"Агым", 27.06.08 - 18-бет: Токто, кєзирмем!...• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Токто, көзирмем!

КР эл артисти, композитор, аткаруучу Шамшыбек ӨТӨБАЕВ:
"Эстрада кырк жыл мурдагыдай эле мамиледе"
Өткөн кылымдын 70-жылдары Кыргызстанга биринчилерден болуп эстрада жанрын түзүп, жылдыз болуп жарк этип чыккан Шамшыбек Өтөбаевди акыркы кезде замандаштары, күйөрмандары сахнадан, теледен көрбөй калган. Жакында "Тунгуч" театрында даярдалган "Махабат жылдызы" мюзиклинде башкы ролду ойногон Шамшыбек аганын ырдаганын көрүп, үнү дале болсо тунук, бийик боюнча сакталып калганына баа бердик. Учурдагы эстрада ырчыларына көзкарашы, аларга берген баасы тууралуу маекке тарттык.

- Шамшыбек мырза, сизди кыргыз эстрадасынын түптөөчүлөрүнүн бири катары тааныйбыз. Сөзүбүздүн башында чыгармачылыгыңыз тууралуу азыноолак айтып өтсөңүз.
- Чыгармачылык жолум политехникалык институтта окуп жүргөндө биринчи кыргыз ансамблин түзүүдөн башталды. Чоро Кожомжаров филармонияда 1966-жылы эстрада түзсө, мен политехникалык институтка 1968-жылы кирип, 1971-жылы, 3-курста "Назик" деген ансамблди түзгөм. Ошол эле жылы конкурс менен Чоро Кожомжаровдун ансамблинде студент болсом да иштеп жүрдүм. Окууну бүткөндөн кийин Миңкушка кетип, ал жактан "Наристе" ансамблинде иштедим. Чыгармачылыкта артист болуп дайыма иштеген жокмун, ошонүчүн элдер мени телевизордон көрүшүп, ырдап жүрүп жок болуп кетти деп ойлошот экен. Мен өзүмдүн инженер-архитектор кесибимди аркалап, кайсы жерге барып иштебейин чыгармачылыгымды улантып, ансамблдерди түзүп келдим. Кийинчерээк Ош пединститутунун алдында түзүлгөн "Назик" ансамблин иштеттик. Негизи, кыргыз эстрадасынын тарыхында профессионалдык деңгээли боюнча "Назиктен" күчтүү ансамбль болгон жок. Азыр эсептесек ал ансамблдин базасынан чыккан музыкант-ырчылардын саны жүздөн ашыптыр.
- Ошол жылдары кайсы ырларыңыз популярдуу болду эле?
- Мен ошондо эле ыр жазчумун. Бирок, Чоро Кожомжаровдон тартынып, көрсөтө алган эмесмин. Өзүмдүн "Сага" деген ырымды ансамблде ырдап жүрдүм. Көпчүлүк учурда филармонияда С. Жумалиевдин "Таң сыры", "Сары-Челек", "Сен менин жазылбаган ырларымсың", А.Атабаевдин "Кыргыз жери" деген ырларын ырдадым. Ушул ырлар ошол кезде эң популярдуу болгон. "Студент" деген ырым окуу жайлардын арасында абдан белгилүү эле.
- Кыргыздарга эстрада жанры жаңы келгенде эл аны кандай кабыл алды? Сындагандар болду беле?
- Албетте, сындагандар болгон. Анткени, ошол кезде министрлердин: "Кыргызда эстрада болгон эмес, болбойт дагы" деген сөздөрүн уккам. Мага микрофон менен ырдаган да жакпайт дешкен. Ал кездеги министрлердин бардыгын жаман жагынан айткым келбейт. Анткени, коммунисттик идеология күчтүү болгон. Классикага аракет кылышып, көбүнчө орустун музыкасына басым жасашчу. Аларга жагабыз дешип, министрлер комузду, манасчылыкты, акынчылыкты деле жеткиликтүү деңгээлде колдошчу эмес. Советтер Союзунун убагында батышты туурабашыбыз керек деген идеологиянын негизинде жашап келгенбиз. Бирок, ошол учурда эстрада искусствонун бир түрү, жанры катары жашоого укуктуу экендигин Кыргызстандан башка жерлерде далилденген. Ошол кезде казактарда "Дос-Мукасан", бизде Чоро агай түзгөн ансамбль, анан мен түзгөн "Назик", өзбектерден "Ялла", украиндерден Софья Ротарунун "Червона рута" ансамблдери болгон. Учурда башка республикалардын ансамблдери өнүгүп кетти, Кыргызстанда эстрада өнүкпөй калды.
