"Агым", 27.06.08 - 3-бет: Сая-саалы...• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Сая-саалы

Чиновниктер командировкадан кутулушабы?
ЖоКе мамлекеттик кызматтагы чиновниктердин чыгымдарын кыскартуу тууралуу өкмөттүн демилгесин колдоду. Мындан казна чыгымы 1 миллиард 200 миллион сомго үнөмдөлөт экен. Буга кызматкерлердин командировка чыгымдарын, жабдуу сатып алышын жана курулуш объекттерин азайтуу аркылуу жетишсе болот дешет, демилге ээлери. Мындай үнөм мамлекеттик органдардын бюджетинин 20 пайызын түзөт.

Адил Тойгонбаев "тойгонбу"?
Алматы шаарындагы райондук сот айтылуу экс-мамкатчы Осокенин оозу менен атпай кыргыздын күйөө баласы атыккан кадимки Адил Тойгонбаевди сотко чакырып, сурак бердирүүдө. Көрсө, Адикеңдин да шайтаны көп экен. Өзү башкарган "Улуттук стратегиянын эксперттик борбору" аттуу фондудан каржыланган "Позиция. kg" интернет-гезити аркылуу казак бийлигин күч менен кулатууну үгүттөп жаткан имиш. Мыйыгынан күлүп коюп жүргөн мыймыйган жигит эле, чын эле Нуракеге тиш кайраганбы?

Оппозиция биригет дейби?
"Март ыңкылабынын дөңгөлөгү" атанган Роза айым Отунбаева оппозициячыл күчтөр биригип, коалиция түзүшү керек деп чыкты. Бул тууралуу бийлик атаандаштары кечээ жакында Бишкектин "Санта Мария" ресторанындагы жолугушууда шерттешкен имиш. Алардын оюнда түндүктү Темир Сариев, түштүктү Адахан Мадумаров баштап берет экен. Бир гана Аликбек Жекшенкулов ыргылжыңдана "шашкан - шайтандын иши, шашылбасаңар, кое турсаңар" деп кетенчиктеп турат дейт. Аликең "аңга" түшкөн окшойт.

"Өлөйүн десем жан таттуу…"
9-июнга чейин Бакиев бийликтен өз ыктыяры менен кетпесе, Жогорку Кеңеш алдында жалбырттап жалын болуп өзүмдү өрттөймүн деп коркуткан Назарбек Нышанов деген саясатчы, анысынан айнып калыптыр. Атайын журналисттерди чакырып алып, "мен өрттөнгөнүм менен коррупция кала берет экен, бийлигиң да кебелбеген нерсе тура" маанисинде ыйламсырап отуруп берди. Чымындай жанын саясатка курман чалбай эле койсочу, обужоктун оюну кылбай.

Князев кантип кармалды?
Кыргызстандык белгилүү орус саясат таануучу Александр Князевдин уулу Алексей жасалма акчаны алмаштырып атканда кармалып, милийса аны камап коюп, атасы кадырын салып, эч жакка чыкпайт деген тилкат менен бошонуп чыкты. Ата-Князевдин айтымында, бул иш атайын жасалган провокация, борбордогу Октябрь раймилициясы менден ушинтип өчүн алып жатат деди. Чындыгында Алексей берген 200 сомдукту аны жеткирген таксист майдалай албай, жакын жердеги май куйгуч жайга чуркап барып майдалай коемун деп кармалып калыптыр да, акчанын ээси ушул деп бала-Князевди милийсага салып бериптир. Ата-Князев болсо, тиги таксист баласы берген таза акчаны жолдон жасалмага алмаштыра койгон дейт.

Стадионго айланган мамрезиденция
Бээжин Олимпиадасына даярданып жаткан Кыргызстандын курама командасына ажо Аларчадагы жана Ысыккөлдөгү мамрезиденциясынын эшигин ачып бериптир. Андагы мамлекет башчылары эс алуучу жайларга кыргыз спортчулары чардап эле жатып калышыптыр. Чардаганы жакшы дечи, мындай шартта казы байлатып, булчуңдары май басып, Бээжинде чуркай албай, күрөшө албай, мушташа албай шерменде болушпаса болду.




