"Агым", 27.06.08 - 17-бет: Эс-экран...• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Эс-экран

Байдыдалдан калган сөз,
Баасы кымбат балбан сөз
Ээрчиген менен кызыгып,
Ээ эмес арким жөндөмгө.
Жетине албай сыйынып,
Жезделеп чуркап көргөндө.
Ташыдың далай стакан,
Ташкоргон деген чөлкөмдө.
Уламыш кылып айта жүр,
Унутпай мени өлгөндө! - деп Байдыкем кеп салып калар эле мага. Ал кезде радиодо жүрчүмүн. 1992-жылдын 9-сентябрынан тартып жамбашынан кокустап жатып калды. Алжайын сураганы этнограф аксакалыбыз маркум Амантур Акматалиев экөөбүз ээрчишип барганыбызды өгүнү "Агымга" аңгеме куруп бердик эле. Бул ошонун уландысы.
Ташка өсүп чыккан жашынан,
Талантты кантип тыясың.
Байдыкемдин бал кеби,
Баш бербей бүгүн чубасын.
Көңүлгө түйүп алчу элек,
Көчөдө айткан мурасын.
Көмсөк да такыр ишенбей,
Көз алдыда турасың.
Жолочу: - Акындыктын булагы канча жашыңызда, кайдан башталды?
Байдылда: - Ээ, Жолочу, эми аны эстей алар бекемин. Атайын суранып калгандан кийин айтууга аракет кылып көрөйүн. Бу Таласта, биз жакта бир жамакчы карыя бар эле, аты эсимен чыгып атпайбы. Согуш жаңы эле бүткөн маал. Үсөнбек Өмүралиев деген армиядан жаңы келип той берип атыптыр. Катын-калач көп, чалдар бар арасында, балдар бар, көкбөрү тартып атат бир жакта. Баягы киши ырдап, ырдап келип: "Ии, Байдыш ар жагын сен ула" деди. Анда мен чедиреңдеп тура калып:
Тоюңар тойго улансын,
Келген адам кубансын.
Тойду берип жаткандар,
Ырчыларды ыраазы кылып чыгарсын! - деген сыяктуу удургута берсем керек. Анан аягында:
Куттуу болсун тоюңар,
Узун болсун жолуңар.
Жоолук тигил, бул болбосо,
Токту берип коюңар! - дептирмин.
Көрсө, токту жоолуктан кымбат болот турбайбы, аны мен каяктан билем. Анан ошентип беш-алты жоолук, беш-алты эчки, улак чогултуп калыптыр.
Анан мени ээрчип барган жанагы адам айтып калды: "Мени ээрчип жүрө берсең баарын көрөсүң, көнөсүң, сенден бирдеме чыгат, балам". Ошентип биздин айылга жакындаганда мага бир улак, эки эчки берди. Баардыгы жети-сегиз экен, калганын өзүм айдап кетейин деди. Беш жоолук бар экен, муну апаңдын башына салып кой айланайын, - деп мага эки жоолугун берди. Ал өзү Манас колхозунан болчу, төмөн жакта.
Мен томпоңдоп сүйүнгөн бойдон... Баса, жездемдин кунанын миндим эле, бере кетейин деп барсам, Солто: "Мына, айтпадым беле, сен ишке жарайсың, эжеңе эки эчкини айдап бар" - деп кудуңдап сүйүнүп ал калды. Акындык биринчи ошентип башталган Жолочу.
Анан Ислам деген киши бар эле. Сарыгулов Дастан, Аскар, Баян деген балдары жүрбөйбү. Ошол бизге математикадан сабак берчү. Ошол киши угуп калыптыр. "Сен ушинттиңби?" дейт. "Ооба, ушинттим" десем, "ой, анда сен жөнөкөй эле ырчы болуп каласың. Ырчылар көп чыккан илгертен. Айылга эле атың чыгып калат. Тилимди алсаң, мен сени тээтиги Фрунзе жакка жиберем. Жазуучулар союзу деген болот" деп калды. Анан ойлоп, ойлоп, ал кишиникин эп көрүп, жамактап ырдаганды таштадым.
Эжем баягы мен апкелген жоолукту салынып, "Байдылда мени бага баштады" деп элге жайып жибериптир. "Мени эчкилүү кылды" деп атам мактанып кириптир (күлөт). Бирок мен тежиктенип жамакты токтотуп салгам. Айылда жүргөндө жамакты келиндерге эле айтчумун.
Жолочу: - Анда ошолордон бир шиңгил таштап койбойсузбу?
Байдылда: - Анда эмне, биздин "каналдарга" суу чуркай элек кез. Жайдын күнү чөп чабабыз. Түшкө маал ысык башталат. Чөптү чөмөлө кылып алып, көлөкөсүнө уктайбыз. Келиндердин талап кылып турган учуру экен.
Согушка барбай калган чалдар кызыгын көрчү келин-кыздардын. Анан алар келатканда эле "Байдылда башта" деп калат чалдар. Анан мен кирем:
Мобул чабылган чөптү үйгүлө,
Чатырча кылып киргиле.
Чаңкасаңар эркекти,
Чалдарды бирден сүйгүлө!
Калгандары эсимде жок. Мен андай ырларымды баланча айткан экен деп, башкага шылтап коем. Ошол жерде Кожокул деген ырчы агабыз бар болчу. Ошонун ыры, меники эмес деп койчумун. Анткени корком да чоңдордон. Ошондо келини менен кайнаганын бири бирине айтканы мындай экен:
Келин:
Кара мурут кайнагам,
Капшытка атын байлаган.
