"Агым", 27.06.08 - 21-бет: Мџрзєгџл• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Мүрзөгүл

Орозбеков Султангазы Бакирович 1952-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Жылуу-Булак айлында төрөлгөн. 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун стоматология факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
1981-жылы медицина илимдеринин кандидаты, 2004-жылы медицина илимдеринин доктору илимий даражасына ээ болгон. Кыргызстан саламаттык сактоо министрлигинин стоматология боюнча аттестация комиссиясынын төрагасы, Бүткүл дүйнөлүк стоматологдор уюмунун мүчөсү, Борбор Азия "Стоматология" журналынын редакциялык коллегиясынын мүчөсү.
Кыргызстанда биринчиден болуп Стоматологдор ассоциациясын түзүп, баардык чет өлкөлөрдүн уюмдары менен эң жогорку деңгээлде илимий жана практикалык иштерди алып барган. Султангазы Бакировичтин 3 кызы, 1 уулу бар.

Элиң, журтуң жер муштап отуруп калды
Аттиң, бүгүн карек жашка толуп, кайгы башка толуп, жүрөк түтөп, жүлүн сыздап ажалдын ач чеңгелинен сени ажыратууга ал жетпей, өкүргөнгө тил барбай, өлдү дегенге дил барбай, азанын ачуу уусун жутуп жерге-жээк, эл-журтуң жер муштап турабыз.
Каркыра калды, Түп калды,
Каз турган жериң бүт калды.
Кадырың артык жан элең,
Какшатып кудай эмне алды?
Жылуубулак калды, эл калды,
Жыргалдуу далай жер калды.
Эми эле көрө койгонсуп,
Элүү алтыңда эмне алды?
Ажал өзүң менен кошо көпөлөктүн канатындай дирилдеген көңүл-чөөктүгүңдү, эт жүрөктү элжиреткен элпектигиңди, боор этти эзген боорукерлигиңди, бала-чоңду бирдей караган сыпайы сылыктыгыңды алды.
Улуу адамгерчилик сапаттарыңды биз кимден издеп, кимден табабыз. Тиш оорумак түгүл, тилибизди чайнап алсак да сага кайрылганда тикеңден тик турчу элең. Жупунулугуң журтка белгилүү. Төбөгө мансап, төргө байлык жыйбадың. Ийне менен кудук казып, иштин кулу, илбериңкиликтин күңү болдуң. Кылганыңды доо кылып, кызматың үчүн айрымдардай алакан тосуп, улкунуп-жулкунуп өкмөттөн наам сураган жоксуң, аны алар өздөрү да билген жок.
Кантели, айы тутулуп, күнү күйүп отко түшкөн торгойдой чырылдап сексенден ашкан ата-энең калды. Ичтери ачышып, изиңди сыйпалап, элесиң тунук жаштан көрүнүп, кабырга сөөгү сөгүлүп, ини-карындаш, кыздарың калды. Карманган буюму, каранган күзгүсү сынып, айдай бети тытылып, кайгыга жышылып жароокер жарың калды. Көчөдө көңүлү бир, кызматта кыялы бир, жандап басса жаркылдаган, адамдык ыйык касиетиңе арбалышкан, туу тутуп карманышкан ак халат, ак дилдүү досторуң, кесиптештериң да ажалдын астында алсыз болушуп, ай-кой дегенге алдары жетпей колдон тарттырып, коюндан суурутуп ийишти.
Күн батса чыгат эртеси,
Күмүшүм Султан чыкпайсың.
Аталап чуркап тосуучу,
Айсенемдин үнүн укпайсың.
Ай батса чыгат эртеси,
Алтыным Султан чыкпайсың.
Арзып көргөн наристең,
Алтайдын үнүн укпайсың.
Кош Суке!
Торко болсун топурагың,
Кош колдоп муздак көргө кол сунамын.
Жентегинде жээлигип той башкарбай.
Жер чапчып кошок айтып отурамын.
Кош топурагың торко, жаткан жериң жайлуу болсун.
Жолочу РЫСБАЕВ




  Эстутум

Ажалыңа арача болалбадым, уулум!
Атанын уулу - бир айылдын уулуна айланат. Өмүрү өткөнчө эл кызматында жүрүп, артына айтып түгөткүс из калтырып кетет. Сендей уулдун энеси болгонум, Адылым, мага - сыймык! Аттиң, гезитке мен сени эмес, сен мени эскерип жазсаң эмне!

Уулум Сайдинов Адыл Адамалиевич жаштайынан ар кыл мамлекеттик кызматтарда жүрүп, акыры өз кичи мекени - Атбашыда аким болуп турганда, иш үстүндө каза тапкан. Быйыл сени жоктоп сыздаганыбызга эки жылдын жүзү болду, уулум. Борбордук басылмалардын биринин кабарчысы ишиң менен таанышып, курган маегинин баш сөзүндө: "Сөз салмагын таразалап билген байыркы кеменгер кыргызда көч алдында жүрүп, дайыма жакшылыктын жышаанын, ийгиликтин үзүрүн алып келген адамдарды акжолтой деген элдик бийик урматты ыйгарышар эле. Дал ошол элдик урматтын зоболосу бүгүн Адыл Сайдиновго ооптур. Бул инсан ишинде адамдыгы, чынчылдыгы, карапайымдыгы, иштемчилдиги менен калктын жылуу пикирине татып, көкүрөктөн чыккан жасалмасыз сыйына эгедер болуп турат" деп жазганы бар. Айткандай эле, акжолтой сендей уулду ошол каргашалуу апрелдин алтысында бүт Атбашы жоктоп калды. Башкаруу билимиң өркүндөтүп, алыскы Японияда жүргөнүңдө район эли сени бир добуштан облустук кеңешке депутаттыкка да шайлаган эле. Бүт айылдаш, кичи мекендештериң сага ишеним артып, келечекке болгон терең үмүтүн сага байлашкан эле…
Аттиң, арман экен. Ажалга алдырып жибердик. Өксүп, сыздап келебиз. Акылга келе калганда артыңда калтырган Солто, Аман, Болот уулдарың аман болсун дейбиз. Ушул уулдарың сен пландап, бүткөрүүгө үлгүрбөй калган иштериңди уласын. Атанын мыкты уулдары аталып, арбагың дайым аларды колдоп жүрсүн!

Кантейин ажал деген улук тура,
Ажалды кыйбай турам уулум, сага.
Эл-журтуң, биртууган эскерип жүрүшсүнчү,
Бир кудайдан тилегеним ушул гана.
Апаң жана биринчи мугалимиң Айша ТЕНТИМИШОВА










??.??