйратып талап-тонотуп, акыры көтөрүп кетүүгө болбой турган жер калып, ылаажы жоктугунан элге бөлүп берип, ошону реформа деп атап, бети чымырабай Кыргызстанда басып жүргөн Бекболот Талгарбеков. Бул кишинин реформаторлук залакасын Кыргызстан канчага чейин тартат, бул жагы белгисиз.
Үчүнчүсү, референдум менен шайлоолордун жыйынтыгын 90-95 пайыздан ылдый түшүрбөй, эртеси "өтө прозрачно" болду деп бүт дүйнөгө отчет берип, элдин кыжырын шакардай кайнатып, калктын тандоосу бийлик каалагандай болорун көп жолу ырастаган Сулайман Иманбаев. Эгер эсиңизде болсо 25-марттагы окуяга ушул киши эбегейсиз салым кошуп, Акайычтын Москвадан "прописка" алуусуна чоң жардам берди.
М.Акаева менен А.Акаевди өкүл ата, өкүл апа тутуп, алардын жардамы менен 3 бөлмөлүү квартира алып, канайым менен теледен каалашынча баарлашып жер-сууга тийгизбей мактап, пресс-катчы, депутат, акыры "Учкун" басмаканасын жетектеп, "Асаба" гезитине бир пачке туз "чачып", "Эркинтоону" "эңип" кетип, бүт Кыргызстан басмаларын басып алууга аз калганда Акаевдердин күнү бүтүп, ич күптүсү ичинде калган Каныбек Иманалиев. Баса, Үзөнгүкууштун кытайларга берилишин да ушул жигит ЖКда катуу колдоп, Акаевдин амири менен эки-үч күн өткөндөн кийин кайра добушка койдурганын эл унута элек.
Атасынын абийири менен тышкы иштер министрлигин башкарып, жарытылуу иштей албай, жеке өзү "Санта Мария" ресторанына кирип, 18 миң сомго тамак ичкен Аскар Айтматов. Ал кезде 18 миң сомго 2 уй келчү. Ыраматылык Чыкебиз дал ушул уулунун айынан Акаев менен канайымдын айтканынан чыкпай, ардайым аларга кошомат сүйлөгөнү эчкимге жашыруун эмес. Ошентип кайран киши уулунун айынан ар түрдүү өйдө-төмөн сөздөрдү угууга мажбур болду.
Турдакун Усубалиевди тынч эс алдырышса болмок. Ой-боюна койбой сүйрөп жүрүшүп, абийир алып берүүнүн ордуна акыркы шайлоодо кочкорлуктар жүз пайыз каршы добуш берип, аксакалдын аброюн төгүштү. Эми кайра катарга кошуп, эмне ойлогондору бар, бул жагы белгисиз. Элибизде "Жакшы жүрмөк бар, жакшы өлмөк жок" деген накыл сөздү да эстегенибиз оң. Иши кылып аксакалды карыган кезде бир нерсенин ичинен чыгарышпаса болгону.
"Кызмат колдун кири" деген сөздүн маанисин Накен Касиев, Амангелди Муралиев, Болот Жанузаков түшүнүш керек эле. Ар кыл кызматтарда армансыз иштешти. Накен аба менен Амангелди мырза Оштун жүзүмүнөн каалашынча татып, көк чайга чаңкоосун кандырып, өзбек кыздардын "ракска" бийлегенин абдан эле тамаша кылышты. Эми коомдук кыймыл түзүп, кандай аброй табат, муну түшүнүү кыйын.
Баарынан да Болот Чыныбаевич Кытай маданиятын өнүктүрүп, аздыр-көптүр пенсиясына каниет кылып, өткөнгө салават кылса болмок. Акүйдү коргоп акырына чейин турганын Адил Тойгонбаев менен Акаев унутса да, эл унута элек.
Ооба, азыр экономика чабал, коррупциялык система күчүндө, жыргаган жерибиз жок. Бийлик тарабынан катачылыктар бар. Дагы эле эскичиликтен, жогорудагы кишилер жугузуп кеткен оорудан айыкпай келебиз. "Бирдиктүү Кыргызстандын" түзүлүшү буга жардам бере албайт. Балким, алар келерки президенттик шайлоого кам уруп жаткандыр. Өздөрүнчө А.Муралиевди же К.Иманалиевди сүрөп чыгышар. Азыркы бийлик муну коркунуч катары көрбөйт, тоотпойт дагы. Бирок, бул кыймылдын түзүлүшү менен оппозициянын баркы кетет. Ушу гана чындык.
Келдибек НАЗИРОВ




  Чүш-ш, Текебаев укпасын!

