"Агым", 27.06.08 - 19-бет: Келдибектер маеги...• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Келдибектер маеги

Куудул Келдибек Ниязов:
"Акаев менен Акаеванын кашык, чөйчөктөрүн пайдалангам"
Бир күнү редакцияга куудул Келдибек Ниязов келиптир, "Келдибек Назиров деген ким?" деп. "Мен" дедим. "Сени сотко берем, менин атымдан фамилияңды бир аз эле өзгөртүп макала жазып жатасың" дейт. Экөөбүз күлүп калдык. Буга чейин деле Келдибек Назировмун десем, Ниязов эмеспи деп тамаша кылгандар көп болгон. Анан атташым экөөбүз бир күндү белгилеп, маек курдук. Сурайм дегендеримди сурап алдым.

- Сиздер эң алгач "Гүлкайыр" деген ансамбль түзгөн экенсиңер. Ошол кандайча болуп жоюлуп кетти?
- Филармониянын алдында эки жылдык студия бар болчу. Ал жерде музыкалык түрдүү аспаптарды ойной билген жаштар даярдалчу. Барабан какканы, гитара черткени, айтор, баары бар. Анан ансамблдеги баарыбыз чогулуп, экзамен бердик. Комиссиядагылардын ооздору ачылып эле калды. Ошо кезде бир эле Чоро Кожомжаровдун эстрадасы бар эле. Экзамен алгандар: "Ой, бул даяр эле ансамбль турбайбы, кой чачыратпайлы" деп, ошол жерден эле ат коюп түзгөнбүз. 1972-жыл болчу. А кезде азыркыдай аппаратура жок, кинонун, магнитофондун жардамы менен чогултканбыз. Ошентип, бизди гастролго жөнөтүп калды. Өрүк гүлдөп жатканда Фрунзе шаарынан кетип Ысыккөл, Нарын, Суусамыр аркылуу түштүккө өтүп, Баткен, тээ алыскы Алайга чейин кыдырып келсек, Чүйдө кыламык кар жаап коюптур. Келерибиз менен көралбастар ансамблди жоюп жиберди. Себеби, биз жаштык кылып акчага маани берген эмес экенбиз. Администраторубуз Бердигулов деген киши эле, жер жамандап барбасын. Ошо акчаны биздин үстүбүздөн каалагандай майкандаган экен. Себеби, бир концертти 100 сом, 200 сом кылып жазып жүрө бериптир. Анан айтышты да, жүз сомго концерт койгон ансамбль да ансамблби деп. Ошентип "Гүлкайыр" ансамбли жоюлуп кеткен.
- Сизди экс-президент А.Акаевдин бөлмөсүнө уруксатсыз кирген деп жүрөт. Бул кандайча болгон эле?
- 1994-95-жылы филармонияда Асанкул Шаршеновдун эскерүү кечесин өткөрдүк. Ошо кезде филармонияга да, театрга да эч ким келбей калган. Кечеде эл көп болуп, аябай жакшы өттү. Эртеси чогуу иштеген балдар мени жуубайсыңбы деп түртө баштады. Анткени, Сокулук районунун акимчилиги мага бир ат мингизген. Анан мен жууса жуюн деп тиги балдарга жай даярдагыла дедим. Филармонияда президент А.Акаев келип олтурган өкмөттүк бөлмө болчу эле. Ошонун ачкычын албайсыңарбы, ошол жерде олтуралы дедим. Анан баштыкты толтуруп, ачкычты алып, президенттин бөлмөсүнө кирдик. Эми айланайын килеминен бери үлпүлдөйт. Байпагыбыздан бери чечип, алып келген нерселерибизди столдун үстүнө коюп Акаев, Акаевалар колдонгон вилка, кашыктарды, чөйчөктөрдү пайдаланып ичип чардап жатабыз. Бир убакта эшик тарсылдап калбаспы, акырын барып ачсам директордун эки орунбасары турат. Тыңчылар аркылуу билишкен экен. Ошол жерден бул эмне деген шумдук, президенттик бөлмөгө кирип кетет деген эмне, кирип алып арак ичет деген эмне деген айкырык-кыйкырык, ызы-чууга толуп кетти. Ошентип эт жебесем таш жейин деп качып кеттик. Эртеси директорубуз "ушу кантип башыңарга келди, кудайды карасаңар боло" деп күлүп калды. Эгер директорубуз да эки орунбасарындай болгондо, бизди Акаевге кол салды деп каматып жибермек. А түгүл ажаткананы да колдонуп ийген экенбиз. Азыр ошону эстеп жүрөгүм түшөт.
- Куудулдардын арасында бөлүнүп-жарылуу барбы, анткени куудулдар ашкере саясатташып кеткен?
