"Агым", 27.06.08 - 16-бет: Апта астрологиясы...• Кыргыз гезиттер


presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Апта астрологиясы

23-июндан 29-июнга чейин
Кой (21.03-20.04)
Ишмердигиңиз көңүл чордонунда болууга тийиш. Бул кесиптештериңиз менен тил табышып, келечек пландарыңызды тууралоого ылайыктуу мезгил. Аптанын экинчи жарымында жакындарыңыз менен пикир алышууда курч сын-пикир айтуу ашыктык кылат.
Букачар (21.04-21.05)
Аптаны романтикалуу маанайда өткөрсөңүз болот. Азыр сизди акыл-эс эмес, жүрөк башкарууда. Бир жакка баруудан баш тарта турганыңыз оң. Аптанын экинчи жарымында финансылык абалыңызды жөнгө салып, каражатты пайдалуу нерсеге жумшаңыз.
Эгиздер (22.05-21.06)
Жуманын биринчи бөлүгүндө кыймылсыз мүлк менен байланышкан маселелер оң жагына чечилет. Акчаны туура пайдалануу зарыл. Аптанын экинчи бөлүгү билим алуу, алыска саякаттоо үчүн ийгиликтүү. Ашыкча амбициялар тоскоолдук кылат.
Бөйөн (22.06-23.07)
Ишмердүүлүккө байланышкан сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктайт. Жалкоолугуңуздан жеке мамилелерге доо кетирип алышыңыз мүмкүн. Жакын адамыңыздын да өз кызыкчылыгы бар экенин эстен чыгарбаңыз. Апта аягы эс алуу үчүн ылайыктуу.
Арстан (24.07-23.08)
Денсоолугуңузга олуттуу мамиле жасоо керек. Тамак-ашыңыздын курамындагы азыктарга көбүрөөк көңүл бурушуңуз зарыл. Аптанын экинчи жарымында курбуларыңыз менен жолугушуп, черден чыга баарлашасыз. Эс алуу күндөрүн тынч өткөргөнүңүз оң.
Бийкеч (24.08-23.09)
Аптанын биринчи жарымы жаңы романтикалык мамилелерди тартуулашы мүмкүн. Жеке турмушуңуз жагымдуу окуяларга бай болот. Жуманын экинчи бөлүгү иш, карьера менен байланышкан маселелерди чечүүгө ылайыктуу. Жогорулашыңыз мүмкүн.
Тараза (24.09-23.10)
Эс алып, жашаган жериңиздин ыңгайлуулугун арттырууга ылайыктуу убакыт. Ишмердик маселелерин чечүүгө азырынча алсыздык кыласыз. Аптанын экинчи жарымында илим, чыгармачылык жаатында албан ийгиликтерге жетишесиз. Денсоолукка сак болуңуз.
Чаян (24.10-22.11)
Аптанын биринчи жарымында досторуңуз менен убакыт өткөрүүдөн өзүңүз үчүн көп ачылыш жасайсыз. Иш сапарга, четөлкөгө саякатка чыгууга ылайыксыз учур. Билим алып жүргөндөр окутуучулар, курсташтар менен пикир келишпестиктерге барышы мүмкүн.
Жаачы (23.11-21.12)
Таасирлүү адамдар менен баарлашууда өжөрлүк сапатыңыз байкалат. Өз аброюңузду, кадыр-баркыңызды пайдалануу менен көп ийгиликтерге жетишесиз. Акча маселелерин чечүүгө ылайыксыз апта. Жакын адамыңыздын көңүлүн оорутпаңыз.
Текечер (22.12-20.01)
Аптанын биринчи жарымы алыска жолго чыгуу үчүн ылайыктуу. Экзамен тапшыруу, билим алууда ийгилик коштойт. Жакыныңыздын кызыкчылыгына кайдыгер болбоңуз, бул жеке мамилелерге терс таасирин тийгизет. Жаңы диета баштасаңыз болот.
Суу пери (21.01-19.02)
Эрктүү болуп, чечкиндүү кадамдарга барууңуз күтүлөт. Бирок баш-отуңуз менен да ишке берилип кетпеңиз, денсоолугуңузду зыянга учуратып аласыз. Материалдык абалыңызга олуттуу мамиле жасаңыз. Аптанын экинчи жарымы көңүл ачуу үчүн ийгиликтүү.
Балык (20.02-20.03)
Жубайыңыз менен кызганычтан улам мамиле татаалданышы мүмкүн. Ишмердүүлүгүңүздө баары жайында. Аптанын экинчи жарымында үй-тиричиликке көбүрөөк көңүл бурууңуз зарыл. Азыр жакындарыңыз сиздин колдооңузга, кеп-кеңешиңизге муктаж.










??.??