- Анын себеби эмнеде деп ойлойсуз?
- Себеби, ал кезде баардыгы бир эле министрликтен чечилчү. Алар эстрадалык музыканы кабыл албай, колдоо көрсөтпөй, ошонун айынан эстрада өзү менен өзү болуп калган. Эстрадага мамлекет тарабынан ушул убакка чейин эч кандай колдоо жок. Бүгүнкү күндө классикалык музыканы өркүндөтөм, иштейм дегендерге опера жана балет театры бар, драма артисттери иштей турган драма театрлар бар. Чоң-чоң акындарыбыз, манасчыларыбыз, фольклор-музыканттарыбыз оркестр менен ырдап өзүлөрүнүн талантын өнүктүргөнгө филармония турат. Ал эми эстраданын чыгармачылыгын өркүндөтүп иштемек тургай, башпааналаганга бөлмөсү жок. Учурда эстрадада ырдап, музыка жазып жүргөн ырчылардын баарынын башын кошсо, үч миңден ашат экен. Ошол үч миң ырчыга эртеңки күнү карылык келип пенсияга чыкса, мамлекеттен ала турган акчалары жок. Булардын бардыгы өз алдынча иштеп, эптеп оокатын жасап атышат. Аларда эмгек китепчеси деген жок. Кыргыздын эстрадасына мындан кырк жыл мурун кандай кайдыгерлик мамиле болсо, бүгүнкү күнү да ошондой эле мамиледе турат.
- Учурдагы эстрада ырчыларына кандай сын бераласыз?
- Бүгүнкү күндөгү кыргыздын эстрадасында эларалык деңгээлге жете турган беш-алты ырчыларыбыз бар. Мисалы: Ы.Осмонкулов, Г.Тойгонбаева, Г.Сатылганова. Бирок, булардын да убагы өтүп баратат. Эгерде ушул ырчыларда жетишээрлик деңгээлдеги колдоо болсо, булар дүйнөнүн кандай ырчылары болсо да ат салыша тургандай дарамети бар. Азыркы эстраданын сүйүндүрө турган жагдайы - техникалык жабдуулары абдан жакшы. Компьютерде каалаган музыкалык аспап, үндү жаздырсаң болот. Алар менен атайын стилисттер, режиссерлор, балетмейстерлер иштеп атат. Костюмдары жакшы, өздөрүн алып жүрүшү жогорку деңгээлде. Бирок, кыргыздын музыкасынын, обонунун, сөзүнүн баркы төмөн. Көпчүлүк жаштардын билим сапаты начар. Ошонун айынан аларда жогорку поэзия деген түшүнүк жок. Бизде деле өмүрүндө бир китепти аягына чейин окубаган саясатчылар бар эмеспи, бирок, ар кандай жол менен жакшы кызматтарда отурушат. Ошондой эле билимсиз дөдөйлөр биздин эстрадада деле бар. Мен ал балдарга эч кандай каршылыгым деле жок, бирок алар кыргыздын ырын, обонун тебелеп атышпайбы. Биз жаңы чыгып жүргөндө Асанкул Шаршенов деген чоң куудулубуз өттү. Ошол кишинин бир репризасы бар эле. "Окууга өтпөй калсам, артист болуп алам" деп элди күлдүрчү. Себеби, артист болуш кыйын экенин билишчү. Артист болуш үчүн талант, окуу, билим, чоң эмгек керек. Азыр ошол кишинин репризасы келди. Эч нерсеге жарабай калгандар артист болуп атат. Бизде мен популярдуумун деп жүргөн ырчы-обончубуз бар. Баягүнү бир ырын уксам: "Кыргызстан мен сенин таалайыңа жаралгам" деп ырдап атат. Минтип Манас атабыз деле айтпаса керек. Эгерде "Кыргызстан сен менин таалайыма жаралгансың" деп айтса, бул башка кеп. Ырчы канчалык көкөлөп, ийгиликке жеткен күндө дагы сактай турган эрежелери болот.