- Жанагы Жамбыл үкөм гезитке чыкса эле борборду түштүккө көчүрүш керек, түштүк жак каралбай калды деп наалый берет. Эгер түштүк калып түндүк эле өнүгүп кетсе, Жамбылдын башынан чыксын. Тээтиги Акталаа, Көлдүн башы, Жумгал тарапты деле караш керек да. Талант болгондон кийин ортодо турсун. Түлкүдөй болуп буйтабай калыс сөздү сүйлөсүн. Эмне үчүн Жамбыл таланттуулардын көбү чыккан Таласка маданий үй салып койгула деп айтпайт? Бир эле кинотеатр бар. Жамбыл эмне үчүн Көлдүн жолу начар дебейт? Эмне үчүн Нарында бир эле шаар бар деп маселе көтөрбөйт? Нарында жадагалса аэропорт да жок. Бая күнү аэропорттун чоңдору учуп баратып Нарындан аэропорт таппай кайсалактап Каракужурга конуп калышпадыбы. Түз экен деп байкабай Соңкөлгө консо эмне болот эле. Тээ илгери мен Баткенге барганмын. Анда силердин гезит "Асаба" эле. Борбордон барсаң эле карапайым эл үмүттөнүп даттана берет эмеспи. Ошондо самаркандектик аксакалдар: "Ой, ушу биздин чоңдор саясатын деле коюп, талашын да, кыжы-кужу, той-топурун да токтотуп туруп чегараны тактаган карта чийишсин, Келдибек, сен ушуну айта бар" деп табыштаган эле. Себеби, өзбектердин картасы башка, тажиктер менен кыргыздардыкы башка экен. Ошо нерсе жылдан-жылга күчөп баратат. Ал эми чегарадагы элдер жалаң өзбекче телеканалдарды көрүшөт экен. Азыр телерадионун тең жарымы кыргызча болсун деп мыйзам кабыл алышпадыбы. Мен ушуну колдойт элем. Кадамжай районунун Бүргөндү массивинде концерт койсок администраторубуз бир мүшөк акча көтөрүп келди. Көрсө өзбектин акчасы экен. Ал жерде кыргыз сому иштебейт турбайбы.
- Сиз бир кезде Бейбечаралар партиясына мүчө болгон элеңиз. Ошо мезгилдеги Көлгө жасаган жүрүштү айтып бербейсизби?
- 1996-жылы Бейбечаралар партиясы түзүлүп калды. 1997-жылы Көлгө цианид төгүлгөндө Д.Үсөнов, А.Мадумаров, М.Эшимканов, Т.Казаков, М.Ниязов, Б.Бешимов, А.Проненко, анан артисттер болуп жөнөп калдык. Цианид төгүлгөнүн өз көзүбүз менен көрөлү, элдин муңун угалы дедик. Балыкчыга барсак суз кабыл алды, Чолпонатада биздин жигиттерди сүйлөтүшпөдү. Анан Түпкө жөнөдүк, Түпкө барсак эл жок. Маданият үйүнө "ремонт" деп жазып коюптур. Оорукана жанында экен, андагылар "кечээ эле кино болуп атпады беле" деп таң калышты. Анан Жыргалаң курортуна келип жаттык. Эртеси короодо ОМОНдор турат. "Журт бузарлар кеткиле" деп эл кыйкырып алган. Илгери биздин жөөжүрүш ушундай болгон эле. Аны да көрдүк.
- Ачууңуз келеби, же жалаң күлкү менен жүрөсүзбү?
- Ушуну жакшы айттың. Менин ачуум, ал тургай жиним бир нерсеге келип жүрөт. Биз электр тогу чыккандан бери Нарын дайрасынын жардамы менен иштеген ГЭСтерди пайдаланып жүрөбүз. Көргөн-бакканыбыз ошол. Ал эми Бишкекте "Нарын" рестораны бар, азыр талкаланып бүтөйүн деди. Ал улуттук архитектура менен курулган. Ошол жер азыр бомждордун уюгу болуп калды. Нарындын энергиясын пайдалангандан кийин анын атын алып жүргөн ресторанды колунда бар кишилер оңдоп койсо болмок. Ушинте берсек, Нарын дарыясы таарынып Кытайды көздөй агып кетеби деп корком. Ушуга аябай жиним келет.
- Сиз куудул гана эмес, той-топурду алып барган тамада элеңиз. Ошол күндөрдөн бир кызыкты айтып бербейсизби?