Жекшенкуловдун жаңы "жээги"
Кыргызда тууганчылык, жердешчилик, жадагалса кошуна-колоң деген сөз бар. Айрыкча Азия өлкөлөрүндө бул күчтүү өнүккөн. Алар бирин-бири жөлөп-таяп, керектүү жерде баткактан сууруп колдоо да көрсөтүп коюшу мүмкүн. Мындайларды иликтеп келсең биринин артынан бири убап-чубап чыга берет. Ошол эле экс-тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун кылмыш дүйнөсүнүн атаманы Камчы Көлбаев, андан мурунку Рысбек Акматбаев менен байланышы болушу мүмкүн?


Иши кылып Аликбек Жекшенкуловдун уулу Беккул Жекшенкулов Алина Касенова деген кызга үйлөнүп калат. Ошол Алина Касенованын биртууганы Адилет Касенов азыр бир кездеги Тышкы иштер министринин үйбүлөлүк абийирине доо кетирип жатат. Анткени Адилет качандыр бир кезде Рысбек Акматбаевдин уюшкан кылмыш тобунда жүргөн. Ал өлгөндөн кийин бир канча жолу соттолгон Камчы Көлбаевдин тобуна өттү. Адилеттин артында ал жасаган өтө коркунучтуу кылмыштуу иштер азырынча белгилүү боло элек.
Жакында эле Каракөл шаарында Камчы Көлбаевге таажы кийгизүү аземи болгону белгилүү. Ошондо ал кыргыз жеринде кылмыш дүйнөсүнө экинчи президент катары таанылган. Ошондой болгон соң ал жер-жерлерге көз салуучу "губернаторлорду" да дайындаган. Ошол эле Адилет Касенов азыр Ысыккөл өрөөнүнүн кылмыш дүйнөсүнө жетекчилик кылат.
Айтор, кыргыз оппозициясынын лидерлеринин бири Аликбек мырзанын абалы азыр киши суктанарлык эмес. Жекшенкуловдун өзүнүн жалындуу жаштыгына байланышкан чатак бүтө электе бул чыкты. Анда Жекшенкулов Ош областында партиялык босстордун бири болуп кыздар менен ойночу. Эми болсо, минтип балакеттүү кичи куданын азабын тартып отурат. Кыскасы, коомдук иштерде ажары ачылбады. А балким, кайра кубулуп калайын деп жүргөндүр. Баса, Аликбек Жекшенкуловдун "Аврора" санаториясынын жанында кымбат баадагы кыймылсыз мүлкү бар. Аталышы "?3 коттедж". Үчүнчү линия деген көчөдө. Аны билгендер баасы 300-400 миң доллар деп баалашат. Ал үчүн ТИМдин экс-башчысы кара терге түшө иштесе керек. Кызыгы, көзсалуучу Касенов кокусунан көл жээгиндеги укмуштуу бул сарайда жашаган жокпу? А балким ал өзүнүн ОПГлаш соратниктери менен чогулуп, ал тургай шефи Камчы менен бирге ошол жердедир.
Кыргыздарда жердештердин, урук-туугандардын, кошуналардын, анүстүнө бир туугандардын өмүр-баянынын эң майда жактарын да териштире беришери маалым. Эми Жекшенкулов Касеновдун караңгы иштерин билбейт деп шектенүүгө болбостугу гана калат. Бирөө баары үчүн, баары бирөө үчүн деген биздин менталитетти билип туруп, эки дүйнөнүн көрүнүктүү ишмерлери профессионалдык, акчалай жана дагы башка иштерде байланышы бар деп божомолдоо кыйын эмес.
Мына, азыр биздеги оппозициянын бирөө өз бизнесинен агып келип жаткан финансылык агымдын жолун бууйт деген каңшаар тарады. Ошентсе да, биздин сүйлөөк лидерлердин "Санта Мария" ресторанында чайлашмайга каражаты жетиштүү. Эмесе, дал ошол, артыкчылыктуу чет өлкө доллары менен сугарылуучу ОПГ жактан шамал жүрүп, Касенов Жекшенкулов үчүн банкоматтын ролун аткарып жаткан жокпу? Эгерде андай болсо эле анда оппозициячыларга суктануудан башка арга жок экен да. Себеби, кичи кудасы аркылуу анын түбү Камчы Көлбаев аркылуу бекемделип отурбайбы.
Касым ЖУМАГУЛОВ










??.??