"Агым", 27.06.08 - 20-бет: "Баягысы жакшы эле..."• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 "Баягысы жакшы эле..."

Жайлоодо кечкисин арча отундан казанга от жагып, сары майга нан жаап жегенге не жетсин. Айрыкча куурулган эт, коюу памил чай менен өтө даамдуу болот.

Орозбай аялы Карачач экөө кой-эчкисин камап коюп казанга нан бышырып, бир сындырымдан куурулган эт кошуп жеп олтурса, үстүлөрүнө бейтааныш жолоочу келип калат. "Ырыскынын үстүнө келдиң, жамандабай жүргөн конок экенсиң" деп очок четинен орун беришет. Орозбай жолоочунун дайынын сурап, этти алдына коюп, чай узатып экөө сөзгө киришет. Орозбайдын сол жагында аялы отурса, оң жагында жолоочу олтурат. Бир аздан кийин жолоочу Орозбайдын сөзүнө маани бербей, көңүлү алагды боло баштайт. Карачач колуна депкир кармап астына бийиктеп жер төшөк салып чөгөлөп олтуруп көйнөгүнүн этегин жоон санына чыгарып алган. Очоктогу от жалындап күйгөн сайын жолоочу башын эңкейтип Карачачтын алаасын карайт. Муну азырынча Орозбай да, Карачач да байкай элек. Акыры Орозбай байкап калат. Караса, Карачачтын чыт кездемеден тигилген ыштаны алаасынан бир карыш сөгүлүп, аялуу жери даана көрүнүп турат. Тиги жолоочу от жаркырап күйгөн сайын башын эңкейтип караганы ушундан экен. Орозбайдын кыжыры келип, оозунан сөзү түшүп, эмне кыларын билбей калат. Акыры башына бир ой келип, колундагы көсөөнү оттун чогуна салып коет. Ал эми Карачач "алыңыздар, жеңиздер" деп нандын бетине сары май сүртүп, казанга кактап жолоочунун алдына коет. Жолоочунун көзү башка жерде. Ошондо Орозбай ысыган көсөөнү алып акырын Карачачтын алаасына тийгизет. Бейкапар турган аял чочуп кетип, олтурган жеринде артка жыгылып, эки буту эки жакка талтайганда ыштанынын айрыгы огобетер сөгүлүп, көчүгүнөн бери көрүнүп кулайт. Ошондо жолоочу Орозбайга нааразы боло карап: "Ээ досум, жөн эле койбойсуңбу, баягысы жакшы эле" деп жолго түшүптүр.




  Эродром

Эркек менен аялдын ортосундагы ышкыдан жаралган дене кумарынын кызыктары жөнүндө далай сөздөр айтылган. Анын кан дүүлүктүргөн кызыктары, күлкүлүү окуялары дагы да айтыла бермекчи. Төшөк оюну, замандын түрүнө жараша болот окшобойбу. Социализм кезинде азыркы секс деп аталган жыныстык кумарлануу жабык болгону менен, көшөгө артында көп иштер болот эле. Анүстүнө токчулук, кайгы-капа жок болсо, төшөккө жарамдуу кишилер ошону гана ойлоп, анын түгөнгүс кызыгына баткысы келет экен. Азыркылар кинодон, интернеттен, порнографиялык журналдардан баарын көрүп, ал нерсенин жаштар үчүн кызыгы деле калбаса керек. Совет доорунда мындайлар жок болгондуктан, баарын "живой" көрүүгө туура келер эле. Эмесе сөздү узартпай, ошондогу окуялардан баяндап берели.