- 1972-жылы Аламүдүндө керек-жарак союзунун башчысы Жунусалиев Бекмырза деген аксакал болгон. Ошол киши баласына Ленин айылынын маданият үйүндө той берип калды. Маданият министри Кондучалова барды. Кыргыз эстрадасын жетектеген Чоро Кожомжаров, азыркылардын тили менен айтканда, "живой" музыка ойноп атышат. Анда тамада деген түшүнүк жок, мен жөн эле алып баруучу болуп атам. Той бүткөндөн кийин баягы Бекмырза байке келип менин колума жүз сом жана ак нейлон көйнөк берди. Агезде нейлон ак көйнөктү ЦКнын кишилери эле кийчү. Ошол көйнөккө аябай сүйүндүм. Аны кийип алып Көлгө гастролго кеттик. Кыздар "нейлон көйнөктү жууса бырышып калат" дегенинен ошол бойдон кийип жүрө бериптирмин. Гастрол бүтүп Көлдү айланып келгенче, нейлон ак көйнөгүм кара шерсть көйнөккө айланып калыптыр.
- Ар дайым тил билбеген "киргиздер" жөнүндө анекдот айтып, элди күлдүрөсүз.Эне тилин өнүктүрүү үчүн кандай ойлоруңуз бар?
- Кулатовдун эскермелерди жазган сонун китеби бар эле. Менден уурдап кетишти, колуң сыңгырлар. 1939-жылы Кулатов аксакал Москвага "Айчүрөк" операсын алып барып калдык дейт. "Айчүрөктү" коюп атканда Сталин келмек экен. Анда биринчи катчы Вагов экен. Экөө элдин арасында залда олтурушуптур. Бир убакта кечигип Сталин да келип калыптыр. Аңгыча парда кыймылдап эл ордунан туруп, "Жашасын Сталин!" деп кыйкырып жатыптыр. Сүрдүү киши экен, жүзүнө тик карай албайсың дейт. Башталганда Сталин бизди келсин деп чакырып калыптыр. Барганда эле калтырай баштадык дейт. Сталиндин бетин карай албай сүрдөп турушканда, "Кулатов садис" деп оң жагын көргөзүптүр. "А ты сюда" деп тигини карабай эле койду дейт. Анан операны көрүп олтурушканда Айчүрөк аккуу болуп учуп келип Акшумкарды алып кетет эмеспи. Ошондо Сталин Кулатовго кыйшайып: "Как это понять, товарищ Кулатов" деп сураптыр. Кулатов кетпеген жеримден тер кетти дейт. Араң дегенде "невеста богатырь Семетей" деген үч эле сөз айтып, эми башка суроо бербесе экен деп жаман болуп кысылып олтурам дейт. Аңгыча опера бүтүп бөлөк комнатага чыгып олтурганда Сталин ары-бери басып туруп: "Товарищ Вагов, ушундай шедевр жараткан элдин тилин канча пайызга билесиң?" деп суроо бериптир. Вагов оозу-мурду кыйшайбай туруп, "30 пайызга билемин" деп жооп айтыптыр. Анда Сталин бир эле "мало" деп коюптур. Ошондон кийин учуп келишери менен Вагов токтомун токуп, жумуштан кийин 2 сааттан кыргызча үйрөнгүлө деп жөнөтүптүр. Натыйжада орусу, кыргызы дебей 2 айдан кийин кыргызча сүйлөшүп калган экен. Бул ошо Төрөбай Кулатовдун эскерүүсү.
Ошо сыяктуу азыр деле өкмөт чындап көңүл бурса, жасап койсо болот. Анткени, Кулатов 2 айдан кийин баары кыргызча сүйлөп калды деп эскерген. Болбосо, кыргыз тилин жоготуп алабыз. Буга сөзсүз өкмөттүк деңгээлде көңүл буруу зарыл.
- Кызыктуу окуялардан айтып, элдин көңүлүн көтөрүп кетпейсизби?
- Жакшы болот, бир кыргыз Грузияга барыптыр. Грузиндер конокту дароо эле үйгө кийирбейт экен. Сырттан эле суу ичирип, тыяк-биягын көрсөтүп, сөзсүз көрүстөнгө алып барат экен. Грузиндердин эстелиги Ленин атанын эстелигиндей дейт. Ар бир эстеликтин боорунда баланчашвили бул жылы төрөлүп, бул жылы өлгөн, акырында 10 жыл жашады, 20 жыл жашады деп чоң кылып бадырайта жазышат экен. Анан кыргыз сураптыр: "Эмне үчүн тиги токсонго чыкса, бул жүзгө чыкса деле 15 жыл жашады деп койгонсуңар?" - деп. Грузин айтат экен: "биз төрөлгөндөн өлгөнгө чейинки жашоону жашоо дебейбиз. Качан гана бакубат турмуш куруп, эч нерседен бейкапар болгонду гана жашоо деп эсептейбиз" деп. Анан кыргыз келип кемпирине "Эй, Кудай урган, эгер мен өлсөм эстелигиме бир эле "төрөлдү-өлдү" деген сөз жазгыла" деп айтат экен.
Келдибек НАЗИРОВ










??.??