Калтардай болуп мен турсам,
Башка катындарды жайлаган.
Анда кайнагасы:
Баламдай болгон келиним,
Бал сөзүң угуп эридим.
Казатка иним кетиптир
Эми кайнагаң болсун шеригиң.
Өзүмдүн күчүм жетпейт го,
Өзүң өкүртө баскын көөрүгүң.
Анда келини:
Биз жайлоого көчкөндө,
Жашыл ыраң көктөмдө.
Койчулар койго ышкырса,
Кокустан атың бышкырса.
Кайненем катуу киши эле,
Какчаңдап угуп калбасын.
Катып калган ышкынча.
Кайнагам каалап келет деп,
Төшөктү салам тереңдеп.
Түк билгизбей мен чыгам,
Түндүктү тартып келем деп.
Караңгынын көзү жок,
Карап тургун элеңдеп.
Анан дагы Алымкул Үсөнбаевдин айлынан Балай жеңебиз бар болчу. Өзү завферма. Ошого ырдаганым:
Баштайлы кепти Балайдан,
Барктуу жеңем далайдан.
Садыков беш күн ойноптур,
Шалпайып эрди карайган.
Укпасам казал жазамбы,
Уруптур кудай тазаңды.
Аттайм деп сүзө качыптыр,
Ашкана жакта казанды.
Саржоолук белге байландык,
Завферма кылып шайладык.
Көтөрдүк асыл жеңени,
Көбүргөн болду жегени.
Там-тамга барып өбүшкөн,
Тамырын санап берели.
Жарым күн жакшы тийиптир,
Жамакеге кереги.
Ушундай казалдардын айынан кайбиринен таяк да жегем, энеңди урайын!
Амантур: - Жумалиев Субанкул, кесек Сары бар эмеспи, мен барганда ошол экөөнүн бирөөнө коном. Алар сөзсүз сен жөнүндө сурайт. Айылда жүргөнүңдө келиндерди кошконуңду айтышат. Көбүнчө Чормонду айтып жүрүшөт.
Байдылда: - Ошол Чормондон да таяк жегем. Ал тээтигил Бошогон райондун малы деп койчу. Элден мал жыйнап фонду түзгөнбү, билбейм, ошонун жылкысын бакчу. Өзүнүн аты Ыбырайым болчу. Мурду кыштыр-жайдыр түлөп жүрчү. Бир жолу жайдын күнү кымыз артынып келатыптыр жакага. Эки-үч бала турганбыз. Субанкул да бар бекен, билбейм. Кымыз сурасак, бизге бир жуткурбай: "Районго алып баратам чоңдорго, түшүрүп, кайра артынып жүрөбүзбү, энеңди урайындар! Суусасаңар суу ичкиле!" деп бербейт.
Анда мен:
Кара сакал Чормонум,
Карасын миндиң жоргонун.
"Байке, кымыз бер" десек,
Баласынтып болбодуң.
Тешилип эки чаначың,
Тескери кетсин оң жолуң.
Сен зыкымдыгың койбодуң.
Бербесең бизге кымызды,
Түлөгөн мурдуң курт болуп,
Мындан бетер шорлогун! - десем керек. "Ушинтип айтасың" деп кийин мени бир топ тилдеген. Оо, атаңдын көрү, андайлар көп болду го.
Ошентип илгери Алайдан бир келинге жолугуп калдым. Турмушка чыкканына бир эле жума болуптур. Зордуктап алып кетишкен экен, буту-колун таңып. Мага арызданып келиптир. "Агай, даңкыңызды көп угабыз. Мени ушинтип маскаралап кетишти. "Чалканга" бир чыгарсаңар ушундай зөөкүрлөрдү" дегендей кылат. "Болуптур айланайын, жакшы келипсиң, жүр эми мен жаткан жерге" деп комнатага ээрчитип келдим. "Чалкан" деген республикалык чоң журнал, сен үчүн чыгарса чыгарып коеюн. Бирок иштин анык-төгүнүнө жетиш керек да. Мен бир байкайын дегендей кылдым тамашалап. "Өзүңүз билиңиз" дейт, кыргыздын кызы да. Кийин балээни да жазган жокмун. Баса, ошондо ал кызга минтип бата бергем:
Көлөмү оймок көзүндөй,
Көз жок ээ, сенин көзүңдөй.
Азгырып турат тиктесең,
Агаңды үйгө кетирбей.
Кыз кезиң азыр эстесем,
Кыйналып "аттиң!" деп кетем.
Кыз алган жарың эшек баш,
Сендейге кантип жетти экен.
Кыйкыртат элем мен анда,
Кыз болсоң эгер да кайра!
Жолочу: - Байдыке, сизди көп кыйнап жибердик окшойт, кечиресиз? Баягы өзүңүз жакшы көргөн "ойт бермеден" белге бирди орой келдик эле, ошону айтканга ооз барбай турат.
Байдылда: - Ыракмат, айланайындар! Менин эмне, кекиртегим сынды беле, болсо куйгула, эжеңден бирдеме сурачы (үн жазгычта каткырык күлкүлөр, андан ары шылдыр-шулдур, кылт-култ).
Жолочу РЫСБАЕВ













??.??