"Агым", 27.06.08 - 22-бет: Пейджер...• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Пейджер


24-июнда "Пейджер" менен сүйлөшкөндөр:
Урматтуу окурман!
Кимдир бирөөгө же айрым бир жагдайда сын-пикириңиз, зарыл сөзүңүз, каалооңуз барбы? Ар аптанын экинчи күнү (шейшемби) эртең мененки 10дон 12ге чейин 66-55-68 телефонуна чалып же AGYMpage деген сөздөн баштап 3030 номуруна SMS-билдирүү жөнөтсөңүз болот. 3-4 сүйлөмдөн ашпаган куйкум сөзүңүздү, боорду эзген азил оюңузду, көңүл көтөргөн куттуктоолоруңузду күтөбүз. Бүйүр кызыткан билдирүү ээси "Пейджердин" белегине арзыйт. "Пейджер" - сиздин үнүңүз! Чалыңыз, SMS-билдирүү жөнөтүңүз.

П-514. 1 сомго 1 ширеңке аласың. Эгер кымбаттай турган болсо, 1 сом 1 тыйын болмок беле. Тыйын чыгаргыч тайкы акылдарга айтарым: Бир тыйынга бит келбейт, / Он тыйынга ит келбейт. / Алтымыш, токсон тыйынга, асылып өлөм десең да, / Арзан самын кайдагы, алакандай жип келбейт. Медербек Сулайманов.
П-515. Президенттин үкөлөрү: "Эми колуңузда турганда борборду Ошко көчүрүп койбойсузбу" десе, ажо: "Эмне арманыңар бар? Ош менен Жалалабатты борборго көчүрүп келбедимби" деп жооп берет дейт. Мээрим.
П-516. Данияр Үсөновго: кыргыздар "бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт" дешет эмеспи. Быйыл жамгыр жаабай, жер куурап калды. Түшүм болбойт деп Арстанбек Ногоев элге эскертүү айтып жатат. Өзүңүз деле көрүп турасыз, бактар ноябрдагыдай саргайып калды. Шаардын кемпир-чалдары болсо сизге бата бербей эле каргап жатышат. Аягы эмне менен бүтөрүн өзүңүз байкап көрүңүз. Отставкадагы полковник Султанов.
П-517. МАИчилердин саясат менен таптакыр иши жок. Чөнтөгүнө эле акча түшүп турса болду. Караш Насер.
П-518. Бакыбаев Асылбекке: Толгон-токой байлыкка, тойбой койду Асылбек, / Ачкөздүгүн арбытып, койбой койду Асылбек. / "Акжолго" жагып шайлоодо, айылдын азыр өкмөтү, / Таптакыр эле өзгөрүп, тарсыйып калган өпкөсү. Күйдүмчок.
П-519. Тапан чүкө, кадырыңды кеч билдим, бирок жакшылыгыңды унутпайм. Байтурган.
П-520. Чоң акырдан жем жешке, / Парламентке жетишке. / Жан багамын деп келип, / Өздөрүн бордоп кетиште. Эркин Жаныбеков.
П-521. Ырыскысын талап-тоноп элиңдин, / Чет элдерге неге мынча берилдиң. / Дос элбиз деп бапыраңдап сүйлөсөң, / Кынтыгы жок айтып турган кебиңдин, / Ошол достор малай кылып, кул кылып, / Миллионун алып кетти элиңдин. Сейдана Бейшебекова.
П-522. Кымбатчылыктын азабынан, келе турган конокко үйдө отуруп эле "үйдө жокмун" деп жооп берчү болдум. Сейдана Бейшебекова.
П-523. Арчабешик айылда ач жүргөн эле бир кезде, / Байкелеп келчү ар күнү, мен керек болуп ал кезде. / "Акжолго" иштеп оңолду, зам.аким болду, торолду. / Байлыкка башы батканда, байкесин унутуп жоголду. Зам.Байдылда.
П-524. Инибиз Бактыгулов Эмилди эгиз уулдуу болушу менен куттуктайбыз. Бешик бооңор бек болсун! Аксанат экөөңөр уулдарыңардын урмат-сыйын көргүлө. Балдарыңар акжолтой болуп, жолдору ачык болсун. Эжеңер Ширин, жездеңер Калмурат.
П-525. Төкө, пейилиң кетиптир, тарыпсың. Мындан жаманымда тойго баргамын дегендей, жатаканада жатып, бир бөлкөнү суу менен эле жеп алган күндөр деле өтпөдү беле. Ага караганда азыр Кудайга шүгүр, заңгыраган эки кабат тамың, астыңда машинең, колуңда кызматың турат. Үйүңө барсам, нан ооз тий дегенге жарабайсың. Шерали хандай кылып баягы батиңкеңди үйүңө илип коеюн деп, дагы койчу дедим. Жолуң болсун! "Досуң".
П-526. "Ак чындык" армансыз чардап гүлдөгөн, / Алмаз да өттү дүйнөдөн. / Апыртып калпты сүйлөгөн, / Акимиаттагы агабыз, Апыш да өттү дүйнөдөн. / Апчышып, жулуп ар жактан, / Аларын алып жетишти. / Ак көңүлдөрдү шорлонтуп, / Алганы доллар миңдеген, / Армансыз эле кетишти. Медербек Сулайманов.
П-527. Сабирова Салтанатты мектепти ийгиликтүү аякташы менен куттуктайбыз. Денсоолугуң чың, өмүрүң узун болсун. Жакшылык гана коштоп, ак жолуң ачылсын. Гүлжан, Мээрим, Алтынай.
П-528. Асан, Таалай, Фатима, Бурма, баягы Суусамыр жайлоосундагылар 14-июнда кымыздарын жайнатып, коюн союп, бизди аябай күтүшүптүр. Чоңкого ишенсек быйыл жетпейбиз го... Күйдүмчок.
П-529. Телевизорду карап отуруп элдин баары ырчы болуп кеткенби дейсиң. Үнү бары деле, жогу деле кыңылдап жүрөт. Тандоо, талдоо деген болбойбу? Сабира.
П-530. Кыргызстандын өсүп-өнүкпөй жатышына коррупция - кыргыздардын ?1 душманы күнөөлүү. Дилдебүбү.
П-531. Кезенсе гүлбак бузган алдан арбай, / Эл күтөт текшерүүңдүн соңун аңдай. / Акайдай суу жүрөктүк кылба ханым. / Ататүрк парктагыңды жое албай. Эркин Жаныбеков.
П-532. Талас өрөөнүндө жашаган 80 жаштагы апам Салия курбусу Алманы дайым эстей берет. Кызынын аты Света, уулунуку Марат. Алар 1965-жылдан бери көрүшөлек. Эгер Алма апанын уулу Марат, кызы Света "Агымды" окуп калса, (0772) 65-47-42; (0555) 00-26-47 телефондоруна чалып коюусун өтүнөм. Курсташым Кайрниса Эркуловнанын уулу Ильяз, мага телефон чал. (0555) 00-26-47.
П-534. Жайылган койго көз салып, жамбаштап жатып үшкүрүш керек. Абонент.
Даярдаган
Канышай БЕШБАЕВА










??.??