Жылкычыдан кыл сыйыртмак

Арчалуу жайлоонун абасы кандай сонун. Кенен жылганын бир тарабын жылкычылар жайласа, бир тарабын койчулар жайлап, катарынан тигилген бозүй, чатырлар өзүнчө эле айыл болчу. Тирүү жандын эңсегени көп болот эмеспи. Эркек аттуунун баары эле жылкычы Турганбайдын аялы Болдукандан көзүн алчу эмес. Болдукан чынында сулуу эле. Кара кемселине тирелген төшү, баскан сайын ак көйнөктүн этегин буралтып чайпалган кең соорусу жылкычылар менен койчулардын шилекейин агызып, ал сыртка чыккан сайын кыр-кырдан дүрбү салып жатып калышчу. Кээ бири чыдамы жетпегенинен өзүн кармай албай ышкырып жиберчү. Ансайын Болдукан булакты көздөй төшүн өйдө-ылдый серпилте басып, тигилердин кумарын козгочу.
Ошондой күндөрдүн биринде жайлоого совхоздун зоотехниги Кудайберген келип, түз эле Турганбайдын чатырына конот. Ал кезде зоотехникти малчы-койчу кудайындай эле көрчү. Өткөн жылы кыштоодо жүргөнүбүздө да Кудайберген менен Болдукандын соо эмес экен деген сөз чыгып жүргөн. Турганбай өзү өтө эле жоош, көп сүйлөбөйт. Өтө күлкүлүү окуяга да кичине жылмайганы болбосо, такыр күлбөйт. Анын жактырган өнөрү эле кекиликтерге тузак коюп, көбүнчө уларга аңчылык кылат.
Зоотехник келери менен Болдукан огобетер сулууланып калды. Бул күнү мен бой жетип калган боз балдарды ээрчитип, түн ичинде Кудайберген менен Болдуканды аңдып бардык. Түнкү саат үчтөн кийин жылкычылар менен койчулар өлгөндөй эле укташат. Бир жерин кесип кетсең да билбейт. Чын экен, Болдукан акелеп, "ой, коюңузчу, о-уу, дагы акажан, дагы, ох-уу" деп акыштаганда биз жөн эле шымыбызды булгап алдык. Эртеси баарыбыздын жинибиз келип, Турганбай өтчү жолдогу чоң ташка "катыныңды зоотехник түнү менен диң-диң кылат" деп жазып койдук. Анткени Робинзон Крузонун киносун көргөн жайыбыз бар.
Муну окуган Турганбайдын кыжыры келип, аябай жинденет. Сыягы өзү деле байкап жүрсө керек, бирок эч кимге сыр алдырбай, аялына да билдирбей жылкыларын обочо жерге жайгаштырып коюп, аялы экөө төшөк салып жатып алат. Керели кечке кымыз ичип, эт жеп, каалашынча уктаган зоотехник түнү бою уктабай жылкычынын уктап калышын күтөт. Ал эми Турганбай жылкынын кылынан сыйыртмак жасап, эбак уктаган аялынын жан жерине тегерете коюп, бекем өрүлгөн кылдын учун төшөнчүнүн асты менен алып өтүп, бозүйдүн сыртына чыгарып коет. Өзү мылтыгын асынып, аңчылык кийимдерин кийип, зоотехник жаткан чатырга келет да, "мен аңчылыкка баратам, буюрса бүрсүгүнү келем. Мындагы кой-эчкиге, короого көз болуп тур" деп атына минип жөнөп калат. Зоотехниктин күткөнү ушул болчу. Турганбай жылкыларды сүрүп колоттун ичи менен жөнөп калганда, ал түз эле төшөгүндө ич кийими жок жаткан Болдукандын үстүнө өзүн таштап, ишин баштап калат.
Бая эле минген атын жылкыларды көздөй айдап жиберип, бозүйдүн артына келип кыл сыйрытмактын учун кармап турган Турганбай аялынын "коюңузчу, ох, ии..." деген акышын укканда кыл арканды тартып калат. Кудай жалгап илинген экен. Чочуп кеткен зоотехник сууруп алып ары көздөй тартат. Кайдан бошонсун, тарткан сайын тигиниси кыйылып, жаны көзүнө көрүнөт. Эмне болгонуна түшүнбөй, "кое бер, кое бер" деп Болдуканга жалынат. Болбойт. Эми эле кумардын лаззатына сүңгүңгөн Болдукан да таңыркап, "акажан, эмне болуп кетти, бир жериң ооруп калдыбы" деп чочулап алган. Зоотехниктин муну угар чамасы жок, аюудай айкырып, өзүнөн-өзү бозүйдүн төрүнө жетеленет. Жанжерин кош колдоп басып алыптыр. Сыягы эмне болгонун аңдаган окшойт. "Болдукан, бычак же кайчы..." деп кыйкырат. Жини шакардай кайнап, эрдин кесе тиштеп алган Турганбай огобетер сыга тартып, тигинин же кыл аркандын үзүлөрүнө аз калганда зоотехник "Турганбай, жансоога, Турганбай, жансоога үзө көрбө" деп жалыныптыр. Бирок жылкычы менен мергенчиде ырайым болобу, катуу тартканда кыл сыйыртмак үзүлүп кетет, бирок зоотехник эстен тана бозүйдүн төрүнө оңкосунан сайылат. Баятан берки айкырык, кыйкырыктан чочуп ойгонгон Суксур кемпир Болдукандын үйүнө кирсе, энеден туума болуп зоотехник бүк түшүп жатыптыр. Ал эми Турганбай жылкыларын айдап коктуда жүрөт. Үзүлгөн сыйыртмак дагы эле зоотехниктин энегин кысып тургандыктан, Суксур кемпир тигинин балит жерин колу менен кармап, кыл сыйыртмакты араң чыгарып жатып, "уяты жок, Болдуканды жыргатам деп алигиңе кыл байладыңбы, муну минтип байлабайт болчу" деп колун жуумакка самынды алып булакка жөнөйт.
Ошону менен зоотехник кийимин араң кийип, ичинен Болдуканды сөгүп, алаасын кош колдоп кармап, эл уйкудан турганча жайлоодон кетип калат. Кийин уксак, ошол зоотехник өмүрү өткөнчө аялга жарабай калыптыр. Муну уккан койчулар менен жылкычылар Болдуканга көз артканды коюшту. Болдукан да соорусун чайкап, төшүн бийлетип булакка барганды токтотту.