  Крим-аалы

Иткумарын кандыргысы келген Игорь
25-июнь күнү саат он экилер чамасында кырк жаштагы аялды зордуктоого аракет жасаганы үчүн 1959-жылы туулган Игорь Новиков изкубарлардын колуна түштү. Иткумарын кандыргысы келген аңги жабырлануучуга күнөөнү коюп, өзү сүттөн ак болуп чыккысы келди. Бирок, анын мындай актануусунан майнап чыккан жок.

Уруштан чыккан өлүм
Чүй облусуна караштуу Токмок шаарынын Шамшы көчөсүнө жайгашкан үйлөрдүн биринен 40-45 жаштардагы азиат улутундагы белгисиз адамдын өлүгү табылган. Маркумдун көкүрөгүнө, мойнуна бычак сайып, аеосуз сабагандан улам көз жумгандыгы белгилүү болду. Окуя болгон жерден канга боелгон аш бычак табылган. Арадан көп өтпөй Токмок ШИИБ милиция кызматкерлери тарабынан 58 жаштагы М.Ормотаев кармалып, чырдан чыккан уруштан маркумду өлтүргөндүгүн айтып, күнөөсүн мойнуна алды.

Өлүктү катып койгон кылмышкер
18-июнда Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылынын четиндеги камыштын арасынан адамдын чирип бараткан өлүгү табылган. Маркумду өлтүрүп, эч кимге көргөзбөй ээн жерге алып барып, кылмыш ишин жашырып, эркиндикте сайрандап жүргөн С.А.Волохов укук коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 25-июнь күнү кармалды. Учурда тергөө иши башталды.

Жол кырсыгы адам өмүрүн кыйды
Балыкчы-Чолпоната-Каракол автожолунда 25-июнь күнү таңкы саат беште 18 жаштагы И.Токтогулов "Мерседес" автомашинасын айдап баратып, рулду башкаралбай кырсыкка учураган. Машина аласалып, ичиндеги беш жүргүнчүнүн бири - 23 жаштагы Ч.Курманбаев ошол жерден көз жумган. Ал эми калгандары денесинен ар кандай жаракат алышып, ооруканага жеткирилген.

Милиционерди сабашкан хулигандар
24-июнда Сокулук районунун участкалык милиционери, инспектор Дүйшөн Майрыковду мыйзамга баш ийбеген белгисиз үч адам сабап, куйруктарын түйүп качып кетишкен. Арадан көп өтпөй үч хулигандын бири - 33 жаштагы М.Назаралиев колго түштү. Жанындагы эки шеригинин кайда экенин айтып, укук коргоо бөлүмүнүн кызматкерлерине сурак берип отурат.

Колтелефонго кол салган Кадыров
Бишкек шаарынын тургуну, 15 жаштагы С.Ли 25-июнда милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Таламандык так түшүндө аны коркутуп-үркүтүп, кымбат баадагы кол телефонун алып койгон 20-25 чамасындагы азиат улутундагы жигитти сүрөттөп берген. Биринчи Май РИИБ изкубарлары Акөргө жаңы конушунун жашоочусу, 1989-жылы туулган К.Кадыров колтелефон уурдап, эл тоноп жанын багып жүргөнүн тастыкташты.




  И- тагдаалы

Бозгунбаев бозоргондо
Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы Сагын Бозгунбаевдин үстүнөн кылмыш иши козголгон. Тергөөгө алган Биринчимай райондук соту өз өкүмүн чыгарды. Соттук териштирүүдө "Көгүлтүр Ысыккөл" санаториясынын директору Бейшенбек Курманалиев менен биргеликте профсоюз федерациясына тиешелүү 15 жолдомону 126225 сомго пулдап жибергендери маалым болду. Жолдомолор "Акварице" туристтик фирмасына сатылган. Жыйынтыгында мамлекет 114 750 сомдук зыян тартып отурат. Буга карабастан сот Сагын мырзага 7 миң сом айып салып, Курманалиевди 5 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты. Эми Бозгунбаев жогорку кызматка баралбай бозоруп турар бекен. Же жегенин кусалбай, же...

