"Агым", 27.06.08 - 2-бет: Шадиев шадырањдап атты эле.....• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар




Шадиев шадыраңдап атты эле...

Кечээ парламенттин "Акжол" фракциясы өз депутаты Аскар Шадиевдин ашынып бараткан жүрүш-турушун талкуулап, таккесе жыйынтык чыгармак. Фракция лидеринин орунбасары Раиса Сидоренконун арызы боюнча. Арийне ал ошол замат акылына келип, курун моюнга салып, кечирим сурап кутулду. Бирок айрым билермандар ага депутаттар кеңпейилдик кылбай эле, анын жанын президент администрация жетекчисинин орунбасары, кан досу Каныбек Жороев алып калды деп атышат.

Парламентпи же этжебес менен сөзжебестер союзубу?

Жыл сайын жайкы сессия жабылып, парламент каникулга кетер алдында президент депутаттарды резиденцияга чакырып, тай союп, табак тартып ыракматын айтчу. Андан кийин "ыркесе" спикерге сунулчу. Ал дагы ошентчү. Депутаттар президенттин указы менен мамлекеттик кызматтын кеңешчиси деген наам алчу. Быйыл анын баары тап душманындай тазаланды дейт. Ай, "акжолчулар", андан көрө ап-позицияга өтсөңөр кадырлуу болмоксуңар деп канча айтабыз?

Марат Султанов чай берди

Айтор белгисиз. Андагы спикер, мындагы Соцфонд төрагасы Марат Султанов түшүнөн чочугансып, 90 депутатты чакырып чай берди. Себеп-жөнүн айткан жок. Айтпагандан кийин айрымдары аны Соцфондго байланыштуу мыйзамдарды токтоосуз өткөрүп бергенине жорушту. Айрымдары, жок спикерлик ордун Адахан Мадумаровго өткөрүп бергенге үлгүрбөй калган, эми Айтибай Тагаевге өткөрүп аткандагы кербези дешти. Айтор, унчукпай берген ашты унчукпай жеп кетишти.

Аксынын 80 жылдыгы 80 млн.деп алакан ушалоодо

Бул райондун түзүлгөнүнө быйыл 80 жыл толот экен. Аксынын акими Аскарбек Алиев баш, аксакал-көксакалдары төш болгон аксылыктар борборго түп көтөрө көчүп келип, кыргыз драма театрында телемарафон өткөрүп атат. 80 млн. сом чогулганча кетпейбиз дейт.

Дили калып, тили жок, Доке!

Кечээ "Дасмия" ресторанында арбагы бийик Докенин - Дооронбек Садырбаевдин кыркылыгы өттү. Кыргыз турмушу Докесиз кылдырап өтүп жатканына кырк күн болуптур. Кыркылыкка кесиптештери, калемдештери, дос-жоролору, анан оппозиция лөктөрү келди. Расмий бийлик тараптан жалгыз аш-той министри деген тамаша аты бар мамкатчы Нур уулу Досбол отурду.

Урматтуу айым министр, кайда экениң билип жүр!

Быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү зарураты чыгып, каржы министри Тажикан Калимбетова "Акжол" фракция жыйынында жакшы эле какшанып түшүндүрүп аткан. Анын "арифметикасына" кулагы канбаган бир депутат жөнөкөй тил менен эле түшүндүрүп бериңизчи дебейби. Анда министр айым "ар-р" этип беттен алды: "жакшылап укпайсыңарбы!" деп. Зал укса, угалы дегендей дымый түштү эле, эл өкүлү Нарынбек Молдобаев: "Урматтуу министр, андай кыялыңызды үйүңүздөн көрсөтүңүз, бул жер парламент" деп сөзгө жыктыбы, төшкө жыктыбы - белгисиз.

МЧС эс алууда

Кыргыз президентинин администрация жетекчиси Медет Садыркулов 10 күндүк отпуске алып, эс алууда деп уктук. Бу киши такыр эс алчу эмес. Аны "кылт" эткен кыймылды "шырт" этип илип кеткен "компьютер борбору" дешчү эле, компьютер деле чарчайт окшойт. Эс алып алсын...




  Миң түркүн... адам

Феликс Кулов
"Темир" генерал президент Бакиевге Эзоптун ыкмасы менен тийише баштады. Коомдук парламентке "Акжол" партиясын ашата сындагыла сыяпатында наказ берди. Бул кыязы "Акжолду" ким түзүп, ал партиядан куралган парламент кимдин айтканын аткарып атканына каңкуу болсо керек. Ошолеле учурда "электр тармагын сатпаса болбойт" деп Курманбек Салиевичтин көңүлүн ала кетти.

Михаил Горбачев
Эсил кайран СССРдин биринчи жана акыркы президенти Лениндин сөөгүн мавзолейден албасак, бардыгыбыз арам өлөбүз маанисинде кайра-кайра айгай салууда. Өзү падыша кезде эле алып салбайбы дейбиз да. Жаманаттысы жатка калсын деген кыйтырлыгы го?..

Элмурза Сатыбалдиев
"Эми араң ойгондуңбу, Башпрокурор мырза?" деп, "МК Кыргызстан" гезити маселени эң туура койду. Данияр Үсөновдун "лотерея" аферасы 1-июнда башталып, 90 млн.сом топуракка айланган. Эр Элмурза 20-июнда араң көз ачып отур. Болгондо да Д.Үсөнов Кытайга "кылым сапары" менен аттанып кеткенде...

Кубанычбек Исабеков
Бу киши ЖК төрагасынын орунбасары эмей эле олчойгон прокурор боло турган жөнү бар экен. Соттошуп эле атат, соттошуп эле атат, биринен да жеңилген жок го, чиркин! Мурда "Кумтөр Голд Компанинин" лицензиясын жокко чыгартты эле, кийин Жетиөгүз районуна андан жер салыгы үчүн 94 млн. 177 миң 541 сом өндүрүп берди.

Капар Курманалиев
Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири К.Курманалиев 5 эмес 6 кенди казууга лицензия алганын (өзүнөн өзү), ар лицензия арзыбаган тыйын - 300 сом турарын, аларды Лондон биржасында миллиондогон долларга соодалап жүргөнүн вице-спикер Кубанычбек Исабеков жарыя айтып да атат, жазып да чыкты. Бирок Курманалиев мырза култуюп унчукпайт. Башпрокурор андан бешбетер.

Жумагул КАСЫМАЛИЕВ





ф





??.??