- Сиздин мамлекеттик кызмат абалыңызга карата мага сыйлык алып бербейсизби деп кайрылгандар болобу?
- Сыйлык алып бериш менин колумдагы иш эмес. Бирок, көптөн бери иштеп, татыктуу жүрүп, аны сыйлыкка жолотпой аткандарын таарыныч катары айтып калышат. Бүгүнкү күндө наам албай, убагы өтүп бараткан чыгармачыл таланттуу адамдарыбыз көп. Айрыкча, акыркы эгемендик алгандан бери наам бериле турган биздеги система абдан акыйкатсыз иштеди. Көчөдө жүргөн билимсиз обончу, ырчылар деле сыйлык, наам алган учурлар болду.
- Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду Нобель сыйлыгын алабы деп үмүттөнүп аттык эле, жакын арада ушундай сыйлык алчу адамдар барбы?
- Чыңгыз Айтматов Нобель сыйлыгын алууга көп жолу татыктуу болду. Бирок, берилген жок. Албетте, эл болгондон кийин мындай сыйлыкты ала турган адам чыгат деп ишенем. Анткен менен Чыңгыз Айтматовдун өзүндөй болуп, ордун баса турган адам чыгышы кыйын.
- Сиздин жандүйнөңүзгө жогорку мамлекеттик кызматта иштеп аткан ордуңуз жакынбы же чыгармачылыгыңыз жакынбы?
- Албетте, иштеп аткандан кийин ишим жагат. Жаш болбогондон кийин жетекчилерден сөз угуп калбайын деп аракет кыласың да. Бул жердегилер: "Кээ бирөө Акүйгө келип популярдуу болушса, сен Акүйгө чейин эле популярдуу болчусуң" деп айтышат. Анысыңарындай, менин ээлеген кызматыман да "Шамшыбек Өтөбаев" деген атым өйдө. Ошол атымды уят кылбашым керек. Бирок, албетте мени көкөлөтө турган нерсе - чыгармачыл дүйнө.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Сандан санга: сериал

Назгүл Калмамбетова
Бейтаалай
- Алтынай сенин жакын досуңдун сүйлөшкөн кызы беле? -деп сурады Алмаз Даниярдан таңгала.
- Ооба.
- Ал досуң шаардык беле же айылдыкпы? - деди Замира.
- Шаардык болчу.
- Эки сөздү тыңырак кошуп сүйлөй албаган Алтынай шаардык жигит менен кантип жүрдү? Ушул айылдык кызды да шаардык жигиттер карайт бекен? Ал жигит деле Алтынай менен үйлөнөйүн деп жүрбөсө керек, шылдыңдап, дөдөй немени пайдаланайын деди да. Болбосо, ушундай жүдөгөн кызды кайсы шаардык жигит карамак эле, - деп Замира Алтынай жөнүндө кемсинткен сөздөрдү айтып, жамандай баштады. Алмаз аялынын айткан ар бир сөзүнө кыжыры келип, бирок, Даниярдын көзүнчө урушпайлы деген кыязда өзүн араң кармап отурду. Замиранын айткан сөздөрүнө Данияр мыйыгынан кытмыр жылмая күлүп койду.
- Алтынайды кетирели деп атасыңарбы? - деп сурады бир топтон кийин Данияр.
- Ооба, анын азыр мага кереги деле жок. Мурда үйгө жардам берчү эле акыркы күндөрү тескерисинче, мен аны көргөндө кадимкидей жүдөй баштадым. Айылда өскөн кыздардын маданияты да жок болот экен. Жетишет, жакшы эле бактык, эми аны кетирем. Үйдөн жана эле кууп чыккам, кантип келип калганын билбейм, же Алмазга даттанып бардыбы, - деди Замира.
- Алтынайдын аялдамада турганын көрүп сүйлөшүп турсам, Алмаз байке келип калды. Мен Алтынай силердин үйдө жашарын билчү эмесмин. Уулуңарды бир кыз багып атыптыр деп уккам, бирок, Алтынай экенин билбептирмин, - деди Данияр.
