"Агым", 27.06.08 - 4-бет: Илимпоз илик...• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Илимпоз илик

Айылчы Сарыбаев:
"Көмүскө экономика ээлери Акүйдө отурат"
- Айылчы Сарыбаевич, азык-түлүк куну күндөн күнгө кутургандай кымбаттап баратышы бизге окшогон жарды элди биртоп элеңдетип салды. Экономист-окумуштуу катары айтыңызчы, республикада айылчарба продукциясынын абалы кандай?
- Расмий статмаалымат биртоп барандуу өсүштү атайт. Биздин байкашыбызча, улуттук дүң продукциядагы айылчарба продукциясынын орду ага негиз бербейт. Мурдагы жылдардан анчалык өзгөрүү деле жок. Болгону аларды керектөөчү адамдардын саны тышкы миграциянын эсебинен кыскарууда. Демек, элдин керектөө талабы өскөн жок.
- Анда баалар неге күн санап көтөрүлүп атат? Кымбатчылык боюнча кыргыз өкмөтү анча-мынча процентти көргөзөт. А турмуш башка менен башка чабууда. Сиздердин эсеп-кысап кандай?
- Мисалы, 2007-жылдын августунан 2008-жылдын 6 айынын ичинде ундун, эттин, сүттүн, өсүмдүк майынын жана алардан жасалган тамак-аштын баасы 2006-жылга салыштырмалуу орто эсеп менен 2-3 эсе өстү. Жашылча-жемиши деле ошондой. Статмаалыматтар деле болжол менен ушуну айтууда. Эл керектөөчү өнөржай товарлары да кескин кымбаттай баштады. Себеби, аны саткан адамдардын жашоо турмушу да кымбаттап, арзан кытай товарларынан түшкөн пайда күнүмдүк тамак-ашынан ашпай же жетпей калды. Аларга улай кызмат көрсөтүү акысынын өсүшү табигый иш.
Баа эмне үчүн өсүп атат? Биринчиден, айылчарбасын реформалоо шылтоосу менен ири товардык чарбаларды жоюп жибердик. Дүйнөлүк соода уюмуна өтүп, импорттун ээн-эркин киришине жол ачтык. Статмаалымат айтып атпайбы: республика импорту экспортко караганда 1,7 эсе көп. Тамак-аш продукциялар рыногунун 70%дан ашыгын импорт түзөт. Анын ичинен дан азыктары, кумшекер, ун ж.б. биртоп продукцияларды сырттан алабыз. Аларды уюштуруп, алып келип сатып аткан фирмалар толугу менен монополиялашып же коррупцияланып кеткен. Анын үстүнө тамак-аш продукцияларын контрабандалык жол менен ташуу да табында. Мамлекеттин жалпы экономикасынын 70-80%ын көмүскө экономика түзөт деп жүрөбүз. Ошол көмүскө экономика ээлери, 300 млрд. сомго чейинки акчаны көзөмөлдөгөн адамдар мамлекеттик бийликтин бийик бутагында, Акүйдө отурушат. Алар ошончо акчаны аркандай арам жолдор менен, анын ичинен азык-түлүк контрабандасы аркылуу табышкан. Мамлекеттин экономикалык саясатын ошолор жүргүзүп атышпайбы. Алар эчкачан "суу ичкен булагына" түкүрбөйт, б.а., көмүскө экономиканы жоюу үчүн иштебейт. Тескерисинче, анын өнүгүшүнө, коррупциянын күчөшүнө кызыкдар. Ушул жагдайды эске алганда, баалардын өсүшүн көзөмөлдөөгө эчбир мүмкүн эмес. Себеби, аны көзөмөлдөй турган адамдар баалардын өсүшүнөн миллиондогон пайда таап атат. Демек, дүйнөлүк баанын өсүш тенденциясы, анын ичинен энергетика наркынын кымбатташы Кыргызстанда коррупционерлердин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылууда. Андыктан биздин азыркы экономикалык саясат азык-түлүк коопсуздугун коргоп, баалардын өсүшүнө каршы күрөш жүргүзүп жатат дегенге ишенүү кыйын.