Презервативди билбеген деректир
Илгери алыскы райондогу мектептин деректир, завучтары билимин өркүндөтүү үчүн андагы Фрунзеге келип, эки ай окуп кетишчү. Алыскы райондордун бириндеги кошуна мектептердин завучу менен деректири да чакырылып калат. Алардын күткөнү да ушул эле. Экөө көптөн бери ойнош болуп, кез-кезде жолугушуп жүрүшчү экен. Мунусунда кудай берип эле калат. Келатканда эле ээрге кыйшык олтурушуп, самолет турса Жалалабаттан поездге түшүшүп, эки кишилик купеде келишет. Жолдо үч күн, үч түн жыргашып, экөөнүн эси-дарты төшөк болот. Борборго келгенде экөөнө эки башка жерден жатакана берилет. Бирок деректир акчаны көп алып келгендиктен, күн алыс ар кыл мейманканалардан кезигишет. Башкалар тез эле кетсек экен деп күн эсептешсе, булар убакыттын кандай өткөнүн билишпейт.
Бир күнү шаардагы чет өлкөлүктөр түнөчү эң кымбат мейманканага келишет. Мындайда жарым күн көрбөй калышса сагынат эмеспи. Номерге кирер замат эле жылаңачтанып өпөңдөп алышкандан кийин мектептин деректири жууркандын астынан пайдаланылган презервативди таап алат. Муну экөө тең буга чейин көргөн эмес экен. Таңыркап ары чоюп, бери чоюп, эркеги резинаны өзүнүкүнө ченеп, кийгизип, кандай болот экен деп оюнду баштап кирет. "Бир нерсе сезилет бекен?" деп эркеги сураса, завуч аял "жылмакай, жакшы экен" дейт.
Ошону менен эки айлык курс да бүтүп, экөө айылдарына жөнөшөт. Бир күнү эле деректирдин жанжери ооруп, айласы кетет. Акыры чыдабай доктурга көрүнгөнү барат. Врач текшерип анализдерин алгандан кийин деректирди чакырып, "коркунучтуу жыныстык оору жугузуп алыпсыз, ким менен болдуңуз эле?" деп такып сурайт. Деректир завучту айткысы келбей, борбордо шайтан азгырып, шаардык бир орус кызга жакындап койдум эле деп калп айтат. Бирок кыңыр иш кырк жылда билинет демекчи, бир жума өтпөй завуч аял күйөөсүнө жугузуп, деректир аялына, анын аялы денетарбия мугалимине жугузуп, бүт районго шерменде болушат. Ошондо бул иш атайын райондун коллегиясында каралып, завуч менен деректир кызматтан алынып, партиялык сөгүшкө ээ болуп, оору жугузган мугалимдер мектеп менен коштошушкан. Көрсө, вирус мейманканада пайдаланылган презервативден жуккан экен.










??.??