"Риголетто"
Джузеппа Вердинин ушундай аталыштагы операсы А.Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера-балет театрынын кезектеги 5-премьерасын 29-июнда жыйынтыктамакчы. "Риголеттону" сахналаштыруу үчүн 700 миң сом сарпталганын эскерте кетели. Театр жетекчиси Болот Осмоновдун айтымында, бир сезондо 5 премьера өткөрүүгө каражат жазында өткөн Б.Бейшеналиева атындагы балет искусствосу фестивалынан түшкөн. Дегеле искусство тармагында рентабелдүүлүк жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес. Маселен, атактуу Ласкало да мамлекеттик дотация, демөөрчүлөрдүн эсебинен жашайт. Андыктан, мындай кыйын кырдаалда акча каражатын таап, элге мыкты чыгарма тартуулап аткан театр ишмерлерине ыраазылыктан башка айтар кебибиз жок.

Тагаевден жардам
Ош шаарынын Жапалак айыл өкмөтүндөгү Тээке айлында 8-майда мектеп жашындагы эки бала (Абдумитал уулу Мухамбет жана Икромбек уулу Гүлжигит) снаряддан каза тапкан. Ушундай эле окуя өткөн жылы 6-майда болуп, 17 жаштагы Ислам уулу Бекболоттун өмүрү кыйылган эле. Кечээ жакында эл өкүлү И.Жунусов чырактай уулдарынан айрылган үч үйбүлөнүн ар бирине 5000 сомдон тапшырды. Акча каражаты ЖК төрага фондунан бөлүнгөн.

"Де-факто" "Ме-фактого" айланбайт
Аталган гезит кечээ кайрадан жарыкка чыкты. Басылманын үч санынын чыкпай калышына шаардык прокуратуранын кылмыш ишин козгогону себеп болгон. Андан улам, кеңсеге тинтүү жүргүзүлүп, компьютерлер тартып алынган жана банк эсеби жабылган. Бүгүн парламенттин билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты комитети "Де-факто" гезитине байланыштуу маселени карамакчы.

Колго түшкөн жумуртка
Кытайдан тиешелүү документи жок 43 200 даана жумуртка Карасуу шаарына түшкөн. Оштогу эпидемиология-санитардык көзөмөл борборунун иликтөөсүнүн жыйынтыгында жумурткалар санитардык нормаларга туура келбей тургандыгы аныкталды. Бул ишке Каржы полициясы кылмыш ишин козгомокчу.

Үңкүр болсо да үй болсун
"Туракжай комплекси" долбоорунун негизинде, менчик фирма исламдык принциптерди кармана көп кабаттуу үйлөрдү курмакчы. Жаңы квартиралар ипотекага берилет. Долбоор жетекчиси Б.Арстаналиевдин айтымында, квадрат метри 600 долларга бааланган 1, 2, 3, 4 бөлмөлүү квартиралар сунушталат. Студенттер жана жаш бүлөлөр үчүн квартиранын баштапкы төлөмү 10 миң доллар.

Кылкылдап поезд баратса
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темиржол курулушун баштоого кыргыз тарап даяр. "Кыргызтемиржолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Нариман Тулеев кытайлык эксперттер менен болгон жолугушууда ушинтип билдирди. Бул демилге 1996-жылы көтөрүлгөн. Айрым адистер Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүүчү темиржол Торугарт-Жалалабат багытында жүргүзүлсө, өлкөбүз утуш алат деген пикирде. Айрым маалыматтарга караганда, темиржол Эркечтам-Карасуу багытында курулушу ыктымал.










??.??