- Бишкек мэри Данияр Үсөнов өткөн жылы айылчарба продукциялары, асыресе нан, ун, өсүмдүк майы кымбаттай баштаганда пресс-конференция уюштуруп, ноябрь айы ченде мындай маселе болгон-болбогонун унутуп да кала турганыңарды бөркүмдөй көрөм деди эле. Кыргыз өкмөтү этап-этап менен баа басыгын басаңдатуу максатында көптөгөн миллион сом акча бөлгөн. Тилекке каршы, баа али басаңдабай келет. Жазгы талаа жумуштары да жүздөгөн миллион сом бөлүнгөнүнө карабай ойдогудай уюштурулбаганы айтыла баштады?..
- Кеп ошондо болуп атпайбы. Бааны төмөндөтүүгө, жазгы талаа жумуштарына, Казакстандан 350 миң тонна буудай алууга бөлүнгөн акчаны ким көзөмөлдөйт? Ошолеле контрабанда менен шугулданган көмүскө экономика ээлери. Белгилүү аграрий Жамин Акималиев жазып чыкты: жазгы талаа өнөктүгүнө деген жанар майдын литри айрым региондордо дыйкандарга 27 сомдон сатылыптыр. А кыргыз өкмөтү 20 сомдон беребиз деп күүлөнүп атпады беле.
- Азык-түлүк продукцияларынын куну минтип кутургандай кымбатташын кыргыз бийлиги дүйнөлүк баанын өсүшүнө көбүрөк байлап атат го?..
- Чындыгында дүйнөлүк баанын өсүшү Кыргызстан айылчарба продуктуларына ашып кетсе, 10-15% эле таасир тийгизет. Калганы мамлекеттин бажы, салык, айылчарбасы жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча саясатынын жоктугуна байланыштуу. Жөнөкөй логика. Дүйнөлүк баа мисалы, Батышта 20-30% өсүп атса, эмне үчүн Кыргызстанда 200-300% өсүп атат? Ушунун өзү эле экономикалык кризисти дүйнөлүк баанын өсүшүнө шылтоо куру жалаа экендигин далилдейт. Кеп өзүбүздө - мамлекеттик башкаруунун сапатсыздыгында. Баа дүйнөлүк деңгээлге карап өскөнү менен элдин кирешеси ага жараша өскөн жок.
Эмне үчүн айылчарба продуктуларынын 70%ын сырттан алабыз? Ушунун өзү эле мамлекеттик саясат. Аны ким жүргүзүп атканын жогоруда айттык. Болбосо май, кант, жашылча, жемиш ж.б. менен өзүбүздү өзүбүз камсыз кылууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Мал киндиктүү Кыргызстан аталабыз, а этти Кытайдан тартып келебиз. Андан ашкан абсурд кайда бар?
Буга кошумча жанар майларды импорттогон фирма, компаниялар да монополдошуп, өлкөнүн криминалдашкан башкаруу бөлүгү менен чырмалышып кетти. Бул баа саясатын тескөөгө мүмкүнчүлүк бербей калды деген кеп. Импорттун өсүшүнө бажы кызматкерлеринин да салымы чоң. Энерготармакты атайын банкрот кылып электр энергиясынын баасын 62 тыйындан баштап 1,2-1,5 сомго жеткирилиши да продукциянын баасынын кескин өсүшүнө түрткү болууда. Менчиктештирүү аркылуу анын баасы асманга жете кымбаттайт ж.б.
Рынок экономикасынын шартында мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугу боюнча саясаты жок же чала болсо, ага байланыштуу тармактар коррупцияланышып кетсе, баа эл турмушун белге чапканы белге чапкан. Анын үстүнө монополияга каршы комитетибиз өзү дээрлик коррупцияланып кеткени эчкимге жашыруун эмес.
- Рынок шартында баалар жөнгө салынбайт деген түшүнүк бар эмеспи?
- Бул баягы чылпагын ал десе, көзүн чукуган ойрондордун чаласабат ою. Дүйнөлүк тажрыйба, айрыкча азыркы дүйнө тажрыйбасы рынок мамлекет тарабынан жөнгө салынып турушу шарт экендигин небак ырастаган. Сен деле бирнече ирет жаздың го, ашынган рынокчул АКШда азык-түлүктүн эң зарыл алты түрүнүн баасын мамлекет кантип көзөмөлдөп турарын. Бааны мамлекет кандай жол менен жөнгө салат? Кеп ошондо. Мисалы, монополияны жоюу менен. Спекуляцияны тыюу менен. Мамлекеттик салык саясаты жана бюджет аркылуу. Кыскасы жолу көп. Өнүккөн өлкөлөр ошентет. Болбосо баа саясаты азыркы Кыргызстандыкындай анархияга айланат.
- Маегиңизге ыракмат!
Алым ТОКТОМУШЕВ



