"Агым", 27.06.08 - 24-бет: Каалга...• Кыргыз гезиттер архив

Кыргыз гезиттер архиви

  Каалга

"Жаңылбас жаак болбойт…" дейт. Жаңылып сүйлөп, бирөөнүн көңүлүн катуу ооруткан учур болду беле?
Төрөкул ДООРОВ, "Азаттык" үналгысынын
"Азаттык +" жаштар программасынын редактору:
- Журналист журтчулугу маалыматты коомчулукка таратардын алдында бир эмес, бирнече жолу текшерет эмеспи. Андыктан, эфирде жаңылбаганга аракет кылам. Дайыма эки жактын пикирин тең чагылдырабыз. Ошондон улам, жумуш боюнча мага таарынгандар жокко эсе. Ал эми күнүмдүк турмушта көп эле катачылыктар кетет. Күтүлбөгөн жерден жакын адамыңдын көңүлүн оорутуп дегендей… Эгерде байкоостон бирөө-жарымды таарынтып алсам, өзүм биринчи кечирим сурайм. Тескерисинче, өзүмдүн кылган ишимдин анык экенине көзүм жетсе, кеп башка…

Бакыт БЕШИМОВ,
ЖК депутаты:
- Албетте, мындай кырдаалга көп жолу туш келгем. Айрыкча жаш кезде, эмоцияга алдырып… Жыл өткөн сайын турмуштук тажрыйба артып, аз катачылык кетиресиң. Акыркы мезгилде бирөөнү катуу сөз менен кагып, капалантканым эсимде жок. Анүстүнө кызматтык этика деген бар… Саясатчы болгондон кийин ар бир кадамыңды жети өлчөп, бир кесесиң.

Төлөгөн КАРЫКЕЕВ, карикатурист:
- Ушул кезге чейин көп эле кишилерди таарынттым болуш керек. Жакшы эле орчундуу сүйлөйүн десем да, бир жерден жаза таям. Ал күнү болбосо да, эртеси барып кечирим суроого туура келет. Анын "урматына" пиво, керек болсо 100 граммдан "сеп" этебиз. Натыйжада, жаны катуу кейип аткан адамдын көздөрү жайнап, жашоосу "бейишке" айланат.

Карбалас БАКИРОВ, акын:
- Кылымдын башын кыйшайткан,
Кыймылсыз таштар жаңылбайт.
А бирок, жарык ааламдан,
Жаңылбас адам табылбайт.
Аппак кар болуп көрүнгөн,
Калптардын бети калыңдайт.
Жаңылат баары дүйнөдө,
Бир гана Кудай жаңылбайт…




Жалаң жаштар жана "Агым+"
Ардактуу окурман!
Бишкекте күн безилдеп ысып атыр. Калемге сыя, оозго тил батпай кетти. Ошондуктан жашы элебирээктерибизди отпускага узатып, редакцияда жалаң жаштар калдык. Күн чок болуп күйүп кетсе дагы, кымбаттуу окурман, колубуз кармашкан бойдон турсун дедик. Чама-чаркты чактап көрүп эми "Агымды" убактылуу "Агым+" деген ат менен жумасына бир жолу чыгарып турууну чечтик. Жума күнү чыгат, адаттагыдай эле 24 бет менен. Бирок маңызы адаттан тыш, байкагыла, баалагыла! Жүрөгүңүздөрдөн түнөк тапсак, бизге сыйлык! Анда, "Агым плюстан" көрүшкөнчө!
Ал эми "Агым" гезити эки айлык каникулдан кийин, 2-сентябрдан баштап өз калыбында чыга баштайт.

Нурила БАТЫРАЛИЕВА, журналист:
- Тирүү пенде болгон соң, аркандай катачылыктарды кетиресиң. Өзүм табиятымдан бетке айтканды туура көрөм. Адамдын артынан "суу куюп", көзү жогунда ушактагандан көрө, бетке айткан жакшы. Бул менин жашоомдогу принцибим. Бирок, көп учурда, санаалаш жакын адамдарым мындай мамилемден "жапа" чегип, таарынышат. Айрымдары убакыт өткөн сайын көнүп деле калышкандай… Ал эми чеки сүйлөп, жөн жерден бирөөнүн жанын кейиткеним эсимде жок.

Алтынбек НААМАТОВ, студент:
- Башыман бир кызык окуя өткөн. Өткөн жылы сүйгөнүм дос кызы менен тааныштырган эле. Ал абдан сулуу, бир сөз менен айтканда, жутуп жиберчүдөй пери экен. Кийинчерээк ал экөөбүз кыз-жигит болуп калдык. Буга сөзүмдөн жаңылып калганым себеп болду. Тактап айтканда, биринчи кызым менен мелдеше кеткем… Эми алар менен мамилем жок, бет карашпай калганбыз.

Каалганы "каккан" Нурканбек КЕРИМБАЕВ




Келерки жума күнү, 4-июлда "Агым+" гезитинен окуйсуздар:
Падышанын Мафияга алданганы.
Капчык каккан Бишкек казинолору.
Айдардын Бакиев менен кол алышканы.
Деңизден терең, асмандан кенен Жандүйнө.
Бешинчи күндүн пайшамба.
Футбол күйөрмандарына сайылган байге - 10 000 сомдун жеңүүчүсү ким?

Ошондой эле "Агым+" гезитинде: ТВ программа, шыпаагерлик, шоу, спорт, астротөлгө, SMSка, сканворд, кеп-кеңеш, окурманды ойго салган суроолорго жооп, Улуттук теленин эфирден тыш турмушу, атактуулардын сырлары, "мергенчи" фотокоррдун көз атар сүрөттөрү...