- Сен айтып аткан Алтынайдын жигитинин аты ким эле, эмнеге экөө сүйлөшпөй калды? - деп сурады Алмаз кызыга.
- Анын аты… Бакыт болчу. Эмнеге сүйлөшпөй калганын деле билбейм, кээде чогуу компанияларда отуруп калчубуз. Алтынайды ошондон улам билем.
- Эмне эле анын жигитин сурап калдың? Же сен дагы жанагы айылдык дөдөй кызды жакшы көрүп калдыңбы? - деди Замира эрин кызганымыш этип. Алмаз менен Замира Даниярдын көзүнчө кыжылдаша түшүштү. Алардын ортосунда кимисине болушарын билбеген Данияр ыңгайсыз абалда калды, анан:
- Кой, мен кетейин. Кичинекей уулуңарды көрүп, жеңе менен учурашайын деп эле келгем, - деп ордунан турду.
***
Данияр сыртка чыгып, короодо баланы көтөрүп жүргөн Алтынайдын жанына келди да, ага акырын шыбырай:
- Эми мен сени кайдан издешти билем, каалаган убагымда келип, сени алып кетсем болот экен да. Эгерде макул болбосоң, экөөбүздүн ортобуздагы мамилени, сенин боюңда болуп калып, мени ал деп догурунганыңды айтып, шермендеңди чыгарам, - деди да кичинекей Актандын чекесинен сүйүп, сыр бербей ары жакта турушкан Замира, Алмаз менен коштошуп, машинесин айдап кетип калды.
Алтынай Даниярды ушунчалык жек көрүп турду. Боюңдагы баланы эмне кылдың, төрөдүңбү же алдырып салдыңбы деп бир ооз сурап койгондун ордуна анын абийирин төгөм дегенине ызаланды. Эмне кыларын билбей, бул жерден эртеби-кечпи уяты чыгалекте кетип калууну ойлоду. Бирок, жанынан артык көрүп калган Актанды кыялбасын билди. Данияр кетери менен Замира Алтынайды урушуп баштады эле ары жактан Алмаз чыгып:
- Сен эмнеге Алтынайды кууп атасың?! Акчаны сен төлөп, же бул үйгө сен ээлик кылып калдыңбы! Экөөбүз бир үйдө чогуу жашаганыбыз менен эки бөлөк жашоону көрүп атканыбызга канча болду. Мен сени менен баарыбир ажырашам. Сага таптакыр ишенбейм. Ар кайсы эркектер менен көңүл ачып, мени алдап ушинтип жашай берейин деп ойлоп атасыңбы! Сенин доктурга көрүнгөнүңө да, төрөрүңө да ишенбейм, түшүндүңбү! Эгерде Алтынайды үйдөн кет деп дагы айтчу болсоң, таарынба! Сенин бул үйгө да, балага да акың жок! - деп катуу айтты.
- Эмне эле ушул шуркуяга асылдың да калдың! Чындап эле сүйүп калдыңбы? Ачыгын айтчы! -деп кыйкырды Замира.
Экөөнүн урушуна себепкер болгонуна Алтынай ыңгайсыздана ортого түштү:
- Кечирип койгулачы, сиздерди уруштурайын деген оюм жок. Мейли, мен бул үйдөн кетейин. Бирок, Актанчикти анда-санда көрүп турсам болобу?
- Алтынай үйдөн эч жакка кетпейсиң! Сен да бирөөнүн баласысың, ушуга чейин баланы бактырып алып, ит куугандай үйдөн кууп чыкмак белек. Эгерде сенин шойкомдуу мүнөзүңдү билсем, эчак эле кетирип жибермекмин. Бул үйдө мен кожоюнмун, сени кетириш-кетирбешти мен өзүм билем, - деди Алмаз. Эринин Алтынайга ачыктан-ачык эле болуша баштаганына ызаланган Замиранын башы айланып, көзү караңгылай түштү. Кош бойлуу неменин кан басымы көтөрүлүп кеттиби, айтор, эсин жоготуп жатып калды.

















??.??