  Үч кошкон собол

"Бирдиктүү Кыргызстан".
"Ганси". "Евро-2008".
1. "Бирдиктүү Кыргызстан" коомдук-саясый кыймылы түзүлдү. Ал республика багытына таасир тийгизе алабы?
2. АКШнын "Ганси" авиабазасын түштүккө которуу жөнүндө маселе чыгып атат. Сиздин пикириңиз?
3. Европа чемпионатында баш байгени кайсы өлкө багындырышы мүмкүн?

Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ, "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору:
1. Жаңыдан түзүлгөн коомдук кыймылдардын көпчүлүгү "кетсинизм" обонун созуп калышпадыбы. Тескерисинче, "оомат келсин, өлкөбүз өнүксүн" дешсе жакшы болбойт беле. Ал эми "Бирдиктүү Кыргызстандын" мүчөлөрү убагында жоопту кызматтарды аркалаган инсандар. Андыктан, алар акыл-эстүүлүк менен республика саясатына салым кошот деп ойлойм. Баарыбыз бир идеянын алдында бириксек гана өлкөбүздү өргө сүрөй аларыбызды түшүнсөк.
2. Буга чейин "Гансини" Кыргызстан аймагынан чыгаруу демилгеси көтөрүлүп келгени маалым. Ошондон улам, америкалыктар ушул маселени көтөрүп чыкты деп ойлойм. Мындай демилге АКШнын кызыкчылыгын гана көздөйт.
3. Экономикасы өнүккөн мамлекет маданият жана спорт тармагына кам көрөрү турган иш. Россия дагы спорт тармагын өнүктүрүүнү колго алды. Менимче, 1-орунду орус туугандар алышы мүмкүн. Себеби, алардын даярдыгы күчтүү, мүмкүнчүлүктөрү да бар.
Касым ИСАЕВ, персоналдык пенсионер:
1. Аталган кыймылдын мүчөлөрү убагында чоң кызматты аркалашкан. Ошондо Кыргызстанды гүлдөтүп жиберишсе болмок. Түштөн кийин кыйратабыз, Акүйгө таасир этебиз дегендерине ишене албайм. Албетте, жаран катары саясый иштерди жасаганга акылары бар, аларга эчким тоскоол болбойт.
2. "Гансинин" жайгашышына башындале каршы чыккам. Баткенге кирген сакалчандарды шылтоолоп, Акаев уруксат берип койбодубу. Америка кайсы мамлекетке кирбесин эгерим чыкпайт, арты жакшылыкка алып келбейт. АКШ "Ганси" аркылуу биздин коңшу өлкөлөргө каршы саясат жүргүзүүнү максат кылган. Убадага турбасак, эртеңки күнү Кытай, Россия сыяктуу лөктөр кызматташууну токтотуп коюшу ыктымал. Андан Кыргызстан гана утулат. Эми "Гансини" убактылуу калды деп атабыз. Бул болбогон кеп. Ошондон улам, авиабазаны түштүккө которуу идеясы келип чыкты.
3. Бардык кыргызстандыктар сыяктуу эле Россияга күйөрман болуп атам. Бирок, кимиси жеңишке жетерин убакыт көрсөтөт.
Дамира НИЯЗАЛИЕВА, ЖК депутаты:
1. Бул кыймыл убагында жогорку кызматты аркалаган, кыргызга "аттын кашкасындай" таанымал атуулдардын тобунан түзүлдү. "Жаңы ачылган саясый кыймылдар толтура, бирок, биз Кыргызстанды кантип оңдоо жолун көргөзөбүз" деген пикирин "Бирдиктүү Кыргызстандын" мүчөлөрү билдиришти. Алардын айткандары чыны менен иш жүзүнө ашса, эң сонун болот эле. Коомдук-саясый кыймылды коомчулук канчалык деңгээлде колдоорун убакыт көрсөтөт.
2. Мындай маселени кылдаттык менен кароо зарыл. Антсе да: "орун алмаштыруудан сумма өзгөрбөйт" теориясы бар эмеспи…
3. Футболго анчалык кызыкпайм. Анүстүнө убактым деле жок. Албетте, күчтүү, мыкты даярдыгы бар мамлекет жеңишке ээ болсо керек.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ










??.??